так талаш

Жеңишбек Назаралиев:
"Оппозициянын биринчи кадамы шайлоону үзгүлтүккө учуратып, К.Бакиевсиз кайра шайлоо өткөрүүгө жетишүү болот"
Белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев көз карандысыз байкоочу жана коомдук ишмер катары өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып турары анык. Бүгүн бул инсан өлкөбүздөгү окуяларга карата өз оюн билдирди.

- Саламатсызбы! Менин биринчи суроом саясат эмес, дүйнөлүк каржы каатчылыгына байланыштуу болмокчу. Бул каатчылык адамдардын психикасына канчалык деңгээлде таасирин тийгизет деген ойдосуз?
- Мындай каржылык татаал мезгилде коомчулукта социалдык маселелер күч алат. Бул нерсе мыйзам ченемдүү. Адамдарда депрессия, коркуу, уйкусуздук пайда болуп, нерв системалары бузулат. Өнөкөт дарттар күч алат. Үй-бүлөлөр ажырашууга дуушар болушат. Мунун баары адамга алкогол ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонууга түрткү берет.
- Мындай кырдаалда адам кантип "адам" деген улук атын сактап калса болот?
- Экономикалык жана психикалык глобалдык маселелерден арылып кетүү кыйынга турат. Мунун кесепетинен көп адамдар аракечтикке жана баңгизат колдонуу илдетине кабылышып майып болушат, же болбосо бул дүйнө менен кош айтышат. Бул маселеге тунук акыл менен карасак, илдетке чалдыккан адамдын жакындары аны сактап калуу үчүн болгон аракеттерин жасоого тийиш.
- Ичимдикке, баңгизаттарына көз каранды адамдар ал илдеттен арылуу үчүн сиздин медициналык борборуңузга кайрылышат. Ушул оор дарттан толук арылтып берүүгө кепилдик бере аласыздарбы?
- Биз 20 жылдык эмгек тажрыйбабызда 16 миң оорулууну аракечтиктен жана баңгизатты колдонуудан арылтып чыктык. Өткөн жылы "Биз үчүн абийирибиз кымбат. Ошондуктан пациент илдеттен толук арылып кетпесе, акчасын кайтарып беребиз" деген негизги багытты тандап алдык. Муну менен баары түшүнүктүү болду го дейм.
- Сиз 2005-жылы өлкөдө болгон бийлик алмашуунун башында тургандардын бири элеңиз. Кийинчерээк президенттикке ат салышып, шайлоого чукул калганда талапкерлигиңизди алып салдыңыз. Эмнеге аягына чейин барбадыңыз?
- Ал кезде президенттикке талапкерлер арасында түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүк күчөй баштаган. Бул жарандык согушка алып келиши ыктымал эле. А мен болсо, доктор катары "Согуш болбосун" деген ураан менен талапкерлигимди коюп, эки оттун ортосуна туруп бердим. Кыргыз элим бир пикирге бириккенде, талапкерлигимди алып салдым.
- Сиздин көз карашыңызда эмне үчүн Бакиев-Кулов тандеми өз максатына жетпей калды? Болбосо КМШ аймагында биринчи тандем болбоду беле?
- Биринчиден эки лидердин бири-бирин анчалык жактыра бербегенинде. Бири түштүктүн дыйканы, экинчиси түндүктүн көчмөнү болуп ой-жүгүртүүлөрү, көз караштары ар башка болгондуктан. Экинчиден, саясый бир көз караштагы, бир ишке жан дили менен берилип элдин кызыкчылыгын алдыңкы орунга койгон элитанын жоктугунан деп ойлойм. Мындай элита Кыргызстанда пайда боло элек.
- Тандем жөнүндө сөз болуп кетти. Айтсаңыз, Орусиянын Медведев-Путин тандеми канча убакыт өмүр сүрөт деп ойлойсуз?
- Бул тандем Д.Медведевдин биринчи мөөнөтү аяктаганга чейин өмүр сүрөт. Тагыраак айтканда, дагы 5 жыл. Андан ары эмне болот? Аны убакыт көрсөтөт. Бул тандемди мен жогоруда айтып өткөн Орусиянын түптөлүп калган элитасы түзгөн.
- Кыргызстанда саясый кырдаал курчуп баратат. Жакында Жогорку Кеңеш 23-июлду Президенттик шайлоо күнү деп жар салды. Бул шашылыш чечимди кандай түшүнсө болот?
- Бул нерсе баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Президент "убакыт" деген маанилүү факторду өз пайдасына чечкиси келип жатат. Биринчиден, 2010-жылдын жаз айларында өлкөдөгү кырдаал өтө эле татаалданып кетиши мүмкүн. Экинчиден, Орусиянын берген насыясы. Мынча чоң акча башка чөнтөктөргө кетип калабы деп коркот. Үчүнчүдөн, июль айында калк арасында саясый активдүүлүк төмөн болот. Ошого байланыштуу административдик ресурстарды ченемсиз колдонууга мүмкүн. Төртүнчүдөн, шайлоонун шашылыш түрдө өтүп жатышы убакыт жактан оппозициянын мүмкүнчүлүгүн чектеп калат. Анткени оппозицияда өз талапкерин элге алып чыгууга, чыныгы лидерге айлантканга убакыт жетишпей калат.
- Ал эми Бириккен Элдик Кыймылдын "Шайлоого К.Бакиев катышпасын, болбосо 20-апрелден баштап мөөнөтсүз митингдер башталат" деген чечимин кандай баалайсыз?
- Эми муну ажонун башкаруучулук жөндөмү менен түшүндүрсө болот. Мамлекет артка карай баратат. Эл ачка, жумушсуздук, свет жок, салыктар көтөрүлүп инфляция бардык жерде жортуп жүрөт. Криминалитет өсүп, коррупция жетер чегине жетти. Оппозиция лидерлери куугунтукталып, өлкө полициялык жандармерияга айланып баратат. Мындай кырдаалда президентке ыңгайсыз абал туулат. Анткени элибиз бир түстүү ыңкылапты башынан өткөрүп, адилетсиз режимге көпкө чыдабасы анык. Оппозиция болсо мунун баарына каршы туруп бийликтин катачылыктарынан пайдалангысы келип турат.
- Эми жакынкы күндөрү мамлекеттеги абалга кандай прогноз бересиз?
- Эч бир жакшы нерсе айта албайм. Менимче, К.Бакиев оппозициянын кээ бир талаптарын канааттандырып шайлоого барат. Бирок бул сапар оппозиция момундук кылып туруп бербейт. 2007-жылдагы Парламенттик шайлоодон кийин бийликтен түңүлүп калышты. Бүгүн бийликке каршы күчтөр президенттин бир дагы сөзүнө ишенбейт. Оппозициянын биринчи кадамы шайлоону үзгүлтүккө учуратып, К.Бакиевсиз кайра шайлоо өткөрүүгө жетишүү болот. Эгер оппозициядагы жалгыз лидер түндүктөн болуп калса, түндүк-түштүк маселеси келип чыгып, кырдаалды ого бетер курчутуп жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Экинчи жагдай болсо, эгер Кыргызстан жана Орусия биргеликте Вашингтон менен Ганси авиабазасы боюнча бир сөзгө келип, америкалыктар Бишкекте калса, анда баары К.Бакиевдин пайдасына чечилиши мүмкүн. Бүгүнкү күнү Кыргызстан Орусия, АКШ, Кытай жана Евробиримдик катышкан "соода аянтында" турат. Өлкөбүздүн сырткы саясаттагы тагдыры ушул соодалашуунун жыйынтыгына байланыштуу болот. Кыргызстан жогорудагы державалардан да көз каранды экени жалпыбызга маалым эле болуп калды го. Баары апрель башындагы Д.Медведев менен Б.Обаманын жолугушуусунан кийин чечилет деп ойлойм.
- Сиздин оюңузча оппозицияны ким жетектөөгө татыктуу?
- Мындай карасаң башкаруучулар көптөй эле, бирок ошол эле учурда эч ким жоктой туюлат.
- Эмнеге?
- Анткени оппозиция ичинде чыныгы биримдик, тилектештик жок. Ушул кезге чейин бир лидерди аныктай албай келишет. Убакыт болсо аз калды. Жалгыздыктан чыгуу, утулуу деген. Көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт. Баары эле өз кызыкчылыгын ойлошот. Оппозиция арасында жалган лидерлер, популисттер бар. Басымдуу бөлүгү дүйнөлүк глобалдык кырдаалды түшүнө беришпейт. Өз ара пикир келишпестиктен келечектеги өлкө башкаруучу команданы аныктай алышпай, Акаев менен Бакиев катасын кайталашат. Бир дагы партиянын жакынкы 10-20 жылдагы мамлекетти өнүктүрүү программасы жок. Болсо да ал элге жеткен эмес. Бир гана бийликти эңсеп турушат.
Ал эми оппозиция өкүлдөрүнөн татыктуу деп СДПКдан чыккан лидер Б.Бешимовду айтар элем. Билимдүү, туруктуу, мурдагы дипломат, Кыргызстандын саясый аренасындагы жаңы, таза өкүл. Бул адам түштүктөн болгондуктан, түндүк-түштүк кагылышуусунан коркпой эле койсо болот.
- Бийлик тараптан Бакиевге мураскер чыгат деп ойлойсузбу?
- Жок, мураскердин чыгышы бийлик үчүн кооптуу. Анткени коомчулукка бир адамды алып чыгып, даярдоого убакыт аз. Кыргызстан менен бир нече саясый-экономикалык келишимдер түзүлүп койгондуктан, бул жерде Орусиянын да ролу чоң. Орустар үчүн К.Бакиев гана туура талапкер.
- Жеңип чыккан өлкө башчысына биринчи кандай кеңеш айтар элеңиз?
- Жумушсуздук, жакырчылык менен күрөшүү менен өлкө ичиндеги оор кырдаалды оңдоону айтмакмын.
- Кандай жол менен?
- Ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон бөлүп, чакан ишкана түзүп, мамлекет өзү 51 пайыз акциясына ээ болсо, бөлүнгөн акчалар абага чачылып кетпеси үчүн бир лидер үй-бүлө 10 үй-бүлөнү контракттык негизде бириктирсе, чогулган акча 1 миллионго жетет. Бул акчага бир конкреттүү тигүү цехин, фермерчилик, кичи-заводду ишке киргизсе болот. Көпчүлүк иш менен камсыз болмок. Эли аз биз үчүн мындай долбоор 1 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт. Мынча сумманы донор мамлекеттерден алса болот.
- "Алмактын бермеги бар" дегендей, бул акчаны кайра донор өлкөгө ким кайтарып берет?
- Акчаны мамлекет өз кирешесинен кайтарып берет.
- А салыктарчы?
- Мамлекет өз партнёрунан салык албайт. Мындай колдоого элибиздин 99 пайызы муктаж.
- Кызыктуу маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Притча
Илгери-илгери өткөн заманда хан жашаптыр. Ичээр суусу түгөнүп бара жатканына көзү жетип, жанына уулун чакырып мындай дейт:
- Уулум, сен көп жерди, элди көрдүң. Дүйнө жүзүн кыдырдың. Жашоо жөнүндө сенде кандай ой пайда болду?
- Ата, кайсыл жерге, элге барбайын ошол жерде адилетсиздик, таш боорлук, акылсыздык өкүм сүрөт экен. Мен дүйнөнү өзгөрткүм келет.
- Кантип?
- Билбейм.
- Анда угуп тур,-деп хан баласына төмөндөгүдөй окуяны айтып бериптир.
- Качандыр бир кезде бир хан болуптур. Анын Бакыт, Боорукер, Акылман, Адилет деген төрт уулу болгон экен. Өлөөр алдында балдарын чакырып алып адамдарга боорукерлик, бакыт, адилет , бакыт, акыл тараткыла деген буйрук берет.
"Адилетсиздик, адам жашоо башка адамдар ага көз карандыдай мамиле жасагандан пайда болот. Акылсыздык адам жер жүзүндө болуп жаткан окуяларды өз акылынын, дүйнө таанымынын алына жараша ой жүгүрткөндө жаралат. Таш боорлук адам өз кызыкчылыгын көздөп, башкаларды курмандыкка чалган жерде жашайт. Ал эми бактысыздыкты адам өзүнө бир нерсе жетпей жатканда, каалоолоруна чек коюуга аргасыз болгондо сезилет",-деп хан көз жумат.
Ошентип хандын төрт уулу элди төрткө бөлүп алып, биринчиси - адилеттикти, экинчиси - акылмандыкты, үчүнчүсү - боорукерликти, төртүнчүсү - бакытты орнотуп башташат. Жыйынтыгында акылман эл, бооркер эл, адилет эл жана бактылуу эл пайда болот. Арадан көп убакыт өтүп төрт тармактагы эл бири-бирине аралаша баштайт. Адилет эл адилеттүлүк эмне экенин жакшы билгени менен боорукерлик, акылмандык, бакыт эмне экенин жакшы билишпейт. Акылман адамдар адилетсиздик, таш боорлук, бактысыздык алып келишсе, боорукер адамдар акылсыздык, адилетсиздик, бактысыздык алып келишиптир. Ал эми бактылуу адамдар адилетсиздик, таш боорлук, акылсыздык алып келишкен экен,-деп хан окуянын аягына чыгат.
- Мен баарын түшүндүм,-дейт уулу. Адамдарга акылмандык, боорукерлик, бакыт, адилет эмне экенин бир-бирден үйрөтпөй, баарын бир үйрөтүш керек тура. Мен ал хандын балдары кетирген катаны оңдойм,-деген экен.

Марсел
Дүйшөнбек уулу










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!