Миргүл Эсеналиева:
"Урмат менен Неля АКШга чыгармачылык сапар менен барышты"
Жакында "жаш жубайлар Урмат менен Неля АКШга барып бал айын өткөрүп келди" деген маалыматтар айрым басылмаларга чыккан эле. Бирок, алар ал жакка атайын бал айын өткөрүү үчүн эмес, АКШда жашаган кыргыздарга концерт тартуулаганы барышкан экен. Мына ошол концерттин уюштуруучусу, "Сонун мюзик" студиясынын аткаруучу директору Миргүл Эсеналиеваны маекке тарттык.

- Миргүл, Америкага болгон сапарыңар жөнүндө кеп салсаң. Дегеле бул концерт кимдер тарабынан уюштурулду?
- Бул концерттик сапар АКШдагы "Кыргыз клаб"коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулуп, аталган уюмдун Лос- Анжелестеги өкүлү Жаныш Осмоновдун чакыруусу менен келишимдин негизинде Нооруз майрамына карата концерт коюп барып келдик.
- Алар Урмат менен Неляны сунушташты беле?
- Жок. "Бул ырчы келсин" деп кеп салышкан эмес."Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өзүң каалаган ырчыларды алып келе бер"- дегенинен мен Урмат менен Неляга токтолгом.Негизинен бул эки жаштын Америкага болгон алгачкы чыгармачылык сапары болду. Бирок,басма сөз беттеринин бирине "Бал шириндердин" бал айы" деп туура эмес маалымат кетип калыптыр. Ошол учурга дал келип калгандыктан бал айы десек деле болот, ошентсе да эң негизги себеп айтылыш керек эле да. "Атын атаса - куту сүйүнөт"- дегендей уюштуруучу тарапты белгилеп кетсе жакшы болмок.Учурдан пайдаланып, "Кыргыз клаб" коммерциялык эмес уюмуна, Маданият министри Султан Раевге жана кинорежиссер Болот Шамшиевге ыраазычылык билдирем.
- Маданият министрлиги тарабынан кандай колдоолор болду?
- Виза ачтыруу деле оңой эмес да. Ушул жагынан көмөк көрсөттү.
- Каражат маселесичи?
- Кетирилген чыгымдардын баарын жогоруда айтылган уюм каржылады.
- Боордошторубуз кандай кабыл алды?
- Алардын айтуусу боюнча кыргыз ырчыларынан концерт коюп биринчи жолу Урмат менен Неля барды. Кыргыздар бизди көргөндө эле көздөрүнөн жаш айланып, ыйлап жиберчүдөй болушту.Жакшы каалоо-тилектерин айтып, биринен сала бири Кыргызстанды сурап жатышты. Нью-Йорктун Сафран деген айылында жашаган Акыл байке үйүнө чакырып, туугандарын чогултуп кой союп сыйлады. Акылтай деген дагы бир жердешибиз Чикаго шаарындагы "Мексика" ресторанында конок кылды. Таң калыштуусу,ресторандын ичи биз жактагыдай тынч эмес, ызы чуу экен. "Дордойго" баргандай эле болдук, бири-бири менен кыйкырып сүйлөшүшөт экен. Тамактарынын даамдары да бир башкача.Көбүнчө биз Нью-Йоркто жашадык. Кыскасы жердештерибиз кыргыз эли кайда жүрбөсүн меймандос калк экенин айгинелеп, жылуу маанайда тосуп алып, көңүлдүү узатышты.Айтмакчы, Лос-Анжелестеги концертибизге кыргыздын белгилүү спортсмени Алмазбек Райымкулов жубайы менен келип, кыргыз элине сагынычтуу саламын айтты.
- Аз болсо да аралашып калдыңар. Кыргыздардын жашоосу менен таанышкандырсыңар...
- Мени сүйүндүргөнү ал жактагы кыргыздар абдан жакшы жашашат экен. 15-20 жылдан бери жашап, отурукташып калышыптыр. Нью-Йорктон көбүнчө студенттерди кезиктирдик. Чикагодогу кыргыздардын көбү таксисттер , ал эми Филадельфияда болсо жердештерибиздин басымдуу бөлүгү курулуш жагында иштейт экен.
- Мындай концерттик сапар мындан ары да улантылабы?
- Буюрса, кийинки сапарыбызды август айына пландаштырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатам. Убакыт- сааты келсе дагы бир -эки ырчыны алып барып келем.

Ж.КАЛДАРОВА




  айлампа

Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
Жанара Атабекова Азизага суроо узатат:
- Азиза, жаңы бизнес баштаганы жаттың эле.Эгер ал бизнесиң өнүгүп кетсе, ырчылыкты таштайсыңбы?

- Жакында эле түштүк жергесине гастролдоп барып, кыргыз, өзбек, тажик туугандардын жарпын жазып капчыгымды кампайтып келгем. Ошол каражат менен баштаган тамым бүткөнү калды.
Мүзүр Ирлан Таалайбековго суроо узатат:
- Ирлан, сенин үн студияңды өзүңө жакын эле адамдар тоноптур дейт. Ошол чынбы?

- Сен айткан бизнесимди баштадым.Бирок, толук кандуу ишке кирише элекмин. Өнүгүп, таптакыр убактым болбой калганда гана аргасыздан таштабасам, чыгармачылыгымдан кол үзө албайм.
Азиза Абдылда Иманкуловго суроо узатат:
- Абдылда байке, ар бир айдын алтысында элге эң сонун жакшы концерт коюп жатасыздар. Концерттен түшкөн акчаны көрүнүктүү эмнеге жумшап жатасыздар?

- Оо, кокуй, ошо көрүнүктүү бирдеме алганга каражат жакшы түшпөй жатпайбы? Кайра эле өзүнүн чыгымына кетип жатат. Эгер чо- оң түшүп баштаса, баарын уялбай эле, катпай эле ачык айтып бермекмин.
Абдылда Мүзүр Мамбетовго суроо узатат:
- Мүзүр иним, кризис убагында кантип там салып жатасың?

- Аны көзүң менен көрбөгөндөн кийин айтыш кыйын. Бирок, ууру алыстан келбейт. Мен деле студиядан маалыматы бар адамдар алды деп ойлойм. Тилекке каршы, ууру изин таптырбай кетти.
Ирлан Кайрат Примбердиевге суроо узатат:
- Саясатка көз карашың кандай?

- Бүгүнкү саясат айдыңында болуп аткан окуялардан кабардармын. Бирок, саясатка кийлигишким келбейт. Негизи саясат менен шоу-дүйнөнү орусча айтканда "грязное дело" деп коюшат го. Азырынча бирөөсү эле жетишет мага.
Кайрат Омарга суроо берет:
- Омар Америкага кетем деп жатпадың беле? Качан кетесиң?

- (Күлүп) Кайрат досум, жакында эле сага жолугуп сүйлөшпөдүк беле. Эмнеге кайра сурап жатасың билбейм. Эгерде аябай кызык болуп атса, документтерим бүтпөй кармалып жатам. Убакыт-сааты келип, кетип жаткан күнү сага байланышып коём .
Омар Максат Бегалиевге суроо узатат:
- Макс, машинаңды "Одиссейге" алмаштырам деп жаттың эле. Алмаштырсаң үстүнө канча кошуп бердиң? Болбосо, менде "Одиссей" табылып жатат, кайрыл.

- Алмаштыра элекмин. Азырынча башка варианттарын да карап жатам. Учурда Нарындамын. Баргандан кийин сага жолугуп, айткан машинаңды көрөбүз.
Максат Бактыгүл Бадыевага собол узатат:
- Эгерде досуңду же сүйүүнү танда десе кимисин тандамаксың?

- Ойлонбой туруп досумду тандайт элем. Анткени, сүйүүнү тапса болот, а ишенимдүү досту табыш кыйын. Кандай болгон күндө да эч качан сүйүү үчүн досумду кечип, сүйүүгө досту алмаштырмак эмесмин.
Бактыгүл Шайырбек Араповго суроо узатат:
- Жакында УТРКнын кызматкерлери аттестациядан өтүштү деп уктум.Жыйынтыгы кандай болду? Сен өттүңбү?

(Уландысы кийинки рейсте)