Кумир менен баарлашуу

Роза Шакирова:
"Коркконумдан бир күн сүт чыкпай калды..."
Назгүл
- Роза эже, өмүрдүн гүлү болгон ден соолугуңуз кандай?
- Ден соолугум кудайга шүгүр, жакшы эле. Ошентсе да төрөгөндөн кийин аялзаты назик болуп калат экенсиң. Аба-ырайы өзгөргөн сайын ден соолугуң да өзгөрүп турат. Азыр мүмкүн болушунча ден соолугума көңүл бөлүп жатам.
- Уулуңуздун атын Руслан деп ким койду?
- Жолдошум койгон. Жолдошумдун Руслан деген боксёр кан досу бар. Ошондой эр азамат болсун деген ниет менен аяш атасынын атынан койдук.
- Сиздин жашооңуз бизге кызык. Сыр болбосо жолдошуңуз кайда иштейт?
- Ал сыр деле эмес. Өзүнүн чакан күрөөканасы (ломбард) бар. Ошо менен алектенет. Мен болсо үйдө.
- Сахнаны сагынгандырсыз. Эл алдына качан чыгасыз?
- Кичине арыктап алып чыгам. Учурда нан жебей диета кармап атам. Бирок, аны деле кыйрата элекмин. Он күн нан жебей жүрүп, он биринчи күн дегенде унутуп жеп алдым. Анан да кырк алтынчы өлчөмдөгү формаларды тиктирип койгом. Ошолор батканда чыгам го.
Мээрим
- Үй-бүлө кургандан кийин, чыгармачылыкта, жан дүйнөңүздө өзгөрүүлөр болдубу?
- Албетте. Көбүнчө балалуу болгондо. Мурдагыдай кененирээк бир жерге барып отура албай, же сахнада жакшы ырдай албай, баламды эле ойлой берчү болдум. Кыздар аябай токтолдуң деп айтып калышат. Мурда апам айткандай бир бутумду кесип кетсе да уктай берчүмүн, азыр балам кыңк эткенде чоочуп тура калам. Кыскасы, токтоо, сергек болуп өзгөрдүм.
- Апам ырчыларды көрүп "Бул ырды жеткиликтүү ырдай албаптыр, муну Роза ырдаса жакшы болмок экен" деп калат. Эл суктанган уккулуктуу үнүңүздү кантип сактайсыз?
- Үнүмө көп деле көңүл буруп, бапестей бербейм. Үйдө олтуруп кечке семичке чагам, муздак суу ичем.Кыскасы, Кудай берген эле үн менен чыгып жүрөм.
Кайыргүл
- Ырчылардын арасынан курбу кыздарыңыз ким?
- Он жылдан бери Фарида Карбозова менен достошуп келатам. Андан сырткары, Азиза, Айгүл Чалова, Жанара Атабекова, Элмира Кайып кызы, балдардан болсо Нурбек Дайырбек уулу менен жакшымын.
- Нурбек Дайырбек уулу сиз менен дует ырдап чыкканда аябай популярдуу болду эле. Досуңуз акыркы күндөрү көрүнбөй калды го?
- Чынын айтсам, Нурбек бой көтөргөн жигит. Менимче, анын сахнадан оолактай түшкөнүнө ушул мүнөзү түрткү болду окшойт.
- Экөөңүздөр чогуу квартирада турчу белеңиздер?
- Ооба. Мен, сиңдим, Нурбек, анын бир досу болуп чогуу жашачубуз. Жолдошум кээде үйдө болбогондуктан турмушка чыкканымда деле Нурбекти жаныма алып алгам. Кийин түшүнбөстүктөр болуп уруша кеттик.
тазагүл
- Чет өлкөдө жүргөнүңүздө эң биринчи көзүңүзгө эмне элестейт?
- Үйүмдү сагынам. Кенен-кесир жаталбай, төшөк-жуурканым көз алдыма тартылат. Андан кийин Кыргызстандын тоолорун элестетем.
- Экинчи аял болгонуңуз чынбы?
- Чын. Мага чейин биринчи аялы болгон экен. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дейт го. Аны жашырганда эмне? Мен тийип атканда эле "Көгүлтүр от" жаңы жылдык телеберүүсүнөн мен жигит таптым, бирок экинчи аял болом деп айткам. Мурда үйлөнүп кыздар-балдары бар экен. Элдерге окшоп өзүмдөн 25 жаш улуу бирөөгө тийип, үй-бүлөсүн бузуп жашаган жокмун да. Ачык-айкын эле, шарият жолу менен өзүмдөн сегиз жаш улуу адам менен жашап жатам.
Жанусь Роза
- Бир гезиттин кабарчылары сизди тамашага салып, балаңызды алмаштырып койгондо кандай абалда калдыңыз?
- Мага дароо эле бирөөнүн баласын кантип багам деген ой келди. Катуу коркконумдан бир күн сүт чыкпай баламды эмизгенде кыйналып жүрдүм.
- Ырчылардын көпчүлүгү "ырдоо менин жөн гана хоббим"-деп айтышат. Өмүр бою ушул жол менен кетип ырчылыкты кесип кылганга болбойбу?
- Бирөөнүн көз карашын, ой-максатын бурмалоого болбойт. Ар ким өз каалаганын жасайт да. Ушул сурооңузга жооп бере турган болсом өз аягың менен басып чыгып ырдап жүргөнгө не жетсин. Мен үчүн ырдоо хобби эмес, кесип. Буюрса, кудуретим жетишинче ырдайм . Алла Пугачева деле азыркыга чейин жүрбөйбү. Качан гана үнүм бузулуп калганда унчукпай эле пенсияга чыгып кетем.
Жийдегүл
- Теле алыпбаруучу Шайырбек Арапов тойго чакырса "Капкан шоуга" саласың деп барбай койгон турбайсызбы?..
- (Күлүп) Ооба. Азыр ким тойго чакырса да корко берем. Басма сөз каражаттарынын тамашасы болуп, уят болбоюн дейм. Кээде алданып калбайын деп коркуп атып тойдун ээси 1000 сом берем десе деле макул боло берем. Шайырбек чакырганда да "Капкан шоуга" саласың деп чочулап болбой койгом. Чын чакырдыбы, калп чакырдыбы аны да билбей калдым. Алардын чын-жалганы да билинбейт. Негизи Шайырдын чакырган жерине көп бара бербейм.
- Эне болуу бактысы кандай экен? Балаңыздын кылыктары чыгып калса керек?
- Эне деген чоң бакытты сөз менен айтып да, обон салып ырдап да жеткире албайм. Аны ар бир эне болгон адам гана сезип, туя алат. Отузга чыгып балалуу болгон үчүнбү, аябай баласаакмын. Кичине эле жөтөлүп калса оорутуп алдымбы деп ойлоно берем. Баласаак болгонуңдун бир жери кечке эле көзүн карап, аярлаган сайын ооруй берет экен. Азыр эми кылыктары чыгып менин бактыма бакыт кошуп жатат. Чачымды жулат, бетимди тытат, туруп-туруп кыткылыктап күлөт.
Үмүтай
- "Үйлөнүү той" деген ырыңызды үй-бүлөбүз менен кулак төшөп угабыз. Кантип ырдап калдыңыз эле?
- Бул ырды Ибрагим Жунусов 1996-жылы берген. Бир тойго барып, комуз менен ырдап калсам ушул ырды ырда деп сунуштаган. Убакыт-сааты жетип ырдаганыма эки жыл болду. Сөзү жакында эле каза болгон депутат Санжар Кадыралиевге таандык. Кызыгы, ошол тойдо Ибрагим Жунусовду биринчи жолу жанынан көрүп, ал кишиге жолукканыма сүйүнүп, жетине албай ыйлагам.
- Асема бир гезитке "Мен Баткенге турмушка чыктым дештен уялам" деп айтыптыр. Баткенден чыккан ырчы катары мындай сөздөргө терикпейсизби?
- Мындай сөзгө мен эмес биринчи анын жолдошу теригиш керек. А мен үчүн Асема катардагы адамдардын бири. Анын көз карашы менен эч нерсе өзгөрүп кетпейт. Ал эми Асемага эгер чындап эле уялсаң, ажырашып, өзүң каалаган жерге тийип ал дейм.
- Азан чакырылып коюлган атыңыз Орозгүл турбайбы? Эмне үчүн Роза деп өзгөртүп алгансыз?
- Атам мени Розанда, эрке кызым, тентек кызым дей берип үйдөгүлөрдүн баары Розанда деп калышкан. Классташтарым гана Орозгүл дешчү. Училищага келгенде Орозгүл Токторбаева менен чогуу окуп калып, тиги Орозгүлбү бул Орозгүлбү деп чаташтырып атышып мени Роза деп коюшту. Бирок, азыр Айдеркенге барсам баары эле Орозгүл дешет. Анын үстүнө Орозгүл Токторбаева экөөбүз тең бир жылда бир күндө төрөлүптүрбүз.
Жамал
- Азыр документ боюнча атыңыз ким?
- Роза деп өзгөртүп алгам . Бирок, муну ата-энем билбейт. Билсе таарынышат го.
- Сиз аябай салмактуу, оор ырларды жүрөккө жеткирип ырдайсыз. Ырдап бүткөндөн кийин шалдырап эле олтуруп калсаңыз керек?
- Эгер ошол ырды образга кирип берилүү менен ырдасам тескерисинче жеңилдеп калам. Эгер чыкканда эле кыйналып калсам анда ырдын аягына чыкпай жоголуп кетем. Кудай сактасын, буга чейинки чыгармачылыгымда мындай учур болгон жок.
- Жандуу үн менен бир концертте канча ыр ырдай аласыз?
- Боюмда бар кезде фонограмма менен ырдап жүрдүм. Негизи 7-8 ырды жандуу үн менен ырдаганга кудуретим жетет.
- Ошондо чарчап каласызбы?
- Жок. Негизи мен ырдагандан эмес пол жуугандан чарчайм. Пол жууганда кадимкидей тер басып, кыйналып калам.
Айбек
- Сизди чебер дешет го?..
- Апам мени чебер кылам дей берчү. 6-классымдан баштап килем токуганды үйрөнүп, мектепти бүткөнчө өзүмдүн себимди даярдап койгом. Бир туугандарымдын килемин мен согуп бергем. Муну менен чебермин деп деле айтпайм, аялзаты катары ийне кармаганды билем.
- Жолдошуңузга ырдап бересизби?
- Комуз менен ырдап берем. Музыканы жакшы түшүнөт. "Бул жерине үнүң жетпей калды, бул жеринен кыйналып калдың"- деп айтып турат.
- Бири-бириңиздерди эмне деп эркелетесиздер?
- Ал мени "сасык" дейт, мен аны "жаным" деп эркелетем.
махабат
- Аркы дүйнөдө тозок менен бейиштин бар экенине ишенесизби?
- Ишенем.
- Раббиңиз ким?
- (Ойлонуп) Рабби... ал эмне?
- Жаратканыңыз ким деген сөз.
- Кудай да. Бул эмне, арабча сөзбү?
- Ооба. Бүгүнкү саясатка көз карашыңыз кандай? Көрүнүктүү инсандарыбыз кезеги менен адам колдуу болуп атат. Кыргыздын патриотторунун келбес сапарга кетип жатканына жүрөгүңүз ооруп атабы?
- Кантип түйшөлбөй коёсуң?!. Сиз айткандай кыргызга дем болчу эр азаматтарды узатып атабыз. Буга чейин канчасы өлүп кетти. Кылмышкерлердин бири да табылган жок. Бул кыргыз эли үчүн - трагедия. Биздин колубуздан эч нерсе келбейт, муну менен жогорку жактагылар күрөшүүсү керек. Чынында, Санжарды атып кетти дегенде аябай жүрөгүм ооруп, көңүлүм чөктү. Бизде эми эле өйдөлөнүп атканда жок кылат. Билбейм, келечегибиз кандай болот?..

Ж.КАЛДАРОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!