тасма тарыхы

Ушул күнгө чейин "Жоокерлер" сериалы баардык каналдардан берилип чыкса да өз кызыгын жоготпой, карапайым элдин жакшы көргөн тасмасы боюнча калып келет. Албетте, мунун да өзүнүн жөнү бар. Себеби, ар бир аскердик кызмат өтөп келген мырза өзүнүн жаш кезин кинодон көрө алат. Күлкү, көз жаш, кубаныч, турмуштан алынган түйшүк менен коштолгон тасманын жаралуу тарыхы назарыңызда.

Жоокерлер
Мазмуну
Ар бир мекенин коргогон, намыска бек эркектер мекенинин алдындагы милдетин, аскердик кызматын өтөгөнү жөнөйт. Ошол мырзалар башынан кечирген ары оор, ары кызыктуу күндөр "Жоокерлер" тасмасында кенен -кесир баяндалган. Аскер учурундагы кызыктуу окуялар, күлкүлүү эпизоддор аркылуу ар бир экинчи мырза өзүн экрандан көрө алат. Албетте, медалдын эки бети болгон сыяктуу эле жоокерлердин алдын күтүүсүз оор кырдаалдар, түркүн түстөгү сынактар да күтүп турат.
Кинонун жаратуучуларынын бири Сергей Арланов сериал тууралуу төмөндөгүдөй оюн билдирген: - "Жоокерлерде" көпчүлүк эпизоддордо аскер кызматын өтөп жаткан жоокерлердин жакшы, бейпил жашоосу чагылдырылган. Муну көпчүлүк сынчылар туура эмес кабыл алып түркүн ойлорун билдирип, армияда баардык нерсе кинодогудай "жылмакай" эмес деген сындарын айтышты. Ошентсе да мен тасма аркылуу армияны эркектерге түрмө эмес экенин, болгону эркектер үчүн тарбия алууга, жашоодогу кыйынчылыктарга моюн сунбай жеңүүнү үйрөтө турган эң мыкты мектеп экенин далилдегим келген. Ооба, кинодо көп жерлери ашыкча кооздолуп, аша чаап кеткенимди моюнга алам".
Ал эми тасмада башкы каармандардын биринин ролун аткарган актёр Борис Щербаков: - Мен өзүм аскердик кызматымды өтөгөн эмесмин. Бирок "Жоокерлер" тасмасы аркылуу мекенимдин алдындагы милдетимди өтөп келгендей сезимге ээ болдум. Аскерге чогуу барган жакын досторум жок болсо да тасмага бирге тартылган "палчандарым" менен азыркыга чейин жакын мамиледемин- дейт.
"Ашар" жолу менен тартылган тасма
Бир топ актёрлордун башын бириктирип, көп сериялуу кино тартуу кыйла эмгекти, көп каражатты талап кылаары айтпаса да белгилүү. Акча маселесин режиссёр демөөрчү издеп чечкенге аракет кылган. Коргоо Министирлиги жоокерлердин жашоосу тууралуу тасма тартылып жатканын угуп Сергей Арлановду чакырып жардамын сунуштаган. Көктөн издегени жерден табылганына сүйүнгөн Сергей кинонун сюжети менен кыскача тааныштырып, катышкан актёрлордун гонорарын төлөп бергиле деген өтүнүчүн билдирген. Ошентип, эми Арлановдун алдында кинону кайсы аскер бөлүмүндө тартсам деген суроо туулган. Мунун да жарасы оңой чечилген. Дагы да болсо Сергейдин жакын досу аскердик бөлүмдөрдүн биринде кызмат кылгандыктан досунун өтүнүчүн четке каккан эмес. Баса, белгилей кетчү жагдай бул кинодогу бир нече эпизод дал ошол досунун жашоосунан алынган. "Жоокерлерге" катышкан актёрлордун көбүнчөсү кастинг аркылуу тандалып алынса, кээ бири профессионал актёрлор. Бир топ жаңы актёрлордун тушоосун кескен "Жоокерлер" телесериалы азыр көпчүлүктүн сүйүктүү сериалына айланды. Жогоруда белгилеп кеткендей, киного катышкан актёрлордун көпчүлүгүнүн атайын актёрлук билими жок болгондуктан көп сериалуу тасма чоң машакат, убара менен тартылган. Кинодогу аткарылган ырлар, музыкалардын баардыгы "Конец фильма" тобуна таандык.
Анча-мынча
каталар да кездешет...
Кинонун бешинчи бөлүгүндө Шматко "Кудашов араң жан жоокерлерди тандап келиптир, мен Зубов менен барганда жалаң узун бойлуулардан тандап келгенбиз. Фахрутдинов, Нестеров, Лавров, Щурду карагылачы..." деп адатынча мактанган эпизод. Чынында Фахрутдинов менен Щур мурда аскердин жоюлуп кеткен бөлүгүнөн келишкен.
Медпункта иштеген медайым Пылеева Иринаны баары Ирина Дмитриевна деп аташат. Ал эми Колобков анын делосун карап жатканда сыртындагы Пылеева Ирина Викторовна деген жазууну байкоого болот.
Кинонун үчүнчү бөлүгүндө Щур чоң "ЗКП" машинасын айдап баратканы бар. Ал эми кинонун бешинчи бөлүгүндө Зубовго айдоочу керек болгондо Щур унаа айдаганга такыр жөндөмү жок экени аныкталат.
Биринчи бөлүктө Медведев дарбазага ак сыр менен "Ира мен сени сүйөм!" деп жазган. Кийин экинчи бөлүгүндө Михаил Медведев сүрөттөрдү карап отурганда "Ира мен сени сүйөм!" деген жазуу сүрөттө такыр башка түс менен жазылган.
Дүкөндөгү ууруларды кармаганга Шматко,Фахрутдинов, Гунько, Соколов, Лавровдордон түзүлгөн топ жиберилет. Кийинчирээк бул топко Вакутагин кошулат. Ал эми кылмышкерлерди колго түшүргөндөн кийин Зубов Шматко, Фахрутдинов, Гунько, Соколов, Нестеровго ыраазычылыгын билдирет.
Тасманын үчүнчү бөлүгүндө аскер бөлүгүнө телевидениеден кабарчылар келет. Лавров гитара менен ыр аткарат. Кечинде ырдаганын телевизордон көрсөткөндө гитара менен Лавровдун ырдаганы такыр окшошпойт.
Кинону көркүнө
чыгаргандар
Алексей Маклаков (Шматко)
1962-жылы 12- майда төрөлгөн. Аскерде өтөгөн кызматы тууралуу "алты ай, он төрт күн эле кызмат кылып андан кийин качып кеткем. Тажап кеттим" деп эскерет. "Жоокерлерге" чейин кыйла эле эмгектерди жараткан. Ал эми бул сериалга катышканынын негизги максаты- аскердеги жашоону кайра башынан кечирүү. Бош убактысында балдары менен футбол ойногонду жакшы көрөт. Жашоодогу урааны "адамдардан жакшы мамиле күткүң келсе, аларга да ошондой мамиле жаса". Жакшы көргөн тамагы шишкебек. Дем алыш күндөрү сөзсүз убакыт таап шишкебек жасап жейт. Жашоодо оор басырыктуу, кинодогу калдаңдаган Шматко анын карама каршы образы экен.
Роман Мадянов (Колобков)
1962-жылы 22- июлда жарык дүйнөгө келип, ата-энесин кубанткан. Эң биринчи жолу тогуз жашында "Приключения Гекльберри Финна"(Гекльберри Финнанын окуялары) деген тасмага тартылган. Баш аягы элүүгө жакын кинолордо түрдүү образдарды жараткан. "Жоокерлер" сериалында жалгыз Роман эле терс каармандын ролун мойнуна алган. 1983-жылдан бери Владимир Маяковский атындагы тетрда эмгектенип келет. Үй-бүлөлүү, жубайы Наталья жана уулу Роман менен Москвада жашайт. Эң жакшы көргөнү балык уулоо. Жакшы көргөн сөзү "Жакшы жумуштан, жаман балык уулаган артык". Белгилей кетчү нерсе 2002- жылы "Слабое звено" оюунуна катышып, утуп алган 402 миң рублди Тульск областынын балдар үйүнө өткөрүп берген. Роман кинодо терс рольдорду аткарганы менен чыныгы жашоодо андан боорукер, берешен адам жок.
Борис Щербаков (Бородин)
1949-жылы 11-декабрда төрөлгөн. Жакшы көргөн шаары Санкт-Петербург. Бул шаар үчүн жашоосундагы көп кымбат нерселерди курмандыкка чалууга даяр. Кичинекей кезинде жеңил атлетика, футбол менен машыгып келсе, азыр спорт жөнүндө уккусу келбейт. Балыктан жасалган тамактарды жакшы көргөнү менен өзү такыр ашканага баш багып, тамак жасап көргөн эмес. Бүгүнкү күндө заманбап темир тулпар алганга кудурети жетсе да өзүнүн эски "Волгасын" айдап жүргөндү жактырат. Алтымышка чыкканга чейин бир да жолу жол эрежесин бузган эмес.
Ольга Фадеева (Пылеева)
1982-жылы 30-июнда төрөлгөн. Ольганын жактырган жазуучулары Достоевский, Пушкин. Ал эми баарынан да ат мингенди жакшы көрөт, келечекте ат сарай салдырып, ат багууну максат кылып келет. Зоя Белохвостик менен бирге тасмаларга тартылгандан ырахат алып, анын деңгээлине жетүүгө дайыма умтулуп келет. Азыр театрда эмгектенип, экономика факультетин сырттан окуйт. Ал эми "Жоокерлерге" чогуу тартылгандардын арасынан Роман Медянов, Александр Лымарев, Иван Моховиков менен жакшы мамиледе. Кыздарга караганда эркектердин достугу бекем болооруна ишенет.
Александр Лымарев (Медведев)
1983-жылы 18-январда жарык дүйнөгө келген. Чыныгы жашоосунда да тасмадагыдай тамашакөй, тили так. Александрдын кинодогу кээ бир эпизоддор башынан өткөргөн окуяларга үндөшүп кетет. Мисалы,ал декан менен айтышып кеткени үчүн окуусунан айдалып, бир нече айдан кийин араң кирген. Сүйгөн кызы менен урушуп кетип, ал өзүнөн бир топ жаш улуу кишиге турмушка чыгып кеткен. Азыркы тапта Александр жеке ишкананы иштетет. Жашоодо калыстыкты, жоопкерчиликти жогору баалайт.

А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!