Май куюучулардын маянасы кандай?
"Газпром Нефть Азия" фирмасы менен "Шнос" фирмасына таандык май куюучу жайлардын кээ биринде болдук.
Кичи оператор Рустам:
"Кош бойлуу айымдарга жардам беребиз"
- Биз бул жакта бир күн иштеп, бир күн эс алабыз. Азыр ар бир кардар өзүн-өзү тейлеп, биздин жумушубуз кыйла жеңилдеп калды. Көбүнчө мындай өзгөрүүлөрдү кризиске байланыштырып жаткандарын уктук. Чынында андай эмес, биз евро стандартка кирип жатабыз. Башкача айтканда, европада май куюучу жайларда ар бир адам унаасына өзү май куюп, өзүн-өзү тейлесе, бара-бара биздин мамлекетте да ошондой эрежелер сакталат. Мунун жакшы жагы кардарлар бизге күмөн санабай, бардык нерсени өздөрү каалагандай жасап алышат. Ал эми кары-картаңдарга, боюнда бар айымдарга жардам кылып, куюп беребиз. Калган учурда компьютерде отуруп эле кардарларды тейлейбиз.
- Майды азыраак куюп, акча өндүрүп калган операторлор да бар чыгаар?
- Ооба, "недолив" деп коёбуз, андай жагдайлар деле кездешет. Кээ бири он, он беш тыйын кемитип коюшат. Эми чай-чамекке акча чыгарып алабыз. Кээде беш-он тыйындан алып отуруп, 50-60 сомго чейин чогулуп калат. Айлык акыбыз төрт миң сом.
- Алган акчаңар деле аз экен. Бул жумуштун ден соолукка зыян экенин билесиңерби?
- Бизге атайын бул жактан күнүнө беш литр айран, экинчи күнү сүт кылып берип турушат. Үйдөн да сүт азыктарына басым жасаганга аракет кылабыз. Бул жумуш өзгөчө эркектерге зыян экендигинен кабарым бар. Бирок, зыяны кандай тийип жатканын байкай элекмин. Көнүп калган ишимден кетким келбейт. Негизи биздин жумушта кызык окуялар көп болот. Кээ бир кардарлар майды куйдуруп алып, качып кетишет. Ал учурда өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып ордун жабабыз.
Чынара:
"зыян дегени менен жан багыш керек да"
- Кесибим мугалим. Алган айлыгым 1500-2000 сом эмнеге жетмек эле. Бул жерде болсо беш миң сом айлык алам. Май куюучу жайларда иштегениме биртоп эле жыл болуп калды. Андан да кызыктуу окуялар көп болуп, зерикпейсиң. Бир жолу жаш эле кыз номери жок машина менен келип, атайын жолдун жээгине жакын колонкага токтотту. АИ-92 ден бир бак толтура куйдуруп алып качып кеткен. Баардык кардардан күмөн санап олтурбайбыз да, ал кыздан деле эч кандай шек алган эмеспиз. Жакшынакай эле кыздын бул жоругуна баарыбыз таң калып, 2500 миң сомго чыгым болдук. Жумушум өзүмө жагат. Анчалык ызы-чуу деле эмес. Зыян дегени менен акча таап, жан багыш керек да.

"Ар кимде бар ар кыял, ал кыялды ким тыяр" дегендей, май куюучу жайларды кыдырып жүрүп, ар кандай адамдарга туш болдук. Өздөрүнүн атын айтуудан, сүрөткө түшүүдөн, жада калса иштеп жаткан иштеринен уялып, сүйлөп берүүдөн качкандары да болбой койгон жок. Кыргызстандын фирмасы аталган "Шнос" аттуу май куюучу жайдын биринде иштеген башкы оператор Айнура аттуу кыз сүрөткө түшүп бербегени менен иши тууралуу буларды айтып берди.
- Мен азыр белгилүү окуу жайда сырттан окуйм. Үй-бүлөлүүмүн, бир кызым бар. Бул жакта иштегендин кыйынчылыгы деле жок. Тынч отуруп алып акчаларды эсептейм. Бир түн иштеп, эки күн бош болом. Алган айлыгым баскан-турганыма кенен жетет. Баары жумушуң кыйын дей беришет, азыр оңой оокат каякта экен? Бизде азыр май куйдуруп алып качып кеткендерге чара колдонуу максатында ар бир калонканын үстүнө жашыруун камералар орнотулган. Кечки саат сегизден кийин акчаны алдын- ала алып, анан май куябыз. Ошол эле учурда операторлор акча салынган сумкалары жок иштешет. Башкача айтканда, чоң суммадагы акчаларын жандарына алышпайт.

Самат:
"Айрым кардарлар акча таштап кетишет"
- Бул тармакта иштөөнү атайын өзүм тандап алгам. Кудай буюрса 17- апрелде иштегениме туптуура эки жыл болот экен. Башында майдын жыты башымды оорутуп кыйналсам, азыр көнүп калдым. Берилген айран, сүт ичип жыл сайын медициналык текшерүүдөн өтүп турабыз. Кээ бир учурда май куйдуруп алып качып кеткен кардарларга чара колдонуп ГБРге (группа быстрого реогирования) чалабыз. Беш мүнөттүн ичинде кууп жетишет, кокус болбой эле качып кетишсе өз чөнтөгүбүздөн төлөгөнгө аргасыз болобуз.
Бизде кошумча акча табуу деген нерселер жокко эсе. Кээде айрым кардарлар көңүлдөн чыгарып акча таштап кетишет. Ал учурда кудуңдап сүйүнүп калабыз.

Буга чейин ар бир токтогон унаага толук кызмат кылып келген операторлордун иштеринен кыскартылып жаткандарынын себеби, биринчиден европалык стандартка ылайыкталган шарт болсо, экинчиден келген кардарлардын нааразычылыктары туулуп,ишенбөөчүлүктүн күч алгандыгынан улам болуп жатканын билдик. Ден соолукка зыян алып келген химиялык заттардын жанында иштөө кандай гана оор. Өзгөчө келечекте эне боло турган кыздардын аталган жайларда иштеп жаткандары зээниңди кейитпей койбойт. Кара жанды багыш үчүн жаман жолдорго барбай, адал иш кылгандары жакшы эмеспи. Бирок алардын ден-соолугунун бузулганы кимди кызыктырып, ойлондурмак эле.
" Жаш келсе ишке, кары келсе ашка" дегендей, ден соолуктарын курмандыкка чалып, эртеден кечке эмгек кылган жаштарыбыздын май куюучу жайларда көп экендигине күбө болдук.
Карап турган адамга оңой көрүнгөн менен ар бир иштин өзүнчө түйшүгү болот эмеспи. Биз бул тармакта иштегендердин жумушун сынга алып, жаман-жакшы дегенден алыспыз. Болгону карапайым калкка аталган кесип тууралуу аздыр-көптүр маалымат бергенге аракет кылдык.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!