Венера Орозгожоева:
"Биз жашоонун жаңыча сапатына умтулуудабыз"
Эбептен-себеп болуп, Венера эже менен кокусунан таанышып, ал иштеген"Инт вей корпорейшн" компаниясынын офисине барып калдым. Калп айткан менен болобу, Венера эженин орду ал жерде абдан маанилүү экен. "Венера, Венера" дешип аны тегеректеген адамдар ден-соолук жаатында түрлүү суроолорду жаадырышып, Венера эже болсо алардын ар бирине эринбестен жооп берип жатты. Көрсө, маңдайы жарык, жаркылдаган, жылдыздуу Венера эжебиз бул компанияда жарым жылдан бери билим алып, эми ошол билимин башка өнөктөштөрүнө үйрөтүп жаткан учуру экен. Диктофонумду чөнтөгүмөн сууруп чыгып, Венера эжени маекке тартканымда, анын айтып бергендери мен ойлогондон да алда канча кызыктуу,алда канча реалдуу болуп чыкты.

"15 жылдан
бери аптекада иштеп келатам
15жылдык иш тажрыйбамда мен бир нерсени байкадым. Айыкпас, өнөкөт оорулар абдан көбөйдү. Ал эми дарылар ал ооруларды эч айыктыра албай жатат. Ушундан улам жыл сайын жаңы, күчтүү, баасы кымбат дарыларды чыгарышууда. Чынын айтсам бул дарылар деле убактылуу гана ооруну басаңдатып койгону болбосо, тескерисинче адамдарды кандайдыр-бир туңгуюкка камап, өмүр бою дары ичип жүрүүгө мажбур кылууда. Мен өзүм негизинен боорукер жанмын. Анан аптекада иштеген соң баарын көрүп билип турасың да. Ар кандай оорулуулар келишет. Канча миңдеген акчаларын жумшашып, кымбат дарыларды сатып алышат. Бирок, ал дарылар илдетти биротоло жок кылаарына эч ким кепилдик бербейт. Мындай көрүнүшкө чыдай алган жокмун. Ден-соолукка байланышкан адабияттарды казып, изилдей баштадым. Адамдарга кантип жардам берем?Канткенде алардын өнөкөт, айыкпас ооруларын 100 пайызга жок кылууга болот? Акыры таптым".

Оорунун түпкү
тамыры адамдын өзүндө
жайгашкан
Тилекке каршы, азыркы медицина оорунун келип чыккан жыйынтыгын гана дарылап, бирок, анын түпкү тамырын кыркып, чыныгы себебин жок кыла алышпайт. А оорунун себеби таптакыр башка жакта болуп жатпайбы. Кандай гана оору болбосун, анын келип чыккан себеби (түпкү тамыры) адамдын өзүндө жайгашкан. Ден-соолук жаатындагы баардык проблемалар адамдын ой жүгүртүүсүнө, сезимине, айлана-чөйрөгө, элдерге, өзүнө, деги эле жашоого болгон мамилесине жараша пайда болот. Дайыма позитивдүү ой жүгүртүп, бардык жан-жаныбарларды сүйүп, сыйлап, атүгүл ар бир гүлдү суктануу менен карап, эч качан эч нерсеге көңүлүн түшүрбөгөн адамдын ден-соолугу ар дайым чың болот. Адатта, мындай адамдардын каны да таза, иммундук системасы өтө күчтүү. Эгер бул адамдардын биоталаасын текшерсек, албетте, аурасы абдан таза, кенен экенине күбө болобуз. Ден-соолугу алсыз, жашоосун жалаң көйгөй коштогон адам -демек анын жашоо образы жогорудагыдай сапаттардан алыс экендигин айгинелейт.

Рухий жактан
бир тепкичке көтөрүлүшүбүз
керек!
Азыр жер планетасы тирүү жандык сыяктуу эле өсүп-өнүгүп, энергетикалык, эволюциялык жаңы деңгээлге, жаңы эпоха, баскычка көтөрүлүүдө. Андыктан жер менен кошо жерде жашап жаткан тирүү жандыктын баары жаңы жогорку сапаттагы жашоо деңгээлине өтүүсү зарыл. Бул эмнени түшүндүрөт? Жер планетасы дайыма термелип, чайпалып, кыймылдап турат. Мына ошол жер планетасынын вибрация жыштыгы азыр жогорулады. А биз ошол жыштыкка дал келгидей болуп, өзүбүздүн вибрация жыштыгыбызды да жогорулатышыбыз керек. Бул демек, биз рухий жактан бир тепкичке жогору көтөрүлүшүбүз керек дегенди билдирет. А көрсө, жан-жаныбарлар, өсүмдүктөр, суу дүйнөсү небак эле жаңы эпохага өтүүгө даяр экен. Бир гана адамзаты артта калыптырбыз. Биз өзүбүздүн жашообузда аткарчу программабызды али аткарбаптырбыз. Анткени, биз космос мыйзамдарын билбегендиктен, көптөгөн каталарды кетирип, планетанын балансын бузуудабыз. Так ушул себептен улам бүгүн жер жүзүндө ар кандай жаратылыш катастрофалары, жер титирөөлөр, суу ташкындары, вулкан, тайфундар тынымсыз кайталанууда. Кыскасы, биз динге болобу, медицинагабы, саясаткабы, бардык нерсеге жаңыча мамиле кылууга мезгил келип жетти. Мына ушул жаңыча мамилени элге үйрөтүү үчүн жакында Бишкекте"Инт вей корпорейшн" компаниясынан "Лайф центр" деп аталган борбор ачылганы турат.

Дары-дармексиз дарылай турган приборлор
"Жашоонун жаңыча сапаты" аттуу девиз бул биздин борбордун девизи. Биздин компания элдерге ооруларды эч кандай дары-дармексиз айыктыра турган медициналык жаңы технологияларды сунуш кылат. Демек, сиз организмге таш жана кум түрүндө чогулуп кала турган таблеткаларды иче берүүдөн алыс болосуз. Анткени азыр чөнтөккө салып коюп, жумуштабы,үйдөбү, транспорттобу дарылана берүүгө өтө ыңгайлуу терапевттик жана антипаразитант приборлору пайда болгон. Бул приборлор төмөнкү жыштыктагы, электромагниттик нурланууну колдонууга негизделген.
Прибордо атайын бир конкреттүү проблемаларга программалар бар. Биз билгендей ар бир органдын өзүнүн жыштыгы бар. Мисалы, өпкөнүкү 1,95, жүрөктүкү 1,9, өттүкү 1,5. Андыктан сиз приборго жүрөктүн программасын киргизсеңиз, жүрөк жыштыгынан (толкунунан) жүрөк гана таасирленет. А эгер бөйрөк жыштыгына койсоңуз, албетте, бөйрөк таасирленет. Мисалы, сиздин бөйрөгүңүз ооруса, прибордун жыштыгы бөйрөгүңүздүн клеткаларын нормалдуу режимге келтирет да бөйрөктүн клеткалары жаңы төрөлгөндөй иштей баштайт.
Техниканын
заманбап түрлөрү ден-соолукка зыян келтирүүдө
Биздин борбордо мындан тышкары электромагниттик зыяндуу нурлануудан коргонуучу каражаттар(чиптер) бар. Өзүңүз билгендей учурда компьютер, мобилдик телефон, кир жуугуч машина, телевизор, музыкалык борбор ж.б.у.с. техниканын заманбап түрлөрү бизди курчап, жашообузду жеңилдетип турганы менен ошол эле учурда ден-соолукка чоң зыян келтирип жатканын эч кимибиз элес албайбыз. Анткени, булардын ар бири электр түйүнү аркылуу иштегендиктен денсоолукка зыяндуу электро-магниттик нурлануунун булагы болуп эсептелинишет. Эми элестетип көрүңүз. Атом станцияларына адамдар нурланууну өткөрбөөчү атайын коргонуучу кийимдер менен киришет. А биз болсо үйдө отуруп алып эле электромагниттик нурланууга күн сайын аз-аздан кабылуудабыз. Анан кантип ден соолугубуз чың болот?Ошондуктан нурлануудан коргоочу атайын каражаттарды (чиптерди)дайым жаныбызда алып жүрсөк жакшы болмок.
Мобилдик телефон эркектерди потенция маселесине алып келет
Мындан 3-4 жыл мурун мобилдик телефондор ар бир экинчи адамда болсо, азыр ар бирөөндө 2-3төн телефон бар эмеспи. Эркектер көбүнчө шымынын чөнтөгүнө салып алышат. Бул сөзсүз түрдө потенция маселесине акырындык менен алып барат. Аялдарыбыз болсо төшүнө илип же төш чөнтөгүнө салып коюшат. Мунун натыйжасында аялдарда бронха, жүрөк, өпкө оорулары пайда болот. Албетте, бул процесс дароо эле эмес акырындык менен өнүгөт. Ал эми Казакстанда болсо 12 жашка чейинки өспүрүмдөргө мобилдик телефон колдонууга таптакыр тыюу салынган. Же болбосо атайын мобилдик телефондорго чапталчу чиптерди (нурлануудан коргоочу каражат) колдонуулары зарыл. Алты жашар балага компьютерге бир күндө 10 мүнөт, жогорку класстын окуучусуна жарым саат гана отурганга уруксаат берилет. Өкүнүчтүүсү, Кыргызстандын Саламаттыкты Сактоо министрлиги мындай нерселерге көңүл бурушпай жатышат. Кыскасы, биздин максатыбыз -жашообуздун сапатын жогорулатуу. Ден соолугуң болбосо 100 миң доллар чөнтөгүңдө турса да анын бир тыйынча кызыгы жок эмеспи. Ошондуктан элибизге бүгүнкү учур тартуулаган нерсени колдонуу керек экенин айтып берүү биздин борбордун милдети. Дагы бир белгилей кетчү нерсе,ар жуманын шаршемби күнү биз үчүн ден соолук күнү. Бул күнү биз чогулган элдерге жогоруда айтылган приборлор, коргонуучу чиптер жөнүндө кенен түшүндүрүп беребиз. Мындан тышкары ар бир адамдын аурасын текшерип, дарыланууга кайсыл программаны колдонуу керектиги жөнүндө кеңеш беребиз. Ар жуманын шаршемби күнү саат 17-00 дө биздин борборго келип, бекер маалымат алып, жогоруда айтылгандарга ар бир адам өзү күбө боло алат.
Аураны текшерүү...
Ар бир орган өзүнүн жыштыгында иштейт. Мына ушул органдар жакшы иштешсе, алар адамды курчап, ар кандай терс таасирлерден коргоп туруучу электромагниттик биоталаасын жаратышат. Мына ушул биоталаанын сырткы кабыгы бул - аура болуп эсептелинет. Аура - адамдын жашоо-турмушунда өтө чоң маанилүү ролду ойнойт. Аура адамды көз тийгенден, ар кандай дубалардан сактап турат. Мисалы, энергетикасы алсыз адамдын жанында турган ден соолугу өтө чың адам катуу кыйкырып же жаман ойлорду ойлосо берки ден соолугу алсыздын аурасын бузуп коюшу мүмкүн. Аурасы бузулган соң ал адам ооруй баштайт. Аураны текшерүүдө биз башка адамдан болгон таасирди да айтып бере алабыз. Бул ачык айкын көрүнүп турат. Проблеманын баары каяктан башталганын да көрүп билебиз. Оорунун баары биоталаадан башталат. Жаман, кир ойлор адегенде эле адамдын биоталаасына туш болот. Эгер аны ошол жерден жок кылбасак, физикалык денеге түшүп кетет. Андыктан оорунун тамырын алгач физикалык денеден эмес, биоталаадан издөө керек.
Бизнестин
жаңы түрүн
сунуш кылабыз
Биздин борбор сапаттуу, жаңы жашоого умтулгандыктан ден соолук менен бирге биз бизнестин жаңы түрүн сунуш кылабыз. Тагыраак айтканда, эң аз акча жумшоо менен бизнес билимин алууга жана өз бизнесин түзүүгө көмөк көрсөтөбүз. Мындан сырткары, электрондук коммерция, фонддук биржа аркылуу акча табууга, жарнамалык промоутер болуп, товарды өткөрүүгө жана туура акча салууга (инвестиция) үйрөтөбүз. Бул өтө маанилүү. Биздин калк азыр каржылык жактан өтө сабатсыз. Каржылык сабатсыздыкты жоюу боюнча да биз азыр тренингдерди уюштуруудабыз. Кыскасы, ден соолугу чың, каржылык жактан эркин болуп, жашоо сапатын жогорку деңгээлге көтөргүсү келген ар бир инсанга биз чын дилибиз менен жардам беребиз.

Асхат Айсаракунов









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!