Күүгүмдөгү сырдашуу

Токтобек Асаналиев:
"Төрөлгөндө эле бир тишим бар экен"
Төлөмүш Океев тарткан "Ак илбирстин тукуму" кинофильмин көрбөгөн кыргыз болбосо керек. Айтылуу Ат-Башынын Каманды жайлоосунун кооздугу, көркөмдүгү ошол кинодо эң сонун көрсөтүлгөн. Бүгүнкү биздин каарман дал ошол жердин кулуну, ырчы Токтобек Асаналиев болмокчу.

"Акушер" чабандын үйүндө
1975-жылы жай саратанында Каманды жайлоосунда Жумабүбү апа Токтобекти үй шартында эле, боз үйдөн төрөп алган. - Алгач жүзүмдү атам Нааматбек, кийин апам көргөн экен,-дейт ырчы. Союз учурунда чабандар, дыйкандар, жумуштуулар элдин мыкты катмары деп бааланчу эмес беле. Биз да он бир тууган жайкысын төрт түлүк мал күтүрөгөн жайлоодо, кышында ак кары белге чыккан Ача-Кайыңды айылында сонун күндөрдү өткөрүп чоңойдук. Атам мыкты чабан болуп, жогорку советке депутаттыкка шайланып Москвага пленумга чакырылып турчу. Ошол жерден Болот Миңжылкыевге жолугуп далай насиптеш болуп, ырдаганын угуп, элдин суктанганына күбө болгон экен. Кээде өкүнүп "Сенин ырчы болооруңду билсем эмне. Болоттон кагаз жүзүндө болсо да бата алып калмак экенмин"-деп калат азыр.
Алтын тиш
- Эч кимге айтчу эмес элем... Мм... Төрөлгөндө эле бир тишим бар экен. Ата-энем алгач чочуласа, кийин жакшылыкка жоруп, жышааналуу наристесинин тишин эч кимге көрсөтпөй, айтпай сыр кылышат. Бирок, баары бир көпчүлүккө дайын болот. Атамдын агасы мал догдур экен, "бүйлөсүн өйкөйт, эмчек эмгенде жолтоо болот" деп сууруп салмакка аракет кылганда, атам Кудайдын бергени деп болбой коюптур. Сапсары болуп өзүнчө бөлүнүп турчу. Ошондуктан үйдөгүлөр мени "алтын тиш", "золотой" деп эркелетип чакырышчу. Кийин жети жашка келгенде сүт тиштерим менен кошо түштү.
"Мөлмөлүм"
ойготкон
- Малик Аликеев Барпынын "Мөлмөлүмүн" ырдап чыкканда "бали" деп бата бербеген кыргыз болбосо керек. Чоң апам Зыяда чыканактай комуз чаптырып берип, ырдатып жүрчү. Көкүрөктө бугуп жаткан көрөңгө ошол ырга таасирленип ачылбадыбы. Комуз колумдан түшпөй, ыр деп жашап калдым. Мектепти бүтөөр жылы филармониянын алдындагы студия ырчы, комузчу, манасчы болом дегендерди кабыл алып жатканын гезиттен окуп калдым. Ырчы болом десем, атам чалкасынан кетти. Апам болсо "жалгыз комузуңду алып кайда барасың?"- деп болбойт. Көшөрүп жатып акыры көндүрдүм. Узатып жатып атам алдыма шарт коюп "Өтпөй, окубай калсаң жаныма келип жардамчы чабан болосуң, аял алып берем"-деди.
Мыктылардын
элегинде эленип...
- Колго кармаган 100 сом менен филармонияга келдим. Алгач кабыл алган Келдибек Тургунбаев агай болду. "Мен окууга өтүшүм керек"-деп шар эле айттым. Ал мени орто бойлуу, көз айнекчен, чачын артка тараган киши менен тааныштырды. Ыраматылык Асек Жумабаев экен. Кут жүгүрүп жүргөн ыйык ордобузга ошентип түшүп калгам. Кийин көркөм өнөр окуу жайында, улуттук консерваторияда элдик салттагы ырдоо ыкмасы боюнча билимимди улап устатым Улукмырза Полотовдон тарбия алып чыктым.
Туулган жер - туурум
- Эң биринчи чыгармачылык сапарым Америкадан башталган. 4-курстун студенти элем. Өнүккөн өлкөнүн кынтыксыз түзүлгөн шартына кызыгуум артса да, бир айдан ашкан убакытта мекенимди сагынып кусага баткам. Ошол жерден колума кичинекей жара чыкты. Бир ай айыкпайт. Кыргызстанга келип эле кичи мекеним Ат-Башыга жөнөдүм. Суусунанбы, абасынанбы, айтор, жара эки-үч күндө карттанып түшүп, айыгып кетти. Туулган жердин топурагы алтын экенине ошондо дагы бир ирээт ишендим.
Бөксөрүп толгон тагдыр
- "Турмушта ачуу-таттуу, жакшы-жаман эриш аркак жүрөт" деген чын. Маңдайга жазылган нерседен эч ким кутула албайт тура. Эртеби, кечпи турмуш өз өкүмүн кылат экен. Ата-эненин колунан чыккандан кийин бирде болсо, бирде жок, жетип-жетпеген күндөр көп эле болду. Антсе да ыр дүйнөсүнөн, жүрөккө жаккан чөйрөдөн кетип кала албадым. Кенже менен жашаган күндөрүмдү күлүп эстейм. "Силер окугула" деп өз апам уулум Канатты кичинесинде эле алып кетти. Жаш экенбиз, барга жокко карабай ойноп жүрө бергенбиз. Акыры жолубуз бирге болбоду. Жашоомдогу ал кризистен эч нерсе болбой өттүм десем чындыкка жакындабай калат го. Кыйналдым, күйдүм, чөктүм. Анан кайра алдыга улуу максат коюп чыйралдым, курчудум. Баарын жаңы баштап, тез арада калыптаып, жыйынтыгында "чоң казаттан" жеңиш менен чыктым.
Аял кут
- Жумгал элинен Ак Мөөр, Таттыбүбү өңдүү аңызга айланган сулуулар чыкпады беле Залкар Эстекем да ошол жердин кызына баш кошкон экен. Чыңгыз агабыз да Жумгалдын сулуусуна арзыганын билебиз. Мен дагы ошондой сезимге кабылып, Жумгалдын Таш-Дөбөсүнөн келишимдүү Саадатты таап алдым. Сыйлайм, барктайм. Ал дагы өз кезегинде мага ушундай жооп менен ызаат кылып турат. Уулдарым Канатка, Боогачыга, кымбат кызым Насыйкатка мээримдүү эне болуп берди. Кесиби эсепчи болсо дагы кыргыз ыр-күүлөрүн сүйүп угат. Үйдөн балдарынын, менин көңүлүмдү көтөрүп комуз кармап ырдап берет. Тагдырымда болгон бул тандоомо ата-энем, урук-тууганым, дос таанышым бүт ыраазы. Саадаттын таза, тунуктугуна бата беришип, бөпөлөп, араларына кошуп алышты.
Эскини эңсеп...
- Учурдагы обончулардын чыгармаларына кайрылып, өздүк ырларымды да аткарып көрдүм. Тар чөйрөдөгү угармандар алакан чапканы менен өзүм толуп, ташпай койдум. Эски ырларды эңсеп туруп алдым. Залкарлар Атай, Муса, Жапар Чабалдаев, Ормонбек Асанов, Абдрашит Бердибаевдин алдынан кыя өтө албайт экенмин. Ашыкем, Эстекем, Тукам салып кеткен жолду бузуп, башка нук салууга батынбадым. Мен үчүн андай кылуу азап экен. Устатым, чыгармачылыктагы атам Улукмырза агай да ушул жолдун арыгын чаап, эски ырларды кулакка куюп тарбиялаган. Ал ырларды нотасын эч өзгөртпөй, бирок жаңыча ырдоо тилегим болчу. Азыр ушул максатта Кутман Жолдошев менен иштеп жатабыз. Эки ырчынын үнү бирдей болуп төп келүүсү чанда болот. Кутман экөөбүздүн үнүбүз да окшош эмес. Бирок жолун таап, биргелешип жасаган эмгегибиздин акыбети кайтып, эл жакшы кабыл алып жатат. Жаз ортолоп Чүй, Көл, Нарын, Талас өрөөндөрүн кыдырып элге шаң тартуулап келсек деп тилек кылып жатабыз.
Шакирттен устатка
- Азыр улуттук консерваторияда устатымдын жардамчысы , мугалим болуп эмгектенип жатам. Түйшүктүү, жоопкерчилиги ченемсиз кесип. Жакшы ыр уксам, шакирттеримдин ким бирөөсүнүн үнүнө тууралап, ылайыктай берем. Алгачкы студенттерим өткөн жылы окуусун аяктады. Мамлекеттик сыноодо элдик ырдоо боюнча Улукмырза агайымдын жана менин эки студентибиз гана мыкты деп табылып, Казакстандан келген калыстын төрагасына жакты. Демек, мугалимдик келечегиме ишенип калдым. Антсе да чыгармачылыгыма көбүрөөк көңүл бурганга аракет кылам.
Тойдон тоюнуп...
- Акын, ырчы, манасчылар жакшылыктын адамдары болуп, илгертен аш-тойдо өскөн да. Өзүм басып барбай, чакырган жерден калбай тойдун көркүн ачып жүрөм. Мамлекет ансыз да жарды. Карап отургандан пайда жок. Тойдо карыялар, ата-апалар көп болот, алардан бата алам. Үй салып, машинадан машина которуп атам. Ошонун баары мамлекеттин эмес, той берген адамдардын эсебинен болуп атат. 150 $ ашык акчага барып ырдап берем. Кийген, ичкенибиз тың. Элдин шарынан калбай жашоо үчүн алпурушуп, тиричилигимди кылып жүрөм...
"Курсак сыр"
- Өзүңөр көрүп тургандай, салмактуу адамдардын катарында болуп атам. Сахна үчүн келбет сөзсүз керек. Азыр арыктоо үчүн аракетим күч. Дүйнөлүк ырчылар Повороти, Карузо, Даминголорду, өзүбүздөн көзү өтүп кеткен Б. Миңжылкыевди алсак, учурдагы классикалык үлгүдөгү ырчыларды карасаңыз баарынын курсагы бар. Айтайын дегеним, биз ырчылар дем менен иштейбиз да. Демди көкүрөккө эмес, курсакка, киндик тушка алабыз. Бир нотадан башка нотага үн созгондо курсакка чогулган дем жардам берет. Курсактын чыгып кетүүсү ошондон да болсо керек. Албетте, бул шылтоо эмес. Антсе да бели ичке ырчы келип, нукура үнү менен таймашып көрсүн, чоң курсактын жардамы кандай экенин ошондо көрөт.
Министрдин минусу
- Маданият министрлиги ар бир ырчыга лицензия берсе жакшы болмок. Ошондо опера ырчысы театрда, сахна ырчысы концертте, той ырчысы кафе-ресторанда ырдап, ар бири өз статусуна ылайыкташат эле. Көзөмөлгө түшмөйүнчө сүрмө топ болуп жүрө берет окшойбуз.




Динара Акулова

Ай кызым
Сөзү, обону Бек Борбиевдики





Арбайт ар бир кыймылың,
Кичи кызым махабатым сен.
Айдан түшкөн ай кызым,
Таазим кылам чырайыңа мен.
Жайкалган өрмөлүңдөн,
Көзүңдөн мөлтүрөгөн.

Кайырма:
Өткүр жаштык өмүргө,
Сүйүү берген.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.
Ай кызым ай кызым,
Ай кызым менин.
Жүрө бергин көңүлдө,
Жүрөгүмдө бийлей бергин.

Жомоктон келген ханзаадам,
Сулуулардын периси белең?
Мен издеген.
Байкатпай жүрөк уурдаган,
Бийчилердин сыйкыры белең?
Мен билбеген.
Алтын көкүл саамайыңдан,
Аппак жүзүң маанайыңдан.




Тойчу Мамыров
Ысык
Сөзү, обону
Тойчу мамыровдуку
Таарынбачы садагам сендик боло албадым,
Таарынбачы тагдырга. таарынба мага да.
Билем сүйөсүң мени сага жалдыраймын,
Сүйө албаймын мен сени, кечир суранайын.

Кайырма:
Ысык, ысык сенин эриндериң,
Сүйөмүн сени, аларды дебегин.
Кечир, кечир сендик боло албадым,
Өз сүйүүмдү сага бере албаймын.

Сен дагы татынакай, кудайдын кызысың.
Сага дагы келет ал сүйүү бир ыпысык,
Ишенсең да бир жерде, сен үчүн кыйналып,
Татынакай бир жигит жүрөт сени айланып.




Роза Шакирова
Тирүүлүктүн
сыйын көр
Сөзү Медер Осмоналиевдики
Обону Роза Шакированыкы


Бүгүн кетет бул дүйнөдөн бир кыйын,
Эртең кетет бул дүйнөдөн бир кыйын.
Эл ичинде эки жүз жыл жүрсөң да,
Бүт өмүрдүн болгон баасы бир тыйын.

Кетет бир күн көзүн жумуп акылман,
Кетет бир күн "кош"-деп коюп асыл жан.
Канча адамга өмүр берип кудайым,
Канча адамды тирүүлүктөн качырган.

Пендечилик,азбы, көппү өмүр бар,
Оор турмуштан азып кетээр көңүл бар.
Бир келебиз, биз кетебиз кайрылбай,
Кайталанат жазгы жамгыр, кышкы кар.

Бүгүн кетет бул дүйнөдөн бир кыйын,
Эртең кетет бул дүйнөдөн бир кыйын.
Эгер болсо асыл башта акылың,
Болушунча тирүүлүктүн көр сыйын.
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!