билгениң оң

Картошкадан жасалган шишкебек
Курамы: картошка
2 баш сарымсак
3 аш кашык сүрүлгөн сыр
өсүмдүк майы
200 грамм тооктун же өрдөктүн эти
таттуу калемпир
Туз, кара мурч
Даярдоо жолу:
Атайын тандалган чоңураак картошкаларды тоголок бойдон туздалган сууга 20 мүнөт бышырабыз. Муздатып, тазалаган соң туурасынан экиге бөлөбүз. Сарымсакты аарчып, майдалап туурагандан кийин сыр менен өсүмдүк майына сарымсакты кошуп аралаштырабыз.
Этти жакшылап бышыргандан кийин төрт бурчтук кылып майдалап туурап, калемпирди чарчы кылып туурайбыз. Эт менен калемпирге туз, мурч кошуп духовкага 20 мүнөт бышырабыз.
Даяр болгондон кийин экиге бөлүнгөн картошканын бирине эт, калемпирди калың кылып жаап, экинчисине сарымсак менен сырдын аралашмасын жабуу керек. Эми бирине эт, экинчисине сарымсак, сыр жабылган картошканы беттеп туруп мурч, өсүмдүк майына бир сыйрадан салып алабыз. Андан соң духовкага 15 мүнөт коёбуз. Ошентип картошкадан жасалган шишкебек даяр. Салып, дасторконго алып келээрде, тарелканы өсүмдүк майы менен сүртүп, жээгин укроп, помидор менен кооздоп коёбуз. Тамагыңыз таттуу болсун!

Пайдалуу кеңештер
Кирди туура кургатканды билесизби?
"Жаңы жуулган кирди эшикке канчалык көпкө жайсаң ошончолук жакшы кургайт" деген ойдо жүргөн кожойкелер жаңылышат. Анткени, узакка эшикте калган кирдин өңү өчүп, сапаты начарлайт. Андан көрө чала кургаган кирди бөлмөдөгү температурага кургатканыңыз оң. Жыгачтан жасалган кир кыпчыткычтарды жаңы колдоноордо сууга кайнатып албасаңыз кийимди кыпчытканда кеткис так калат. Кыштын күнү кийим жипке тоңуп, жабышып калбас үчүн кирди чайкап жатканда бир аз өлчөмдө туз кошуп же болбосо кир жая турган жипти туз менен сүртүп койсоңуз болот.

Идиштеги тактарды кантип кетирүү керек
Кашыктардагы сары тактарды, идиштеги жумуртканын тагын кетирүүгө нымдалган туз жардам берет. Уксус колдонулган идиштердеги такты кетиргенге спирт же кир жууган айна ылайык. Алюминий мискейлердин ичин жалтыратыш үчүн картошка, алманын кабыгын салып бир аз убакыт кайнатсаңыз сиз күткөндөй жыйынтык келип чыгат. Салат салган металл идишти колдонгондон кийин дароо жууп салбасаңыз уксус же лимон кычкылтеги бат сиңип көпкө чейин кетпейт. Мискейдин түбүн күйгүзүп алсаңыз, түбүнө сууга тузду чылап туруп бир азга коюп коюңуз. Андан кийин күйүктү жууганга кыйла жеңил болот. Тамак бышырган плитанын жээгин уксуска чүпөрөктү малып алып сүртсөңүз бир эле учурда тактан да, жагымсыз жыттан да арыласыз.

Кризисти жеңүүгө
жөндөмдүүсүзбү?
1. Кызматыңызда кандай орунду ээлейсиз?
а) келген кардарларды тейлейм,
б) жөн эле карапайым жумушчумун,
в) бөлүмдүн жетекчисимин,
г) баарынын үстүнөн башкарып турам.
2. Жетекчинин сизге жасаган мамилеси кандай?
а) баарына жасагандай эле мамиле кылат.
б) жетекчим менен бат-бат уруша кетем.
в) жумушта мени баары баалашат.
г ) мен өзүмө - өзүм жетекчимин
3. Ишкананын чыгымын үнөмдөө үчүн сиздин оюңузча эмне кылуу керек?
а ) кызматкерлердин айлыгын кичине болсо да азайтуу керек,
б ) кээ бир бөлүмдөрдү кыскартуу керек,
в ) кызматкерлердин санын азайтуу керек,
г ) билбейм, ал тууралуу жетекчи өзү ойлонсун.
4. Сизди кызматыңыздан бошотпош үчүн кандай чараларды колдоносуз?
а ) жакшылап иштеп, ишканага өз салымымды кошом,
б ) жетекчи менен жылуу мамиле түзгөнгө аракет кылам,
в ) мен ансыз деле жакшы иштейм, кызматымдан кетирбешине көзүм жетет,
г ) эми айла жок, башка түшкөнүн көрөм.
5. Дүйнө жүзүн кризис капташына сиздин көз карашыңыз боюнча эмне түрткү болду?
а ) дүйнө жүзүндөгү финансисттердин начар иштеши,
б ) доллардын курсу жогорулашы.
в ) бийликте отургандардын башы жакшы иштебегендиктен,
г ) билбейм, жооп бере албайм
6. Кыймылсыз мүлктүн баалары кризис учурунда өзгөрүшү мүмкүнбү?
а ) баасы кескин түшөт, анткени азыр эч ким кыймылсыз мүлк сатып алууга алы жок
б ) тескерисинче баасы көтөрүлөт, кыймылсыз мүлккө дайым суроо - талап көп,
в ) эч кандай деле өзгөрүүлөр болбойт,
г ) кыймылсыз мүлк менен ишим деле жок.
7. Сиздин оюңузча дүйнө жүзү боюнча болуп жаткан кризис канча убакытка созулат?
а ) жакында баары жакшы болот.
б ) дагы жарым жылга чейин созулат,
в ) дагы бир - эки жылга ,
г ) айтыш кыйын.
8. Азыр кризисти башынан эң оор кечирип жаткандар кимдер?
а ) АКШ мамлекети,
б ) кичинекей мамлекеттер,
в ) олигархтар,
г ) жеке ишкерлер.
9. Азыркы оор абалда көбүнчө кимдин кеңешин угасыз?
а ) дос - туугандарымдын,
б ) эксперттердин,
в ) мен өзүм экономистмин, эч кимден кеңеш сурабайм,
г ) кайсыл тараптан жакшы кеңеш чыкса, ошол жакты тыңшайм.
10. Кокус кызматыңыздан кол жууп калсаңыз кандай кадамдарга барасыз?
а ) жумуш биржасына барам,
б ) жакшы кызматта иштеген досторума жумуш сурап кайрылам,
в ) ата - энем баксын деп убактылуу иштебей турам,
г ) кандай жол менен болсо да ары - бери жүгүрүп жумуш издейм
11. Кайсыл тармактагы жаңылыктарга көбүрөөк кызыгасыз?
а ) экономика жана финансы,
б ) спорт,
в ) шоу - бизнес.
г ) саясат,
12. Ресторандарга көп барасызбы?
а ) майрамдарда сөзсүз барам,
б ) бир айда 2-4 жолу барам,
в ) көп учурда ресторандан түштөнөм,
г ) азыр менин ресторанга барганга мүмкүнчүлүгүм жок.
13. Кризис бул…
а ) жөнү жок ызы - чууну жараткан көрүнүш.
б ) эң сонун сыноо,
в ) адамды тирүүлөй кыйноо,
г ) убактылуу, адамга керектүү нерсе.
14. Алдыңкы күндөргө каражат сактап жатасызбы?
а ) тапкан каражатымдын көпчүлүк бөлүгүн пайдалуу ишке жумшап жатам,
б ) айлыгымдын төрттөн бир бөлүгүн катып коём
в ) чоң буюм алаарда же бир жакка бараарда катып койгон акчаны пайдаланууга туура келет,
г ) алган айлыгым кийинкиге сактаганга эмес, азыркы жашоомо араң жетип жатат.
15. Болбой эле акча маселеси сизди аябай кыйнаса…
а ) минип жүргөн машинамды сатам.
б ) кээ бир каалоолорума чек коём,
в ) үйдөгү кээ бир техника буюмдарын сатам,
г ) кредит алам.
16. Акчаны сактаганга кайсыл жер ыңгайлуу?
а ) банк,
б ) үйгө эле сактаса болот,
в) сактагандан көрө пайдалуу ишти баштаган оң,
г ) ишенимдүү адамыңа карызга бере турса болот.











Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan