п»ї
  улутман

Кыргыз жыттанган Боз үй
Кыргыз элинин ак өргөөсү аталган боз үйдүн жасалышын, тигилишин көрүп-билип жүргөнүбүз менен анын бөлүктөрүнүн аталышы, эмнеден жасалаарын кийинки жаштар биле беришпейт. Боз үй тигилет десе дароо жамандыктын болгонун баамдап калаарыбыз да ырас. Ал эми байыртадан бери ата-бабабыздын каны менен жаралган устачылык, зергердик өнөрдү азыркы убакта да улантып келе жаткан инсандарыбыз жок эмес. Нарын облусунун Ат-Башы районунун кулуну Каныбек Азизов атасынын жолун жолдоп, устачылык өнөрүн элге арнап, бир нече боз үйдүн ээси аталганына күбө болдук.

Өмүр менен кошо жаралган өнөр
- Биринчи классымдан баштап эле атама жардам берип чоңойдум. Атам кырк жыл зергердик өнөрдү аркалап иштеген. Алгачкы өзүмдүн эмгектерим, майда-барат, сөйкө, шакек, атка така жасагандан башталган. Атам эмне буюм жасаса ошону кармалашып жүрүп, устачылыктын сырын үйрөндүм. Устачылык мени менен кошо жаралган өнөр. Ар бир эркек мык какканды, там салганды милдеттүү түрдө билиши керек деп ойлойм.
Боз үйдүн сөөгүн кантип жасаш керек, эмнеден жасалаарын атамдан толук үйрөндүм. Бир күнү атама көрсөтпөй эки түндүк жасагам. Баары даяр болгондо үйгө алып барсам "Ушуну сен жасадыңбы? Эми сен менден да жакшы жасап калган турбайсыңбы" деп ошондон кийин түндүк жасабай койду. Мен анда болгону 25 жашта болчумун. Андан кийин боз үйдүн башка бөлүктөрүн жасай баштадым. Боз үй жасап келатканыма он беш жылдай болуп калды. Бардыгы болуп кырк боз үй жасадым. Атам боз үй жасоо боюнча кыска метраждуу фильмдерге тартылып, элге белгилүү уста катары таанылгандыктан, мага азыркы тил менен айтканда жакшы реклама болду. Атамдын көзү өткөндөн кийин "каап, ошол кишинин көзү тирүү кезинде боз үй жасатып алсак болмок" дешип, кийин менин ата жолун улап боз үй жасаарымды биринен-бири угуп, азыркы күнгө чейин кайрылып жатышат. Турусбек Мамашев "Дасмиянын" жетекчиси болуп турганда алты канаттан турган үч чоң боз үйдү жасап бергем. Азыр ал боз үйлөр Бишкектин нымдуу абасына чыдабай алынып салынган. Алардын ордуна таш боз үйлөрдү тургузушту.
Негизинен мен боз үйдүн сөөгүн гана даярдап жасайм. Ошентсе да көпчүлүк кардарлар жабдууларынан бери толук боз үйдү заказ кылышат. Бизде Нарында атайын жабдуулар менен иштеген адамдар бар. Биз алар менен байланышта болуп, бири-бирибизге жардам беребиз. Алты канаттуу чоң боз үйлөргө караганда төрт канаттуу боз үйлөр "стандарт" катары кабыл алынып, көпчүлүгү төрт канаттууларга басым коюшат.
Төрт канат боз
үйдүн жасалышы
- Төрт канат боз үйгө - 4 канаттуу 4 кереге, ар бир башы 15тен 60 баш, эшик уугундагы 5 башты кошкондо жалпысы 65 баш канат кереге болот. Эшиги -босого таяк деп аталат. 65 уук, түндүк, боолору өткөрүлүп тигилип, уук боо, уук тизгичтер менен боз үйдүн сөөгү бекийт. Анын сыртынан эки канат чий атайын каланат. А чий калагандан соң чий менен согулган эшик жабуу кетет. Эки жабык башы эки канат чийдин үстүнкү бетинен жабылат. Андан кийин төрт канат туурдук, алдыңкы-арткы үзүк жабылат. Ошону менен боз үй толук жабылып бүтөт. Түндүк жабуусу кетет да өрнөк сокмолору, боолору менен кооздолот. Толугу менен төрт канат боз үйдү бир жайда бүтүрүшөт. Боз үйдүн сөөгүнөн да анын жип-шууларына убакыт көп талап кылынат. Анткени ал кыз-келиндердин майда иши.

Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет
- Жаңы конуштар атайын прокатка бергенге мага боз үй жасатышкан. Бейшенбек Абдразаков Токтобаевич жаңы конуштарга демөөрчү болуп төрт канаттуу жети боз үйдү жасатып берди. Жамандык, жакшылыкка керек болбой койбойт. Кээде боз үй табылбай калып, үч күнгө чейин жаназасы окулбай калгандар да болгон. Боз үй десе эле жамандыкты элестетишет. Негизи боз үй илгертеден бери эле тойлордо, майрамдарда колдонулуп келген.

Боз үй үчүн короого тал тигем
- Боз үй негизинен талдан жасалат. Талдын түрлөрү - эчки тал, ак тал, турпан тал, сөгөт тал. Эчки талдан боз үй жасалбайт. Ал жапыс өскөн жапайы тал. Турпан тал атайын боз үйгө деп тигилип, эң ылайыктуу бышык болот. Сөгөт тал абдан сулуу, түз өсөт. Бирок кичине морт болгондуктан андан көп жасашпайт. Жасаган күндө дагы сапаты начар болуп калат. Ак тал тоодо өскөн, жапайы катуу бышык болот. Негизи боз үйдү ак тал менен сөгөт талдан жасашат. Атайын боз үй үчүн короомо турпан тал тигип, ошондон жасайм. Токмоктон атайын алып келип, бир жылда эки жолу, июль айында анан октябрда кыркып алып турам. Талдар сууну көп талап кылат. Боз үйгө бир да мык, темир аралашпаганына чет өлкөлүктөр таң калып, суктанышат. Жалаң жыгач, кайыш, жиптер менен бекемделип, клей, боёктор керектелет. Илгеркилер жошоо менен боёшкон. Ал колго жукма болгондуктан азыр кадимкидей сыр менен сырдайбыз.

Боз үйдү кантип сактоо керек?
- Боз үйдүн пайдасы абдан көп. Ал өзү таза экологиялык каражаттардан жасалгандыктан эч кандай химикаттар, зыяндуу заттар кездешпейт. Чыныгы табигаттын жандуу талдарынан, кийизден, жыгачтан жасалгандыктан зыяны жок. Учурда Бишкектин нымдуу абасына ылайыктап жаңы "жинсы" сыяктуу ак материалдарды атайын колдонуп жатабыз. Себеби, өтө ысыктан, нымдуулуктан кийизди күбө жеп салат. Эми техниканын өнүккөн заманында акыркы жабдууларды колдонсок болот. Боз үй өтө ысык, нымдуу жерге сакталбаш керек. Өзүнүн ыгы менен иреттеп чечип, бекем таңып, ууктун алаканын жерге, башын өйдө каратып дубалга жөлөп коюш керек. Уукту узунунан жерге таштабайт. Түндүктү өйдө илип, керегелерди узунунан тургузуп, салкын, кургак жерге сактаса көп жылга чыдайт.

Тирүү адамды өлтүрүп...
- (Күлүп)Бир жылдары кышында боз үй сатканы айылга барып калдым. Анан аны элге көрсөтүш үчүн тигип туруп "реклама" кылыш керек да. Таабалды деген жездемдин короосун тазалап боз үй тиккенге даярдап жатсак, бир таанышы көрүп калып "Ий Таабалдыныкында боз үй тигилип жатат. Эмне жамандык болуптурбу?" десе, тамашалап "Ооба Таабалды кайтыш болуптур" деп коёт. Элдин баары "жаман болгон турбайбы, эми боз үйү тигилип бүтсүн анан көз көрсөтүп баралы", деп жатышса эле ары жактан Таабалды жездем чыгып калып, чогулгандар таң калып, эч нерсеге түшүнбөй калышат. Иштин жайын түшүнүшкөндөн кийин кыраан-каткырык "дуу" жаңырып, "Таабалдынын өмүрү узун болот экен" дешип үйлөрүнө тарашкан. "Айылга жөн келип, жөн кетпейсиңби" деп жездем күлө албай же ыйлай албай ыңгайсыз абалда калган.

Айнура СУЛТАНОВА




  Сындалган кыргыз китептери

(Башталышы 4-бетте)
Китеп сатуучу
Орозбек Бөрүгулов:
"Адабиятта деле коррупция бар экен"
- Көп жылдан бери гезит базарында жүрөсүз, учурдагы гезит-китептердин өтүшү, элдин талабы кандай экенин сизден жакшы билген адам болбосо керек. Улуу муундагы жазуучулар менен бүгүнкү күндөгү жазмакерлердин китептеринин сапаты, мааниси жагынан да айырмасы асман менен жердей. Айтсаңыз, базарда булардын өтүшү кандай?
- 90-жылдары Эмил Өмүракуновдун "Жыландар ханышасы" деген чыгармасы мистикалык багытта чыккан. Ошондон кийин эле жылан жакшы темага айланып кетти. "Бриллиант жылан" "Жыландар ордосунда", "Жыландын сүйүүсү" деген сыяктуу китептер чыгып, жакшы өтө баштады. Андан кийин детективдер жакшы өтө баштады. Ошо кезде башкача бир агым келди да. Бирок аларды эч ким колдогон деле жок. Өздөрүнүн киндигин өздөрү кесип эле окурмандардын жылуу пикирине арзыды. Андан кийин сүйүү, турмуштук темаларда китептер чыгып жатат. Элдер жакшы окуп жатышат десем болот. Ал эми улуу жазуучулар жөнүндө айта турган болсом: азыр деле алардын көптөгөн, жакшы китептери жарык көрүп жатат. Бирок окурмандар алардан бир аз алыстап калгандай. Анын үстүнө алар социалисттик коомду гана чагылдырып жазгандары бар. Албетте, алардын деле бир топ жакшы чыгармалары бар. Чолпонбек Абыкеевдин, Бекмырза Рахман уулунун, Асанбек Кулманбетовдун бир топ китептери шыр-шыр эле кетип атты. Анан бир жолу бир чоң жазуучу келди. Аты-жөнүн атабай эле коёюн. Ал киши мага он китебин алып келди. Сатыкка койсом өтпөйт, эки айдай турду. Бир китебин жоготуп алдым эле, ал киши келгенде жоголгон китептин акчасын берип, калган китептерин кайрып бердим. Анан көп өтпөй эле "Жылдын мыкты китеби" деген наамды анын ошол китеби алыптыр. Ал жазуучу телевизордон "Бул китеп элдин арзуусуна татыктуу болду. Базарга алып бардым эле окурмандар дароо эле талап кетишти" деп айтып жатат. Бул жерден ал өрдөгүн учуруп ийди да. Чындыгында ал китептин сапаты, сырткы жасалгасы татыктуу болушу мүмкүн эле. Учурда китептери элдин суроо-талабы менен көп өтүп жаткан Абыкеевдин, Бекмырзанын, Асанбектин китептеринин бири дагы ал жазуучунун китебиндей "Жылдын мыкты китебине" илинбейт да. Мен адабиятта деле коррупция бар экен деп калдым. Болбосо, анын китебин эл окубаса ал наамды кантип алды, туурабы? Мен аты-жөнүн атабай эле коёюн, мага үч-төрт жазуучу келет. Алар китептеринин баасын асманды тээп туруп коёт да. Аз эле алып келишет, бирок өтүшү аябай кыйын болот. Өздөрүнө түшүндүрүп айтсам көңүл бурушпайт. Анан өтпөй калган китептерин кайра кайтарып берсем ичтери ооруп кетишет. Ал эми бүгүнкү күндөгү чыгып жаткан китептер бат-баттан өтүп жатат.

А, бу дегенибиз менен ар бир чыгарманын деңгээлине, багытына жараша өз окурманы бар. Кимге эмне керек болсо, аны окурман өзү иргеп, издеп, таразалап алат. Албетте, калеми менен таанылган айтылуу жазуучулардын чыгармасы китеп дүкөнүндө өзгөчө урмат менен аздектелип жаркырап турат. Бирок, элге жетпей, кийинки муундар кабардар болбой, окулбай жаткандыгын ким тана алат? Ал эми жогоруда сөз болгон саны бар, сапаты жок, өз чөнтөктөрүнөн каражат жумшап чыгарылып жатат делген бүгүнкү күндүн жазмакерлеринин китептерин Кыргызстандын баардык булуң-бурчунан табууга болот. Бул чындык. Кулак угуп, көз көрүп турган көйгөйдү жазуу ар бир журналисттин парзы. Кандай болгон күндө да "мен чоң жазуучумун, мыкты чыгарма жазам" же "мамлекет каржылабаса дагы эл окуй турган китептерди чыгарып жатам" дебей, биримдикте кыргыз адабиятыбыздын, тилибиздин, элибиздин эртеңи үчүн ар бирибиз күрөшсөк…

Даркүл КЕМЕЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??