Кыргыз шоу дүйнөсү

Ди-джей, Камчыбек Сарыбаев:
"Түз эфирден элге уят болгом"
Жыйырма төрт саат бою кыргызча сайраган "Кыргызстан обондору" радиосу жаз айынын алгачкы күндөрүндө жаңы программалардын үстүндө иш алып барууда. Таңкы саат жетиден онго чейин кыргыз элине өзгөчө маанай тартуулаган
"Таңкы тополоң" шоу-программасын ди-джей Чынгыз Мырзаев менен белгилүү актёр Камчыбек Сарыбаев алып барып жаткандары баарыбызга маалым. Буга чейин актёр катары мыкты образдарды жаратып, клиптерден түшпөй келген Камчы мырзага суроо узаттык.
- Камчыбек "Кыргызстан обондоруна" ди-джей катары кандайча келип калдыңыз?
- Өзүңүздөр билгендей учурда "Кыргызстан обондору" радиосунда ди-джей катары, "Таңкы тополоң" шоу-программасында Чынгыз менен тополоң салып жатам. Менин радиого келип калышым эң жөнөкөй эле болду. Тактап айтсам, 2001-жылы ушул эле радионун ди-джейи болуп бир жыл иштеп кеткем. Анан жетекчиликтин чакыруусу менен кайрадан аталган радионун кызматкери катары иштей баштаганыма күбө болуп жатасыздар. Эми мындан аркысын кудайдын буйругу менен көрөбүз да.
- Мурда бул радиодо иштеп кеткем дебедиңизби. Эң алгачкы эфириңизди эстеп көрсөңүз?
- Мен анда "Камчыбек соодагер" деген ат менен кечки эфирди алып барчумун. Албетте, баардык жасаган ишиңдин эң алгачкысын унутпайт болушуң керек. Радиого жаңы келгенде, эфирге чыгаардын алдында өзүмдөн-өзүм толкунданып, бир башкача болуп, жүрөгүм лакылдап алчу. Бир жолу түз эфир учурунда элге уят болгом. Пультту кандай иштетүүнү жаңыдан эле үйрөнүп жаткандыктан сүйлөп бүткөндөн кийин музыканы кетирип, эфирге кошулган микрофонду өчүрбөй калыптырмын. Эфир артында эзилип сүйлөгөн сөздөрүм ыр менен кошо эфирге кетип калып, өзүмдү ыңгайсыз сезгем. Ошондон кийин этият болууга аракет кылып калгам.
- Таңкы тополоңдун башка берүүлөрдөн айырмасы эмнеде?
- Аты айтып тургандай, таң эртеден элге жагымдуу таңкы маанайды тартуулаганы менен айырмаланат. Үч саат бою биздин жыштыкты уккан угармандарыбызга таңкы тамашаларды, смс сынактарды, акыйнекчилерди жарыялап, оюндарды ойнотобуз да, жыйынтыгында кызыктыруучу белектерди жеңүүчүлөргө ыйгарабыз. Андан сырткары, үй-бүлөгө байланышкан, күнүмдүк жашоодогу колдонулган нерселерди кошуп, унутулуп бараткан кыргыздын каада-салтын, нукура кыргызча сөздөрүн даңазалап, элдин оюн түз эфирде чагылдырабыз. Кыскасы, мунун баардыгы угармандардын жардамы менен болот.
- Эрте тургандан ээригип, таң эртелей жумушка келгенден кыйналган жоксузбу?
- Жок, анчалык деле кыйналган жокмун. Тескерисинче, таңкы саат алтыда туруп өзүмдү сергек сезип, сегизинчи кабатка жөө чыгып, жөө түшкөндөн бир аз арыктап калдым окшойт. Баягы Камчыбек жок, азыр таптакыр башкача болуп калган. (Күлүп) Кичине арыктап дегендей,... Ха-ха-ха.
- Ишиңизге ийгилик каалайбыз. Элге жагымдуу маанай тартуулап жүрө бериңиз!





Биринчи апрель күнү алданган жылдыздар
Эрмек Нурбаев:
"Белес" радиосу оозумду ачырган"
- Эртең менен экзаменге шашып баратсам, үй телефонум чырылдап калды. Албай эле коёюн деп кайра шашканыма карабай чуркап барып алсам "Саламатсыңарбы, Эрмекти чакырып койгулачы, биз домкомдон чалып жатабыз. Силер кечээ күнү бир кап таштандыны эшиктин алдына төгүп салыптырсыңар. Ушул кантип болсун, өзүң жакшынакай эле жигит экенсиң. Бул кылганың болбойт да" -деп ар кайсыны айта баштаганда, ачуум келип "Кайсы домком, түшүндүрүп айтпайсыңарбы? Мен эч кандай таштанды төккөн эмесмин. Менин үйүмдөн бир кап эмес, бир баштык таштанды чыкпайт, уктуңузбу?-десем, бул "Белес" радиосу" деп оозумду ачырышкан. Аябай ишенип алганымды карабайсызбы?...
Айнура Салахидинова:
"Акчам жокто бирдигимди
короттум"
- Ай-ий, биринчи апрель күнү алдангандардын алданганы мен болдум окшойт. Уктап жатсам таңкы саат жетилерде мага Азиза чалып, "Айнура кандай, кечээ күнү Фариданы Ысык-Көлгө ала качып кетиптир. Экөөбүз артынан барып келбесек шаарда туугандары жок" деди. "Кой эй, бүгүн калпычылардын күнү да, сен мени алдап жатасың"- десем, "Биринчи апрелге туш келип калса эмне кылайын, ишенбесең Фариданын өзүнө чал" деп кайра мага таарынып кирди. Макул деп Фаридага чалсам ал мага шолоктоп ыйлап, ала качып кеткенин айтты. Мен ага боорум ооруп, жумуштан Кадыралы агайдан суранып, тааныш байкелердин машинасына сүйлөшүп, көлдүн кайсы жерине бара турганыбызды сурап, Фаридага чалганда "тамашалап койгом" деп жатпайбы. Акчам жок болуп жатканда эки жүздөн ашык бирдигимди кетиргеним аз келгенсип, бир күн кечке нерв болгонумду айтпа.
Фарида Карбосова:
"Бейтааныш балдарга алдандым"
- Буга чейин "Гольф-3" үлгүсүндөгү машинамды "Мерседеске" алмаштырайын деп авто базарга жарыя берип келгем. Ал эстен чыгып калыптыр, эртең мененки саат ондордо "Сиз машина алмаштырасызбы, менин машинамдын коробкасы автомат. Пишпек базарына келип калыңыз"-дегенде абдан сүйүнүп, машинаны көргүм келип, шашкан бойдон эки досумду ээрчитип алып, болжошкон жерге жетип бардым. Эки-үч сааттай күтүп, улам-улам телефонуна чалсам, албайт.Келип калаар деп жанымдагы акыркы акчама досторума тамак алып берип, аларды алаксытып турдум. Акыры жиним келип "Келсеңер эрте келбейсиңерби" десем, "Чоң кыз, календарды жакшылап карабайсызбы" деп коёт уялбай.
Темир Назаров:
"Кыжаалат болуп, жиним келди"
- Башкаларды алдаганга жетишкен жокмун, бирок, мени аты-жөнү белгисиз бир бала уюлдук телефонума жашыруун номер менен чалып, "Темир тезирээк КТРди көрсөң, сен жөнүндө жаман сөздөрдү айтып, бир туугандарыңды кошуп туура эмес маалымат берип жатышат" деп телефонун өчүрүп койду. Ошол учурда иштерим менен көчөдө жүргөм. "Кайсы көрсөтүүдөн айтып жатты экен? Мен эч кимге интервью берген эмес элем го?"- деген ойлор менен чындап КТРди көргүм келди. Ал учурда үйдөн алыс жүргөндүктөн көрө алган жокмун. Мен көрбөсөм да бир туугандарым көрүп мага айтышаар дедим да ишимди бүтүрүп жүрө бердим. Бирок көпкө чейин кыжаалат болуп, жиним келди. Анан биринчи апрель экенин эстедим да бир жылмайып алдым.





Анжелика аргасыздан турмушка чыктыбы?
Салам "Обон"! Анжелика өз каалосу менен эмес аргасыздан турмушка чыккан деген сөздү көп угам, ушул чынбы? Чын- төгүнүн өзүнөн билип бере аласыздарбы?
Айжан, Бишкек шаары.
Анжелика:
"Мени эч ким зордогон жок"
- Мен кечээ күнү турмушка чыккандай суроо беришиптир го… Турмуш курганыма эки жыл болбодубу. Мени эч ким күйөөгө тий деп зордогон эмес, өз эрким, өз каалоом менен эле үй-бүлө курдум. Башка жаштарга да ушуну каалайт элем. Эч качан ала качуу, зордоо деген болбой, ар бир жаш өз сүйгөнүнө баш кошсун!


Эдил эмнеге эфирден кетти?
Салам "Обон" гезитинин жалпы жамааты? Жанга жагымдуу, жайдары жүзү, көгүлтүр көзү менен кыздарды азгырып келген ди-джей Эдил Эркинбаевдин эфирден биротоло кетишинин себебин билип бериңиздерчи?

Айсанат, Бишкек шаары.
Эдил Эркинбаев:
"Мага ар бир күйөрманым кымбат"
- Мен бул суроого түз эфир учурунда угармандарга жакшы эле айтып берип, коштошуп кеткем. Ага болбой азыркыга чейин уюлдук телефонума байланышып, тынчымды алып жатышат. Номеримди кандай өзгөртсөм, болбой эле таап алгандарына таң калам. Мен үчүн ар бир угармандын, күйөрмандын ою кымбат.Ушинтип мени издеп, мага сарсанаа болуп жаткандарына чындап ичим жылып жатат. Радиодон биротоло кеткениме биринчиден ден-соолугум себеп болсо, экинчиден мурунку бизнесимди улантып, кесибим боюнча иштөөнү туура көрдүм. Жеке эле радиодо эмес, балким, чыгармачылыктын башка тармагында күйөрмандарым менен жолугам деген жакшы ойлорум бар.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!