сырмаек

Айгерим Расул кызы:
"Курманбек" эпосундагы Айганыштын образын жаратам"
Жагымдуу үнү, жылдыздуу жүзү менен калк ичинде кадыресе популярдуулукка жетишкен Айгерим жөнүндө бүгүнкү күндө ар кандай жакшы ой-пикирлер айтылып келет. Акыркы учурларда Айгеримдин үнүнө, сулуулугуна суктанган чет жерлик кино тартуучулар тарабынан көптөгөн сунуштар түшүп, Айгерим ал жактарга концерттик-гастролдорго чыгып келгендиги туурасында кабарыбыз бар эле. Анда ырчынын ымандай сырын сиз менен тең бөлүшөбүз.


- Айгерим, жакында эле Кытай, Россия жергелерине гастролдоп барып келген экенсиң. Сөзүбүздү ошол туурасында баштасак...
- Жакшы болот. Мен быйыл Кытай, Россия, Казакстан өлкөлөрүнө тез-тезден барып келип жатам. Себеби, чакыруулар аябай көп түшүүдө. Өзгөчө Кытайлык кыргыздардын меймандостугу, адамгерчилиги аябай көңүлүмдү жибитти. Ал жактагы кыргыздар такыр башкача экен. Мисалы, биздин жыйырма жыл мурунку кыргыздарды мына ошол жактан көрүп келдим. Тагыраак айтканда, азыркы учурда СССР мезгилиндеги адамдардын Кытай жергесинде чын эле бар экенине ынандым. Жаштарынын табити да негедир бөлөкчө. Дегеним, ал жактагы жаштар СССР мезгилиндеги адамдардай калыптанып калыптыр. Ал эми биздин жаштардын табити мезгилге жараша такыр башкача болуп өзгөрүп кетпедиби. Мисалы, эсимде, кичинекей кезимде биздин элдин кулк-мүнөзү, жүрүм-туруму башкача болчу. Жөнөкөй эле бир мисал, бирөөнү алдап кетип, же бирөөгө катуу сөз айтып, капа кылганды билишчү эмес. Мына ушундай кыргыздарды ал жерден тапса болчудай. Ушун чалык маданияттуу туугандарыбыз бар экенин көрүп, жүрөгүм жылып кайттым. Анан да таза кыргызча сүйлөшөт экен. Бир жума алар менен нукура кыргыз тилинде сүйлөшүп жатып, аябай көнө түшүптүрмүн. Бул жакка келип курбу-кыздарыма жолуксам "тилиң башкача болуп калыптыр" деп күлүп жатышпайбы. Үрүмчүдөн ары Артыш шаарына бармакмын. Бирок, Россиядан атайын чакыруу келип калып, бул жакка келе берүүгө аргасыз болдум.
- Дагы бир чоң жаңылыгың сени кыргыз эпосторунун бириндеги ханышанын ролун жаратат экен деп угуп жатабыз?
- Туура, "Курманбек" эпосундагы Айганыштын образын мен чагылдырышым керек экен. Ал сунушту туура кабыл алдым. Бирок, тасманын сценарийи боюнча эч кандай маалыматым жок. Эми ал дагы кандай болуп кетет ким билет. Кыскасы, канча бир кыздын ичинен мени тандашыптыр. Мен деле ал тууралуу толук биле элекмин. Анын баарын убакыт өзү көрсөтөт.
- Ал эми америкалыктар да сени тандашып, сүрөтүңдү жарнамага бергени жатышыптыр. Кыскасы, кыргыз кызынын жүзүн сен алып чыгат экенсиң. Бул туурасында эмне айта аласың?
- Америкалыктар биздин кыргыз кыздарын такыр башкача элестетишчү экен. Эми мен өзүмдү-өзүм эч убакта мактай албайм. Менин кыргыз кийим кийип түшкөн сүрөтүмдү көрүп жактырышыптыр. Чындыгында мага түшкөн сунуштар абдан көп, алардын баарын ишке ашырыш үчүн бир гана убакыт керек экен. Андыктан "иштеген тиштейт" дегендей, ак эмгек менен өз ишимди жүргүзө берсем дейм.
- "Жаннат" кино тасмасына кандайча тартылып калдың?
- Былтыр Көлдө өткөн кинофестивалдын акыркы жабылыш аземи Бишкектин ресторандарынын биринде өткөн. Ал жерге мен дагы ырдап барган элем. Кыргыздын, голливуддун белгилүү мыкты режиссёр, актёрлору бүт ошол жерде экен. Ошондо мага алар ар кандай жакшы ой-пикирлерин билдиришип, киного түшүүгө мүмкүнчүлүк беришерин айтышкан. Ошентип, Геннадий Базаров мени чакырып, "Жаннат" кино тасмасына түшүп калдым. Бул тасмага биринчиден өзүмдү сыноо жана актёрдук чеберчилик топтоо үчүн тартылдым. Менде эч кандай актёрдук чеберчилик жок болчу да. Киного тартылаарда бир жума мурун мага сценарийди беришти. Ошол бойдон аткардым. Алдын-ала "режиссёр урушат, кагып-силкет, капа болбогун" деген сөздөрдү көп уктум. Ансайын мен дагы өзүмчө эле "качан уруш угам" деп кооптонуп жүрдүм. Бирок, андай уруш укпастан үч-төрт дубль менен тартылып бүттүм. Ага өзүм да таң калдым. Болгону ыйлаган жеринен ыйлай албай абдан кыйналдым. Негизи мени ыйлатыш аябай эле кыйын.
- Көтөрүмдүүмүн дейсиңби?
- Туура таптыңыз. Аябай көтөрүмдүүмүн. Канчалык жаман сөздөрдү уксам да унчукпай олтура берем.
- Голливуд жылдызы Марк Дакаскос менен киного түшүшүм мүмкүн дегениң бар. Ал жагы эмне болду?
- Аны башынан айтып берейинчи. Жогоруда айтып кетпедимби, кинофестиваль боюнча. Ошондо ырдап жатканымда кимдир бирөө эле мага улам-улам кол булгалап коёт. Качан мен аны жакын жерден көргөндө негедир Марк Дакаскоско окшоштуруп койгом. Көрсө, ал өзү экен да. Өзүм жакшы көргөн актёрду жанынан көрөм деп эч ойлогон эмесмин. Экөөбүздү анын казак продюсери тааныштырган. Алар мени чакырышып, бирге сүрөткө түшкөнбүз. Анан да менин ырдаганымды камераларына тартып олтурушуптур. Визиткаларын берип, киного тарта тургандыгын айтып, байланышып тураарын билдирген. Сөзсүз чал деп суранышкан.
- Андан бери байланышкан жоксуңбу?
- Жок, байланышпадым. Мен негизи жаратылышымдан бирөөнүн артынан чуркаганды жаман көрөм. Жөндөн-жөн эле тырыша бергенди жактыра бербейм. Болсо болду, болбосо жок дегендей мамиле кылам.
- Мындай чоң сунуштар көп түшүп баштаса ырчылык жолуңду актрисалык сапарга алмаштырбайсыңбы?
- Ырчылыкты мен эч убакта таштабайм. Чындыгында өзүмдү кыргыз элине толук кандуу ырчы катары көргөзө элекмин. Ырчылык сапарымдын бул башталышы гана деп эсептейм. Эми буюрса үнүмдү, бийимди бир тепкичке болсо да өйдө көтөрөм деген ишеничтемин. Ошентсе да эки жыл ичинде кандайдыр бир деңгээлде жакшы ийгиликтерге жетише алдым. Себеби, менин талантымдын тең бөлүгү дагы да болсо ичимде катылуу десем жаңылышпайм. Эми кудай буюрса, ак эмгек менен элиме кызмат кыла берем демекчимин.
- Сенин мындай жетишкен ийгиликтериңе кандайдыр бир деңгээлде Расул Маматкуловдун атынын таасири тийдиби же өзүңдүн талантыңбы?
- Атамдын арты менен эмес, анын талбаган жардамы тийди деп эсептейм. Мисалы, азыркы жаш ырчылар продюсер менен деле чыгып жатышпайбы. Ар биринин колдогон адамдары бар дегендей. Анынсыңарындай, менин эң жакын колдоочум атам. А бирок өзүмдүн жараткан берген талантым бар. Эгерде менде талант болбогондо канчалык чуркап аракет кылышса да, жыйынтык чыкпаса анда баары башкача болмок. "Талантты капка салып беките албайсың" деген сөз бекер айтылбаптыр. Мактанбайын, бирок мен эки жылдын ичинде эки жолу супер аншлаг менен концерт койдум. Ошондой эле Жалал-Абад стадионуна концерт бергенимде 13 миңден ашык күйөрмандарым келип талантыма күбө болушту. Буга чейин мен теңдүү ырчылардын бири да стадионго концерт коё элек. Менин он сегиз ырым, алты клибим бар. Клиптериме анчалык деле көп акча коротконум жок. Чындыгында мен телевизор же газета аркылуу эл жүзүнө таанылган жокмун. Болгону пираттардын диски менен эл жүрөгүнө жеттим. Ырларымды, клиптеримди чыгарышып, элге талантымды кеңири жайылтышты. Пираттар жаман, аны-муну дешет, мен ага кошулбайм. Ырчыларды ырчы кылып, ырларын, клиптерин байма - бай элге жеткирип жаткан ошол пираттар экенин танбасак.
- Ырдап чыкканга чейин Айгерим кандай кыз эле?
- Ырчы болуп чыкканга чейин мага баардыгы кызыктуу болчу. Өзүмдү ээн-эркин алып жүрчү элем. Бирок, ойлоп көрсөм ошондо деле жанымда дайыма бирөө жандап жүрчү экен. Курбуларым менен көчө аралап, жөө басканды ушунчалык жакшы көрөм. Кечке эле машинада жүрө берсең кадимкидей тажап кетесиң. Маршруткага түшкөн мага абдан кызык. Мындан үч жыл мурун курбу кыздарым менен коомчулук транспортко түшсөм, "Бул Расулдун кызы, жанында бийлейт го. Буга эмне акча жокпу? Такси менен эле кетпейби" дешип күбүрөшүп сүйлөшүшүп, мени аябай ыңгайсыз абалга калтырышкан. Ошондон кийин түшкүм келбейт. Бирок, мен элдер менен аралашып жүргөндү жакшы көрөм. Ошентсе деле азыр өзүм жалгыз эч жакка чыкпайм. Дискотека, кафелерди айтпай эле коёюн, жөнөкөй дүкөндөргө бара албайм.
- Эмнеге анчалык жашырынып жүрөсүң?
- Кеп анда эмес. Болгону ар дайым атам-апамдар жанымда жүрүп көнүп калыптырмын. Курбу кыздарым менен жолугуп, туулган күндөр болуп калса барам да, белек-бечкегимди берип, бир-эки ыр ырдап алып кетип калам. Бирок, ошондо да апам кулагыма куюп атып араң жиберет. Өзүм дагы үйдөн эки жакка көп чыккым келбейт. Кыскасы, үйдүн гана кызымын. Жалгыз кыялданып олтурганды жактырам.
- Эми сенин күйөрмандарың көп экени айтпаса да түшүнүктүү. Официалдуу түрдө канча жигит колуңду сурады?
- Оо, аны санап отурсам сан жетпейт го. (күлүп) "Сүйөм-күйөм" дегендер чындыгында аябай көп. Мага жөнөкөй жигиттер абдан жагат. Муну айтсам көпчүлүк ишенишпейт. Бай, чоң кызматтагыларды эмес, жөнөкөй, акылдуу жигиттерди жактырам.
- "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, сен тууралуу ар кандай айың кептер айтылып келатат. "Президенттин баласына турмушка чыгат экен, жок, башка эле бир бизнесменге турмушка чыгыптыр" деген сөздөрдүн аягы суубай келет...
- Ушак сөздөрдү уга берип акыры кулагым кызарып бүттү. Кадимкидей чарчап калдым. Билбейм, эми... элдин антип ойлоп аткандарына караганда, мени ошондой деңгээлге жеткирип алып, ушундай сөздөрдү ойлоп жатышса керек. Бул сөздөрдүн баары мага эмес, башка бирөөгө айтылып жаткандай сезилет. Аргасыз күлөт экенсиң. Мен азыр 17 гана жаштамын. Буга чейин бир да жигит менен жүрүп көргөн жан эмесмин. Анан мен каяктан турмушка чыгам? Мен үчүн үй-бүлө куруу али эрте. Элиме дагы көп кызмат кылам деген ишеничтемин.
- Анан качан ата-энеңди той жегизем деп турасың?
- Өзүм биротоло бутума турганда бул тууралуу ойлонуштурам. Эки-үч үй, үч-төрт машина алгандан кийин анан турмушка чыгам.
- Эмнеге?
- Себеби, бирөөгө көз каранды болгонду жактыра бербейм. Албетте, ата-энеге дайыма көз каранды болуп келесиң. Анткени, ал ата-эне. А калгандарынын жолдору башка да...

Кыстырма
3 жашынан тартып акча таап баштаган.
Үйдө уктап эс алганды жактырат.
Көчөгө эч качан жалгыз чыкпайт.
Акчаны сарамжалдуу кармайт.
"Азыр" деген сөздү көп колдонот.
Тез таарынып, бат жазылат.
Тамак тандабайт, бирок такыр эт жебейт.
Эң жакын сырдашы - апасы.
Замира Молдошеваны стилист катары баалабайт.
Өзүнүн кээ бир кийимдерин өзү бычып, өзү тигип кийет.

Рахбар Алымкулова









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!