Улуулар унутулбайт

Өзү өтсө да, сөзү калган инсан
Өз аты менен эмес, жумурай журтка лакап аты менен таанылып, тарых барактарында да ушул аты менен калган улуу инсан - Тоголок Молдо. Улуу адамды урпактары унуттурбай улуттук 20 сомдук банкнотко сүрөтү чагылдырылып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири акындын наамында. Жазуучулар Союзунда Шүкүрбек Бейшеналиевдин демилгеси менен Тоголок Молдо атындагы сыйлык уюшулуп, балдар жазуучулары Жаныбек Абдылдаев, Бейтемир Асаналиев, Каныбек Жунушев, Ысмайыл Кадыров, Абзий Кыдыров, Жапаралы Осмонкулов, Сулайман Рыспаев, Токтосун Самудинов, Алмаз Токтомамбетовдор алышкан.

Байымбет Абдрахманов 1860-жылы азыркы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Куртка айылында жарык дүйнөгө келген. Атасы Абдрахман элдик ырларды ар кандай оюн-жыйындарда ырдай коюп жүргөн, ышкыбоз киши болгон. Кичинекей Байымбет атасынан жомок, ырларды угуп чоңоюп, молдодон кат тааныган. Он төрт жашка толгондо атасынан айрылып жетим калган Байымбет көп кордук көрүп эр жетилет.
Өзүм кедей башынан,
Өрттөнүп күйдүм жашымдан.
Кесепеттүү манаптан,
Келтек кетпей башыман.
Кедейлер сенин табыңда,
Кейип жүрдүм жаныңда.
Байлатып таяк көп жедим,
Балакет манап залымдан.
Жеке керт башы менен кедейчиликтин азабын көп тартып, байдын малын багып, кор болуп чоңойгонун бул ырда сүрөттөө менен ошол доордун окуясын даана чагылдырып бере алган. Жокчулуктун айынан көп кыйын күндөрдү башынан кечирип, жер оодарып энеси балдарын Жумгалга алып барат. Ал жерде беш-алты ай жашаган соң жөө жалаңдап Чүй тарапка багыт алышат. Чүйдү байырлап, ар кимдикинде малайлыкта жүрүп, Токмоктун бай орусу Степандын үйүндө иштеп калганын минтип эскерет: "Кызматы оор болду. Күндүк оокаттан башка акы болгон жок. Эки жыл иштегенден кийин акы сурасам өзүмдү тоок багуучу тамына эки күн түнү менен камап, үчүнчү күнү өзүмдү жана агаларымды кызматтан бошотуп коё бергенде, айласыздан Токмоктун үстүндөгү саздуу жерде чөп алачыкта жашап, тегеректеги элге өзүмдүн кызыгыраак жомокторумду айтып, үй - бүлөмдү баккам".
Китептерден окуп билип, чечек оорусун эмдөөнү үйрөнүп, фелдьшердик кылып да иштеп калган.
Молдодон окуп, кат-сабаты жоюлганы менен эле чектелип калбай, татар, казак тилдеринде басылып чыккан китептерди таап окуп, ой-жүгүртүүсүн, аң-сезимин өстүргөн. Карапайым, кара таман замандаштарына караганда түшүнүгү алдаканча жогору болгон. Көпчүлүк маалымат боюнча Байымбет Абдрахмановдун чыгармачылыгы 16-17 жашында башталган. Анын алгачкы "Кара көз", "Жигиттин кызга ырдаганы", "Кыздын жигитке ырдаганы" жана өзү сүйүп жүрүп, байлар калыңга сатып жиберип жетпей калган сүйгөн кызы Үрпүканга арналып, "Үрпүкан" деген ырлары болгон. Он сегиз жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, жанында кошо ээрчип жүрүп Манасты үйрөнгөн. Манас үчилтигин айтып, жазып калтырып кеткен чоң жомокчу, санжырачы да катары таанылган. Манастан кийинки кенже дастандарды жараткан дастанчылардын арасында Тоголок Молдонун да салымы чоң. "Жаңыл Мырза", "Шырдакбек", "Эр Эшим" дастандары көөнөрбөс казына катары муундан-муунга айтылып келет. Көп кырдуу талант эки доордо жашап, чыгармачылыгы эки доорго бөлүнүп каралып келет. "Жазуучу - турмуш күзгүсү",-дешкендей, кайсы чыгармасын албайлы, жүрөгүн өйүгөн элдин оор тагдыры баяндалат. Абдрахмановдун "Эркектердин мүнөзү", "Жаман катын", "Адам мүнөзү", "Устанын аялынын кошогу", "Дыйкандын аялынын кошогу", "Чалга берген кыздын арманы", кийинки ырларына "Өзгөрүш", "Насыят", "Эркиндик", "Аткантаң менен Сүйгөнбай" ж.б. кирет. Ал эми "Селде оронгон молдо кой", "Бөрү менен түлкү", "Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы", "Иттин доолдай тиктирем дегени" аттуу тамсилдери менен кыргыздын тамсил жанрын түптөөчүлөрүнөн болуп калган. 1925-жылы "Насыят" поэмасы араб тилинде Москвадан басылып чыккан. 1939-жылы "Балдар жомоктору", "Жер жана анын балдары" аттуу китептери басылган. Ушул эле жылы кыргыз искусствосунун Москвада өткөн декадасына катышып, "Ардак белгиси" орденин алып, сүйүнүчтөн көзүн жашылдантып кайткан акын "Бактылуумун", "Жыргадым" деген ырларын жазган. 1939-жылы Тогуз-Тородо жашап турганда туугандары Ак-Талаага көчүрүп алышат. Акындын 1940-жылы 80 жылдык мааракеси өткөрүлөт. Ал тууралуу Кубанычбек Маликовдун төмөндөгүдөй эскерүүсү бар: (К.Маликов "Кыргыз элинин улуу ырчысы" 1940-жыл) "Мен Тоголок Молдонун 80 жашка чыкканына арналып өткөрүлүүчү Тянь-Шань облсоветинин салтанаттуу сессиясына жана Ак-Талаа райсоветинин салтанаттуу сессиясына докладчы болуп дайындалдым. Республикалык юбилей комиссиясынын председатели Алымкул Үсөнбаев экөөбүз юбилейге даярдануу үчүн элден мурун Ак-Талаага чабыттап кеттик.
Кайсы бир жеңил кишиче Молдокем өз юбилейин өткөрүлөөрүн укканда асмандын төбөсүн карап калды бекен деп ойлодук. Ак-Талаага келсек иш башка... Молдокем өтө салмактуу, ойлуу, аз сүйлөп, көп ойлоп бирдемелерди эле көзүнүн жетишинче жазмалап отурчу болуптур. Мен адетимче тамашалап, тийише сүйлөп:
- Молдоке, эмне эле кабагыңызды ачпайсыз? Же юбилейиңиз өтмөк болгонуна капасызбы? Же Фрунзеликтердин топурап келгенин жактырбай калгансыз го?... -дей берем.
- Жок, балам, андай эмес... Капкайда, тоо-таштын ичинде жаткан бир чалды эске алып, бүткүл элге дүңкүлдөтүп жиберген өкмөткө, партияга ыракмат. Менин ойлогонум башка... Кыргызда бир жакшы лакап бар, сен аны билесиңби? "Алмактын да бермеги бар"-дешет. Мен силерден атак-даңк, сый алып жатам. Силерге жооп иретинде эмне бере алам?.. Балам, мен мына ошону ойлонуп жатам,-деди.
Кандай акылдуу карыя! Кандай маанилүү жооп..."
Сексендин кырында кезинде калемин колдон түшүрбөй Улуу Ата-Мекендик согуштун учурунда тылдагы элди кайраттуу болууга чакырган ырларын жазган жазгыч акын 1942-жылы 4-январда жарык дүйнө менен кош айтышат.
2010-жылы акындын 150 жылдыгы! Чыгармалары жаңыртылып, жаңы муунга тартууланат деген ойдобуз.





Эл акыны Алымкул Үсөнбаев:
"Чоң кара тебетейчен
сакадай чал олтуруптур"
- 1937-жылы концерт коюп Ак-Талаа районуна барып калдык- дейт өзүнүн эскерүүсүндө айтылуу акын. - Биз оюнду колхозчуларга көрсөтүп келип, коллективге арналып тигилген ак боз үйдө олтурган элек. Ырга ышкылуу жаштар, уксам деп умтулган карылар үйдү үч көтөрүп жатышты. Ошол убакка чейин Тоголок Молдонун канаттуу ырларын таамай, таасын жазылган тамсилдерин миң мертебе эшитсем да өзүн көзгө сүртө албагам, мүмкүнчүлүгүм да болгон эмес.
Бир топ эле кары- жаштар олтурду эле, Молдокемдин мурда же сүрөтүн көрбөсөм, кайдан таанымакмын. Улам кирген киши болсо, ошол болуп жүрбөсүн деген ойго кетем. Укмуштуудай ырларды чыгарган даанышман адамды көрсөм деп эңсейм. Аңгыча катарымдагы бир жолдош:
- Алыке, биздин Байымбет Молдобуз менен таанышып коюңуз!-дегенде, жүрөгүм туйлап кетти. Карай салсам, төрдө, менин катарымда чоң кара тебетейчен, жупуну кийинген сакадай чал олтуруптур. Көрсө, а киши небак эле келип, ыр-комузду тыңшап, ыракаттанып олтурган экен. Ордумдан кандай ыргып турганымды билбеймин. Урматтуу адамдын жумшак, кебездей колун кыса-кыса кармап жаттым.
... Ыр күлкүдөн кайрадан үй шаңга бөлөнө берди. Ар бир ырдалган ырга Молдокем өтө кунтун коё, эки колун кайчылаштыра тизесинин үстүнө таяп, боортоктой жатып тыңшап олтурду. Утуру мага кайрыла:
- Балам, Токтогулдан ырдачы!.. деп коёт. Мен анын эрки менен болуп, Токомдун укмуш ырларынан безелентем. Ал киши ан сайын ыраазы боло:
- Баракелде!-деп үн чыгарып, башын ийкегилейт.
Мына ошол отуруштан, ашкере токтоо, көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө баптап туруп бир айткан, бирөөнү өмүрү какпаган, наалат айтпаган жана ар кимге жасаган кичик мамилесинен улам адамгерчиликтин улуу сапаты жатканын байкадым".
(Ж.Таштемировдун "Тоголок
Молдо жөнүндө эскерүүлөрү"
китебинен алынды)

"Иттин доолдай
тиктирем дегени"
Кыш чилдеде курудум,
Үнүмдү баспай улудум.
Бул жүргөнүм мага кеп эмес,
Бул иш мага эп эмес.

Жадырап-жайнап жаз болсо,
Байга жалчы жүрөйүн.
Байдын коюн кайтарып,
Бир доолдай чепкен кийейин.

Ал аңгыча кыш өттү,
Жадырап жайнап жаз өттү.
Ит унутту айтканын,
Кышында музда жатканын.

Тилин салып акактап,
Көлөкө жерди качырат.
Доолдай чыккан эсинен,
Көлөкөгө жашынат.

Түлкү итке кеп айтат,
Түшүнсүн деп бек айтат:
- Кышында айткан доолдай,
Бүттүбү итим,- деп айтат.

Түлкүм мага жүн гана,
Чыга турган үн гана.
Ал чепкенди кылгын деп,
Айта турган тил гана.

Чепкен чыгып эсинен,
Керилип жатып алыптыр.
Жалкоонун жайы ушундай,
Жайкалып уйку салыптыр.





Арманда калдым, агай!..
Мындан жети жыл мурун улуу жазуучубуз Айтматов тууралуу макала даярдап Сарман агай менен маектешкем. Агай Айтматов тууралуу агынан жарыла айтып, "Обонун" ("Жамийла" повести алгач "Обон" деген ат менен жарыкка чыккан - М.М.) жарым жылда бир колума алып карап коюп турам. Ар бир караганымда өзгөчө жаңы сапатын ачам"-деген эле. Анан да "Мен кээде ойлоп кетем, Айтматов бизде жүргөндө дайыма жалгызсырайт. Анткени, бизге келгенде аны менен учурашып, аркы-беркини сүйлөшкөнүбүз менен, анын деңгээлинде сүйлөшө, пикир алмаша тургандай эч кимибиз жокпуз"-деген жазуучуну бийик баалайБыйыл да Сарман агайга кайрылып, кыргыздын адабият, театр искусствосу тууралуу кенен маек куруп бериңиз деп жүргөм. Ал ортодо агай сыркоолоп калды. "Кызым, шашпай сөзсүз сүйлөшөбүз. Байланышып тур, бир аз жакшы болуп алайын"-деген эле. "Агай айыгып кетсин, анан..."-деп жакшы ойдо күткөн элем. А көрсө... Айтматовду аркы дүйнөдө жалгызсыратпай артынан кете бергендей эле болуп калды... Жакшы сөздөрүн укпай, окурмандар окубай калды деп арманда калдым.
Сарман агай! Кыргыздын адабият, сүрөт, театр өнөрүнүн түптөлүп өсүш жолунда жасап, калтырган чоң эмгектериңиз элиңиздин, өнөр адамдарынын эсинде калаары шексиз. Жараткан сизге жаннаттан жай берсин.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, сынчы, сүрөтчү
Сарман Асанбековдун
дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
"Обон" гезитинин жалпы жамааты.

Махабат Молдобекова
















Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!