сырмаек

Алексей ФИЛАТОВ:
"Кыргыздын салты менен кыргыз кызга үйлөнөм"
Тилинен чаң чыккан Алексей Филатовдун ким экенин айтпасак да көпчүлүккө маалым. Жаштыгына карабай бир канча теледолбоорлордун жүзүн ачып, маданиятка кошкон салымы үчүн Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан жылдын мыкты алып баруучусу аталды. Мына ошол журналист, режиссёр, продюсер, алып баруучу, кыскасы, көп кырдуу таланттын ээси бүгүн бизде мейманда.

Маектеш
жөнүндө
маалымат:
Аты-жөнү - Филатов Алексей Леонидович.
Туулган жылы - Фрунзе, 1987-жылы, 1-декабрь.
Задиак белгиси - Жаачы.
Билими - №12-гимназияны бүтүрүп, учурда журналистика факультетинде окуйт.
Хоббиси - чет элдик адабияттарды окуу. Тиричилик техникаларын оңдоо.
Мүнөзү - токтоо, кээде чегинен чыгып кетмей жагы бар.
Урааны - "Мен суунун агымы боюнча сүзбөйм, агымына каршы, мага керектүү жакка сүзөм".

- Алексей, редакцияга кош келипсиң. Иштериң кандай? Бий мектебиң, "Жаңы ысым" теледолбооруң дегендей...
- Рахмат. Баары ойдогудай. Менимче, борборубузда үч жаштан 30-40 жашка чейинки курактагыларды кабыл алган жалгыз гана биздин бий мектеп болуш керек. Андыктан бий үйрөнүүчүлөр үчүн биздин эшик дайыма ачык. Каалоочулар төмөнкү номерге байланышса болот. Тел: 47-50-27.
- Шоу-дүйнөсүнө келгениңе канча болду?
- 12 жашымдан бери өзүм сүйгөн, өзүм эңсеген ишим менен алекмин. Алгач балдар газетасына аңгемелерди жазчумун. Андан кийин белгилүү "Лимон" газетасында, ошону менен катар теледе иштей баштадым. Бала кезимден эле таанымал, интеллектуалдуу адамдардын чөйрөсүндө жүрдүм десем жаңылышпайм. 14 жашымдан баштап жан дүйнөмдө өзүмө болгон ишеним пайда болуп, ошол ишеним менен бүгүнкү күнгө чейин жашап келем. Чынында мен жумушсуз олтура албайм. Дайым кыймылда жүрүшүм керек. Бул мен үчүн - наркотик.
- Өзүңдү популярдуумун деп айталасыңбы?
- Мындай сезим менде болгон эмес. Бирок, карьерам ар тепкичке көтөрүлгөн сайын өсүп атканымды байкайм.
- "Хит-Парадды" алып барып жүргөнүңдө имиджиң өзгөчө эле. Күн сайын жаңы Филатов. Акыркы кезде эмнегедир өзүңдү карабай койдуң да?
- Эгер менин күйөрмандарыма ошол имиджим керек болсо ордуна коём. Бирок, ар бир мезгилдин, ар бир курактын өз жолу болот экен. Ачыгын айтсам азыр мен сапаттуулукка көбүрөөк көңүл буруп калдым.
- Сени бир "чиновниктин" баласы, атасынын колдоосу менен ушул деңгээлге жетти дешет. Анан да көп жерден Филатов кашын боёйт деп угуп калам. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
- Мен бир нерсеге таң калам. Көпкө чейин көрүнбөй койсоң "байкуштун акчасы жок чыгалбай жатат го" дешет. Бат-баттан чыгып калсаң мунун "крышасы" күчтүү деп айтышат. "Бар болсо көралбайт, жок болсо бералбайт" деген накыл кеп тегин жерден чыкпаптыр. Чынында менин ак үйдө да, көк үйдө да эч кимим жок. Бешене тер, ак эмгегимдин гана үзүрүн көрүп келатам. Мага бир суткада 25 саат, бир жумада сегиз күн болсо да жетпейт. Ал эми "Алексей кашын боёйт "дегендер жаңылат. Ишенбегендер жаныма келип жакшылап байкап, кармап көрүшсүн.
- Акыркы убакта концерттерди алып барбай калдың. Буга эмне себеп?
- Бул менин чоңойгондугумдун белгиси. Мактаныч эмес, үч жыл ичинде 300 концерт өткөрдүм. Менимче, эч бир жаш алып баруучу мындай иши менен сыймыктана элек. Азыр эми сиз айткан концерттерди экинчи планга коюп, эки жылдан бери чоң компаниялар менен иштешип жатам. Анан да учурда менде жакшы теледолбоор бар. Буюрса, бир айдын ичинде бир канча жаш таланттар менен тааныштырабыз.
- Аталган теледолбоорду кайсы каналдан көрө алабыз?
- Бул бир борбордук каналдан көрсөтүлөт. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Макул десеңиз ал "карталарды" ачпай эле турайынчы.
- Эми маегибизди жер бетиндеги түбөлүктүү тема болгон - сүйүү темасына бурсак. Бир жолу кыргызга күйөө бала болом деп айттың эле. Качан той жедиресиң?
- Мага бала чагымдан эле азиат улутундагы кыздар жакчу. Алардын ийкемдүүлүгүн, уялчаактыгын, таарынчаактыгын баалайм. Менин жүрөгүмдү багындырган, сүйдүргөн кыздардын баары кыргыз кыздар. Мектепте окуп жүргөндө орус кыздар "Сен кыргыздар менен сүйлөшөсүң" деп шылдыңдашчу. Эмне деген күндө да жүрөгүмдү тыңшап иш кылам да. Бүгүн же эртең деп айтыш кыйын. Сааты чыгып, буюрган күнү ак калпакты башыма кийип, кыргыздын салты менен кыргыз кызына үйлөнөм.
- Байкашымча көбүнчө кыргыздар менен жүрөсүң, жүрөгүңдүн ээси да кыргыз экен. Сурайын дегеним, кыргыз тилин, кыргыздын каада-салттарын билесиңби?
- Туура, сиз айткандай менин жакын санаалаштарымдын баары кыргыздар.Кыргызча жакшы түшүнөм, бирок, терендетип сүйлөй албайм.Каада-салттарынан болсо кыз алып качмайынан башка бардык салттары жагат. Былтыр бир кыргыз досум үйлөнгөндө кыз көчүрүү салтын көрүп абдан тан калдым. Кызыктуу ырым-жырымдар жасалат турбайбы. Анча-мынчасын үйрөнүп алдым. Анан да мага кыргыздын улуттук буюмдары жагат.Айрыкча, бакай калпагы менен камчысы.
- Демек,сени кыргыздын патриоту десек болчудай…
- Үйрөнгөнүм өзүм үчүн болсо, жасаганым кыргыз үчүн деп иштеп келем. Айрым адамдар улуту башка болсо эле бул кыргыз үчүн күйбөйт деп кыска ойлонушат. Жок, андай эмес. Киндик кан тамган жериңди кантип жээрийсиң. Бул нерсе ар бир адамдын өзүнө, дээрине жараша болот. Аман болсом, элим үчүн аткара турган иштер али алдыда.
- Кантсе да чыгармачыл адам эмессиңби, бир нерсени бат кабыл аласың. Бүгүнкү күндө Филатовду эмне түйшөлдүрөт болду экен?
- Манжалап санай берсең толтура."Кайда барсаң мамайдын көрү"дегендей, айланабызда ар түрдүү көйгөйлөр бар. Айрыкча, атамдай болгон кишилердин араба түртүп жүргөнүн көрүп боорум ооруйт. Жетишпеген жашоо эмнени гана кылдырбайт? Эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар клей жыттап,таштандылардан тамак издеп жүрөт.Канчалаган күнөөсүз наристелер талаада калып атат.Мөлтүрөгөн жаш кыздарыбыз болсо денесин сатып күн өткөрүп келет.Мунун баарын көзүң менен көрүп туруп кантип түйшөлбөй коё аласың.
- Кайрымдуулук иштерин жасайсыңбы?
- Буга мынча, тигиге мынча бердим деп айтуу мен үчүн ыңгайсыз. Колумдан келишинче бей-бечараларга жардам берип келем.
- Жашоонун маңызы эмнеде деп ойлойсуң?
- Бу жарыктыкта агарып таңдын атканын, кызарып күндүн батканын көрүп аман-эсен жүргөнүңдүн өзү бакыт.Башыңа кандай мүшкүл иш түшпөсүн баарын убакыттын өтүшү менен өзүңдү колго алып жеңүүгө болот. Жараткан жарым жан кылгандан сактасын.
- Негизи өлүм жөнүндө бир күндө үч жолу ойлонуп туруш керек экен.Бул тууралуу сен да ойлоносуңбу?
- Кантип? Өлөм деппи?Сиз айткандай өлүм жөнүндө күндө ойлонбосом да кечээ эле тирүү,чуркап жүргөн адамдын бүгүн каза болгонун укканда ушинтип басып жүрүп эле бир күнү кете берет экенбиз деп эки-үч күн кайгырып алмай жагым бар.Канткен күндө да ажалга баш ийбешке айла барбы, суубуз түгөнүп, күнүбүз бүтсө өмүрдү узарта албайбыз.
- Көңүлүң чөгүп кетти окшойт.Ылайым өмүрүң узун болуп,көп жаша. Сөз аягында эл-журтуңа каалоо-тилек айтып койсоң болот…
- Жергебизде молчулук, токчулук, эң негизгиси тынчтык болсун. Жаратканым кур дооматтан, бөөдө кырсыктан сактасын.

Ж.КАЛДАРОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!