атактуунун арзуусу

Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
Сүйүү дүйнөнүн негизин курат,
Дүйнөгө жаңы келгендер аны,
Эскирген сайын жаңыртып турат... деп айтылуу орус акыны Д.Байрон айткандай, сүйүүнү эч качан карытпай жашартып келген атактуу адамдар арабызда бар. Балким, акча абийирден кымбат туруп калган азыркы катаал шартта, мына ушундай адамдар сүйүүсүн сактап келгени үчүн сүйүүнүн аты өчпөй келеттир. Айтор, кандай болгон күндө да актёр, алып баруучу Турусбек Жумалиев менен келинчеги Зоя Токторбаеванын сүйүүсүн айтууга арзыйт.

Сырдашуу
Турусбек менен Зоя Москвадагы театралдык институттан таанышкан. Экөө курсташ болчу. Бирок, алар дароо эле жакындан сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жетелешип жүрүшпөдү. Болгону Турусбек аны сыртынан гана жактырып жүрчү. Ага Зоянын жакшы окугандыгы, өзүн тыкан алып жүргөндүгү, сөздү орду менен сүйлөгөндүгү абдан жага турган. Бирге окугандыктан курсташ катары жакшы мамиледе болушчу. Турусбек 1-курска киргенден кийин көп өтпөй атасы каза болуп, Бишкекке келип кетет. Мына ушундай кайгыдан арыла албай, ызага батып жүргөн күндөрүнүн биринде Турусбек жатакананын узун коридорунун маңдайкы терезесинде, сырттагы суукка көкүрөгүн тосо кардын жааганын карап ойлуу турган. Бир мезгилде арт жагынан:
- Турусбек, сен аябай кайгырып жүргөндөйсүң,-деди Зоя жакындай берип.
- Билбейм, негедир кызыктай болуп жүрөм,-деп жооп берди Турусбек ички сырын жашыра албай.
- Негизи экөөбүздүн тагдырыбыз окшош болуп калды окшойт. Бул жакка окууга тапшыраар кезде менин да атам каза болуп калган. Ошондон бери бассам-турсам атам эч оюмдан кетпейт,-деди көзүн андан ала кача, карегине айланган жашты Турусбектен жашыра жерди караган Зоя. Ал кайрадан ортодогу тынчтыкты бузуп, сөзүн улады:
- Атадан ажыраган эң жаман экен. Сага мурда ай сайын акча келип турчу эле. Акыркы күндөрү келбей да калды окшойт. Ал жагынан кыйналып жүргөндөйсүң? Балким, маанайың ошого да түшүп жүрөт го дейм. Мен баарын түшүнөм, бирок... Бирок, менде да ашыкча акча тыйын болбой жатат.
- Жо-ок, азырынча мага акчанын деле кереги жок,-деп экөө аркы-беркини сүйлөшүп олтурушуп, саат түнкү төрт болуп калганын сезбей калышты.
Ак сүйүүнүн ачкычы...
Ошентип убакыт көзгө илешпей өтө берди. Турусбек киндик каны тамган туулган жерине кусалуу кайтып келди. Келгенден кийин ал Москвадагы бирге окуган курсташтарын туулган күнүнө чакырды. Бирок, ал кечеге негедир Зоя келбеди. Көрсө, аны эжеси: "Эркектердин туулган күнүн кыз кантип куттуктап барсын" деп жибербей койгон экен. Аны уккан Турусбек "Биринчи курсту бүткөн чоң кыз болсо, анан аны эмнеге коруп жатышат. Мектеп окуучусу эмес го",- деп өзүнчө күбүрөнүп алды. Каникул аяктаган соң кайрадан Москвага келип окууларын улантып,студенттик кызыктуу күндөр өтүп жатты. Убакыт көзгө илешпей өтө берип, алар үчүнчү курсттун мыкты студенттеринен болуп чыга келишти. Ошол эле жылы Шекспирдин "Ромео менен Жульетта" спектаклине Турусбек-Ромеонун, Зоя-Жульеттанын ролуна даярданууга мүмкүнчүлүк алышат. Эгерде экөө 3-курсттан баштап спектаклди жогорку деңгээлде алып чыгышса, анда 5-курстта да дипломдук спектаклде толук ойноп чыгышмак. Мына ушул чыгарманы ойной баштагандан тартып, экөөнүн мамилеси барган сайын жакындап, бири-бирине мүнөзүнүн окшоштуктары бар экендиги байкала баштады. Аталган каармандардын сүйүүсүн алып чыгыш үчүн экөө бирин-бири ысык сүйүштү. Ортодогу мамиле уламдан-улам күч алып, алоолонгон ысык сүйүү экөөнү өз кучагына алды. Кыязы, эки ашыктын улуу махабатынын арзуусуна булар да татышты көрүнөт. Себеби, эки жаш спектаклди ойноп ак сүйүүнүн ачкычын кыйналбай ачып алышпадыбы.
Агасы бар алысты көрөт
Турусбектин Тельман деген байкеси Бишкектен Москвага айдоочулар менен бирге келип калат. Себеби, алар жумушунан жакшы иштегенине байланыштуу, атайын ЗИЛ автомашинасын айдап келгенге жолдомо алышкан. Аны Зоя Турусбектин жатаканадагы бөлмөсүнөн көрүп, байкеси экенин уккандан кийин ага:
- Досум, байкең экөөң келип үйдөн чай ичип кеткиле. Жаңы сметана алып келатам,-деп эшиктен келатып чакырып кетет. Ал байкесин ээрчитип барып, Зоянын бөлмөсүнөн чай ичип баарлашкандан соң байкеси Тельман:
- Турусбек, сенин да мүнөзүң ачык, көп нерсеге көңүл бура бербейсиң. А бу кыз дагы ошондой экен,-деди.
- Ооба, мен дагы мүнөзүн өзүмө окшоштуруп кетем.
- Чын, аябай окшош экен. Сыйчыл жакшы кыз турбайбы. Эгер ушул кызга үйлөнсөң, ал сенин тагдырыңа, жашооңо терең маани берип жашайт. Маңдайы жарык кыз экен. Зояга эле үйлөнүп албайсыңбы? Аны алсаң эч кор болбойсуң,-деп байкеси кеп-кеңешин берди. Ал тууралуу уккандан кийин тигинин сүйүктүүсүнө болгон мамилеси ого бетер жанданып турду. Ансайын андан алыстагысы келбей, анын жылдыздуу жүзүн элесинен чыгарбай өзүнчө кумарлана ойго батат.
"Ак дубал" да ак сүйүүгө күбө
Мына ушундай шурудай тизмектелген күндөрдүн биринде Зоянын туулган күнү болуп аны Турусбек "Ак дубал" ("Белая стена") деген көркөм фильмге чакырат. Кинотеатр жатаканадан алыс болгондуктан, акчасы жетпей турса да жан шеригин такси менен алып барат. Барганда кинотеатрдын оозундагы текшерүүчү орус кемпир аларга:
- Силер кайда?-деди экөөнө таң кала карап.
- "Ак дубал" киносун көрөлү деп келген элек.
- Ай, бу кинону көрүп эмне кереги бар силерге?
- Кечиресиз, жаман кинобу?
- Билбейм, өзүңөр көрөсүңөр да, -деп кол шилтеп койду. Экөө кирип орун алышкандан тартып, кимдир бирөө акталбаган дубалды актап жатты же аны бүтпөдү. Бир мезгилде "Конец фильма " деп кино дубалды көрсөткөн боюнча бүтүп калды. Зоя чочуп кетип:
- Сүйүү жөнүндө кино качан башталат. Же бул бүткөндөн кийинби?-деп тигини карап калды.
Турусбек күлүп:
- Мен алмаштырып окуп алган окшойм. Бул атайын куруучулардын киносу турбайбы,-деп кызыктай боло түштү. Көрсө, ал мурдагы "художественный фильм" деген жазууну көрүп алыптыр. Ошонун үстүнө жаңы тасманын жарнамасы чапталып калган экен.
Арадан билинбей төрт жыл убакыт өтүп, ар ким өз жерлерине тарап кетишти. Тилекке каршы, Турусбек Кыргызстанга келе албады. Ошол мезгилде ага бир нерсе жетишпегендей абдан кыйналды. Жүрөгү мыкчылып, өзүн жалгыз сезгендей кыжаалаттанат. Жакын ынак адамы бир гана Зоя экенин ошондо жүрөгү менен туйду. Сүйүктүүсү каникулдан келген соң:
- Зоя, мен сени гана чын дилимден сүйөт экенмин. Сага ушунчалык көнүп алыптырмын. Бассам-турсам оюмдан кетпей койдуң. Башкаларга эч кызыгуум артпады,-дейт.
- Койчу, антип эч ойлобойм,-деп шыңк күлө жооп кайтарды. Анын айтканына кулак салып, көңүл бурбады... 5-курс болуп "Ромео менен Жульетта" үчүн экөөнө ага жараша талаптар да өтө күчтүү эле. Албетте, анын башаты биринчиден айтылып бүтпөс сүйүү гана эмеспи.
Алтын шакек
күтөм сени
Ичтеги улуу сезим ачыкка чыккандан кийин ага болгон жылуу сезим кайрадан күч алат эмеспи. Турусбек Зояга ак сүйүүсүн билдирген соң, көп убакыттан кийин ал анын тунук сезимине баш ийип берди. Көрсө, мурдагы сүйлөшүп жүргөнүн Зоя негедир жүрөгүнө жакын кабыл алыптыр. Анын баарын кийин түшүндү. Ноябрь айында Турусбек Зояга: "Мен сага ушул жылы үйлөнөм. Ошондуктан жаным, биз ЗАГСка орунга туруп коёлу"-деп андан уруксаат алып, 28-январга никеге турушуп, Кыргызстандан ага-туугандарын чакыртып, 1983-жылдын 28-январында бири-бирине шакек салышып баш кошушат. Эки жаш үйлөнгөндөн кийин "Ромео менен Жульеттаны" мурдагыдан артык ойноп, спектаклди жогорку деңгээлде өздөрү ойлогондой роль жаратышат. Алар Москвадан театралдык институтту аяктагандан соң, Кыргызстанга келип бир театрда чогуу иштеп башташат. Бирок, эки жаш убакыт өтсө да бала жытын искешпеди. Доктурлардын айтуусу боюнча Зоянын төрөшүнө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Эгерде төрөй турган болсо, өмүр бою оорунун азабына чалынаарын айтышкан. А бирок аялзаты үчүн биринчи орунда ымыркайды бу дүйнөгө алып келиш кандай бакыт! Эне деген үч тамганын ыйыктыгын ким тана алат? Аттиң десеңчи, өз өмүрүндө коркунуч турса да, Зоя доктурлардын айткандарынан баш тартып, жолдошунун досу Дмитрий Певцовго Москвага барып, анын күчү менен мыкты доктурларга түшүп жүрүп уул төрөйт. Анын атын Турусбек досунун атынан Дмитрий деп коёт. Көп өтпөй Зоянын бөйрөк оорусу күч алып кайрадан Москва шаарына барып, Дмитрийдин жардамы менен операция жасалат. Бул аралыкта досу чоң жардам көрсөтөт. Мына ошол бойдон Турусбектин сүйүктүү жары жумушка чыкпастан үй кожойкеси болуп, оорунун азабы менен алпурушуп келет. Албетте, мындай учурларда бактылуу үй-бүлөнү бузукулук аралайт. "Эмне үчүн оорукчан аял менен жашап келесиң? Сага кыз жокпу? Чекесинен чертип албайсыңбы" деген сөздөр айтылат. Бирок, Турусбек мындай кептерди кулагынын учунан кетирип, жүрөгү менен таза сүйгөн жубайын түбөлүктүү бактым деп эсептейт.
Ал ар убак "Туура, эгерде Зоя экөөбүздүн ортобузда таза сүйүү болбогондо кандай болмок билбейм. Чындыгында бири-бирибизге болгон аруу сезим абдан таза экен. Мына 25 жылдан бери ысык мамиледе жашап келатабыз. Менимче, ар бир адам сүйүүгө тойбой өтүшү керек. Эгерде жубайлардын бирөөсү чын жүрөгү менен түгөйүн таза сүйсө, анда ал сенин сүйүүңдү колдонуп жашайт. Экинчиден калп менен жашаса, үчүнчүдөн эки жүздүүлүк кылат, төртүнчүдөн айтпай-дебей эки жакка басып кетет. Ага чейин оңолуп кетет деп жашай берип, бирок ортодо эки-үч жылдык гана үй-бүлөлүк турмуш уланат. Андан кийин ар ким өз жолдору менен кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан эки жактан тең ысык сүйүү болуш керек. Анан ал сүйүү ортодон жаралган балага өтөт. Ошон үчүн ар бир адам баласы сүйүүгө туура маани берип, бул жашоону романтикалуу өткөрүшсө дээр элем"-деп Турусбек мырза улуу махабат тууралуу ар кандай ой-толгоолорду кызыгуу менен айтып келет.
Ооба, чындыгында айтылып бүтпөс сүйүү жөнүндө кимдер гана учкул ойлорду айтпады, кимдер гана көз жаштарын төгүшпөдү... Кимдер гана кубанычка бөлөнбөдү...
Сүйүү, сүйүү деп колго калем алып жазган менен, ызага батып ыйлаган менен анын түйүнүн эч ким чече албай келет. Бирок, аруу махабаттын бар экенин жан дили менен туюп, жүрөгүндө ыйык сактап келгендерди эч убакта көкүрөгүбүздөн чыгарбасак экен. Улуу драматург Шекспир: "Сүйүү- касиетсиз адамды да касиеттүү кылат"-деп бекер айтпагандыр. Ошондуктан ар бир адам баласы ак сүйүүнү ыйык тутуп жашаса деп тилээр элем.