п»ї
 Таанышуу жарыясы


  саламат плюс

Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
Ар жылы 24-март дүйнө жүзү боюнча кургак учук менен күрөшүүчү күн катары белгиленет. Жергебизде да ушул апрель айында кургак учукту алдын алуу боюнча иш чаралар өтөт. Студенттерге лекциялар окулат, китепчелер таратылат. Мектептерде башталгыч класстан бүтүрүүчүлөргө чейин илдет тууралуу диктант жаздырышат. Акимчилик, РОВДларда агартуу иштери жүргүзүлөт. Биз да окурмандарга кургак учук тууралуу маалымат берүү үчүн Улуттук фтизиатрия борборунун жогорку баскычтагы дарыгери, саламаттыкты сактоонун отличниги Аманбаева Толгонай Сатиевнаны маекке тарттык.

- Кургак учук бул байыртадан белгилүү болгон оору. 1882-жылы 24-мартта Америкалык окумуштуу Кох тапкан экен да, өз атынан "кох таякчалары" деп ысым ыйгарыптыр. Бул оору социалдык оору. Себеби, илдеттин пайда болушуна адамдын жашоо шарты, экономикалык абалы, тамактануусу жана оорудан коргоочу күчтөрү (имунитети) чоң таасир берет. Кургак учук оорусу адамдын жыныстык белгисине же жаш курагына карабайт. Ошондуктан наристеден тартып, токсонго чыккан кары да бул илдет менен бирдей эле ооруй берет.
- Ден соолугундагы өзгөрүүлөрдөн адам өзүнүнкургак учук менен ооруп калганын сезе алабы?
- Азыр дүйнө жүзү боюнча эпидемалогиялык абал өтө оор. Союз учурунда илдетти жеңдик дегенбиз, оорулуулар кескин азайган эле. 1990-жылдан тарта кайрадан көбөйө баштады. Бул аба аркылуу келген оору. Миллиондогон түрдүү микробдор ар бирибиздин организмибизде жашайт. Бирок, биз алар козгоочу баардык оорулар менен оорубайбыз. Эгер оорудан коргоочу күчтөрүбүз алсыз болсо, анда кургак учук менен ооруп калуу мүмкүнчүлүгүбүз чоң. Илдет билинбей жугуп, билинбей өөрчүйт. Дарттын белгилери, бронхитте, пневмонияда, же ар түрдүү вирустук инфекцияларда болот. Адам сасык тумоо болуп жатам деп өзүнчө дарыланып жүрө берет да убагында кайрылбай калат. Акырында жеттигип, өпкөсү калбыр болуп тешилгенде келишет. Азыр бизге үй-бүлөлүк дарыгерлердин салымы чоң. Алар оорулуунун какырыгын, канын текшерип, анан белгилери болсо бизге жиберип жатышат.
- Калк массалык түрдө кароодон өтүп турушу керекпи?
- Башта эл бүтүндөй флюрографиядан өтүп, алдын- алуу тыгыз жүрчү. Азыр чач тарачтарды, айдоочуларды, мугалимдерди, ашкана кызматкерлерин гана көзөмөлдөй алабыз. Карапайым калк тилекке каршы өздөрү билип, текшерилип алдын ала кароодон өтпөйт.
- Оорулууларды дарылоо бекер да...
- Кургак учукка каршы атайын дарылар акысыз. Ден соолукту чыңдап, оорудан коргоочу күчтөрдү көтөрүүчү дарылар, витаминдер сатылат. Көпчүлүк оорулуулар диагнозун билгенден кийин жашырынышат. Кээси бүбү бакшы, көзү ачыктарга жөнөшөт. Кургак учук -микроб көтөргөн, инфекциялык жугуштуу оору. Көзү ачыктын дубасынан эч качан микроб өлбөйт. Микроб атайын дарыларды кабыл алганда гана азайып жок боло баштайт. Оорулуу адис дарыгерге жардам берип, дарт менен күрөшүп, дарыларды үзгүлтүксүз ичип, аракет кылса толук айыгып кетет. Адам жакшы дарыланса эки айда өзүн жакшы сезе баштайт. Ушул учурда көбү дарыланууну токтотуп салышат. Кайра микроб козголгондо оору турукташып, дарылар жардам бербей калат. Бизди тынчсыздандырган ушул нерсе.
- Кургак учуктан өпкө гана жабыркайбы?
-Көздүн, жыныстык органдын, сөөктүн, теринин, муундун, боор, бөйрөктүн өзүнчө кургак учук оорусу болот. Эгер оорулуу дарыланбаса кан аркылуу өпкөгө өтүп, толук кандуу дартка айланат. Оору жабык түрүндө болсо башка адамга жукпайт. Бирок сөзсүз этияттык керек. Ачык түрүндөгүлөрүнөн, сүйлөсө, жөтөлсө шилекей аркылуу абага тарап, жуктуруп алуу коркунучу чоң.
- Учурда кайсыл жаш курактагылар көп болуп жатат?
- Көбүнчө эмгекке жарамдуу 20 жаштан 50 жашка чейинкилер. Мурда эркектер көп болчу, азыр аял-эркек бирдей эле, теңелип калды.
- Ачык түрүндөгү оорулуулар өзүнчө, жабык жайда дарыланышабы?
- Бизде бир эле оорукана бар. Ал жерге кургак учук, наркомандар, ичкичтер, түрмөдөн келгендер, үй-жайы жок кароосуздар бүт эле аралашып түшө берет. Түрмөдөн келгендер оорунун негизги булагы болуп жатат. Азыр эл аралык "Кызыл жарым ай", "Кызыл крест", "Чектелбеген дарыгерлер" уюмдары түрмөдөн эле аларды дарылап баштап, коштоп жүрүп, анан бизге алып келип жатышат. Бул жагы жакшы болду.
- Боюнда бар аял ооруп калса ымыркай да оорулуу төрөлөбү?
- Жок. Кудайдын чеберчилиги менен бала эненин ичинде коопсуз болот. Төрөлгөндөн кийин жугуп калуу коркунучу чоң. Эгер аял ачык түрү менен ооруса бала энесине берилбейт.
- Кыргызстан боюнча кайсыл аймакта оорулуулардын саны көп?
- Бишкекте. Себеби, бүтүндөй региондордон келип жатышат. Жашаган жерлери да туруксуз. Биздин көп убактыбыз алардын жаңыланган дайын дарегин издөөгө кетип калат.
- Оорулуулар диагнозун укканда кандай кабыл алат?
- Ар кимисинин деңгээли бар. Бул аба аркылуу жугуучу, социалдык оору дебедикпи. Бүгүнкү күндө жетишсиздер, кароосуздар гана эмес калктын эң мыкты жашаган катмары да ооруп калышы мүмкүн. Белгилүү эле кызматтагы адамдын агасынын кызы ооруп кайрылган. Диагнозун айтсам, мага кыйкырып, эң жакшы шартта жашаарын айтып, коркутуп кирди. Үйүнө барсак өтө жетиштүү экен, тамак аш жайнайт. Акыры бизге ишенбей, бакшыларга алып барып жүрдү. Инфекция күтүп турбайт да. Он тогуз жаштагы кыз өлүп калды. Тескерисинче, чыккан бүтүмдөн кийин колдон буттан алып жардам берип оору менен күрөшсө өмүрү узунураак болмок. Мен бул жерге келе электе бир дарыгер оорулуунун үйүнө кайра-кайра барып, дарыланышы керек экенин айтып урушкан экен, жинденген ал, адистин 17 жерине бычак сайып өлтүрүп салган. Дартына ишенбей коркутуп, сөгүп кеткендер толтура.
- Маянаңыз канча?
- Зыяндуулук үчүн 30 пайыз төлөнөт. Мэрия 1000 сом кошот. Жалпысы 4000-5000 сом алып, ушул жерде фанаттар иштейбиз. Өтүшүп кеткен оорулуу менен бетме-бет сүйлөшүп, чечинтип карап, көзөмөлдөйбүз. Эгер бизге жукса, түз эле турукташкан түрү менен ооруйбуз. Жаштар келбейт. Азыр бизде 70 жаштан ашкан дабагерлер, эмчи айымдар иштешет. Бизди тынчсыздандырган ушул маселе.
Оору жөнүндө маалымат
o Кургак учукту дарылоо үчүн 4-5 түрдүү дары сунушталат. Булар изониазид, рифампицин, пиразинамид, стрептамицин жана этамбутан.
o Адамдын организмине кургак учуктун бактериялары киргенде бул оору пайда болот. Кээде мээ, анын чел кабыгынын, сөөктүн, муундун, ичегилердин, бөйрөктүн ж.б. органдардын кургак учугу болушу мүмкүн.
o Кургак учуктун бактериялары абада калкып жүрөт. Алар бул оору менен жабыркаган адамдын өпкөсүнө өтүп, көбөйө берет. Бул учурда өпкө сезгенип, ичинде миллиондогон бактериялуу тешикчелер пайда болот.
o Оорулуу адам сүйлөп же жөтөлгөндө айланага тарай баштайт. Кургак учуктун бактериялары абада бир нече саатка чейин кармалып тура алат.
o Эгерде кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам бир бөлмөдө көбүрөөк турса, абада бактерия көбөйөт да, башка адамдар дем алышат. Бул "аба-тамчы" ооруну жуктуруунун негизги жолу.
o Эгерде адамдын коргонуу күчтөрү мыкты болсо, өпкөсүнө түшкөн кургак учуктун бактерияларын алдуу клеткалар жок кылат да кургак учук жукпайт.
o Кургак учук көпкө созулуучу илдет. Өз убагында табылып туура дарыланса, толук айыгып кетет.
o Дүйнө жүзүндө жыл сайын 2 миллион адам кургак учуктан каза болот.
o Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жакынкы 20 жыл ичинде 200 миң адам кургак учук менен ооруп, анын ичинен 70 миллиону өлүмгө дуушар болоорун божомолдоп эскертет.
oКургак учук менен ооруган адамдын тамактануу рационунда белоктор менен витаминдер жетиштүү болушу кажет. Сүт азыктары, жер-жемиштер, ар түрдүү ширелер көп колдонунушу керек.
o Оору көтөргөн адам суткасына 9-10 саат уктап, эс алышы шарт. Таза аба да өтө пайдалуу.
o Оорунун эң коркунучтуу түрү- бул мультирезистенттүү кургак учук. Бул учурда оорунун бактериялары дарыга көнүп, тоготпой , өлбөй калышат. Бул абал дарыларды өз учурунда ичпей, үзгүлтүккө учураткандан келип чыгат. Мультирезистенттүү кургак учукту дарылоо эң кыйын жана 18-21 айга чейин созулат.
o Кургак учук менен ооруган адам дарыланып баштаганда тамакка табити тартпай, көңүлү айныйт. Ичи ооруп, денеси, көзүнүн агы саргайып, кулагы чуулдап, көрүүсү начарлайт, муундары ооруйт. Мындайда дарыларды кабыл албай коюу туура эмес. Бул абал мезгили менен өтүп кетет.
oКургак учуктун диагнозу бактерияларды какырыктан изилденгенден кийин гана так коюлат. Эки күндүн ичинде үч жолу какырыктын анализин тапшыруу зарыл. Убагында коюлган диагноз айыгуунун негизги ачкычы.
o Кургак учуктан айыккан адам да кайрадан жөтөл пайда болсо, какырыгын текшертип турушу керек.
o Эгерде начар тамактанса, суукка тез-тез кабылса, ашыкча чарчаса, ичкилик ичсе, наркотик колдонсо оору кайра пайда болушу мүмкүн.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??