Дасторкон ажары

Эт, баклажан менен фаршталган помидор
Керектүү азыктар: 6 орточо помидор
Фаршка: 300 - 400 грамм койдун эти
1 чоң баклажан
50 - 70 грамм сыр
1 тоголок пияз
2 баш сарымсак
Петрушка, туз, калемпир
Соуска: помидордун ортосундагы маңызы
2 аш кашык томат пастасы
1 баш сарымсак
4 аш кашык каймак, өсүмдүк майы
Туз, кумшекер, калемпир.

Даярдоо ыкмасы:
Помидорду жууп, кургатып алабыз да, үстүндөгү сабагын кесип, чай кашык менен капкакча кылып маңызын чыгарып алабыз. Өтө күчтүү эмес жай отко помидордун маңызын ысытып, үстүнө томат, өлчөмү менен кумшекер, майдаланган сарымсак, каймак кошуп жакшылап аралаштырабыз. 2 -3 мүнөт отко кайнатып, чыгарабыз.
Пиязды аарчып, төрткө бөлүп туурап алып, майга сарымсак менен кошо 3-4 мүнөт кууруп алабыз. Баклажанды да төрткө бөлүп туурап, өзүнчө идишке кууруйбуз. Этти эт туурагычтан өткөрүп, баклажан, пияздын баарын аралаштырып, татымына жараша туз, сыр, калемпир кошуп 30 мүнөт кууруйбуз.
Ичи тазаланган помидорлорду жылытылган таза өсүмдүк майына бир сыйра малып алып, ичин фаршка толтурабыз. Баарына текши фарштан салгандан кийин мурда даярдалган соустан үстүнө бир чай кашыктан куябыз. Баарын даярдап алгандан соң духовкага (180 температурада) 15 - 20 мүнөт бышырабыз. Ошентип, фаршталган помидор даяр болду.
Тамагыңыз таттуу болсун!

Чайдын пайдасы
Күнүгө үч-төрт маал ичип жүргөн чайда биологиялык активдүү заттар көп. Анын тукумунда кофеин, теобромин, теофиллин өңдүү заттар адамдын акылына оң таасирин тийгизүү менен бирге мээнин кан тамырын кеңейтип, чарчоону азайтып, баш ооруну басаңдатат. Чайды эң негизгиси, туура демдеп, туура сактап ичүү зарыл. Чай түрдүү жытты өзүнө тез сиңирип алат, ошон үчүн аны жыт өткөрбөс айнек, металл идиштерге сактоо керек. Демдөөгө, фарфор чайнектери ыңгайлуу, ал эми темир таш чайнекке демделген чайдын даамы бузулуп калат. Жүрөк-кан тамыр, ашказан - ичеги, боор жана өт ооруларга өтө кызыл чай ичүүгө болбой турганын эстен чыгарбоо керек.Чайды кайнатып алса же чүпүрөк менен думбалай турса жакшы чыгат деген туура эмес. Анткенде жакшы чыгаары чыгат, бирок даамы бузулуп калат.
Лимондуу чай адамдын күчүн тезирээк калыбына келтирет жана суусунду кандырат. Ошондуктан ал ысык климаттуу жерлерде абдан барктуу.
Чайдын ден-соолуктан сырткары косметикалык да пайдасы бар. Чайдан майлуу бет үчүн лосьён даярдоого болот, ал анын көзөнөктөрүн тарытат. Ал үчүн демделген чайга минерал суусунан кошуп, бир нече тамчы лимондун маңызын тамызып,эртең менен кечинде сүртүү керек.
Кызыл демделген чайга жумшак чүпүрөк, кебез малып алып чарчаган көздүн үстүнө басып, 15 мүнөтчө жата турса, көз кадимкидей эс алып, ооруганы басылат.
Ал эми ичилип бүткөн чайдын чамасын төкпөстөн жыйнап, кургатып алып, кирдеп кеткен түктүү килем, паластарды тазалоого болот. Аны бир аз нымдап туруп, килемдин бетине чачат да түгүнө каршы тарапка катуу шыпыргы менен шыпырат. Ошондо кирдин баары томолоктошуп чыгып, килемдин өңү оңолуп, тазара түшөт.




Чач жасалганы кантип туура тандоо керек?
Чач жасалга тандоодо айымдар дене түзүлүшүнө, башынын, бетинин формасына, моюнуна жараштырып төмөндөгүдөй чач жасалгаларды тандап алышса болот.
??Бети тоголок, моюну кыска айымдар чачты бийик түйүп, моюнду ачык койгону оң. Же болбосо чачын кыска кырктырып, негизги бөлүгүн төбөгө калтырат да, моюн менен жаак жактагы жука кыркат. Ушундай жасалга аздыр - көптүр моюндун кыскалыгын жашырып, жарашыктуу көрүнөт.
??Сүйрү беттүү бийкечтерге чачын ийнинен кылып, түз коё берген жакшы жарашат. Белгилей кетчү нерсе, бети сүйрү, мойну узундарга эч убакта чачын майда тармалдатуу сунушталбайт.
??Чап жаак, арыкчырай келген аялзатына чачты жаагына түшүрүп, каре кылып кырктырган ылайык. Эң негизгиси эч убакта чачты төбөгө түйүп же өйдө байлабаңыз.
??Маңдайы алыс жайгашкан айымдар текши, коюу кылып көкүл кыркып алышат. Бирок аларга жука, кыйгач кыркылган көкүл көбүрөөк жарашып, көрк берет.
??Чекеси жакын кыздар чачын өйдө тарап, маңдайын ачык койсо жарашыктуу көрүнөт.





Кийим үтүктөөнүн эрежелери
Кийимди үтүктөө алдында үтүктүн таманынын тазалыгын текшерип, өтө ысып кетпешине көз салып туруу керек. Ал үчүн үтүк менен кургак пахта кездемесин басып көрүңүз. Эгер үтүктүн таманы кир болуп кетсе нашатырь спиртине чыланган кебез менен сүртүп, андан кийин үтүктү ысытып алып, нымдуу пахта чүпүрөгүн басып текшерүү керек. Ошондой эле үтүктүн бетине майда туз себилген кагазды басса дагы жакшы тазаланат.
Эгер шымды уксустуу сууга нымдалган чүпүрөк менен үтүктөсө , изи оңой менен тарабайт. Шымдын ичине кургак самын сүртүп, ал эми сыртынан ным чүпүрөк менен үтүктөсө дагы изи бир топко чейин сакталат. Пахта кездемесинен тигилген кийимдер оңой үтүктөлүшү үчүн, аларды алдын -ала ысык сууга нымдалган түктүү сүлгүгө ороп коюу керек.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!