атактуулар ааламы

Сами юсуф
Сами Юсуфтун башка ырчылардан айырмасы асман менен жердей. Көпчүлүк ырчылар сүйүүсүн даңазалап ырдаса, Жаратканга болгон сүйүүсүн даңазалаган Сами Юсуфтун атагы алыска тарап турган кез. Ислам динин барктап, башка диндерди да бөтөнчө сыйлаган табышмактуу Саминин таржымалы менен таанышабыз.

Музыка адамдарга тил табышууга
өбөлгө түзөт
Сами 1980-жылы Тегеранда түбү азербайжандык ирандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үч жашка чыкканга чейин өз мекенинде жашап, андан кийин ата-энеси менен Великобританияга көчүп келген. Азыр ал Лондондун жараны. Музыкалык билимди өзүнүн атасынан алган. Анткени атасы композитор, музыкант жана акын болгон. Кичинекей кезинен эле музыка чөйрөсүндө чоңойсо да, ага чыныгы атактуулук 2003- жылы эң алгачкы "Аль-Муаллим" деген альбомун чыгаргандан кийин келген. Ошондо эле ал баардык ырчылардан айырмаланганын байкоого болот.
Азыр репертуарындагы ырлардын баары Жаратканга болгон сүйүүсүн даңазалаган ырлар десек болот. Сами Юсуфтун негизги максаты бир динди экинчиден жогору баалап, өзүнүкүнөн башка динди сыйлабаган инсандарды биримдикке чакырып, ынтымакты орнотуу.
- Адамдардын башын бириктирип, тынчтык, бейкуттуктун өкүм сүрүшүнө музыка да өбөлгө түзөт. Азыр жаштардын көпчүлүгүнүн баштары айланып, эмне кылаарын, кайсы динди тутуп, кайсы өлкөнүн жараны болоорун билишпей эки анжы ойдо. Мен аларга аз да болсо жол көрсөтүп, бир эле учурда мыйзамды бузбаган Британиянын жараны, ошол эле учурда Ислам дининдеги баардык эрежелерди сактаган мусулман болууга болоорун өзүм аркылуу көрсөткүм келет, - дейт Сами.
Азыр Саминин альбомдорун таппай жүргөн күйөрмандары көп. Акыркы күндөрү ырчынын Американын айрым жерлерге койгон концерттери да жакшы кабыл алынууда. Башында мындай концерттерге кээ бир америкалыктар чочулоо менен карап, саналуу гана адамдар баш бакса, азыр Сами Юсуфту көчөдөн таанып, түрдүү белектерди берип, сүрөткө түшкөнгө ашыгышат.
Мекенине
кайтып келүү
Дал ушундай аталыштагы концертти киндик каны тамган Бакуда өткөргөн. Биринчи жолу өз мекенине кайрылып келип, концерт коюп жатканына аябай толкундаган Сами эки күндөн кийин гана концертин баштаган. "Туулган жердин сүрү да билинбегени менен бир топ болот экен" деп өз сезимдерин түшүндүргөн. Гайдар Алиев атындагы спорт комплексине киши батпай калгандыктан, ачык асман алдында ырдаганга туура келген. Тилекке каршы, музыкалык аппаратуралары жакшы иштебей, ырчы жигит ырларын жандуу үн менен аткарган. Мекендештерине арнаган бул концертте Сами Юсуф алты тилде эки саат ырдаган. Концерттин аягында журналисттерге берген интервьюсунда мекенине дагы кайтып келээрин, азербайжандардын тилин жакшы сүйлөй албаса да жакшы түшүнөрүн айткан. Белгилей кетчү нерсе, Сами бир кезде "эгерде мекениме барып концерт койсом, эч качан гонорар албайм" деген убадасына туруп, Бакуда койгон концертинен бир да тыйын алган эмес.
Ырчылардын айтымында, анын ырлары кайсы бир улутка гана эмес, бүткүл дүйнө жүзүнө таандык. Ал эми өз мекенине арнап жазган "Айрылыш" аттуу ырын Бакуга барганда биринчи жолу аткарган. Ырларынын обонун, сөзүн өзү жазган, Саминин дагы бир артыкчылыгы кайсыл мамлекетке концерт койгону барса сөзсүз ошол өлкөгө арнап ыр чыгарат. Анын жашоодогу урааны "Жараткан кандай оор сыноо бербесин, анын артында сөзсүз жеңилдик келет".
"Мен цивилизациянын кагылышуусуна ишенбейм, цивилизациядан артта калган адамдар кагылышы мүмкүн. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын баарынын башын бириктирип, бири-бирибизди басынтпай, бир багытты алуу баарыбыздын милдетибиз"- дейт Сами Юсуф.
Жогоруда айтып өткөндөй, азырынча Саминин үч альбому бар. Биринчиси 2003- жылы июль айында "Аl-Muallim" деген аталышта жарык көрсө, экинчиси 2005-жылы сентябрь айында "My Umman" деген ат менен чыккан. Ал эми үчүнчүсү "Without You" деген альбому үстүбүздөгү жылдын январь айында чыкты. 2007-жылы Стамбулда(Турцияда) өткөн концертинде 200 000 адам чогулган. Мындай көрүнүш Сами Юсуфтун элге канчалык деңгээлде атагы тараганынан кабар берет. Сами алты жылдан бери өзүнө-өзү продюсер,композитор, музыкант болуп келет.




шоу-бизнес жаңылыктары
Настя Приходькону
ким аңдып жүрөт?
Бир айдан бери Настяны кимдир-бирөө артынан аңдып, айласын кетирип жаткан кези. Эки жуманын ичинде ырчы үч квартира, телефонунун номерин беш жолу алмаштырды. Настянын дайынын кайдан билип алып жатканы белгисиз. Айтор, ал адам "эгер мени менен чогуу болбосоң өлтүрөм" деген билдирүүлөрдү биринин артынан бирин жиберип жаткан кези. Азыр Настя Приходько эки жан сакчы менен жүрүп калды. "Кокус мага ал адам күтүүсүз жерден кол салса, эмне кылып, кандай чара колдоноорумду билбей турам. Алтургай акыркы күндөрү түшүмдө мени аңдыган адамдан башка эч кимди көрбөй калдым", - дейт ырчы.
Анна Лорак
тоюн өткөрбөйт
Украиналык ырчы Анна Лорак жумушунун көптүгүнөн жигити экөөнүн үйлөнүү тоюн август айына жылдырууга аргасыз болду. Убакыттын артка жылдырылганы жаман жөрөлгө деген курбуларынын үндөөсүнө Лорак ишенбейт. Август айында тоюн жигитинин туулуп өскөн мекени Түркияда, андан кийин Украинада өткөрмөй болушту. Анна Лорак жигити Мураттын апасы, үч эжеси менен таанышып, тил табышууга үлгүргөн. Мурат Киевде жеке иши менен алек. Бирок, сүйүктүүсү үчүн Киевдеги жумушун таштап, Украинага көчүп келгенге даяр экенин билдирди.
Женя Огурцова
операция болобу?
Он тогуз жашка жаңы чыккан "Ранетки" тобунун солисткасы бейтапканага жатты. Туулган күнүнө бир топ мейман чакырып, өздүк майрамын оюндагыдай белгилеп жаткан Женя майрамдын соңунда ичи катуу ооруп жатканын билдирген. Апасы дароо тез жардам чакырып, жакынкы бейтапканага жеткиришкен. Башында доктурлар ырчыга сокур ичеги деген диогноз коюшса, кийинчирээк ал оюн өзгөртүшкөн. Азыр Женянын абалы оор, эмнеси ооруп жатканы так аныктала элек. Учурда ырчы диетага отуруп, дары-дармектер менен өзүн карап жатат. Ал эми чыныгы диогнозу жакында аныкталат.
Филипп Киркоровдун
ден-соолугу начарлады
Владивостокто койгон концертинде Филипп Киркоров сахнадан өзүн жоготуп койгон. Көрүүчүлөр эмне болуп кеткенин түшүнбөй, ызы-чуу түшүп баштаганда, ырчынын гостролдорун уюштурган жакын досу сахнага чыгып, Филипп өзүн көптөн бери начар сезип жүргөнүн, бейтапканага баруудан баш тартып, концерт койгону келгенин билдирген. Башка шаарларда боло турган гастролдордун билеттери эчак сатылып, күйөрмандары аны күтүп жатканын кайра-кайра кайталаган Киркоров дагы да болсо бейтапканага жатып, доктурлардын көзөмөлүндө болуудан баш тартты. Ал эми шаардык тез жардамда эмгектенген Николай Барышко мурда Филиппке оорусу өтө кооптуу экенин эскерткен. Бирок ырчы моюн бербей, көп дозадагы дары- дармектен ичип алып, доктурдун берген кеңешине макул болгон эмес. Николай Барышконун айтымына караганда, азыр Киркоровдун температурасы 40 градуска жетип, вирус жуктуруп алган экен.












Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!