Күлкү - өмүрдүн мүлкү

5000 сомду ким утту?
"Обон" гезитинин өткөн №58-санындагы күлкү бетине жарыяланган 1-апрель күлкү күнүнө карата "ОБОНдон" окурмандарга сюрприз деген чакан конкурстун жыйынтыгы чыкты. 1-апрель күнү белгиленген убакыт 14 00дөн 15 00гө чейин окурмандар редакцияга телефон чалып, конкурстун шарты боюнча эң күлкүлүү, эң кызыктуу, өзгөчө, мурда эч жерде айтылбаган анекдотторду айтып 5000сомго ат салыша башташты. Бирок алар 1-апрель күнү экенин, "Обонго" алдангандарын баамдашкан жок. Анда эмесе, "Обонго" алданган окурмандардын айткан анекдотторунун арасынан тандалган анекдотторго көңүл
буруңуздар.

Куудулга куйкум тамаша
Супер куудул Абылуп,
Сахнага чыкканда,
Сандаган колдор чабылып,
Күндө эле укса күлкүсүн,
Эртеси эле сагынып.
Кыркыраган үн менен,
Кыргызга калдың таанылып,
Кубалап келет артынан,
Куудулдар жетпей жабылып.
Тайкеси менен аң уулап,
Айгырын атып жаңылып.
Нарындан качып келген дейт,
Таракандарга таарынып.

М. Акмат

Аялы-күйөөсү экөө урушуп кетишет экен. Бири-бирине таарынып, эки жакты карап жатып алышат. Күйөөсү эртең менен жумушка барышы керек экенин эстейт. Аялына ойготуп кой деп айткандан уялып кагазга "Катын, эртең менен мени ойготуп кой. Мен жумушка барам" деп жазып аялынын башына коюп коёт. Аялы эртең менен турса башында кагаз турат. Ал дагы күйөөсүнө жини келип ойготпой коёт экен. Бир топ убакыттан кийин күйөөсү ойгонот. Саат тогуз. Жанында кагаз жатат. Алып окуса "Атасы туруңуз, саат алды болду. Ишке жөнөңүз" деп жазып коюптур.
Маширап Пазылов

Куудулдун белгисиз
жоруктарынан
Түн ичинде Манас Бердибеков үйүндө жалгыз уктап жатса, эшик жактан шыбыш үн угулат. Манас акырын туруп шыкааласа, бейтааныш бирөөнүн турганын көрөт. Мен тааныбагандан кийин болду-болбоду ууру деп, терезеден качып чыгып, уулу Санжарга барып болгон окуяны айтып берет.
- Санжар, уктап жатсам үйгө ууру кирди. Мен болсо терезеден качып чыктым.
- Эмнеге качасыз? Ууруну кармабайсызбы?
- Үйдө менден башка уурдай турган эч нерсе жок да. Анан уурудан уялып качып чыктым....

Эки дос сүйлөшүп отурушат. Биринчиси экинчисине кайрылат:
- Сен былтыр 8-мартта кайненеңе эмне белек бердиң эле?
- Дубайга алып бардым,-дейт экинчиси.
- А быйыл эмне берейин деп жатасың?
- Дубайдан алып келейин деп атам…
х х х
- Бир кыргыз эшек менен түрктөрдүн чегарасынан өтүп бараткан болот. Эртеден бери эч ким өтпөй, акча таппай турган посттогу кызматкер тигини көрө калып:
- Эй, эшекти эмне сабап баратасың?-дейт.
- Баспай атпайбы…
- Бар, барып эшектен кечирим сура!-десе, кыргыз барып эшектен кечирим сурайт экен.
- Эшегим кечирип кой, сенин агаңдын МАИде иштээрин мен билчү эмесмин.
Абийир кызы Жаңыл

Аэропортто бир киши тамеки "стреляйтетет" экен. Бирөөнө барып:
- Кайсы жерге учуп жатасың?-десе ал:
- Москвага учуп жатам,-дейт. Анда тиги:
- Аа, Москва деген жакшы. Мен ал жерде болгом. Келе бир тамеки,-деп тамеки алып чегет экен. Анан дагы бирөөнө барып:
- Кайсыл жерге учуп жатасың?-дейт.
- Ленинградга.
- Оо, Ленинградда болгом, ал жакшы шаар. Келе бир тамеки,-деп андан да тамеки алат. Аны бери жакта бирөө байкап турган экен. Аңгыча тиги киши анын жанына келип калат.
- Каякка учуп жатасың?-дейт. Анда тиги:
- Энеңдин карынына,-дейт.
- Оо, ал жакта мен тогуз ай болгом. Келе бир тамеки,-деп коёт дейт.
Муратбек Чекиров








Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!