п»ї

  Билгениң оң

Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
Керектелүүчү азыктар:
1 стакан кумшекер
1 стакан суу
0,5 стакан өсүмдүк майы
2 стакан ун
1 чай кашык лимон ширеси
0,5 стакан жаңгак
2 орточо чоңдуктагы алма

Даярдоо ыкмасы:
Жаңгакты колдон келишинче майдалайбыз. 1-2 мүнөт ысык сууга салып, кайра алабыз. Унду жылуу сууга суюк кылып чалабыз. Мискейге кумшекер салып, кичине суу, өсүмдүк майын куюп отко коёбуз. 3-4 мүнөттөн соң бал салып кумшекер менен бал ээригенче жай отко коёбуз. Соодага лимон ширесин чалып, аны бал кошулмасына кошуп, жакшылаап аралаштырабыз. Бал көөп чыгышы керек. Оттон мискейди алгандан кийин жаңгакты кошуп жакшылап аралаштырабыз. Духовканын табагын өсүмдүктүн майы менен майлап суюк камырды куябыз. Андан кийин ун менен балды аралаштырабыз. Алманы жууп, ортосундагы данектерди тазалап экиге бөлүп ичке кылып туурайбыз. Кааласаңыз ордуна алмурут, алманы колдонсоңуз болот. Камырга тууралган алманы тизип, 30-35 мүнөт 180 градус духовкага коюу керек. Бышкандан соң 10 мүнөт коё турабыз. Ошентип бал, алма менен даярдалган нан даяр болду.
Тамагыңыз таттуу болсун!




Пайдалуу кеңештер
Үйдөгү курт-кумурскаларга каршы күрөшүү
Таракандан кутулуу үчүн жыттуу ромашканын кадимки эле аптекаларда сатылганынан же терип алып полго, керебетке же үстөлдөрдүн алдына сээп койсо алар бул кескин жытты көтөрө алышпайт. Ал эми жол жээктеринде өсүүчү кадимки танацетум (пижма) деген чөптөн курт-кумурсканын баары качышат. Аталган чөп кумурскаларды такыр өлтүрө албаса да алар үчүн жагымсыз жыт келет.
Ошондой эле кумурскалар лимон, бор, туз, тамекинин жытынан качышат. Үйдүн кумурска чыккан жерлерине ушулардын бирин сээп койсо жардам берет.




Бут шишигенде кандай чара колдонсо болот?
Эгерде туруп иштөөчү иште болсоңуз, балтырды эластикалык бинт менен байлап алган жакшы. Иштен кийин үйгө кайтканда бутту үйдө көтөрүп 15-20 мүнөт жатып эс алуу керек. Ал эми вена түйүндөрү пайда болуп кеткен адамдарга бутун 30-45 мүнөткө чейин эс алдырганы түзүк. Ошондой эле бутунун кан тамыры кеңейип кеткен адамдар врачтын уруксааты менен төмөнкүдөй ванна жасаса болот.
100 грамм ромашканы 5 литр кайнак сууга салып туруп, 8-10 саатка тындырып коюп, андан кийин колдонот. Ванна үй температурасында, жылуу күндөрү 32-35 градус , ал эми кышында 37 градуска чейин болот. Чыланган ромашкага күнүгө кечинде 20-30 мүнөткө чейин бутту салып отуруу керек.




Айнектерге кандай мамиле жасоо керек?
Терезенин айнегин жууганда боз ала так калбаш үчүн жууп жаткан сууга бир аз өлчөмдө крахмал кошуп койсо болот. Терезенин айнеги ным тартып, кышкысын тоңбош үчүн глицерин майы менен сүртүп турса болот. Күзгүгө чымын конуп, бетин булгаса, күзгүнү чийки пияз менен сүртүп коюу керек. Ал эми күзгүнүн бети чийилбеш үчүн жууп жатканда жылуу сууга эки чай кашык уксус кошуп койгон жакшы.
Хрусталь идишти жуугандан кийин крахмалга чыланган чүпүрөк менен сүртсө жакшы жалтырайт. Ичке айнек идиштерди (гүл салган кумаранын мойнун) жылуу сууга жумуртканын кабыгын майдалап, ошонун жардамы менен чайкап жууган ыңгайлуу. Ал эми кадимки айнек идиштерди уксуз же туз кошулган жылуу сууга жууп, муздак суу менен чайкаса жакшы тазарат.




Чайнектин, дасторкондун чорун тазалоонун жолдору
Столго салган тасмал айрылбаш үчүн уксуска сүт аралаштырып кез-кез сүртүп турган оң. Чайнектин түбүндөгү чорду кетирүүгө чайнекке суу куюп аны кайнатасыз. Суу кайнагандан кийин өлчөмүнө жараша соода кошуп дагы 20-25 мүнөт кайнатыңыз. Чайнектеги сууну төгүп, ага кайра толтура суу куюп кайнаткандан кийин бир аш кашык уксус кошуп 20 мүнөт кайнатуу керек. Ушундан кийин анын түбүндөгү чор өзү түшүп, күнүгө колдонуп жүргөн чайнегиңиз кадимкидей жаңырат.




Жатаарда тамак ичкен зыянбы?
"Жакшы тамак калганча - жаман курсак айрылсын" деген сөздү ураан тутуп, канчалык кармансаңыз да жатаарда тамактанып алып ашыкча салмак кошуп жатканыңыз сизге тынчтык бербей келеби? Анда төмөнкү кеңештерди колдонуп, эркиңизди башкарууга аракет кылып көрүңүз.
1. Суюктук ичип ашказаныңызды алдай турсаңыз болот. Минерал суусу менен бир кесим лимон же болбосо томат согу менен бир чыны көк чай курсагыңыздын ачканын көп убакытка чейин сездирбейт.
2. Ысык ваннага түшүңүз. Анткени, суу бүткөн боюңузду жибитип, ачкалыкты аз убакытка болсо да унуттурат.
3. Ар түрдүү жагымдуу жыттар көңүлүңүздү тамактан башка нерсеге буруп, маанайыңызды көтөрөт. Ар кандай атырлардын жыттары, же болбосо кадимки эле цитрус өсүмдүктөрү жардам берет.
4. Көрүнүктүү жерлерге жер-жемиштерден коюп, чыдамыңыз кетип бара жатканда алар менен өзөк жалгаңыз. Жер - жемиштердин пайдасынан башка зыяны жок экени баарыбызга маалым эмеспи.
5. Уктаар алдында сейилдеп келсеңиз болот. Таза абадагы сейил тамак жөнүндөгү ойду аздыр-көптүр болсо да оолактатат. Бирок, таза аба адамдын табитин кайра ойготушу мүмкүн. Ошондуктан, сейилдеп келгенден кийин дароо уйкуга кеткен оң.




Полдогу кара такты кетирүүгө сүт жардам берет
Линолиумга көпкө чейин төгүлгөн суу анын сапатын начарлатат. Ысык суу менен жуулган линолиум жумшак, бутка жабышчаак болуп калат. Ошондуктан аны муздак сууга ак самын менен көбүртүп жуугандан өтөөрү жок. Эске салчу нерсе линолиумду туз, соода, нашатырь спирти менен эч убакта жуубаңыз. Анткени, алар сапатын бузат.
Полдогу кара такты кетириш үчүн ысык сүткө щётканы малып жууса так тез кетет. Тактарды кетиргенден кийин ордун атайын полго ылайыкталган май менен сүртүп коюу зарыл. Полго кокус сыя же кеткис суюуктук төгүп алсаңыз алгач лимон менен сүртүп, артынан ысык самындалган суу менен жууган оң.
Жаңы сатып келген шыпыргы көпкө чейин керекке жарасын десеңиз аны жаңы бойдон туздалган ысык сууга салып коюңуз. Чаң баскан обойлорду алгач шыпыргы же чаң соргуч менен тазалап алып, артынан жылуу сууга бир аш кашык нашатырь спиртин аралаштырып жууса так калбай, обой жакшы тазаланат.




Акыл тамчылары
oАдамдар бири-биринин ден соолугу үчүн ичимдик ичишет. Бирок, ошол эле учурда ден соолугуна зыян алып келишет.
х х х
oАдам шамдагай көрүнгүсү келгенге караганда, шамдагай болуш үчүн алда канча көп эмгек жумшашы керек.
х х х
oАдам баласы башкаларга караганда өзүнө-өзү бат алданат.
х х х
oАлдамчы -калпты жакшы айта албаган адам. Кошоматчы - аңкоо адамдарды гана алдаганды мыкты өздөштүргөн адам.
х х х
oКалпычынын алган жазасы - өзгөлөрдүн ишеничинен чыккан эмес, өзүнүн ишеничинен чыкканы.
х х х
oКедейчилик - адамдын каалоосуна чек коюп эле тим болбостон, колу-бутун, оюн жипсиз байлайт. Ал эми бардар жашоо адамдын каалоосун канаттандырып, каалоолорду улам көбөйтөт.
х х х
oКедей адамдар сулуу, байлар күчтүү болушат.
х х х
oАдам ичкиликтен жеңилдик, эки анжы ойдон чечкиндүүлүк, кайгыдан кубаныч издейт. Бирок, жогорудагы аталган нерселерди ичкиликтен бир да адам таба элек.
х х х
oИчкилик ичкен адам төрт түрлүү айбанга окшошуп, алардын түсүн кие алат. Биринчиси - жай кыймылдап пингвинге окшошсо, экинчиси - маймылга окшошуп, тамашалап, элди күлдүрүп, өзү да жөнү жок күлө баштайт. Үчүнчүсү - арстандын кейпин кийип, өз күчүнө ишене баштайт. Төртүнчүсү -торопойго окшоп жерде оонап калат.
х х х
oКалпычылык менен кошоматчылык -таш боорлордун гана куралы.

А.CАБЫРОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
14-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Филармонияда жаңырган
ЫРЛАР ЖАНА ЧЫРЛАР

2-бет
Даниель:
"Түндүк менен түштүккө көпүрөмүн"

3-бет
Майра КЕРИМ кызы:
"Дартым "рак" болгону менен өнөрүм "брак" эмес"

4-бет
Сындалган кыргыз китептери
5-бет
"Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым"
6-бет
Кыргыз жыттанган Боз үй
8-бет
Кургак учуктун уюткусу - Бишкек шаары
9-бет
Алма, бал менен даярдалган пирог - нан
10-бет
Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар
12-бет
Тогуз ырчы бир чиркеп, токтобой сызат паровоз
13-бет
Омарды кыштан сактаган жүн байпак
14-бет
Муратбек Бегалиев:
"Чыкем кара сөздөн акындыкка өткөндө жаралган ыр"

15-бет
Джулия Робертс
16-бет
Турусбек менен Зоянын унутулгус ууз сүйүүсү
17-бет
Арбактар үйү
18-22-бет
Бекер жарыя бергиңиз келсе 0550127052 телефонуна SMS жөнөтүңүз.
19-бет
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш










??.??