миң сырдуу аалам

Арбактар үйү
Дүйнөдө ар кандай сырдуу көрүнүштөр, ыйык жерлер же болбосо арбактар жашаган үйлөр бар экендиги талашсыз. Арбактар жашаган үйлөрдүн бири Американын Калифорния штатынын Сан-Хосе деген жеринде жайгашкан. Төмөндө 160 чакты бөлмөлөрү бар үйдүн жашоочулары тууралуу кеп болмокчу.

Каргышка калган
Винчестерлер
XIX кылымдын эң ыңгайлуу куралдарынын бири болгон Винчестер миңдеген жандарды алып, ээлерине чоң өлчөмдөгү кирешелерди алып келген. Бул куралдын негиздөөчүсү Оливер Винчестер деген адам болгон. Ойлоп тапкан жан алгычына өз фамилиясын ыйгарып, ал аркылуу миллиондогон сумманы өзүнө чогулткан. Качан гана Оливер Винчестер каза тапкандан кийин чакан бизнеси баласы Вильям Винчестерге өткөн. Чоң мураска ээ болгон Вильям 1862-жылы Американын жарандык согушу учурунда Сара аттуу кызга үйлөнүп, арадан төрт жыл өткөндөн кийин кыздуу болушат. Эки жума гана жашап ымыркай чарчап калган. Кызынын өлүмүнөн санаа тарткан Сара бир нече жылдар бою мурдагы калыбына келе албай калат. Арадан он беш жыл өткөн соң Винчестерлердин үй-бүлөсүнө дагы башка кайгы түшкөн. 1881-жылы жолдошу Вильям кургак учук оорусунан улам оо дүйнөгө узайт. Күйүткө баткан Сара кырк эки жашында жесир калып, 20 миллиондой доллар өлчөмдөгү акчага жана Винчестер компаниясынын акцияларына ээ болуп калган. Чоң байлыкка ээ болгону менен Сара жакындарынан айрылып эсинен тана баштаган учурда бостондук көзү ачык айымга кайрылууга аргасыз болгон. Көзү ачыктын айтуусунда Винчестерлердин үй-бүлөсүнө куралдан каза тапкан адамдардын жакындарынын каргышы тийгенин, кызы менен күйөөсүнүн да өлүмү ушундан улам болгонун, Сараны да ушундай тагдыр күтөөрүн билдирген. Андыктан мындай балээден кутулуу үчүн башка жакка орун которууну жана чоң үй салуу керектигин эскерткен, качан гана курулуш токтогондо Саранын да көз жумаарын кошумчалап өткөн.
38 жыл бою курулган үй
1884-жылы Сара Винчестер Сан-Хосеге көчүп келип, бир фермердин 65 гектарлуу үйүн сатып алган. Көзү ачыктын сөзүн мээге түйүп алган Сара, келген күнү эле жумушчуларды таап, үйдүн курулушун баштаган. Үйдүн тургузулушуна жыйырма эки адам эмгек коротуп, күнү-түнү алмашып иштөөгө туура келген. Бул үй 38 жыл бою курулуп, 1922-жылы Саранын каза болуусу менен курулуш да соңуна чыккан. Узак убакытка созулган курулуш Гиннестин рекорддор китебине да киргизилген. Сарада атайын жалданган архитектору болбогондуктан үйдүн бөлмөлөрүнүн салынышы да табышмактуу болгон. Мисалы, кээ бир бөлмөлөрдө терезелер полго орноштурулуп, тепкичтер болсо белгилүү бир жерге чейин барып, андан ары туюкка кабылып калган. Үйдө жалпысынан кырк чакты уктоочу бөлмө болгондуктан, кызматчы айымдар кожойкесинин кайсы бөлмөдө уктаарын билишкен эмес. Андан сырткары 160 чакты бөлмөдө (чындыгында канча бөлмө бар экендиги такталган эмес, санап келген изилдөөчүлөр бир нерседен улам адашууга дуушар болгон) эки гана күзгү орнотулган. Үйдү салууда атайын бир планы болбогон Сара таң эрте туруп жумушчуларды чогултуп, иштин жүрүшү тууралуу маалымдаган. Алтургай кээ бир тургузулган бөлмөлөрдү бузууну да талап кылган. Куруучуларга кылган жумушуна жараша акча төлөнгөндүктөн, Саранын айтканын эч бири талкуусуз аткарган. Ал эми бөлмөлөрдүн ички жасалгасына да Сара акча аябагандыгын, үйдүн ичиндеги кымбат баалуу буюмдардан улам байкоого болот.
1906-жылкы жер титирөөгө чейин жети кабаттуу болгон үй термелүүдөн соң төрт гана кабаттуу үйгө айланган. Кызматкерлердин билдирген маалыматтарында, үйдө кылмышты көп жасаган адамдардын да арбактары болгон. Куралдан каза болгон адамдардын арбактары Сараны кубалап коркуткан учурлары кездешкен. Алардан кутулуунун жолун издеген Сара үйдү көп бөлмөлүү кылып салдырып өзү ар башка уктоочу жайларда дем алган.
Мындай курулушка баш-аягы беш жарым миллион доллар сарпталып, аукциондо 135миң гана долларга бааланып сатылып кеткен. Бүгүнкү күндө үй туристтерди тейлөөчү жайга айланган. Кирүү акысы отуз долларды түзүп, жүрөгү ордунда болгон гана адамдарга кирүүгө уруксат берилген. Үйдү көргөнү келген адамдар Сара Винчестер менен үйдүн кызматчыларынын арбактарын көргөндүгүн, аларды кадрга тартууда фотоаппараттар иштебей калган учурларын билдиришкен.
Винчестер
куралы тууралуу
XIX кылымдын эң таанымал куралы болгон Винчестер көптөгөн адамдардын жанын кыйган. Үч секунд сайын ок чыгарууга жетишкен куралдын өзгөчөлүгү катары анын дүкөнү ок ылгабай баардык түрүн сала бергендигинде. Бекеринен бул курал менен Америка жапайы батышты багындырган деген кеп айтылган эмес. Винчестер азыр да абройлуу болуп саналгандыктан учурда анын бир нече моделдери чыгарылган. Мындай куралга суроо талапты көбүрөөк койгон Италия жана Бразилия мафиялары болууда.

Кызыктар дүйнөсүндө
Жарым мээ менен жашаган аял
Кытайлык дарыгерлердин колуна 39 жаштагы аял келип түшкөн. Баш ооруга арызданган аялдын мээсин текшере келгенде башында мээнин экинчи бөлүгү жок экендиги далилденген. Мындай шумдук дарыгерлерди да, башкаларды да таң калтырган. Ушул куракка чейин мээсинен жабыр тартпаган айым мектепте мыкты окугандыгын, эске тутуусу да жакшы экендигин аялдын жакындары эскерткен.
Ошондой эле Англиянын Йорка университетинин археологдору адамдын көмүлгөн баш сөөгүн табышкан. Кызыктуусу бул баш сөөккө эки миң жыл болуп, анын ичиндеги мээси сакталып калгандыгында. Окумуштуулар башты курмандыкка чалынган адамга тиешелүү деп, аны тереңирээк изилдөөнүн үстүндө.

Унаадан улуу жол чырак
Кадимки эле жол эрежесин сактоочу жол чырактын жашы машинадан да улуу экен. Тагыраагы үч түскө ээ болгон жол чырак 1868-жылы темир жол инженери Кнайт деген киши тарабынан чыгарылып, жолдордун кесилиштерине орноштурулган. Ал учурда машина жок болгондуктан, жол чырактын милдети ат арабачан жана жөө жүргөн кишилердин жолдорун башкаруу болгон.

Эң
кымбат куурчак
Кыздар үчүн чыгарылган "Барби" куурчагы күндөн-күнгө өнүгүп келүүдө. Жаны жок оюнчуктар 1959-жылы Японияда чыгарыла баштаган. Куурчактын пайда болгонунан баштап, анын ар кандай түрлөрү чыгарылып, баалары да ар түрдүү суммада болууда. Эң алгач чыгарылган куурчак сегиз миң долларды түзсө, Барбинин кырк жылдыгына чыгарылган куурчак 85миң долларды түзгөн. Мындай кымбат баага татыктуу болгон куурчак бриллиант басылган көйнөк кийип, алтын жасалгалар менен кооздолгон.

Кудайдын көзү
Космосту байкап жүргөн астрономдор көзгө окшогон кубулушту табып, ага "кудайдын көзү" деген ат ыйгарышты. Көзгө окшогон кубулуш эки дисктен туруп, жерди карап тургандай сезим калтырат. Кудайдын көзү болгон көрүнүшкө он эки миң жыл болгонун, ал башка жакты караганда секундасына 100миң чакырымды басып өтөөрүн астрономдор кабарлады.

Алдыңкы
беш миллиардер
Дүйнөдө кризис жүрүп жатканы менен байып жаткан адамдардын да саны өсүп жаткан учуру. Миллиардерлер боюнча биринчи орунда турган Билл Гейтс өз ордунан түшүп, анын ордуна 63,2 млрд. доллары менен индиялык нефти компаниясынын башчысы Мукеш Амбани келди. Амбани мындай орунга жетүү үчүн акыркы эки жыл ичи тынбай иштеген. Дүйнөнүн учурдагы беш миллиардерлери:
1. Мукеш Амбани (Индия) 63,2 млрд доллар.
2. Карлос Слим (Мексика) 62,2993 млрд.
3. Билл Гейтс (АКШ) 62,2 млрд доллар.
4. Уоррен Баффет (АКШ) 55,9 млрд доллар.
5. Лакши Миттал (Индия) 50,9 млрд доллар.

Темирбек МАТАЕВ










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!