п»ї

  Кумир менен баарлашуу

Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"
Айдана-Анту
- Даниель, жеке концертиңди качан бересиң?
- Негизи апрелде койсомбу дегем. Үлгүрбөй калганыма байланыштуу күз мезгилине жылдырдык.
- Өмүр бою ырдап өтөм деп айталасыңбы?
- Жок. Эч бир адам мен мындай кылам деп алдын ала айта албаса керек. Келечекте бажы кызматкери болсом деген тилегим бар. Буюрса, жогорку окуу жайына ушул багыт боюнча тапшырам. Ал эми сахнада өмүр бою жүрбөсөм да жан дүйнөмдө ырлар аткарыла берет.
- Эркесиңби?
- Кайдан билдиңиз? Чынында аябай эркемин. Айрыкча ата-энемди сагынганда бала-бакчадагы баладай болуп калам.
- Бир гезитке сүйүү күнүнө карата сонун сүйүү каттарын айтып берипсиз. Ал каттар кимге жазылган эле?
- Атайын бирөөгө арнап жазган эмесмин. Ал жөн гана илхом келип калганда жазылган кат.
Хадича
- Кыздар менен таанышканда эң биринчи эмнесине көңүл бурасыз?
- Кыздар сулуулугу менен жигиттерди өзүнө тартып, жан дүйнөсү менен арбап алат. Демек, алгач сулуулук түрткү берсе мамиленин андан ары уланышына жан дүйнө, ички сезими пайдубал болот. Мен болсо эмнегедир биринчи таанышканымда көздөрүнө көңүл бурам.
- Жубайыңыздын сулуу болушун каалайсызбы?
- "Сулуу аял сеники эмес" дегендей сулуулукка көп кызыкпайм. Сулуулук адамды алдайт. Сулуу болбосо да жылдыздуу жүзү менен акылы болсо болду.
Самара
- Эмнени коллекция кыласың?
- Бала чагымда оюнчук машиналарды коллекция кылчумун. Азыр ошондогу топтогон машиналарымды жээндериме берип койдум. Учурда коллекцияга кызыкпайм.
- Көпчүлүк ырчылар базарга барбайбыз дешет. Сен базар кыдырасыңбы?
- Мен эмнеге базарга барбашым керек? Мага эл менен жүргөн кызык. Азык-түлүк алганы же дагы башка жумуштар менен бат-баттан барып турам. Мен деле карапайым калктын катарындагы адаммын да.
Азико
- Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
- Спорт залга барам же болбосо компьютердик программалар менен иштейм.
- Сиз чыккан гезиттерди ата-энеңиз алып окуйбу?
- Кайсы гезитке чыкпайын апама айтам. Апам окуп кайсы суроого жакшы жооп берип, кайсынысына жооп бералбай калгандыгымды айтат. Негизи менин чыгармачылыктагы сынчым да, колдоочум да -апам.
Женни
- 50-60 жылдан кийин өзүңүздү кандай элестетесиз?
- Буурул баскан чач, ак сакалым менен неберемдин тоюнда бата берип жаткан болом да. Жаратканым ошол күнгө жеткирсин.
- Сиз үчүн кайсы майрам өзгөчө?
- Ар бир мезгилдин, ар бир майрамдын өз жолу бар. Ошентсе да мага жаңы жыл майрамы жагат. Мен үчүн жаңы жыл-майрамдардын төрөсү.
Аэлита
- Жүрөгүңүздүн ээси барбы?
- Чынын айтсам учурда сүйлөшкөн кызым жок. Болгон убактымды чыгармачылыкка арнап жатам.
- Кыз менен жигиттин ортосундагы сүйүүнүн канча түрү бар?
- Менимче эки түрү бар. Түбөлүктүү, анан күнүмдүк.
Нурзат
- Азыр ушул экөөнүн кайсынысы басымдуулук кылат деп ойлойсуз?
- Ата-энелерибиз, улуу адамдар азыр сүйүүнүн баркы кетти деп айтып калышат. Мен ушул сөзгө кошулам. Керек болсо бүгүнкү күндө сүйүү эмес турмуш оюнчук болуп калды. Сүйүшүп-күйүшүп үйлөнгөндөр деле арадан үч-төрт ай өтпөй ажырашып жатат. Бул да болсо жогоруда айтылган күнүмдүк сүйүүнүн жообу да.
Динара
- Продюсериң Канат Култаев менен кагаз жүзүндө иштешип жатасыңбы?
- Жок. Бири-бирибизге болгон ишеним менен жигитче иштешип жатабыз.
- Эмнеден ырахат аласың?
- Музыка угуп бийлегенден, анан шоколад жегенден ырахат алам.
- Көбүнчө кайсы стилде кийинесиң?
- Эркин жүргөндү жакшы көрөм. Ошондуктан мага спорттук кийимдер ыңгайлуу.
Тургунай
- Эгер Президент болуп калсаң эмнени өнүктүрмөксүң?
- Биринчиден светти өчүрбөйт болчумун (тамаша). Президент болуш деле оңой - олтоң иш эмес. Азыр бир үй-бүлөнү башкарыш кыйын болуп жаткандан кийин, бир мамлекетти, бүтүндөй бир элди жөнгө салыш оюнчук эмес да. Эгер сиз айткандай Президент болуп калсам ошол учурдун, ошол мезгилдин агымына жараша иш алып бармакмын. Адегенде өнөр жай, экономикалык өнүктүрүүгө киришип, колунда жокторго жардам берип, бийлик орундарын кыскартмакмын.
Макуся
- Алиханга, Айпериге, Айдын Шерге жана сизге каалоо-тилек айтып смс жаздым эле. Сизден башкасы жооп жазышты. Сизден болсо кабар жок...
- Жазган смсти окудум. Сизге чоң рахмат. Жооп жок деп капа болбой эле койсоңуз болот. Анткени мен телефондон смс жазганга абдан эригем. Эч бир адамга жооп жазбайм. Бул менин адатым. Сизге чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем.
- Өзүңүздүн жакшы, жаман сапаттарыңызды айтсаңыз?
- Жакшы сапатымды башкалар айтсын. Ал эми жаман сапатым - уйкучумун. Уйкучулуктун зыянын көп тартсам да бул адаттан арыла албай келем.
Айдана
- Ата-энеңиз кайсы жерде иштейт?
- Атам салык инспекциясында иштейт. Апам болсо-стоматолог.
- Түндүк-түштүк маселесине көз карашыңыз. Дегеле ырчылар арасында да эки жаатка бөлүнүүлөр болобу?
- Эки тарапка бөлүнүп, улуттун кадырын билбегендерди чет өлкөгө жөнөтүш керек. Бөтөн жерде, бөтөн элде жүргөндө өзүнүн ким экенин билип, кыргызды көргөндө көзүнөн жаш айлана турган болот. Өзүбүз болгону 5 млн калк болсок, каягына бөлүнөбүз, түшүнбөйм. Чынын айтсам мен мындай жердешчилик трайбализмге моюн сунбайм. Атам Көлдөн, апам Оштон болот. Тескерисинче мен түндүк менен түштүккө көпүрөмүн. Ал эми ырчылар арасында, анын ичинен менин чөйрөмдөгү ырчылардан бөлүнүү дегенди көргөн жокмун.
Фирдаус
- Бир радиодон "Даниель деген атым жагат,баламдын атын да Даниель коём" дедиңиз эле. Ошол оюңуздан кайта элексизби?
- Кайта элекмин. Кудай буюрса, келечекте дагы бир кичинекей Даниель төрөлөт.
- Жакында Тумар радиосунда ди-джей болгонуңузда "бөйөндү" "бойон" деп айтып алдыңыз. Кыргыз тилин жакшы билбейт окшойсуз?
- Жакшы эле билем. Болгону, орус классты бүткөндүгүмө байланыштуу кээ бир сөздөргө тилим келбей калат.
Салтанат
- "Кыргыз көпсө орусча сүйлөйт" дегенге кошуласызбы?
- Бул көпкөндүктүн белгиси эмес. Ким эмнени кааласа ошону жасасын деген эгемендүүлүктө жашап жатпайбызбы. Бирок, кыргыз болгондон кийин кыргыз тилинде сүйлөгөнгө не жетсин.
Фатима
- Бир күйөрман кызыңызга жолугам деп убада берип барбай койгон экенсиз. Ал кыз болжолшкон жерде күтө берип эстелик болуп калдым дейт. Жолугушкуңуз келбесе байкуш кызды эмнеге убара кылдыңыз дейм да...
- (Күлүп) Мен эч бир кызга жолугам деп айткан эмесмин. Балким, менин атымдан бирөө сүйлөшкөндүр. Эгер ошентип убада берсем ал селкини эстелик кылбайт элем. Мен айтпасам да мен деп барганы үчүн кечирим сурайм.
Нурпайыз
- Бут кийимиңиздин өлчөмү канча?
- Ха-ха-ха. Кырк эки...
- Сизге кандай кыздар жагат?
- Магабы, ыймандуу, сылык, чачы узун кыздар жагат.
- Машинаңыз барбы?
- Азырынча жок . Өзүмдүн эки дөңгөлөгүм менен эле жүрөм.
Баарлашуу учурунда жолдун алыстыгына байланыштуу келе албай калган Даниелдин Жылдыз аттуу күйөрманы Токтогулдан байланышып, төмөнкү суроолорду берди.
- Жүрөк сүйөт бирди,
Көңүл сүйөт миңди.
Ишенсеңиз чын жүрөгүмдөн,
Сүйүп калдым сизди.
- Даниель байке, жүрөгүңүздүн ээси барбы? Өмүрүмдө биринчи жолу сүйүүгө кабылып, түн уйкум бузулуп жатат. Менин ак сүйүүмө кандай жооп кайтарасыз?
- Мм... Кандай десем... Оор маселе болду. Азыр жүрөгүм бош. Эгер чындап мен үчүн уйкуңуз бузулуп, өзүңүздү жаман сезип атсаңыз жолугалы дейт элем. Андыктан кыйналбай жолукчу күндү күтүңүз. Мен сиздин сүйүүңүзгө ошондо жооп берем. Алыстан байланышкандыгыңыз үчүн рахмат.

P.S. Даниель редакцияга келгенден тартып кеткенче күйөрмандарынын аягы үзүлгөн жок. "Чакырылбасак да сүрөткө түшүп, кол тамга алып алалы" дегендердин саны арбыды. Мына ушундан эле ырчынын ким экенин билсек болот. Даниель келген күйөрмандарын кур кетирбей өзүнүн чакан белектерин берип, жолугушуунун аягында обон созуп конокторун жылуу маанайда узатты. Эске сала кетсек, Даниель 1990-жылы 20-февралда Ош шаарында туулган. Үй-бүлөдө эки бир туугандын кичүүсү. Учурда Ош музыкалык окуу жайынын вокал бөлүмүндө 3-курстта окуйт.

Ж.КАЛДАРОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??