тагдыр жазмышы

Нуркыз:
"Канкордун балдары аталып, таякемдин малайына айландык"
Ооруканада кезек күтүп олтургам. Бир мезгилде кийимдери кир, жыртылган, көзү-башын шишик басып көгөргөн,жүдөңкү тарткан жашы 25-26 дагы жаш келин кирип келди. Жалтаңдаган көз карашы менен кезек күтүп олтургандарды бир сыйра карады да "акыркысы ким" деген суроону араң узатып, элден оолактай өзүнчө туруп калды. Өзүм курактагы эле бул келинди көрүп жан дүйнөм жай албай аны менен сүйлөшкүм келди. Бирок, менин сөзүмө, суроолорума үзүк-үзүк жооп айтып, өзүн менден алыстатып,тартынып турду. Сөзүмдү алыстан баштасам да, акыры анын тамырын тартып тагдырын уктум. Өзүн Нуркыз деп тааныштырган айым көзүнө жаш алып, оор улутунуп буларды айтып берди.
"Күйөөң барбы, балаң барбы?"- дедиң. Күйөөм бар, 49 да. Жашаганыбызга сегиз жыл болду. Күлгүндөй 16 жаш курагымда атам курдуу экенине карабай мени кор кылбаса болду деген ой менен айласыздан башымды байлагам. Тилекке каршы, мен ойлогондой турмуш болгон жок. Күйөөм арактын артынан кууган адам, нан жебей жүрө бериши мүмкүн, бирок ичпей жүрө албайт. Аракка тоюп келгенде өмүрүмдү тобокелге салам. Бычак болобу, кайнак суу болобу колуна тийгенин алып ыргытат. Ошонун айынан беш жолу боюмдан түшүп, акырында энелик мээримден да ажырадым. (Эчкирип ыйлап) эми мындан ары мен бала жытын искеп, эне боло албайм. "Үңкүр да болсо үйүм, маймыл да болсо эрим" болсун деп момунтип көгөртүп сабаганына чыдап, бараар жерим жоктугунан миң өнөр көрсөтсө да күйөөмдүн көзүн карап жашап келем. Жолдошум азыр "Дордой" базарында араба түртөт. Тапкан акчасына граммдап ичкенден башка үйгө эч нерсе алып келбейт. Мен байкуш ар күнү ар башка базарга барып тилемчилик кылып нан таап жейм. Учурда "Ак босого" жаңы конушундагы кайнагамдын бүтө элек тамында баш калкалап жашап жатабыз. (үшкүрүнүп) Балким, ата-энем болсо мындай оор жашоого туш болбойт белем... Таэнемдин айтуусу боюнча атам - милиционер, апам- мугалим болгон экен. Мен бир жарым жашар, иним Нуралы бир айлык кезинде атам "жинди сууга" тоюп келип (атам да көп иччү) жаңы турмушка чыккан сиңдиси менен үйдө олтурган апамды күчүнүн жетишинче токмоктоп, чырылдап жардам сурап кыйкырган таэжемди да сабап, ал аз келгенсип экөөнүн колун башка бутун башка кылып балталап, жанчылган денени мүшөккө салып, жер төлөөгө таштап, иним экөөбүздү башка бөлмөгө жаткызып коюп, качып кетиптир... Түн бир оокумда наристелердин тынбай ыйлаганын уккан кошуналар эшикти бузуп киришип, милицияга кабарлашат. Изи сууй электе кылмышка шектүү деп атамды кармашып, күнөөсүн мойнуна алгандан кийин бир топ жылга кесилет. Эне сүтүнөн арыла элек иним экөөбүздү "кызымдан калган белегим" деп таянем багып алат. Эсимде, таянем бизди жетелеп алып апамдын мүрзөсүнө барып куран окуп, анан үйгө жеткенче ыйлап келчү. Бооруна кысып алып "кургур балдарым, менин көзүм өтсө кантет экенсиңер?"-деп өксүп-өксүп ыйлачу. Көз ачып жумганча мен он жашка, иним тогуз жашка чыкты. Ошондо, бир жолу таэнем "атаңарды көргүңөр келеби?"-деп сураганынан - ооба,- десек бир күн алып барып келем деп койду. Андан көп өтпөй атамдын түрмөдөн каза тапкандыгы жөнүндө кабар келди. Кантсе да атабыз да, иним экөөбүз таэнемди кучактап алып атабызды көрбөй калдык деп аябай ыйлаганбыз. Андан да көп узабай бешенебизге аман жүрсүн деген таянебиз жүрөк оорусунан көз жумду. Биздин татаал тагдырыбыз мына ушул күндөн башталды. Үйдөгү жалгыз таякемдин колунда калдык. Жеңем "Канкордун балдары, томолок жетимдер" деп тилдеп, бир сындырым нанды иним экөөбүзгө бөлүп, тамакты ченеп берчү. Көрүнгөндүн көзүн карап, бүгүн жакшы сөз угаар бекенмин деп үйгө баргандан заарканат элек. Таенем өлгөндөн кийин мектепти таштап, таякемдин малайына айландык. Эшикке чыгып эркек, үйгө кирип аял болуп үйдөгү жумуштун баарын биз аткарчубуз. Бараар жериң жок болсо мындай кордукка чыдабаганга айла барбы. Баарынан да, "канкордун балдары" деген сөз сөөгүмө өтөт эле.Бактысыз балалыктын кыйын кезеңдери баштан өтүп жатканда таекем аялы менен ажырашып кетип, ал да ичкенди адатка айлантты. Күндө мас. Иним экөөбүз талаада жаткан жеринен сүйрөп келебиз. Бир күнү иним отун алганы кетип, үйдө жалгыз олтургам. Күндөгү кейпи менен булдуруктап сүйлөп, бутунан туралбай таякем кирип келди. Менден инимди каякка кеткенин сурады да эшикти ичинен бекитти. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей "болк" дей түштү. Жамандыктан кабар берген көздөрү көзүмө чагылышып, качып чыгууга жол издей баштадым. Аңгыча таякем олбурлуу колдору менен мени басып жыгылды. Коркконумдан үнүм да чыкпай, акыркы күчүм менен тыбырчылап жаттым. Жаратканым боор тарттыбы, айтор, бир мезгилде эшик такылдагансыды. Оюндагысын аткарууга камданып жаткан таякем чоочуп кетип тура калганда терезени талкалап чыктым да адыр аралап качып жөнөдүм. Таякем мастыгынан артымдан түшүп кубалай алган жок. Кай жакка баратканымды өзүм да билбейм, бир айылга жеткенде караңгы кирип, иттер үрө баштады. Мындан ары жол улай албашымды билип жол боюндагы бир үйгө кирип барсам карыган жалгыз кемпир бар экен. Болгон окуяны айтып ошол жерде түнөп калдым. Эртеси күнү үй ээси берген акча менен Бишкекке келе бердим. Анда он төрт жашта элем. Бул жакка келээрим менен алты ай бирөөнүн баласын бактым да, андан соң тигүүчү цехте иштедим. Арадан бир жыл өткөндө топтогон акчама иниме кийим-кече алып айылга жөнөдүм. Таякемдин үйүнө кире албай кошуналарымдын үйүнө жашыруун барып, инимди сурадым. Кошунам таякем башка аял алып жашап жатканын, инимдин айылда жоктугун, кайда кеткени белгисиз экенин айтты. Көрсө, иним да менин артымдан эле чыгып кетип, ошол бойдон кайрылбаптыр. Бир боорумду бүгүнкү күнгө чейин издеп таппай келем.Эми УТРКдагы "Кайдасың" көрсөтүүсүнө барсамбы деп жатам. Бирок, менде анын бир да сүрөтү жок. Кошунамдан жогорудагы кабарды уккандан кийин кайра шаарга келдим. Чынын айтсам, мен иним үчүн гана жашап, жалгыз эмесмин деп өзүмдү сооротчумун. Ал менин жашоомдун үмүтү эле. Инимди жоготкондон кийин канча жолу өлгүм келип, өз өмүрүмдү кыйганга аракет кылдым. Бирок ажалың жетпесе бекер тура. Күндөрдүн биринде мен иштеген тигүүчү цех жабылып, жумушум жок жүргөн учурда Сабыр акеге жолуктум. Ал кезде Сабыр аке түрмөдөн жаңы эле чыккан экен. Кычыраган кыш мезгили эле. Ош базарына барып кечке жумуш издеп, күүгүм кирип калганда кай жакка бараарымды билбей Юридикалык Академиянын аялдамасында үшүп-тоңуп калчылдап турсам, орто жаштагы киши (Сабыр) келип абалымды сурап калды. Ошондогу шартымды түшүндүрүп, тагдырымды төкпөй чачпай айтып берип, жатаар жерим жок аны менен бирге кетүүгө аргасыз болдум. Ошол күндөн тартып Сабыр акенин аялымын. Менин мындан аркы жашоом, келечегим караңгы, туңгуюк. Максатсыз күндөрдүн кучагында мага дем болоор жалгыз инимди гана күтүп үмүттүү көздөр менен жашап келем-деп токтоно албай бир топко чейин жашып, бугун чыгарып алгандай болду.
Эх, арман дүйнө... таш боор тагдыр... неге тегиз жаралбады?.. Ата-эне мээримин көрбөй чоңойгон күнөөсүз наристелердин бүгүнкү ат көтөргүс абалын көрүп туруп "жыгылганды желкелейм" деген ушулбу деп жүрөгүм ооруп, бул да болсо кудайдын бир сыноосудур, "Сабырдын түбү сары алтын" дейт, сабыр кыл, баары жакшы болот дегенден башка сөз айталбай, колумдан келген жардамымды көрсөтүп Нуркыз менен коштоштум. Күлкү десе күлкүгө, оюн десе оюнга тойбой турган балалыгын, өмүрдүн унутулгус доору болгон жаштыгын ый, кайгы, азап менен өткөргөн Нуркыздын мындан аркы өмүрү кубаныч, оюн-күлкү менен коштолсо экен...

Жазып алган Ж.КАЛДАРОВА










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!