п»ї

  дил азык

Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"
- "Ысык-Көлдү" сагынуу аттуу ыр чет өлкөдө жаралган. Бир күнү мага Чыкем телефон чалып, "Европа деген алакандай жер, чалбайсың, "кабарлашпайсың" деп таарынып, анан экөөбүз Триэр деген шаардан жолукмай болдук. Белгиленген убакытта мен ал жерге жетип бардым. Жайдын ысык күнү болчу. Экөөбүз амандашып көрүшүп, жей турган тамак - ашыбызды алып үйгө келдик. Эс алып, Кыргызстандагы жаңылыктардан кеп кылып отуруп, композитор Штокхаузендин, поп ырчы Майкл Жексондун чыгармачылыгы тууралуу сөз болду.
- Штокхаузен өзү композитор болсо да сүрөт тартып калат экен. Сиз прозадан поэзияга өтүп кеткендей эле болуп жатпайбы. Сиздин чыгармаларыңызда кездешкен ырларды кайдан аласыз?
- Кээде ар кандай булактардан, же болбосо өзүм жазып коём.
- Андай болсо сиз мага бир ыр жазып бербейсизби?
- Ай, койчу эми, мен ыр жазайынбы? - деп күлүп калды.
- Мына көңүлүңүз көтөрүлүп калды. Маанайыңыз жакшы кезде ыр жазбасаңыз болбойт. Азыр өзүңүз алыста жүрөсүз, сагынып жаткандырсыз, ошол сагынычты эл - жерге берип, ыр жазсаңыз жакшы болот эле.
- (Үшкүрүнүп) Ой, Ысык-Көл эсимден кетпей койду.Тоонун чокулары көз алдыма келип, акыркы күндөрү түшүмө да көп кирет. Анын үстүнө көптөн бери көлгө бара элекмин да. Барайын дейм, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет....
Чыкемди бир аз ойго салып койдум окшойт, көңүлүн көтөрөйүн дедим да пианиного олтуруп, ар кандай шаңдуу музыкалардын үзүндүлөрүн ойносом, мага тамашалап:
- Мен азыр келем. Маймыл Жекшенди (Майкл Жексонду тамашалап ушинтип атап койчу) көрөйүнчү,-деп сыртка чыгып кеткен. Өмүрүндө Айтматовду кара сөздөн акындыкка өткөргөн мен болдум. Бир аздан кийин кирип эле "Кыялымда ак куу болуп, учуп жүрөм көл үстүнөн" деген саптарды мага окуп берди. Ошентип бир куплети кетти.
- Ой, сонун болду, эми экинчи куплетин жаратыңыз.
- Биринчи куплетте бийик чокудан көл үстүнө учуп бараттым эле, эми ошол көлдүн үстүнө ылдый түшөйүн,- деп кыргыздын мөөрүн көл үстүнө басып, "Изим калды чет-четинде" деген саптары менен бүтүрдү. Андан кийинки үчүнчү куплетинде элге болгон сүйүүсүн чагылдырды.
- Бул ырдын музыкасын мындай кылып чыгарат болушуң керек ээ Муке, "Кыялымда ак куу боо-луп" деп "болуп" деген жерин үнү, обону жетпесе дагы созуп кыңылдап бергенде, шак эле "болуп" деген сөзгө келтирген Чыкемдин обонун мээге сактап алдым. Ошол күнү ал кишилер уктагандан кийин мен түнү менен музыкасын жазып бүтүрдүм. Бүткөндөн кийин Чыкеме дароо угуза алган жокмун. Андан кийин унутуп калыптырмын. Жарым жылдан кийин Кыргызстанга келдим. Анда Консерватория жаңы курулуп жаткан кез эле. Ошол жылы Чыкем да келип калды. Жолдон абдан чарчап кечинде келди. Мурда өзү мага белек кылган япондордун наушник аппаратын берип:
- Чарчадыңыз, бул ырды уксаңыз?.. Наушникти кулагына кийгизип койдум.
Угуп бүткөндөн кийин...
- (Ойлуу) Жакшы ыр экен, бир жерден уккандай болуп жатам...
- Чыке, баягы сиз Триэрден жазган ыр да...
Аябай сүйүнүп:
- Опей, кайра коюп берчи?...деп дагы угуп чыкты.
- Муратбай, жакшы болду. Үч күндөн кийин Казакстанда маданий иш-чара болгон жатат. Ошого бул ырды ырдатпайлыбы? -деп анан ал жакка даярдык көрүп, ырды Гүлнур Сатылгановага ырдаттык. Үч күндөн кийин Казакстанга жөнөдүк. Ал кечеде Муктар Шаханов ырга суктанып, жакшы ойлорун айтып, Чыкемдин эң алгачкы обондуу ырын абдан мактаган.

Гүлнур
Сатылганова:
- Бул ырды мага 1996-жылы ырда деп сунушташкан. Сөзү, музыкасы дагы абдан жаккан. Биринчи жолу Казакстанда Чынгыз Айтматов менен Муктар Шахановдун чыгармачылык кечесинде ырдагам. Ырдын аранжировкасына идеяны Максат Сулайманов берсе, аранжировка жасагандар Таалай Дүйшеев менен Бакыт Айтбосуновдор болгон. Ал эми кыргыздын эл аспабында белгилүү музыкант Нурлан Нышанов ойногон. Беш-алты адамдын эмгегинен жаралган ыр болгондуктан азыркы күнгө чейин ырдалып келет. Жогорку деңгээлде уюшулган маданий кечелерде режиссёрлордун суранычы менен аткарып жүрөм. Быйыл Нооруз майрамында аранжировкасын жаңыча жаздырып ырдап чыктым. Учурунда Чыңгыз агайдын көзү тирүү кезинде көлдүн жээгинде анын балалыгын чагылдырган клип тартайын деген ойлор болгон. Бирок, тилекке каршы, ал ойлорум ишке ашпай калды. Ошентсе да башкача сценарий менен бул ырга клип тартсак болот.

Ысык-Көлдү сагынуу
Сөзү Чыңгыз Айтматовдуку
Обону Муратбек Бегалиевдики

Кыялымда ак куу болуп,
Учуп жүрөм көл үстүнөн.
Көк асмандын мейкининде,
Балык сымал эркин сүзөм.

Кайырма:
Алыс кетсем куса болуп,
Сагынам салкын төрүм.
Алтын көлүм, Ысык-Көлүм,
Сагындым мен толкун көркүн.

Байыркынын, бабалардын,
Сөзү калды көл бетинде.
Балалыгым эстен чыкпайт,
Изим калды көл четинде.

Кыялымда учуп барам,
Бийик чокунун үстүнөн.
Кылым карып кырлар ашкан,
Кыргыз көлү чөкпөсө дейм.






  КҮНДӨЛҮК

Атасын ыйлаткан
Лилия Абдубаитова
? 1979-жылы 5-мартта Казакстандын "Лениногорск" азыркы "Ридер"шаарында төрөлгөм. Апамдын улуту орус болсо, атам Нарындын кулуну болот. Лилия гүлүнүн атынан улам атам менин атымды Лилия деп коюптур. Баарынан чоң атамдын мени "Лю" деп эркелеткени жакчу.
? Үч айлык кезимде чоң энем менен чоң атам Нарын шаарына алып кетип, ал кишилердин колунда чоңойдум.
? "Эки жашыңда Алла Пугачёванын ырларына бийлеп, боорубузду эзчүсүң"- деп үйдөгүлөр айтып калышат.
? Үч жашымда өзүмдүн ата-энем Бишкектеги бала бакчалардын бирине алып келген. Бирок чоң апаларымды сагынып, куса болуп ыйлаганымдан кайра Нарынга жеткирип бергенге аргасыз болушкан.
? Эс тартып калганга чейин сүт менен каймакты жакшы көрүп жегем.
? Алты жашымда эжем башка-көзгө койгулап, "китеп окуганды билбейсиң"- деп аябай урушканы эсимде. Ошол күнү кечке ыйлагам.
? Түнкүсүн жашыл кичинекей одеалымды үстүмө жаап коймоюнча уктачу эмесмин. Себеби, анын бир учун соруп жатканды адат кылып алгам.
? Жети жашымда Нарын шаарындагы №2 - Чкалов атындагы орус мектебинин босогосун аттагам. Чоң атам короодон үзүп келген Астра гүлүн кагазга ороп алып мектепке алып баргам.
? Классташтарымдын көбү орус улутунда болгон. Мектептеги эң тентек классты бүтүргөм. Кол жазмам абдан начар болгону менен сабактарды жакшы окуп, маданий иш-чараларды, кароо-сынактарды уюштурганга шыктуу болчумун. Досторума тамашалап "Таланттуу адамдардын кол жазмасы начар болот" деп күлүп калчумун.
? Мектепти аяктаганча математика, геометрия сабактарын жек көрүп, үч алган күндөрүм көп болгон.
? Жетинчи классымда Канат аттуу кошуна балага курбум экөөбүз сүйүү катын жазып алып аябай уялганбыз. Бирок биздин үйдө темирдей катуу тартип болгондуктан мектепти бүткүчөктү жигит менен сүйлөшкөн жокмун.
? 1996-жылы мектепти бүтүрүп, медик, экономист болгум келген. Бирок эжелеримдин кеңеши менен БГУ нун орус филология факультетине тапшыргам.
? Биринчи курсумда бир жигитти катуу сүйүп, оюмдун баары ошол жигит болуп калган. Мен аны жакшы көрөөрүмдү билип калып, өзүнчө эле мага бой көтөргөн. Кийин ал аскерден келгенде мен аны карабай койгом. Ха-ха-ха...
? 1999-жылы декабрь айында "Кыргызстан Обондору" радиосуна келгем.
? Экинчи курста окуп жүргөндө "Европа плюс" радиосунда иштеген группалаш балдарым "Бизде кыргызча радио ачылып жатат, барбайсыңбы" деп калышты. Барсам "орусча акцентиң бар экен. Биз сага үч ай убакыт берели, өздөштүрүп кетсең каласың"- дешти. Буйрук экен, ди-джей болуп иштеп калдым.
? Биринчи жолу эфирге чыкканымда аябай толкунданып, калтырап, Роза Аманованын ырын адаштырып айтып алгам. Көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Досторум мага "Орус филологиясында окусаң, апаң орус болсо, кандайча "Кыргызстан обондоруна" барып калдың?" дешкен "Нарында чоңойсом, кыргызча так сүйлөсөм, сүйлөөктүгүмдөн ди-джей болдум"-деп тамаша катары жооп берип калам.
? Группалаштарым орус кыздар болсо дагы менин эфирлеримди калтырбай угушкандыктан мен аларга салам жолдочумун. Курбум "Натальяга салам жолдойм. Окууларына ийгилик" деп артынан "Малик Аликеевдин "Мөлмөлүм" аттуу ыры жаңырат" деп алып ичим ооруганча каткырып алчумун.
? 2003-жылы декабрь айында түштүк жерине турмушка чыгып, 15-январда Жалал-Абадда үйлөнүү тоюбуз өткөн.
? Түштүккө келин болсом да эшик шыпырып, алардын салтын катуу деле карманган жокмун. Менин кайын- журтум абдан түшүнүктү, жакшы адамдар.Бир жолу улуу кайнагам кыштын кыраан чилдесинде мага жүзүм көтөрүп келип, "Лилия, муну эч кимге көрсөтпөй өзүң жеп ал" деп атайын жүзүм алып келген. Анткени менин жүзүмдү жакшы көрөөрүмдү баары билишчү. Ырахмат айтып, шкафтын үстүнө катып койгом. Аны кичүү кайним көрүп калып, кечки тамакка баарыбыз олтурган кезде "Жеңе жана сиз катып алган жүзүмдөн бериңизчи",-дегенде "ий азыр мен аны каткан эмесмин, баарыбыз чогу жейли деп коюп койгом"деп уялганымдан калп айтып жибергем.
? Үйлөнүү тоюбуз аяктап, ата-энем Нарынга кетип жатканда атам аябай ыйлаган. "Кыз болбой эле эркек болуп калсаң эмне?"деп менин башка бүлөөгө келин болгонума ичи ачышкан. Апама караганда атамдын ыйлаганын көрүп алып, алар кеткенден кийин Арстанбекти кучактап ыйлап, аны да ыйлаткам.
? Боюмда бар кезде сүт менен дарбызга талгак болгом. Төрөөрүмө эки жума калганча иштедим. 25-июлда жыйырма беш жашымда биринчи жолу эне болдум. Уулумдун аты Эмир. Аяштарыбыз "Тынардын көзү бакыракай, балаңардын көзү чоң болот" деп тамашалап калышчу. Тескерисинче балабыздын көзү таятасыныкына окшошуп, бүтүк болуп калган.
? 2008-жылы февраль айынын башында түнкү каналга чыктым. Клип болуп жатканда кофе иче калам деп, көзүмдөн жаш кеткенче какап-чакап жатып, эфирге жетишпей калып, бир топко пауза болуп калганы эсимде.
? 2007-жылы 1-апрелде түз эфирде Чынгыз менен Назирага катуу алдангам. Мен түшкү 12-00гө чейин иштеп, андан кийин Назира менен Чынгыз эфирге чыкмак. Чынгыз кечигип жатканынан Назирага эфирди тапшырып кетип калгам. Бир сааттан кийин Назира "Лилия эже, Чынгыз жаңы эле келди. Бирок суранып кайра кеткени жатат.Той алып барат экен" деди. Ушунчалык жиним келип, берчи Чынгызга дедим да "Чынгыз, сага эмне "Кыргызстан Обондорунун" кереги жокпу? Дайыма ушундайсың, уят эмеспи" деген сыяктуу сөздөр менен орусча аралаштырып катуу уруша баштадым. Ал "макул, макул, болдуңуз. Мени аябай жамандап салдыңыз, биз түз эфирдебиз, сизди алдадык" дегенде уялып, Чынгыздан кечирим сурагам.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??