адабият айдыңы

адабий жаңылыктар
Казакбай
Абдышев 70 жашта
Быйыл акын, жазуучу Казакбай Абдышевдин 70 жылдык мааракеси. Арноо ырларынан турган бир нече китептин автору Казакбай Абдышев 70 жылдыгына карата "Аңгемелер жана повесттер" жыйнагы жана "Казакбайдын ыр дүйнө" аттуу китептерин басууга даярдоодо. Демөөрчүлөр чыгып калса, буюрса жакын арада окурмандардын колуна тийип калаар деген жакшы оюн билдирди. 70 жылдык торколуу тоюңуз кут болсун! Көпчүлүк кадырлап сыйлаган өнөр адамысыз, талантыңыз ташкындап, калемиңиз курчуй берсин!
"Калемгерлер"
сынак жарыялашты
10-апрель күнү "Калемгер" адабий клубунун мүчөлөрү менен Ишенаалы Арабаев атындагы Мамлекеттик университетинин студенттеринин жолугушуусу өтөт. Жолугушуу кечесинин максаты клубдагы чыгармачыл жаштарды тааныштыруу жана студенттердин арасынан таланттууларды издөө. Ушул эле жолугушуу 17-апрель күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде болот. Аталган университеттин чыгармачыл жаштарынын арасында эң жакшы аңгеме, пьеса жана проза боюнча сынактар жарыяланган. Жеңүүчүлөргө адабий клубдун атынан кызыктыруучу акчалай байгелери бар. Айта кетсек, "Калемгердин" мүчөлөрү Мирлан Самыйкожонун "Жүрөккө түшкөн чагылган", Алтынбек Исмаиловдун "Таш күзгү", Жазгүл Жамангулованын "Доор ыйлайт" аттуу ыр китептери чоң кызыгуу менен окулуп келет.
"Акылкасас"
адабий талкуудан өтөт
"Акылкасас" аттуу аңгемелер жыйнагынын автору Топчугүл Шайдуллаеванын аталган китеби адабиятчылар чөйрөсүндө, китеп сүйүүчүлөр арасында жакшы пикирлерди жаратууда. "Акылкасас" түштүк диалектисинде улуу муундар арасында кеңири колдонулуп келген, "бирөөдөн көргөн жакшылыгыңды, өткөнүңдү унутпа" деген маанини туюндурган сөз. "Маңкурт" деген элге кеңири жайылып, адабий термин катары кандай колдолунуп калса, тарбиялык жактан мааниси чоң "Акылкасас" да элге кеңири алынып кетсе деген ойдо жаздым. Жакын арада китебимди адабий талкуудан өткөрсөмбү деп ойлонуштуруп жатам. Максатым жөн гана китептин бет ачаары кылып, мактоо сөздөрүн угуу эмес, чыныгы адабий талкуу, сын пикир уккум келет",-дейт автор.
Наргиса Карасартова:
"Кыргызстандын
балдарына кубаныч
тартуулагым келди"
Чыңгыз Айтматов атындагы фонд уюштурган "Дебют-2007" жаш адабиятчылар мектебинин катышуучусу.
Үчүнчү апрель күнү Бишкек шаарыбыздагы Айтматов атындагы китепканада жаш калемгер эже-сиңдилер Лейла жана Наргиса Карасартовалардын "Кардагы бриллиант", "Кичинекей кыялкечтерге" аттуу ыр китептеринин бет ачаары болуп өттү. Акындар балдар адабиятына аз кайрылып калышты, бала бакча, мектептеги кичинекейлер үчүн жан дүйнөлөрүн байытып, акыл ой - сезимин өстүргөнгө жардамы чоң ырлар көп болсо жакшы болмок деген көйгөйдүн чечилишине аз да болсо көмөк көрсөткөндөрү көңүл кубантаарлык иш. Балдардын баёо мүнөз кыял - жоруктарын, бал ширин сөздөрүн ырга салган жаш акын кыздарыбыздын калемдеринин сыясы кургабасын деп гезиттин атынан куттуктап, Наргиса Карасартованы сөзгө тарттык.
- Рахмат. Биз абдан кубанып, толкунданып жетине албай турабыз. Анткени, бул китептин бет ачаары биздин биринчи кечебиз. Алгач "Кардагы бриллиант" чыккан. Жакында эле "Кичинекей кыялкечтерге" жарык көрдү. Өзүм бала күнүмөн Тоголок Молдо менен Алыкулдун ырларынан таасир алып чоңойдум. "Эмне үчүн ырларың балдар үчүн?" деген суроолорду берип жатышат. Биринчиден Лейла экөөбүздүн тең Алибек жана Адэм деген уулдарыбыз бар. Бала бакыт да! Өзүбүздүкүнө кошуп жалпы Кыргызстандын балдарына ырларыбыз менен кубаныч, күлкү тартуулагыбыз келди. Экинчиден, балдар үчүн китептер өтө эле аз санда экенин өзүм көрүп-билип жүргөндүктөн чыгармачылыгымда балдар адабиятына басым жасадым окшойт. Китептерибиз жарыкка чыгаары менен №13, №75, №30 ж.б. мектептерге, китепканаларга белекке берип жатабыз. Акырында айтаарым, китептин бет ачаарын өткөзүп берип жаткан Айтматов атындагы китепкананын жалпы жамаатына чоң ыраазычылык билдиребиз.
Кыргызстан менен
Казакстан...
Түбөлүк достук
Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы фонд, Чолпон-Атадагы Ауэзовдун үй музейи жана "Адабий Ала-Тоо" гезити биргелешип уюштурган адабий конкурстун шарты боюнча кыргыз менен казак элинин тарыхый, адабий, маданий карым-катышын чагылдырган төрт жанрда жазылган чыгармалар болушу керек. Орус, кыргыз, казак тилдеринде жазылган чыгармалары менен кыргыз акын - жазуучулары гана катышкан конкурстун жыйынтыгы Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинде 8-апрель күнү өтөт. Ар бир жанр боюнча төрт сыйлык, биринчи сыйлыктар - 20 миң сомдон.




Поэзия бурчу








Кыргыз тили
менин жан дүйнөм
Кыргыз тилин биз кадырлап сактайлы,
Урмат кылып, бийик тутуп барктайлы.
Бөтөн тилди үйрөнсөк да умтулуп,
Биз кыргызбыз, кыргыз тилин даңктайлы.

Ар бир кыргыз күйөлүчү тил үчүн,
Башка улут күйбөйт чынбы биз үчүн.
Баардыгына даяр болуп дайыма,
Керек болсо жанды берем тил үчүн.

Кыргыз тилин биз сактайбыз кыргызым,
Талыкпастан ырлар жазат уул-кызың.
Убакыт өткөн сайын алга карай,
Маңдайыңда жанып турсун жылдызың.

Айтматов
кайталангыс талант
Аалам кенен, анда жашап жатабыз,
Кээде күлүп, кээде катуу капабыз.
Кең ааламды багындырып өзүнө,
Койгон өңдүү биздин Чыңгыз атабыз.

Дүйнө элине танытты го кыргызды,
Ким унутат, кимдер билбейт Чыңгызды.
"Ак кемесин" айдап чыгып дүйнөгө,
Дүңгүрөтүп жар салды го кыргызды.

Таш боор өлүм
алып тынды акынды
(Алыкул Осмоновго)

Жаш калемгер Канат


Алыкул чалкып жаткан деңиз эле,
Акындын ыр дүйнөсү тегиз эле.
Алыкул атак-даңкын сатса дагы,
Акындай эч бир адам болгус эле.

Чынчыл болчу, ыр дүйнөнүн адамы,
Бир багытта түптүз болчу кадамы.
Кудайга миң мертебе калп айтса да,
Ырында бир да жолу айталбады.

Билбеди өлүм сенин баркыңды,
Сунду колун бирок кайра тартынды.
Оору кыйнап түнү бою уктатпай,
Таш боор өлүм алып тынды акынды.

"Ырас, өмүр кандай кыска, кандай аз,
Тагдыр ошол өлчөмүнөн көп кылбас".
Ата-Журтка жол караган акындын,
Эх кудайым, неге бердиң жашын аз?

Жазат беле дагы жакшы ырларды,
Ачат беле не бир түркүн сырларды.
Арбагына таазим кылып дайыма,
Акын үчүн биз жазалы ырларды.




Адабий сынак
Ойлонбой тапсаң - олжого тунасың
"Адабият айдыңы" рубрикасы сиздин билимиңизди текшерип, ойлонтуп, мээңиздин бырышын көбөйтөлү деген ойдо сынак жарыялап келет. Он дегиче туура жообун таба калып, шаршемби күнү саат 10-00 дөн 10-30 га чейин телефон чалган алгачкы үч окурманга "Обондун" атайын белектери бар. Байланыш телефону: 44-98-21.

Саба - деген сөз эмнени түшүндүрөт?
х х х
Сагымбай Орозбак уулу ким болгон?
х х х
"Уяң жылдыздар", "Ак Мөөр", "Жаңыл Мырза" поэмалары кайсы Эл акынынын калемине таандык экенин сиз билесиз да?
х х х
Шарапты ырга салып ким даңктаган?
х х х
"Оорутпа,-деп айтасың-жүрөгүңдү..."
Жүрөк кантип оорубайт?
Жүрөк ооруу дегендин
Канча бир себеби бар!
Жүрөк ооруп, жүрөк сыздап турбаса - эт жүрөктүн анда эмне кереги бар?
Бул ыр саптары Олжобай Шакирдикиби же Олжобай Токтосуновдукубу?
х х х
"Көчмөндөр кагылышы" романынын автору ким?
х х х
Искендер Рыскулов - Муратбек Рыскуловдун уулу беле же Рамис Рыскуловдунбу?









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!