маалымат

 

Президенттикке биринчи талапкер БШКга арыз берди
Биринчилерден болуп президенттикке талапкер катары каттоо арызын мурдагы Кыргызстан патриоттук партиясынын түзүүчүсү Назарбек Нышанов берди. Ал акыркы кезде "Коррупциялык системага каршы күрөш боюнча элдик- патриоттук кыймылды уюштуруп, азыркы президентке импичмент жарыялоо үчүн атуулдардын колун топтоп жүргөн.БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматовдун билдирүүсү боюнча, арыз берген талапкер эми комиссияга өзүнүн 50 адамдан турган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн документтерин алып келип, кол топтоого уруксаат алышы керек. Шайлоо Кодексинин 27-28-беренелерине ылайык БШК талапкердин тиешелүү документтеринин негизинде ыйгарым өкүлдөрү боюнча чечим кабыл алгандан кийин кол чогултуу ишине кирише алат. БШК бул маселени талапкер тиешелүү документтерди толук берери менен кароого милдеттүү.
"Коопсуздук-2009" машыгуусу өткөрүлөт
Коргоо министрлиги "Коопсуздук-2009" аттуу командалык-штабдык машыгуу өткөргөнү жатат. 24-25-апрелде Бишкектеги жана Баткендеги бул машыгуулар "Түштүк аймактагы аскерий коопсуздукту камсыздоо боюнча милдеттерди аткаруу жана даярдык" деп аталып, ага күч кызматтарынын оперативдүү топтору катышат. Машыгуулар Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлеринин ок атуу боюнча тактикалык машыгуулары менен аяктайт. Буга Кыргызстандын аба-аскерий күчтөрү жана Орусиянын "Кант" аба-аскерий базасы колдоо көрсөтөт.
Кароосуз балдар
10 миңге жетти
КР вице-премьер-министри Өктөмхан Абдуллаеванын эл аралык уюмдардын маалыматына таянып айтуусу боюнча, республикабыз боюнча 10 миңге жакын кароосуз калган балдар бар. Мындан тышкары 23 миң мектеп жашындагы балдар кара жумуш жасап өз жанын багат. Бирок алардын көпчүлүгүнүн ата-энеси болгондуктан, Ө.Абдуллаеванын пикири боюнча үй-бүлөнү чыңдоого көбүрөөк көңүл буруп, балдарды тартуу керек.
Ошол эле учурда КР вице-премьер-министри коомдо социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүп, жакында КР ЖК тарабынан кабыл алынган "Социалдык жөлөктөр жөнүндөгү" Мыйзамды ишке ашыруу зарыл.
Ошто жылына үч миңден ашуун адам кулчулукка кабылат
Миграция боюнча эл аралык уюмдун билдирүүсүнө караганда Ош облусунда жылына үч жүз миңден ашык киши адам сатуунун курмандыгына кабылат. Мындай маалыматты Оштогу "Голден Гоал" коомдук уюмунун президенти Алишер Мамажанов билдирди. Анын айтымында адам сатуунун эң кеңири тараган түрү - бул эмгек эскплуатациясы. Ошондой эле акыркы жылдары жаш балдарды сатуу өнөкөтү күч алган. Өткөн жылы укук коргоо кызматкерлери тарабынан адам сатууга байланышкан он кылмыш иши козголгон. "Эмгек эксплуатациясы боюнча негизинен Россия, Казакстан өлкөлөрүнө сатылса, аялдарды жана кыздарды сексуалдык экспулатация боюнча Түркия, Араб Эмиратына сатылат", - дейт А. Мамажанов.
Экс-депутат ачкачылык жарыялады
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкуловдун адвокаты Жылдыз Турдумамбетова маалымат жыйынында кабарлады. Ал эми "Саясий куугунтукка каршы күрөш" комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев Парманкуловго кылмыш иши анын президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиришине байланыштуу саясий негизде ачылды деп билдирди. Экс-депутат Замирбек Парманкуловго каршы эки кылмыш иши 2004-жылы болгон окуя боюнча "ээнбаштык кылган" деген жана быйыл кафедеги чатак боюнча "президенттин наамына акаарат келтирген" деген кине менен ачылып, азыр Ош шаарындагы убактылуу тергөө абагында жатат. Адвокат Жылдыз Турдумамбетова 2004-жылкы окуя боюнча Парманкулов 2005 -2007-жылдардагы мунапыс менен акталыш керек болчу десе, Топчубек Тургуналиев төрт жыл мурунку окуя боюнча кылмыш ишин козгоого экс-депутаттын саясий көз карашы гана түрткү берди деген бүтүмгө келгендигин билдирди.
Кыргызстандык кыз-келиндер таштаган алтымыш ымыркай Москвада
Москва шаарындагы балдар үйлөрүндө кыргызстандык кыз-келиндер таштап кеткен алтымыштай бала бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Москвадагы "Ала-Тоо" коомдук уюмунун жетекчиси Жамиля Бегиева билдирди. Бегиеванын айтымында таштанды балдар дээрлик 24-25 жашка чейинки курактагы кыргызстандык эмгек мигранттарына таандык. Таштанды балдардын 35ин америкалык жарандар асырап алгандыгы маалымдалууда. Учурда "Ала-Тоо" уюму таштанды балдарды асыроо жолдорун караштырып жатат. Мындай сунуш менен кыргыз диаспорасына Москва өкмөтүнүн жаштардын үй-бүлө саясаты департаменти кайрылган. Кыргызстандык мигранттар ымыркайларды таштап кеткен фактылар Орусиянын башка аймактарында да жолугуп жаткандыгы кабарланууда.

А.Сарлыкбековдун аты айылындагы клубга коюлду
Мындай чечимди белгилүү режиссер Алмаз Сарлыкбеков туулуп -өскөн Москва районундагы Төлөк айылынын кеңеши кабыл алды. Кыргызстандын Эл артисти Сарлыкбеков театр искусствосуна 30 жылдан ашуун эмгегин арнап, Ч.Айтматовдун "Эрте жаздагы турналар", Ф.Достоевскийдин "Кылмыш жана жаза", В.Шекспирдин "Король Лир", Ж.Садыковдун "Жукеев-Пудовкин", Н.Хикметтин "Унутулган адам" сыяктуу классикалык чыгармаларды сахналаштырган. Белгилей кетсек, кыргыз маданияты үчүн зор эмгек жасаган инсан өткөн жылы 58 жаш курагында күтүүсүз жерден кайтыш болгон.




Гүлзинаттын
үнү Кытайда
жаңырат
Булбул үндүү ырчы айым Гүлзинат Суранчиева Кытай жергесинде кыргыздын желегин желбиретет. Ар жыл сайын өткөрүлүүчү Эл аралык музыкалык фестивалга Кыргызстандын атынан катышмай болду. 13-20-апрель күндөрү өтө турган бул фестивалдын катышуучулары үч турдан өтүшөт. Тактап айтканда, сынактын биринчи туру Үрүмчү шаарында, экинчиси Гуанжоу шаарында болсо, экинчи турдан өткөндөрү Пекин шаарына жолдомо алат. Мындай Эл аралык фестивалга кызуу даярданып жаткан ырчы айым фестивалда эки ырды англис тилинде ырдап чыгат.

Бек
дарыланууда
Ырлары менен жүрөктүн дартын айыктырган "сүйүүнүн рыцары" Бек Борбиев жаздын келишинен таасирленип, репертуарын "Байчечек" аттуу жаңы ыры менен толуктап, ал ырына клип тарттырууну пландап жатат.
Ошондой эле учурда ырчынын ооруканада экенин билип, кандай себептер менен жатканын сураганыбызда, жаз айларында күчтөн талбай, ден соолугун чыңдоо үчүн ар жыл сайын борборубуздагы ооруканалардын биринде дарылануу курсунан өтүп тураарын билдирди.

"Кыз Бурак"
тобу камыштан
үй курат
Кымча белдүү "Кыз Бурак" тобунун кыздары "Кайрылып кел" аттуу ырына буга чейин эч бир жерде кездешпеген клип тартууга катуу даярдык көрүп жатышат. Топтун аткаруучу жетекчиси Кенже Дүйшееванын айтуусунда клиптин сценарийине жараша узуну беш, туурасы төрт метр өлчөмдөн турган бир бөлмөлүү үйдүн дубалдарын камыштан, самандан тургузуп, сыртынан сексен метр узундуктагы аркандын жардамы менен байлап чыгышат. Клиптин негизги эпизоддору ар түрдүү боёктор менен кооздолгон үйдүн ичинде тартылат. "Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат" дегенди ушундай эмгектерден байкасак болот.

Азамат Жунусов спортсмен
болобу?
Жаш ырчы Азамат Жунусов ырчылык өнөрүнөн сырткары спорттун оор отлетика түрү менен машыгуусун улантууда. Буга чейин чыгармачылыктын сырларын үйрөнүп, сахна дүйнөсүнө жаңыдан баш багып келаткан жаш талант эми спорт чөйрөсүндө да күчүн сынап, мыкты спорт чеберлеринен сабак алууга бел байлап турат.

Аалынын айтыш жыйнагы сатыкка чыкты
Жакында эле Кыргызстандын туусун Түркияда желбиретип, ак таңдай, өзгөчө өнөрү менен кыргыздын намысын коргоп келген төкмө акын Аалы Туткучевдин айтыш жыйнагы сатыкка чыкты. Белгилүү төкмө акындар менен айтышкан акындын аталган жыйнагы эки бөлүктөн турат. Айтышка айттырбай келген күйөрмандар үчүн атайын чыгарылган жыйнак Улуттук филармониянын кассасында сатылууда.

Гүлжигит ырлар жыйнагын белекке берди
Мукамдуу ырлары менен аз убакыттын ичинде эл оозуна алынган Гүлжигит Сатыбеков 28-март күнү Екатеринбург шаарында өзүнүн жеке концертин тартуулап келди. Кыргыз ырларына суусап турган мекендештерибиз төрт саат бою тынбай кол чаап, ырчынын сахнадан кетишин каалашкан эмес. Мындай кабыл алууну күтпөгөн Гүлжигит гүл берген ар бир күйөрманга жаңы ырлар жыйнагын тапшырган.

Айнура СУЛТАНОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!