п»ї

  атактуулар ааламы

Джулия Робертс
Блиц-анкета
Туулган жылы: 1967-жыл 28-октябрь
Туулган жери: АКШ Джорджия штаты, Смирна шаары
Үй-бүлөдө: эки бир туугандын кичүүсү. Агасы Эрик, эжеси Лиза
Жакшы көргөн жаныбары: ит, жылкы
Жактырган түсү: кызыл, ак
Жашоодогу урааны: Өткөн ишке өкүнбөө
Үй-бүлөлүк абалы: бир кыз, эки уулдун энеси
Өкүнгөнү: бала чагы оюндагыдай өтпөгөнү
Сыймыктанганы: бир топ ийгиликтерди багынтканы
Эң биринчи жолу: 1984-жылы "Дайыма жаш" киносуна тартылган
Баардыгы биригип: 38 тасмада башкы каармандын ролун жараткан
Азыркы тапта Америка Кошмо Штатынын тургундары эле эмес, коңшу өлкөлөрдүн да сүйүктүү актрисасы Джулия Робертс Голливудда бир тасмага тартылганы үчүн эң көп гонорар алган актриса болуп саналат. Жашы кырк экиге келсе да, үч баланын энеси болсо да кино жаатында талыкпай эмгектенип, кино сүйүүчүлөрдүн көңүлүн арбап келет.

балалыгы
оор өткөн актриса
1967-жылы 28 - октябрда Джулия Робертс жарык дүйнөгө келгенде анын үй-бүлөсүндө каражат жагынан тартыш болгон. Жаңы төрөгөнүнө карабай ымыркайын улуу кызына каратып коюп, Джулиянын апасы керээлди кечке иштегенге аргасыз болгон. Джулия төрт жашка чыкканда Бетти Лу Робертс (апасы) күйөөсү менен ажырашып, театр тармагындагы сынчы Майкл Мозеске турмушка чыгат. Джулия эс тартканда өгөй атасынын жасаган орой мамилесине, кордугуна чыдабай он үч жашында эле өзүнүн тамагын өзү таап, бөлөк жашаганга бел байлайт. Алгач пицца саткан кафеде кассир болуп иштесе, кийин официантка болуп иштегенге өтөт. Ошол эле учурда болочоктогу актриса сулуулук сынактарына катышып келген. Келечекте модель болом деп кыялданат. Ал эми апасы Бетти экинчи никесин жашоосундагы эң чоң ката деп, балдарынын алдындагы күнөөсүн сезип, алардан кечирим сураган. Ошол эле учурда Джулиянын атасы да жаш кызга үйлөнүп, аялы жол кырсыгынан каза болгон. Атасы айыкпас дарттан (рак оорусунан) көз жумат. Ошентип, Джулия Робертстин жашоосу оорлоп, өз жанын өзү бага баштайт. "Кичинекей кезиңде ата-энеңдин бирөөсүнөн айрылсаң, келечекке болгон үмүтүңдү үзөсүң. Атамдын тармал чачтары менен кой көздөрү эсимде сакталып калды"-деп эскерет актриса.
Джулиянын актриса болушуна бир тууган агасы Эрик Робертс түрткү болгон. Себеби, ата-энеси ажырашканда Эрик атасы менен калып актёрлук кесипти аркалаган. Атасынын чакан актёрлук мектебин жетектеп, эпизоддорго катышып, убакыттын өтүшү менен бир топ тасмаларда баш каармандардын ролун жараткан. Ал эми Джулия эң биринчи ролун агасы менен чогуу аткарган.
Тагдырына
байланышкан тасма
Джулия аткарган бир топ кинолор бар. Бирок, көпчүлүк аны "Красотка" киносунан жакшы таанышат.
1990-жылдары "Красотка" киносу элдин сынына чыккандан кийин Ричард Гир менен Джулия Робертстин мамилеси күч алганы көпчүлүккө маалым. Жашоосундагы бул эпизодду актриса өзү да жашырбайт. Джулия өз сезимдерин Ричардга билдирет. Бирок, Гирдин үй-бүлөсү бар болгондуктан Джулиянын сүйүүсүн четке каккан.
1993-жылы Джулия Лайл Ловетке турмушка чыгып, аны менен эки жыл жашаган. Андан кийин оператор - постановщик Дэнни Моудер менен 37 жашында баш кошот. 2002-жылдан бери Джулиянын Нью-Йорктогу үйүндө жашап келишет. Негизи актриса жолдошу жөнүндө журналисттерге маалымат бергенди жаман көрөт. Анткени, Дэнни өзүн пиар кылганды жактырбагандыктан "мен жөнүндө эч кимге айтпа" -деген.
Актрисанын тукумунда эгиздер бар болгондуктан, ал дагы кичинекей кезинен эгиз балалуу болгонду тилеп келген. Турмушка чыккандан соң жарым жылга жетпей Хейзел жана Финнеус аттуу эгиз балалуу болот. Буга чейин "Ближе", "Двенадцать друзей Оушена" тасмасынын презентациясына катышам деген ою ордунан чыкпай 2004-жылы эки эгизди жарык дүйнөгө алып келет. Джулия варльгофа (кандын начар айланышы) менен ооругандыктан өмүрүнө коркунуч туулган. Бирок, эне болууга ашыккан актрисаны мындай коркунуч да токтото алган эмес. Джулия балдары үчүн өз өмүрүн берүүгө алдын-ала макулдугун берген.
Үй-бүлөлүк бакытты биринчи орунга коюну туура көргөн актриса мурдагыдай киного көп тартылбай калган. Тартылса да жолдошу Дэнни кинооператор болгондуктан бардык жактан колдоо көрсөтүп, жокто балдарын карап көмөк көрсөтөт. Джулия өзү кичинекей кезинде өгөй атасынан көргөн кордукту, жашоодо кыйналганын балдарына көрсөтпөйүн дейт. Өзү кур калган бактылуу балалыктан балдарын да кур калтыргысы келбейт. Ошон үчүн карьерасын курмандыкка чалууга даяр экенин билдиргенден тажабайт.
Робертстин
байлыгы канча?
Эл сүйгөн актриса баш-аягы отуздан ашык кинодо башкы ролду ойногон. Бирок, алардын көпчүлүгүн башынан аягына чейин көрүп чыккан эмес. Алтургай сыналгыдан өзүнүн киносу болуп жатса дароо башка каналга которот. "Улыбка Моны Лизы" тасмасында мугалимдин образын жаратса, чыныгы жашоосунда мугалимдик кесипти аябай жаман көрөт. "Мугалимге караганда бала багуучу боло алам"-дейт Джулия. Ал эми 2007-жылы 18-июнда 3,8 килограмм салмактагы Генри Даниэль Модер деген наристени жарык дүйнөгө алып келди.
Азыркы тапта Манхэттендеги үйүндө жашашса, андан сырткары Калифорнияда, Таходо да эки үйү бар. "Om Red Films" кинокомпаниясы да Робертске таандык. Баш аягы актрисанын бюджетинде 250 миллион доллар бар. "Эрин Брокович" киносунан 20 млн гонорар алган. Үйдө отургандан бери актриса түймө түйгөндү үйрөнүптүр. Белгилей кетчү нерсе, Робертс балдар үйлөрүнө көп жардам берет.
"Жылаңачтанып
тартылуудан
баш тарттым"
Жакынкы күндөрдө эле актрисага жогоркудай сунуш түшкөн. Буга чейин бир топ кинолордо ачык-айкын эле эротикалык эпизоддорду аткарып келсе да, эмнегедир бул сунуштан баш тартты. Режиссёр мындай жоопту күтпөгөндүктөн кайра-кайра сунуштагандан арданган жок. Үч баланын энеси жылаңачтанып тартылууну каалабай жатканын мындайча түшүндүрдү. Биринчиден ал мурда "Красоткада" тартылгандай жаш эмес. Экинчиден азыр ага актёрлук кесиптен алган гонорар, атактан мурда үй-бүлөсү, сүйгөн жары биринчи орунда турат. Эми актриса өзү басып өткөн жолдорду даректүү фильм кылып тартат.




  шоу-бизнес жаңылыктары

Анна Семеновичтин
боюнда барбы?
Орус шоу-бизнесиндеги эң сексуалдуу айым Анна Семенович жакында эне болгону турат. Тагыраак айтканда буга чейин карьераны биринчи орунга коюп келген Анна жакындан бери жеке жашоону, үй бүлөлүк бакытты ойлой баштады. Анын азыр өмүрлүк жар болуучу түгөйү бар жана андан балалуу болгусу келет. Алтургай "Муз ТВдагы" Андрей Разыграев менен чогуу тартылуучу долбоордон да баш тартып, Семеновичтин ордун Лена Кудрявцева ээлеген.
Азыркы тапта Аннанын боюнда бар экенин журналисттерге телевидениеде чогуу иштеген кесиптештери билдирди. Бул маалыматты тактоо үчүн айрым кабарчылар ырчыга кайрылганда, ал албетте бир топ суроолорду жоопсуз калтырган.
Алла Пугачева Ротаруну эмнеге күнөөлөдү?
Жакында эле "Life" сайтына Алла Пугачева София Ротаруну күнөөлөгөн билдирүүсү жарык көргөн. Анткени, примадоннанын билдирүүсүндө София аны менен чогуу Россияга гастролдоп чыгам деген убадасына турган эмес. Буга ошол эле учурда София Ротаруну башка бирөө концертке чакырып, ири суммадагы акча сунушташканы себеп болгон. Бул жалаага Софиянын келини төмөнкүдөй жооп кайтарды: - София Михайловна башынан эле Алла Пугачева уюштурган концерттерге катышпайт. Примадоннанын туулган күнүнө барып кайненем аны куттуктап ырдап бермек. Сыягы Алла Борисовна туура эмес түшүнүп калган окшойт.
Серёга уулдуу болду
Рэпер Серёга жакында эле уулдуу болду. Украиналык Полина аттуу бийкеч менен Серёга көптөн бери жарандык никеде жашап жүргөн. 10-апрелде Полина салмагы 3 кг. 820 грамм, бою 52 сантиметр болгон наристени жарык дүйнөгө алып келди. Серёга төрөткө катышып, уулун эң биринчи колуна алды. Жубайынын ден-соолугу жайында болбогондуктан аны менен рэпер эки жума ооруканада жаткан. Азыркы учурда түгөйлөр дос-туугандарынан куттуктоолорду угуп, бакытка балкып турган чактары. Мурда белгиленген гастролдорунун баарын жыйыштырып, ырчы азыр болгон убактысын уулу менен жубайына арнап жаткан кези.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??