Кумир менен баарлашуу

Назик:
"Далактап бийлеген
бизге жарашпайт"
Кыргыз эли өнөргө бай калк экендиги талашсыз. Мына ошол түркүн өнөрлөрдүн ичинен бийчилерсиз шоу-дүйнөсүн элестетүү кыйын. Көргөндүн көз жоосун алып, тамшандырган кыргый мүчө, кымча бел кыргыздын сулуу кыздарына кимдер гана суктанбайт. Көпчүлүк окурмандардын суроо-талабын эске алып 600 кыздын башын бириктирген "Назик" бийчилер тобун "Кумир менен баарлашууга" чакырдык.

Айгүл
- Назик, топтун жетекчиси катары кыздарыңызга кандай мүнөздөмө бересиз?
- Чынында кыздарымдын баары өзүмдүн баламдай эле болуп калды. Кимисинин кандай экенин беш колумдай билем. Бул жерде олтурган топтун негизги курамындагы кыздардын мүнөзүн айтып берейин. Айгүл токтоо, орду менен иш жасаган тырышчаак бийчи, Айзаданын бар жогу билинбейт, өзү менен өзү. Асел болсо аябай эрке, бат эле таарынып калчу жагдайы бар. Мунун аба-ырайына жараша мамиле кылууга туура келет. Ал эми дагы бир Аселибиз жогорудагы кыздардын кичүүсү болгону менен өзүн чоң кыздардай алып жүрөт, абдан жоопкерчиликтүү.
- Бүгүнкү күндө "Назик" бийчилер тобунда 600 кыз бар экен. Ар кандай тарбия менен ар башка үй-бүлөдөн келген 600 кызды эмес өзүңдүн балдарыңды тарбиялаш кыйын. Анын үстүнө кыздар урушчаак келебиз го. Кыздар арасында пикир келишпестиктер болбой койбосо керек?..
- Эмнегедир мага келген кыздардын көпчүлүгү бир үйдүн улуусу, кичүүсү же жалгыз кызы болот. Албетте, мындай кыздардын баары эрке, айтканынан кайтпаган болушат да. "Сен эмнеге алдыга туруп алдың, мен эмнеге артка туруп калдым?"-деп чурулдап кетишет. Анан акырын, жай отуруп түшүндүрөсүң. Кыскасы, өзүңүз айткандай ар башка тарбиядагы кыздарды бир тарбияга салыш оңойго турган жок. Камчы керегин камчылап, башынан сылачусун сылап атып бир тууган болдук. Кудайга шүгүр, азыр кыздардын баары бири-бирине күйүмдүү, ынтымактуу. Мен ушуга сыймыктанам.
Гүлбарчын
- Бийчи кыздар кандай сапаттарга ээ болуш керек?
Айгүл: - Бийчи кыз назик, ийкемдүү, таза, тыкан, анан ар дайым жылмайып туруш керек. Мактаныч эмес "атына жараша заты" дегендей биздин кыздар мындай сапаттардан куру эмес.
- Кыздар, Назик эже силерди урушабы?
- Бизди камчылап турбаса көөп кетпейбизби. Бирок, мындай учурда Назик эже урушпастан башкача метод колдонот. Эгер туура эмес иш кылсак, көпкө чейин сүйлөбөй, керек болсо сен ким элең дегенсип көңүл бурбай коёт. Анан күнөөбүздү сезип ары жак, бери жагына өтүп жагалданып, тилин табалбай кыйналабыз.
Миргүл
- "Назик" бийчилер тобуна кантип келип калдыңар?
- Анда төртөөбүз тең борборубуздагы Улуттук компьютердик гимназияда окуйт элек. Эмне кылаарыбызды билбей кыздарга салык салып көөп турган учурубузда (9-класста) Назик эже бий сабагынан кружокко барып калды. Анан агайыбыздын сунушу менен бийге катыштык. Кийин кастинг болуп мен арыктыгымдан, шашмалыгымдан өтпөй калгам. Анан бир ай убакыт бергиле деп ыйлап суранып атып топко кошулгам.
Рано
- Ырчылар менен иштешкенде кыйынчылыктар болобу?
Айзада: - Кандай ырчы болбосун бат тил табышып, кетебиз. Ошондуктан бизде кыйынчылдык деле болбойт.
- Ырчылардын кимиси менен иштешүү кызыктуу?
- Султан менен иш алып баруу алда канча көңүлдүү. Анткени, ал абдан шайыр, түшүнүктүү, ачык айрым. "Мындай кылып бийлесек кантет"-деп өзүнүн идеяларын да айтып турат. Эң негизгиси Садыралиев сөз көтөрүмдүү.
Жибек
- Назик, бийсиз жашооңузду элестете аласызбы?
- Жок, элестете албайм. Мынча миң доллар берем, актриса же ырчы бол десе да макул болмок эмесмин. Мага бий аба менен нандай эле.
- Жашыруун болбосо бир бийиңиздер канчага бааланат?
- Бул нерсе сыр бойдон эле калсынчы.
Айжамал
- Асел, Бактыгүл Бадыевага аябай окшошсуз. Тууганчылык жагыңар жокпу?
- Көп концерттерде Бактыгүлдүн сиңдисисиңби деп сурай беришет. Дүйнөдө жети адам окшош болот дейт го. Бир аз гана окшоштугум болбосо тууган эмесмин.
- Силерге сүйүүсүн арнаган ырчылар көп болсо керек?
- Бизде тартип күчтүү. Ырчылар менен саламатсызбы, саламатта калыңыз дегенден башка ашыкча сөз сүйлөшпөйбүз. Эрежени буздуң деген "Назик" бийчилер тобунан чыктың деген кеп. Ошондуктан көпчүлүгү "Назиктин" керсейген кыздары бар деп айтышат да. Бул керсейгендик эмес, кызга кырк үйдөн тыюу дегендин эле белгиси.
Пери
- Эл алдына чыккан алгачкы күнүңөрдү эстеп көрбөйсүңөрбү?
Асел: - Биринчи жолу мектептин залында бийлегенбиз. Ал зал бизге Спорт ордосундай сезилген. Үч ай үйрөнгөн бийибизди унутуп, бутубуз карышып, кадимкидей калтыраганбыз. Төртөөбүз төрт башкача бийлеп элди таң калтырганыбыз азыркыга чейин эсибизде.
Айбарчын
- Учурда карьера деп жүрүп үй-бүлөнү экинчи планга жылдырып, жалгыз бой жүргөн кыргыздын чыгаан кыздары көп. Назик, сиздин да убактыңыз келип калды. Качан турмушка чыгайын деп жатасыз?
- Мурда жыргап эле жүрө берчүмүн. Азыр ойлонуп калдым. Кандай десем, ушул күнгө чейин "талапкерлер" көп эле болду, бирок мени түшүнгөнүн таппай койдум. Ушунча эмгек жасап, ошол эмгегимди, кыздарымды талаага таштап күйөө деп кеткенге көзүм кыйбайт. Бешенебизге жазылган бирөө бар да. Буюрган күнү ак жоолук салынам деп турам.
- Канча балалуу болгуңуз келет?
- Эмнегедир эгиз балалуу болсом дей берем. Кудай оозума салгандай сөз айткан жигиттердин көпчүлүгү эгиздин түгөйлөрү болуп чыгат. Жаратканым канча наристе берсе ошончо баланын энеси болом да.
Дарыя
- Эртеби, кечпи "Назик" бийчилер тобун ишенген адамыңызга өткөрүп берчү күн келет. Бул жерде олтурган кыздардын арасында сиздин ишенимиңизди актай ала турганы барбы?
- Мен ушул кызга тапшырам деп так кесе айталбайм. Менин сунушум боюнча эмес, өз каалоосу менен ушул топту мындан ары улап кетем деген бирөө чыгыш керек. Ал ким экенин азыр өзүм да билбейм.
Макмал
- Айзада, Асел экөөң бир тууган экенсиңер. Экөөңөр тең бийди тандап алганыңарга эмне себеп?
Айзада: - Ата-энебиз жети жашыбыздан эле бизди бий кружогуна берген. Алгач сиңдим экөөбүз "Балажан" группасында бийлегенбиз. Кыскача айтканда ушул жолду тандаганыбызга ата-энебиз түрткү болду.
- Майрамдарды группаңар менен чогуу өткөрөсүңөрбү?
- Майрамдарда биз элдерди майрамдатып, көңүлүн көтөрөбүз. Тескерисинче майрам биз үчүн оор иш күнү болот.
Айжан
- Назик, эмнеге сиздин кыздарыңыз көбүнчө кара кийинишет?
- Туура баамдапсыз. Адамдын кандай экенин жүзү, анан кийген кийими айтып турат. Биз көбүнчө классикага көңүл бурабыз. Бул арык же семиз көрсөткөндүктөн эмес, жөн гана маданияттуулуктун белгиси деп ойлойм. Ачык түстөгү кийимге караганда кара кийим адамды оор басырыктуу, салабаттуу көрсөтөт.
Калиман
- "Жылдыздар манежде" теледолбоорунун 1-турунда сизге биз күткөндөй орун берилген жок. Менимче сиз башкалардан өзгөчөлөнүп эң оор оюнду көрсөттүңүз. Көпчүлүк эл калыс чечилген жок деген пикирде кетишти. Сиз кандай дейсиз?
Назик: - Рахмат. Мен андагы чечимге эч нерсе болгон жокмун. Анткени, элдин алдында жүзүм жарык, татыктуу иш аткардым. Баа үчүн, бийлик үчүн, орун үчүн күрөшпөйм. Эң негизгиси элдин жүрөгүнөн түнөк тапсам менин жеңишим ошол. Анткени элдин купулуна толуп, эл баасын алуу кыйын.
Тангүлү
- Байкашымча "Назик" бийчилер тобу чыгыш стилине көбүрөөк басым жасайсыздар. "Современный" стилде бийлейин деген оюңуздар барбы?
Назик: - Биздин стилибиз улуттук, элдик, чыгыш бийи болуп аткандан кийин стилибизди алмаштыра албайбыз. Тура калып далактап бийлеген бизге жарашпайт.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!