күлкү ден соолуктун мүлкү

Бала тили - бал
- Сени атаң менен апаң урушабы?
- Жо-ок, мени урушпайт. Экөө бири-бири менен урушат.

-Сүйүү деген эмне?
- Кыз.

-Кызым, сага сонун көйнөк сатып берем. Сен күйөөгө тиесиң.

Ойлонуп туруп:
-Качан күйөөгө тием?
- Чоңойгондо да…

- Эртең тие берейинчи…

Төрт жашар баланын кыялы.
-Мен чоңойгондо байкемдикиндей "мейс" алам. Байкемдей болуп досторумду салбайм, атам менен апамды салып алып зуулдатып айдайм,-деп жер чукулап отурса эле темир жолдон поезд өтүп калат. Анда аны көргөн бала:
- Жок, мен "мейс" албайм. Уз-уу-уун поезд алам дагы, кө-өп адамдарды салам…



- Апа, кыздар эмнеге күйөөгө тийбесе төрөбөйт?
Апасы эмне деп жооп берээрин билбей буйдала түшөт. Анда баласы:

- Аа, билдим, кыздар күйөөгө тийбесе кудай бала бербейт да ээ. А күйөөгө тийсе кудай баланы акырын жылдырып коёт.

Айылдан келген туугандар бир жума жүрүп кетмек болушат. Кетип баратып үйдүн үч жашар баласына карап:

- Жакшы кал, сагынсаң телефон чалып тур ээ,-дейт бирөөсү. Анда бала:
- Жакшы байгыла, үйдү бошотконуңар үчүн ыйахмат…




Анекдоттор

Апенди кошунасынын үйүнө келсе, эч ким жок эшигинде кара кулпу илинип турган болот. Жини келген апенди эшиктин сыртына "Эшек" деп жазып кетет.
Кошунасы үйүнө келип, базардан алып келген буюмдарын коюп, дароо апендинин үйүн көздөй жөнөйт.
Апенди аны тосуп чыгат.
Кошунасы:-Эй апенди, мага эмне жумуш менен келдиң эле?
Апенди:-Мен сага барган жокмун ким айтты?- дейт.
Кошунасы:-Атыңды эшигиме чо-оң кылып "Эшек" деп жасып кеткен турбайсыңбы?-деп апендини өчүрүптүр.



Атасы менен апасынан беш жаштагы баласы сурайт.
- Ата мен кантип пайда болгом?
Атасы эмне деп жооп берээрин билбей:
- Апаң экөөбүз уктап, эртең менен туруп төшөктү ачсак, сен пайда болгонсуң,-дейт.
Аны уккан баласы эртең менен туруп төшөгүн ачса, кумурска кетип бараткан экен. Бала кумурскага карап, "Өлтүрөйүн дейм, баламсың да, баламсың" деген тура...

Апенди жолдо келатып щётка таап алат.
Көпкө чейин ар жак-бери жагын карап "Оо кудай, жыгачка да кирпик өстүрүп койгонуң сонун го" деп оозун ачыптыр….

Апенди суу сугарып олтурса, аны көргөн кошунасы сурап жатат.
- Эй апенди эмне кылып жатасың?
- Мен шорпо тамакка нан малып, жегим келбей, кайра сыртына чыгарып, брак кылып олтурам.
- Сени жинди десем эч ким ишенбейт. Сен шорпого нан малып жебей эле, суу сугарып олтурбайсыңбы?-десе, Апенди каамырабай:
- Анан эмне көрүп туруп айтып жатасың? Сени жинди десем эч ким ишенбейт,-деп өзүн сөзгө жыккан экен.

Апенди жолдо автобус күтүп жатса, бир апенди тоо-олтура автобус өтүп кетиптир. Аны көргөн апенди апендилердин кимиси кетип жатканын тааныбай, баардык апендилерге салам айтып, автобустун артынан чуркаптыр.


Болгон окуя
Бир артист бир күнү аялына:
- Кемпир, кийим кечекти даярда. Мен гастролго кетем,-дейт. Аялы кийимдерин тазалап, чемоданга салып берип:
- Эми жакшы барып кел, жакшы жүр,-деп узатат. Каяктагы гастрол? Ал артист өзү жашаган үйдүн башка подьездине кирип кетиптир дейт. Ал жакта жакшы көргөн, көңүлдөш келини бар экен. Арадан бир-эки күн өтпөй эле артисттин үйүнүн эшиги тыкылдайт. Аялы ачса эле халатчан, бутуна үйгө кийген домашныйчан, колуна мусор чака көтөргөн күйөөсү маңдайында турат.
- Сен каяктан?!-деген аялы чочуп кетиптир. Тиги артист ошондо эсине келет. Көрсө…көрсө байкуш көңүлдөшүнүн үйүнөн мусор төккөнү чыгат да, көнгөн адаты боюнча өзүнүн үйүнө келип атпайбы, байкуш.
Гастролго кеттим деп кеткен күйөөсүнүн бул кебетесин көргөн аялы таң калып, унчукпай, турган ордунда катып калыптыр. Аттиң, эр менен эттен көңүл калбайт деген ушул экен да.
Жоругуң жолдо калгыр артист ай…




Тостор
Арактай ачуу эмес таттуу, бутылканын башындай тар эмес, аягындай кең, жалгыз эмес жалпыга тең бололу. Ошон үчүн алып жибергиле!
х х х
Сүйлөдүм тос иче албайм баары бир, ичкендерге таза сезим алып кир. Ошондуктан сунамын мен Маратка, сунган колду суутпастан алып ий.
х х х
Узун өмүрлүү, кышкысын көмүрлүү бололу да, кийгенибиз барча, жыттаганыбыз арча, кармаганыбыз акча, үйүбүз бакча болсун.
х х х
Бар бололу, бай бололу бир келген жалган өмүрдө,
Так салбайлы, гүлдөй назик көңүлгө. Ошондуктан сый мамиле үчүн алып жиберсек кантет?..
х х х
Жерде өскөн гүл үчүн, гүлдү үзгөн кыз үчүн, кызды өпкөн жигит үчүн алалы.
х х х
Баары бизди суктанышып карашат,
Кандай сонун ырахаттуу балачак.
Стакандар кагылышсын бул күнү,
Бүгүн бизге бүт баарысы жарашат.
Келгиле достор, стакандар кагышса да,
Биз кагышпайлы.
х х х
Б армак менен кармап,
Сөөмөйгө чейин алалы.
Ичип ийип баарысын,
Таарынышпай калалы.
Кечээки ооруган баштарды,
Мына ушинтип жазалы.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!