шоудүйнө

Сен ишенбейсиң!..
Бул рубриканын башкы максаты белгилүүлөрдүн биз билбеген белгисиз айрым сапаттарын айкын чагылдыруу. Ойго келбеген мындай көрүнүштөрдүн чындыгы бар экенине толук ишене берсең болот, ардактуу окурман. Анткени анда чыркырагын чындык бар.

Камчыбек
Сарыбаев
"Кыргызстан обондору" радиосуна ди-джей болуп келгенден бери 117 киллограмм салмактагы Камчы мырза 20 күн ичинде 25 киллограммга арыктады. Курсагы кирип, өзүн абдан жеңил сезип калганын айтат. Баса, белинин өлчөмү 90 сантиметр экен.

Бактыгүл
Бадыева
"Кайгырбаймын" деп капалана ырдаган Бактыгүл Бадыевага өмүрлүк түгөй болуучу жан шериги күн сайын 33 даана ак роза гүлүн тартуу кылып турат. Жыпар жытка бөлөнгөн ырчы кыздын үйүнө гүлдөрү батпай турса да, куурап калмайынча ыргытпайт.

Иса
Өмүркулов
Исанын кабагын түйүп алып ырдаганын көргөн сайын ырчыга күйөрман кыздары батына алабы деп ойлочумун. Көрсө, сөз башкада турбайбы. Кызыгы, анын бир күйөрман кызы ага катардагы жумшак оюнчук эмес, тирүү күчүк тартуу кылыптыр. Ал күчүгү азыр торпоктой болуп чоңоюп, Исанын үйүн кайтарат экен.

Бегимай
Бекбоева
Кымча белдүү, кара тору бул сулуу тамакты ылгабай жейт. Бир олтурганда эки кесе лагман, артынан кошумча тамак ичсе да алымсынбай калат. Манты, беш бармак сыяктуу камыр тамактарга өтө жакын. Канчалык тамак жеп курсагы тоюп турса да, өзүн ачкадай сезе берээрин айтат.

Бекчоро
Бул мырзанын сырткы имиджин көргөн адамдын дароо эле көзү талат. Желке чачына кыргыздын шырдагынын оюусун түшүрүп, ак-кара очкини тагынганы эле канчалык оригиналдуулукка ээ. Бирок, ошентип жүрсө да ал беш айдан бери беш маал намаз окуп, Кудай жолунда жүрөт.

Канат
Бегалиев
Кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Канат баатыр жөнүндө кандай гана мактоо сөз айтсак жараша берет. Анын сөз учугу тээ алыста эмеспи. Алыс кетпей эле бир мисал келтирсек, ал кайсы бир турнирде беш атаандашын бир күндө бирдей жыгып, көрүүчүүлөрдү, жеңилгендерди укмуштай таң калтырган.

Рахбар
Алымкулова





"Мен ырсыз жашай албайм"
Кыргыз элинде таланттар көп. Акыркы мезгилдерде биринин- артынан бири чыгып, ыр дүйнөсүнө баш баккан жаш таланттар күндөн күнгө көбөйүп келе жатат. Редакциябызга баш баккан жаш талант Бакрас бүгүн биздин "Жаңы ысым" рубрикабызда.

Бакрас-1985-жылы 17-апрелде Бишкек шаарында төрөлгөн. Нарын шаардык музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Репертуарындагы ырлары: "Сүйүү арманы", "Сен сен", "Жардам берчи".

- Бакрас, атың өзгөчө ат экен. Учурда жаш ырчылардын көпчүлүгү жашыруун ат менен жүрүүнү модага айландырып алышкан. Сенин атың да азан чакырылып коюлган атың эмес го?
- Туура баамдадыңыз. Менин өз атым Бакыт. Бирок эмнегедир бул атым өзүмө жакпайт. Ошондуктан өзгөртүп Бакрас деп алгам.
- Чоң сахнага алгач чыккан күнүң эсиңдеби?
- Мындан эки жыл мурун Спорт сарайында кайрымдуулук концертин өткөргөнбүз. Ошондо мен чоң сахнага биринчи жолу "Сүйүү арманы" деген ырымды ырдап чыккам. Бул ырдын сөзү, обону өзүмдүкү. Ырдын негизги мазмуну кайгылуу, армандуу сүйүү тууралуу баяндалган. Чоң сахнага биринчи жолу чыксам да менде эч кандай сүрдөө, толкундоо болгон эмес. Себеби, мен ага чейин элдин алдына чыкпасам дагы көпчүлүктүн алдына чыгып, сүйлөп жүргөн болчумун. Ошондон улам сүрдөгөн жок окшойм. Бул концертти өзүмдүн "Хеппинес" коомдук бирикмем уюштурган. Бул концертке баардык ырчылар катышып беришкен.
- Эмне себептен ыр дүйнөсүн, сахнаны тандап алдың?
- Мен ырсыз жашай албайм деп айтсам болот. Себеп дегенде кичине кезимде эле көптөгөн сынактарга катышып ырдап жүрчүмүн. Бирок тартынчаак болчумун. Эмнеге экенин билбейм, бирок сахна мага аябай жагат.
- Кайсы ырчыны кумир тутасыз?
- Гүлнур Сатылганованын талантын, адамкерчилигин баалайм. Ырларын жакшы көрөм. Ал эми жаш ырчылардан Азар Амандын талантын баалайм.
- Жогоруда өзүмдүн "Хеппинес" коомдук бирикмем бар дебедиңби. Кененирээк маалымат бере кетсең?
- "Хеппинес" кыргызча которгондо "Бактылуулук" дегенди билдирет. Бул коомду 2004-жылы өзүм уюштургам. Себеби, буга чейин мен башыман өтө оор тагдырды өткөргөм. Ошондуктан мен көргөн турмушту эч ким көрбөсүн деген максат менен ачып, жардамга муктаж балдарга жардам көрсөтүү жана майып балдарга эстетикалык жактан тарбия берүү. Биздин эң негизги максат майып балдардын укугун коргоо, ден соолугуна жардам берүү. Учурда майып балдар менен иштешип жатабыз. Аларды жайкысын лагерге эс алдырып келебиз. Ошондой эле кайрымдуулук концерттерин өткөрөбүз. Атайын бизди колдогон демөөрчүлөрүбүз бар. Андан сырткары, бизге моралдык жактан да, материалдык жактан да жардам берген ырчылар бар.
- Бакрас, жаш болсоң да өз кызыкчылыгыңды ойлобой майып балдарга жардам берип жатканың жакшы. Сага кең келечек, ийгилик каалайбыз.
- Рахмат. Сиздердин ишиңиздерге да ийгилик, "Обондун" окурмандары көбөйө берсин.

Д.Абасканова









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!