күүгүмдөгү сырдашуу

ЭЛТР коомдук телеканалынын директорунун орун басары
Бейшенбек Бекешов:
"Адилетсиздик кылгандар менен өмүр бою күрөшөм"
- Бейшенбек агай, жаңы кызмат ордуңуз кут болсун! Айтсаңыз, ЭЛТРдин бүгүнкү абалы кандай экен? Кандай жаңылык киргизип, кандай иштерди алып барууну максат кылуудасыз?
- Рахмат. ЭЛТР жаңы, эң жаш телеканал. Бул жерде кемчилик же артыкчылык деп айтыш мүмкүн эмес. Бул жерде мүмкүнчүлүккө, каражатка жараша иш бар экен. КТРдин эли деле оңой иштебейт эле. Бирок бул жердегилер КТРдегилерге караганда бери дегенде алардан үч-төрт эсе көп, катуу иштешет экен. Көп жагынан мүмкүн эмес нерсени жасаганга кудурети бар балдар бар. Ошого жараша акча тыйын деле алышпаса да ага карабай күн болсо күн, түн болсо түн иштеп жүрө беришет экен. Көпчүлүгү жаштар, үй-бүлөсүнө кармалбагандар андан көп. Илгери жатпаган бала деген тоголок куурчак болоор эле. Жаткырып койсоң секирип туруп калчу да. Анынсыңарындай бул жерде иштегендердин кайсыл учурда жатаарын билбейсиң. Эртең менен келсем да жүрүшөт, түндө келсем да ушул жерде жүрүшөт. Эмне себептен мындай? Биринчиден ЭЛТРде бир күндө он сегиз саат эфир бар. КТРде да ушундай. Бирок КТРдин бир жылдык бюджети эки жүз алтымыш миллион сом. А ЭЛТРдики болсо жыйырма беш миллион сом. Айырмасы он эсе. Анан ошол он эсе аз каражат менен КТРдегидей эле эфирди жасап жатышат. Бирок бир караганда буга кубанууга деле болбойт. Себеби, КТРде эң көп иш аткарган журналист бир саат эфир жасашы мүмкүн. Бул жерде болсо жумасына үч-төрт саатка чейин эфир жасагандар бар экен. Мындай учурда эфирдин сапаттуу болушу теория, практика жүзүндө да мүмкүн эмес. Ошондуктан түз эфирлер, сүйлөшмө көрсөтүүлөр көп болуп, маектин дагы сапаты талапка жараша болбой калат экен. Стандарт боюнча бир киши менен маектеше турган болсоң ошол кишинин ийне жибине чейин, эч нерсесин калтырбай билип ошого жараша суроолор берилет да. А бул жерде маектеше турган киши менен жолугуп аны менен таанышмак турсун, анын бетин деле көрбөй эле телефондон чакырып алып түз эфирге отуруп маектешкенге аргасыз болуп калышат экен. Андай учурда маектин дагы сапаты каалагандай болбой калат . Ал үчүн биздин балдарды күнөөлөө эч мүмкүн эмес. Жетекчиликтин милдети ошо балдардын стимулун табышыбыз керек. Штатка акчабыз жок болуп атса дагы штаттагы кызматкерлердин эсебинен эфирлерин бөлгөнгө аракет кылып жатабыз. Мисалы, төрт саат болсо эки саатка түшүрүп, калганын штаттан тышкаркы кызматкерлер аркылуу жасаталы деген ой бар. Акча албай эле иштей берем дегендер да бар. Бирок акча албай иштеген киши жыргатабы? Эми бара-бара баары орду-ордуна келет деп ойлоп атабыз. Мурда айына 100-150миң сырттан өздөрү иштеп тапкан киреше болчу экен. Азыр анын көлөмүн Нурлан Шакиев 400 миңден ашырды. Бул жигит бир топ табышкер, анча-мынча чоңдордун арасында кадыр-баркы бар экен. Ал таап келген каражаттын эсебинен келишимдин негизинде бир топ кызматкерлерди кошумча алды. Алардын күчү менен жаңылыктар кызматын бутуна койду. Азыр жаңылыктар кызматы башка каналдардын жаңылыктары менен кадимкидей атаандашып, негизги жаңылыктарды өз учурунда бергенге жетишип жатат. Албетте, көп нерсеси күчкө салып жасалып атат. Ошого карабай атаандаштыкка чыктык десем мен жаңылбайм. Андан сырткары экинчи тармак маданий көрсөтүүлөр. Биздин канал элдик канал болгондуктан буга көбүрөөк басым жасаганга милдеттүүбүз. Эфирге чыга албай жүргөн, эл көксөп күткөн бир топ кишилерибиз бар, ошолордун баардыгын чакырып кеңири эфир берип элге жүзүн көргөзгөнгө аракет кылып жатабыз. Мына ушунун негизинде башка каналдарга караганда ЭЛТРди көбүрөөк көрүп жатабыз деген пикирлер пайда болуп жатат. Карыя курактагы өнөрпоздорубуз, илимпоздорубуз, элдин кадыр-барктуу адамдарынын баарын эфирге алып келип эл менен байланыштырып берип жатабыз. Мунун баары биздин рейтингибиз үчүн иштеп жатат .
- ЭЛТР телеканалы Ош менен Бишкектен бирдей алып алмак-салмак көрсөтөт эмеспи. Бишкектеги филиалынын көрсөтүүлөрү канча саат? Кызматкерлеринин санына да токтоло кетсеңиз?
- Бишкектеги көрсөтүүлөр болжол менен 30%га жакын. Калганынын баарын Оштогу студиябыз жасап берет. Ал жерде баш-аягы жүз элүүдөй кызматкер иштейт. А бул жерде элүүгө жетпеген кызматкерлер бар. Анын он-он бештейи штаттан тышкаркы кызматкерлер. Эми түпкүлүгүндө борбордо болот го деп ойлоп атабыз. Ар бир областтарга өзүнчө бөлүмдөрүн ачып, мисалы Оштогу студия түштүктөгү үч областты тейлеген студия болушу мүмкүн. Көлгө, Таласка, Нарынга студия ачышыбыз мүмкүн. Чүйгө жакында студия ачылат, 80-90%ы даяр болуп калды. Мына ушулардын баары жалпы республиканы бүт камтыганга толук мүмкүнчүлүгү бар каналга айланабыз деген үмүтүбүз бар. Бирок телевидение жасагандан кийин стандартка жетиш керек да. Стандарт болбосо сапат болбойт. Өкмөттөн каражат сурайбыз, өзүбүз кошумча киреше тапканга да аракет кылабыз. Нурлан Тургунбекович жалаң чоңдор менен иш кылып атса, мен салпактап эле эл аралык уюмдарда жүрөм. Ар кимибиз бир нерсе таап курасак жыйынтыгы жакшы болоор.
- Сиз КТРде иштеп жүргөндө "Коломто" көрсөтүүңүз бар эле. Ошол көрсөтүү азыр ЭЛТРде көрсөтүлүп жатат. Бирок атынын өзгөрүлүшүнө эмне себеп?
- Биз бул жерде "Коломтонун" башка бир вариантындагы көрсөтүүнү алып чыктык. "Эл наркы" деп аталат. Бул көрсөтүү эл аябай суусаган көрсөтүү болуп саналат. Биринчи көрсөтүү чыкты, канча уу-дуу кептер болуп атат. Эгер үч-төртү чыгып калса бүтүн коомубуз "баягы көрсөтүү пайда болуптур" дешип, эл ушул жөнүндө сүйлөшүп калган деңгээлге жеткиребиз. Себеби, бул биздин элдин көксөөсү, тилеги. Элибиздин наркы көбөйсө, сапаты өссө, бактылуу адамдарыбыз көбөйсө, өз ара түшүнүшүүдө нарктуураак болсок, бири-бирибиздин кадырыбызга жетсек деген эл элек да. Мындай сөз коомдо таптакыр болбой калган. Аялдын укугу, баланын укугу, демократия деп таптакыр бизге коошпогон нерселерди алып келип чаптай берип эле, же алардан майнап чыкпай эле, бузукулук, ар кандай нерселер көбөйүп кетти. Ушундай учурда эл эмне болсо оңолоорун өз жан дүйнөсүндө билет. Сөз оңолсо иш оңолот да. Анан сөздү оңдой турган нерсе биздин ушу көрсөтүүбүз болот деген үмүттү бутуна койгонго аракет кылып жатабыз. Аны тартуунун да өзүнчө шарты бар. КТРде болсо студия, аппаратуралар болуп тартууга шарт бар эле. Бул жерде анын бири да жок экен. Ошондуктан баарын сырттан уюштурганга, бирөөлөрдүн жардамы менен жасаганга туура келип жатат. Бирок буга бул көрсөтүүдө тынч отуруп, жай, жумшак сөз менен эң жүйөөлүү маселелерди кадыр-баркы бар, оозунда сөзү бар кишилер жөн эле чечип койгон. "Коломтонун" чыкканына он жылдай болуп калды. Андан сырткары менин "Кыргыз көчү" деген көрсөтүүм жыйырма жылдан ашты. Ушунча узак мезгил эфирден түшпөгөн көрсөтүү бизде жок. "Коломто" ортодо төрт жолу жабылды. Саясат көрүп, балээ көрүп жаап, кайра ачылып атты.
- Эмнеге "Эл наркы" деп өзгөрттүңүз?
- "Коломто" деп деле айтсак болот эле. Бирок "Коломтонун" консепциясы жалаң үй-бүлөлүк мамилелерди иликтейбиз дегенбиз да. "Эл наркы" деген жалпы эле улуттун баалуулуктарын иликтейли деген багытка кетсекпи деген ой. Сапаттык деңгээли "Коломтодон" жогорураак болот деп ойлойм.
- Сиз КТРде көп жыл эмгектенип, жогоруда айткандай көрсөтүүлөрүңүз он-жыйырма жыл эл алдына чыгып келген. Ал көрсөтүүлөр элдин бирине жакса, бирине жакпай, ар кандай сөздөр, сын-пикирлер айтылып келсе да акыры өз ордун тапкан көрсөтүүлөрдөн болуп калган эле. Бирок, учурда сиз КТРден кеттиңиз. Ал жерден кеткениңиздин себебинен эл кабардар болсо керек. Алтургай КТРдеги айрым кызматкерлер менен бирге ачарчылык да жарыялаган элеңиз. Айтсаңыз, сиз бул кыйынчылыктардан, оор мезгилден кантип өттүңүз?
- Кыргызда "Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу" деген сөз бар. Ачкачылык, нааразычылык акциялары жөн эле уюшулбайт. Чоң себеп менен, кара өзгөйлүк, зулумдук болгондо анан чыгат. Эч ким жөн эле аксымданып чыга бербейт. Нааразычылык акциясы коомдук колдоону күткөн нерсе. Аксым киши бетпак киши. Эл деле көрүп "Бул бетпак киши, эмнеге колдойбуз" деп чыгышат да. Эгер бизде ошондой имидж болсо биз эмнеге антип чыгабыз? Биздин баардыгыбыздын артыбыз башкалардыкындай болбой таза болгону үчүн ошондой кадамга бардык да. Элдин баары эле андай жасай албайт. Өзүнө ишенген, анча-мынча эрдиги бар адамдар гана жасай алат. Бул өтө оор, азаптуу жумуш. Көп кишинин колунан келүү да мүмкүн эмес, акылы, чыдамы да көтөрө албайт. Бир карасаң мындай нерсени уюштуруу арга кеткендеги иш. Бирок аны жасап жаткандан кийин анын артында бир чоң максат бар. Анын кадырын ошол нерсени жасап жүргөн киши билет. Нааразычылык, ачкачылык акциясынын эч нерсесин билбей сыртта жүргөн ичип-чычаар кишилер мунун кадырын билбейт. Муну көтөрө алган да, көтөрө албаган да киши бар. Ар бир коомдо өзүнүн бир өсүш ыкмасы болот. Зулумдук менен, адилетсиздик менен күрөшүүнүн ыкмалары бар. Илгерки заманда тышкы душмандар менен гана согушуп, эл биримдиктүү болуп ички душман деген аз болуп, жоого каршы аттанып, эр сайышка түшүшүп, дзотко төшүн тосуп эрдик көрсөтүшкөн. Ар бир замандын өзүнүн баатырлары болгон. Биз азыр эч ким менен согушуп жаткан жокпуз. Бирок азыр зулумдук, адилетсиздик менен күрөшүүнүн эң оптималдуу ыкмасы ушундай нерселер экен. Аны биз жасап жатабыз. Ал үчүн мен эч убакта кейибейм. Алардын "Бул дайыма чатак" деген сыяктуу ар кандай сөздөрүнө терикпейм деле. Баарын мезгил өз-өз ордуна коёт. Аны да түшүнгөн кишилер толтура экен. Ошол учурда бизге көп адамдар колдоо кылып, телефон чалуулар көп болуп, көптөгөн каттар келди. Кадыр-барктуу илимпоз агайларыбыз келип чөнтөгүндөгү жүз, эки жүз сомун берип кетип жатышты. Он үч күн ачкачылык кармадык. Ошол күндөр аралыгында КТРдеги акча албай иштеп жаткан кызматкерлер да келип "бир нерсеңерге жаратып алгыла" деп 100-200 сомдон жыйнап, "кой" десек болбой алып келип беришти. Ошол каражат мен үчүн ат көтөргүс алтындан артык. Алтургай бийлик тараптан деле "Адилетсиздик болуп кетти" деп чечим чыгарып, ЭЛТРдин жетекчилигине алып келип коюшту.
- Жумушсуз канча убакыт отуруп калдыңыз?
- Төрт айдай отурдук го. Негизи Эшимканов менен бир жарым жылдан бери эле ит тартыш болуп атпайбы. Эми кеп отуруп калганда эмес. Мен чоң кызмат сураган жокмун, башка жерден деле нан таап кеткенге алым бар. Колумда калемим бар, жумушка чакыргандар көп болду. Бирок принцип деген бар да. Менин бүтүн байлыгым КТРде болчу. Тартылган миң сааттык тасмам бар. Бүтүн кыргыздын акыркы жыйырма жылдагы маданий, саясый, рухий дүйнөсүнүн эч нерсеге алмашкыс, ушунчалык баалуу тарыхы бар көрсөтүүлөр. Аны эфирге кайра-кайра көрсөтө берсе жарагыдай. Эл акча жыйнайт экен, үй салат экен, мал күтүп же дагы башка нерселерди жасайт экен. А биздин акчабыз ошол тасма да. Тасмаларды көбүрөөк тартып ошолор аркылуу элге жан дүйнөнүн азыгын берсек ошол биздин байлыгыбыз. Ошол байлыгыбыздын баарын тартып алып, баарынан каңтарып алып көчүккө тээп айдап чыкса кандай киши чыдайт? Мен андай адилетсиздикке эч качан чыдашым мүмкүн эмес. Андай адилетсиздик кылгандар менен мен өмүр бою күрөшөм.
- Азыр эр ортону элүү жашта экенсиз. Артта калган өмүрүңүзгө саресеп салып кандай жыйынтык чыгарасыз?
- Мен карыгым келбейт, бирок карып баратам. 2-апрелде элүүгө чыктым. Бирок юбилей өткөргөн жокмун. Бул жердегилерге айткан эмес элем, КТРдеги коллегалар келип куттукташканда билишти. Мен Эшимканов менен бир жарым жыл согуштум деп юбилей бермек белем? Иш менен билинип, иш менен көрүнүп калган кишиге башкача болот экен. Юбилейди күзгүгө калтырып жакшы бир маданий иш-чара кылып коёлу дедик. Менин басып өткөн жолум татаал болдубу, оңой болдубу… бирок мен ойлойм баары түйшүктүү болду. Кээ бир адамдардын жолу оңой болот экен. Менин жолум бир да жолу оңой болгон жок. Баардык нерсе өтө чоң эмгек менен дайыма түйшүк менен келет. Балким, бул нерсе деле жакшыдыр. Эгерде кайра жашоого келе турган болсом ушундай эле жашамакмын. Айыл-апага барганда кары адамдар тегеректеп алып, иштеген ишимди баалап бата берсе өмүр деле текке кетпей жатканына кубанып калам. Батаны да берчү кишиге берет да. Кудай ошону кут кылсын. Акчанын аягына ким чыкмак? Журналисттин бизнеси апендиникиндей болот. Апенди бизнес кылыптыр. Беш сомго эт сатып келип бышырып кайра беш сомдон сатат экен. Аны көргөндөр "Эй апенди, бул эмне деген бизнес? Эмне пайда көрүп атасың? Келесоосуңбу?" десе, Апенди: -"Эй, силердин акылыңар жетпейт. Мен деген сорпосун ичип атпайымбы" деп айткан экен. Анын сыңарындай, журналисттер да сорпо ичкенге сүйүнүп жүрө беришет. Баскан-турганына акчасы болсо болду, анчалык чоң акчанын деле кереги жок. Кудайым ушу утурумдук нерседен айырбасын, чоң нерсени тилебейбиз деле. Абийирибизди тазараак койсун, элдин сыйынан ажыратпасын. Куранда кудай тааламдын "Кудай деген кишинин абийирин жаап, жашырамын" деген убадасы бар. Кудай дебеген кишинин жаман жагын ачып салат. Адам болгондон кийин кемчилик болот, бизде деле бар. Мен бир эле кудайдан корком. Алымдын келишинче өзүмдүн мусулманчылык парзымды жасаганга аракет кылам.
- Үйдө кандай атасыз?
- Төрт баланын атасымын. Балдарымдын баары өздөрүнүн жай-жайларына кетти десем болот. Улуу кызым журналист, эки уулу бар. Экинчи кызым врач, Роосияда жүрөт. Андан кийинки уулум Ооганстанда чет элдик фирмалар менен иштеп жүрөт. Бул балам мендей топуктуу эмес, көбүрөөк акча табам деп жанталашып жүрөт. Биз майда акчага шүгүр десек азыркы жаштар антпейт экен. Элдин баласына сын тагып атканыбыз менен кээде өзбүздүн балдарыбызга дагы тилибиз өтпөй калган учурлар жок эмес. Биз балдарыбызды эч нерседен кем кылбай, аябай жакшы багып чоңойттук. Азыр анткендин деле кереги жок экен деп ойлоп коём. Ачка-ток болуп, жаман-жакшыны көргөндө ата-эненин, жашоонун кадырын билет экен. Менин атам республикага жакшы таанымал, зергер, уста киши болгон. Карыганча усталыгын кылып жүрүп өттү. Анан анын керээлди кечке кажынып эле жумуш кылып отурганын көрүп боорум ооручу. Себеби, мен кара жумуштун кадырын билген кишимин. Балдарыма ыйман берсин, бирок алар кара жумуштун, түйшүктүн кадырын билеби, билбейби деп кээде ойлоном. Бирок ар кимиси өз жашоолорун тың кылып жатышат. Мен аларга анда-санда чоң-чоң нерселерине гана жардам бербесем, өз тиричиликтерин өздөрү кылып жатышат. Эң кенже кызым Алматыда, үй-бүлөлүү.






















































Даркүл Кемелова
Сүйүү үчүн күрөшкөн эки жаш
Сүйүү… махабат… арзуу… Сүйүү сезим… Кандай сеззим? Суудай тунук… үлбүрөк…апакай… таза… Ал сезимге алданып да, арбалып да келебиз. Сүйүү ыйык… сүйүү бийик… Сүйүү үчүн, сүйгөнү үчүн анын курман кылып, бул сезимдин кулуна айлангандар канча!
Сүйдүм сени эч нерсеге карабай,
Сүйүүм менин бешиктеги баладай.
Эгер билсең сүйүүм үчүн кан кечип,
Бул өмүрдөн кечип кетем аянбай…

Бойго жетип, кыз жандай турган куракка жеткен Автандил өзүнөн бир жаш кичүү Салкынайга ашык болду. Экөө бир мектепте окугандыктан Автандил үчүн Салкынайдын сезимине бүлүк салуу анчалык деле оо болгон жок. Анын үстүнө мектептеги балдардын арасынан өзү да өзгөчөлөнүп узун бойлуу, кең далылуу, жакшынакай жигит. Салкынай алгач кыз кылыгын кылат болуп Автандилдин сүйүүсүнө жооп бербей жүрдү. Бирок, Автандилдин сылык сөзү, жылуу көз карашы аны бат эле арбап алгандай болду. Акыры кыз макулдугун берди. Экөө кыз-жигит болуп эки жыл сүйлөшүштү. Ошол аралыкта алардын сүйүүсүнө суктангандар, көрө албагандар көп болду. Ортолоруна кара мышык жүгүрткөндөр да болбой койгон жок. Бирок алардын эч бирине жеңилип, бири-бири менен кайым айтышышкан жок. Качан көрсөң эгиз козудай ээрчишип жүргөнү жүргөн. Бири-бирине аябай ишенишчү. Эмнегедир экөөндө обу жок, ашыкча кызгануу да жок эле. Бир айыл болгондон кийин экөөнүн ата-энелери бири-бирин жакшы таанышканы менен ммилелелри анчалык жакшы эмес болчу. Эки жаштын сүйлөшүп жүргөнүн уккан ата-энелер экөөнүн мамилесине каршы болгону менен жаш, балким убактылуу эле сүйүшүп жатышкандыр деген ой менен көн деле көңүл бурушкан жок.
Автандил мектепти бүтүп шаарга жогорку окуу жайына тапшырып кетти. Бирок Салкынай экөөнүн мамилеси үзүлгөн жок. Кат жазышып, Автандил каникул сайын келип кетип жатты.
Убакыт учкан куш эмеспи, билинбей бир ыл өтүп Салкынай да мектепти бүттү. Бирок анын шаарга барып окуйм деген ою ишке ашкан жок. Мурдатан эле ата-энеси менен сүйлөшүп койгон коңшу айылдагы бай кишинин баласына күйөөгө бермек болушту.
- Апа, мен шаарга барып окуюн. Окутпайсыңарбы! Мени күйөөгө эрте берип алып эмне кыласыңар?-деди Салкынай апасына.
- Биз сенин келечегиңе карап жатабыз. Кыйналбайсың, бардар жерде жашайсың. Сени окуткандай алыбыз жок. Сенден башка беш бир тууганыңды да багыш керек да. Көп сүйлөбөй биз бар деген жерге бара бер,-деди.
- Окутпасаңар окутпай эле койгула, мен баары бир күйөөгө тийбейм. Шаарга кетем,-деди тартынбай.
- Апэ-эй ботом, шаарга барып алып эмне кыласың? Ал жерде кимдикине барып батасың? Бардар жедин, жакшынакай эле баласы экен.Анын эмнесин чанып жатасың? Баары бир бараар жериң күйөө болгондон кийин бара бер да. Азыркы менен кийинкинин эмне айырмасы бар?
- Апа, мен сүйбөгөн адам менен кантип жашайм? Түшүнсөңүз, мен Автандил менен сүйлөшүп жүрөм.
- Сүйүүнү эмне кыласың? Автандил сени жыргатмак беле? Ата-энеси деле бизге окшогон бр байкуштар. Автандилни араң окутуп жатшат. Ага тийип алып эмне кыласың?Көп сүйлөбөй мени айтканымды ук. Кийинки жумаларда келип сөйкө салып алып кетишет. Атаң байкуш бүгүн мал базарга кетти. Бир уйду сатып даярданалы деп чечтик. Биз сени аман жерге бермек белек, сенин келечегиңди ойлоп жатабыз. Куда менен кудагый түшүнүктүү, жакшы адамдар. Сени баласынан мурда өздөрү актырып жатышат.
- Мен баары бир тийбейм!-деди Салкына бултуңдай.
Апасы унчуккан жок, "бала да, жакштык кылып жатат. Сөйкө салып алып кетсе эле баш ийип жашап кетет" деп өзүнөзү алаксытып койду. Апасы менен болгон сүйлөшүүдөн кийин Салкынайдын санаасы санга бөлүнүп, Автандил менен кантип байланышаарын билбей жатты. Экөөнүн көрүшө элегине эки айдын жүзү болду. Акыркы жолу келгенде Салкынай мектепти бүтөөрү менен шаарга бараарын айткан. Анда Автандил шаардан жолугабыз деген үмүт менен кетен болчу. Салкынайды минтип ата-энеи күйөөгө берээрин билглен эмес.
Салкынай үчүн Автандилден ажыроо өлүм менен барабар болду."Эгерде мени кыйнап күйөөгө беришсе анда өз анымды өзүм кыям. Бирок, анда Автандил эмне болот? Ал менсиз кантип жашайт? Жок, мен бул нерсеге жол бербешим керек. Бирок кантип? Аны менен кантип байланышам?" деген ойлор менен алагды болгон Салкынайдын оюна бир нерсе кылт дей түштү. Анан апасына көрүнбөй үйдөн чыкты да Автандилдин үйүн көздөй жөнөдү. Классташ кызы Анара Автандилдин кошунасы болгондуктан анын үйүнө барды.
- Сен шаарга качан кетесиң?
- Буюрса, эртең апам экөөбүз кетебиз. Сенчи?
- Мени апамдар окутпайбыз деп жатышат. Бирөөлөр куда түшсө макул болуп коюшуптар. Жакында алар келип сөйкө салып алып кетишет экен. Анар, мен Автандил менен жолугушум керек болуп жатат. Кандай кылам, бир айла табышчы?
- Ал шаарда, сен биякта болсоң кантип жолукмак элеңер?
(Уландысы кийинки санда)




2-бөлүм
(Башы өткөн санда)
Салкынайдын кабагы салыңкы тарта түштү. Анара да унчукпай тура берди. Бир саамдан кийин гана:
- Автандил шаарда байкесинин үйүндө жашайт. Сен апасынан ошол байкесинин телефонун алып бербейсиңби?-деди.
- Кызыксың го, апасынан кантип, эмне деп сурайм?-Анара чоочуп кетти.
- Автандил экөөң кошунасыңар го. Апасына шаарга барганда Автандилге жолугам деп, иши кылса бир шылтоону айтып кой да. Суранам сенден, барып сурап келчи?
- Азырбы?
- Ооба.
- Сүйүүң аябай катуу болгон го,- Анара тамаша-чын аралаштыра сүйлөй күлүп койду.
- Сүйүү башыңан өтпөсө бир жөн. Сен деле сүйүүң үчүн далай эле ыйладың го. Баса, баягы кошуна айылдагы жигитиң менен сүйлөшүп жүрөсүңбү?
- Ал экөөбүз эбак эле урушуп кеткенбиз.
- Анара, бар эми, Автандилдин апасына барып келчи.
Анара анын көңүлүн кыйбай макул болду. Миң түркүн ойго баткан Салкынай Анараны күтүп эшиктин алдында ары-бери басып жүрдү. Ичинен кудайга жалынып, "Автандилдин апасы телефонун берсе экен" деп суранып жатты. Көп өтпөй дарбаза ачылып Анара күлмүңдөп кирип келди.
- Автандилдин апасы жакшы аял, кайненең болсо жыргамаксың. Телефонун сурасам эле берди. Автандилге жолуксаң салам айтып кой деди.
- Анара, эми сен эртең шаарга жетээриң менен Автандилге телефон чалып, мени ата-энем күйөөгө бергени жатканын айт. Мени ыйлап жатат де,-деди Салкынай көздөрүнө жаш айлана. - Автандил эмне кылса да мени алып кетсин. Эгерде алып кетпесе мен өлөм.
- Жөн турчу кайдагыны айтпай. Сүйгөнүңө жетпей калсаң эле өлө бересиңби?!. -деген Анара Салкынайды мындай жаман ойдон алыс болушун, шаарга бараары менен Автандилге телефон чалаарын айтты.
Арадан үч күн өттү. Бирок Автандилден эч кандай кабар болгон жок. Күн-түн дебей үмүтү үзүлбөй күткөн Салкынайдын санаасы санга бөлүнүп, ой басып кетти. Кудалашкан жери келээрине эки күн калды. Атасы менен апасы күйпөлөктөп соё турган малын, дасторконго керектүү тамак-ашын алып даярдык көрүп жатышты. Алардын минтип даярданып жатышканын көргөн сайын жини келип, туталанган Салкынай эч кимге көрүнбөй ыйлап жатты. Бирок апасы Зейнеп кызынын көздөрү кызарып, шишимик тартып калганын байкады. Түшкү тамактануудан кийин Салкынайды бөлмөсүнө чакырды.
- Сен эмне эле болуп жатасың? Көздөрүң кызарып калыптыр, ыйладыңбы?
Салкынай унчуккан жок. Эмнегедир сүйлөгүсү келбей, ооз ачса эле ыйлап жиберчүдөй болуп тамагы буулугуп чыкты.
- Кызым, жакшылап ойлончу, турмуш деген оңой эмес. Сени ала турган бала Автандилден эки эсе өйдө экен. Жогорку билимдүү, иштеген иши, шаарда үйү бар экен. Ата-энесинин тун уулу болгондуктан алар деле баласынын бактысын тилеп, өздөрүнө жакшы бүлө болчу кыз тандап жатышат да. Алардын купулуна сен толгондон кийин сени кантип кор кылмак эле…
- Апа, мен ал балага турмушка чыкпайм дебедим беле?!. -Салкынай бетин басып ыйлап жиберди.
- Сөзгө түшүнбөгөн кандай немесиң? Ай, сен эмес эркек бала болсо да ата-энесинин сөзүнөн чыкпай ал деген кызды алам деп жатпайбы ал бала. Ал сени көрө элек туурабы? А ата-энесинин айтуусу боюнча "силер жактырган, силерге жаккан кыз мага да жагат. Силер айткан кызды алам" дептир. Ошо балача мээң жокпу? Биз сени өлүмгө түртүп жаткандай эле кабак-кашың ачылбай, ыйлайсың эле ыйлайсың да. Эртең экөөбүз базарга барып сага кийим алабыз.
- Мен ал баланы тааныбасам, сүйбөсөм кантип жашайм?
- Сүйүүнү эмне кыласың?-деген Зейнептин жини келип кетти. - Сен сүйүү эмес, эң башкысы бакыт тиле. Сүйгөнүңө жетсең эле бактылуу болом деп жатасыңбы? Сүйүүсүнө жетип бактылуу болгондор чанда эле кездешпесе, көпчүлүгү бактысыз болуп калат.
- Апа, сиз деле атам менен сүйлөшүп жүрүп турмушка чыккан турбайсызбы. Өзүңүздүн жаш кезиңизди эстесеңиз. Эгерде таятам менен таянем сизди кыйнап күйөөгө берип койсо эмне кылат элеңиз? Эмнеге менин сүйгөн жигитим менен бир болушумду каалабай жатасыз? - Салкынай ичиндеги бугун ушул суроолор менен чыгарып алгандай болду. Кызынын кичине кезинен эле тартынбаган мүнөзүн билген Зейнеп анын суроолорун жоопсуз калтырып, сөздүн ток этер жерин айтты.
- Бул жигитке турмушка чыкпасаң сени кызым деп эсептебейм. Бизди танда же Автандилди танда.
Салкынай үчүн апасынын мындай сөзү өтө оор болду. Апасынын айткан ар бир сөзүн ойлонуп, туура айтылган сөз экенин билип турса да Автандилди кыя албады. Жашчылыкка салып "Эмнеси болсо да ал жигитке тийбейм. Эгерде апамдар кыйнап берип койсо отурбай келе берем" деген ойго жетеленип, өзүн-өзү алаксыткан болду. Зейнеп кызын сыртка чыгарбай, кайтара баштады.

(Уландысы кийинки санда)







3-бөлүм
(Башы өткөн сандарда)
Анара шаарга жетээри менен Автандилге телефон чалды. Бирок ал үйдө жок болуп чыкты. Эртеси дагы чалды. Бул жолу телефонду жеңеси алып Автандилдин сабакта экенин айтты. Кечкурун дагы чалды эле кудай жалгап телефонду Автандил өзү алды.
Учурашкандан кийин эле Анарадан Салкынайды ата-энеси күйөөгө бергени жатканын уккан Автандил ишенген жок.
- Койчу калпыңды.
- Эмнеге калп айтмак элем. Сенин телефонуңду Салкынайдын айтуусу менен апаңдан алдым. Салкынай сени эмне эртерээк келип алып кетсин деди.
- Кудалаган жери каяктыктар экен?
- Биздин эле коңшу айылдан экен. Эмне кыласың эми?
- Чын эле айтып жатасыңбы?
- Эмнеге ишенбей жатасың? Салкынай сени күтө берип үмүтү үзүлүп калды го. Ыйлаган бойдон калган.
- Болуптур анда, телефон чалганыңа рахмат. Мен ойлонуп көрөйүн.
Автандил Анаранын сөзүнө ишенээрин же ишенбесин билбей ойлонуп отуруп калды. "Эмне кылсам экен? Азыр үйлөнгөнгө менде мүмкүнчүлүк жок. Айылга барганда эмне кылам? Барганга жараша Салкынайды алышым керек да. Атам менен апам эмне дейт? Алар азыр үйлөнбө дейт, бирок Салкынайдан айрылып каламбы. Ал мени келет деп күтүп жатса барбай койсом болбойт. Барып, ага жолугушум керек. Эмне кылсам да апам менен атамды көндүрүп үйлөнүшүм керек. Башка жол жок. Эрте үйлөнгөндөр деле толтура го… Эмне кылсам? Кандай кылсам туура болот?".
Миң ойлонуп, миң толгонуп жатып акыры айылга барып ата-энесине айтмак болду. Эки күндөн кийин окуусунан бир жумага суранды да айылды көздөй сапар тартты. Анын капысынан келгенинен бир нерсени шекшиген Зууранын ою туура чыкты. Алгач Автандил жөн эле келдим дегени менен акыры Салкынай үчүн келгенин айтты.
- Аны жаңы эле күйөөгө узатышты деп кошуналар кеп кылып жатышкан.
Зуура уулунун кечигип келгенине сүйүндү. Автандил Салкынайдын кетип калганын угуп, оозунан сөз чыкпай шалдайып олтуруп калды.
- Биз сени окусун, билим алсын, келечекте бир кесипке ээ болсун деп жатсак сен үйлөнөм дейсиң. Азыр жашсың, үйлөнүп алып үй-бүлөңдү кантип багасың?-деди Капар.
- Салкынай экөөбүз сүйлөшүп жүргөн болчубуз.
- Эми кеч болуп калбадыбы,-деди Зуура уулунун кабагына карай.
- Кеч эмес апа, азыр артынан барып алып келсем болот да.
- Аны отурган жеринен кантип тартып алмак элең? Азыр сени үйлөнтө тургандай акыбалыбыз жок, өзүң деле көрүп жатпайсыңбы! Унчукпай койсо тим эле…
- Ай окууң эмне болду? Ошол бир кыз үчүн окууңду таштап келдиңби?- Зуура уулунун сабагына сарсанаа болду.
- Суранып келдим. Силер менин бактымды ойлобойсуңарбы? Бир жылкыңарды сатып үйлөнтүп койсоңор болбойбу?
- Сен эмне бизге догурунасың ыя?! Бир жылкыга эле катын алам деп ойлоп жатасыңбы? Азыр жашсың, окушуң керек. Биз сенден кийинки бир туугандарыңды багабызбы, же сага аял алып беребизби. Сени азыр үйлөнтө тургандай шарт жок.
Бирөөнүн аялын жулуп келиптир деп элге шерменде болосуң! Келжиребей эртең шаарга кет, кылт этпей окууңду жакшы окугун! Сени окутабыз деп канча малды саттык. Адам болсун десе, эрте эле катын алам деп айбан болосуң!
Атасынын мындай катуу сөздөрүн укса да көңүлүнө алган жок. Эс-дартынын баары Салкынайда болуп атты. Мелтиреп бир топко чейин үнсүз олтурду да бир маалда сыртка жөнөдү.
- Кайда барасың?-Зуура уулунун артынан кошо жөнөдү.
- Келем азыр эле,-эшик тарс жабылды. Терезеден ээрчий караган Зуура:
- Кайда кетти? Артынан чыгып карасаңчы,-деди Капарды жалооруй карай.
- Кетпейт эч жакка,- Капардын жини тарабай, кабагына кар жаап турду. Көчөгө чыгып бир топко чейин жер тиктеп отурду. "Салкынайды алып келишим керек. Мени келбейт деп ыйлап жаткандыр. Бүгүн түнкүгө калтырбашым керек. Алып келсем атам менен апам айласы жок кабыл алышат. Кечигип калганымды карасаң…". Оюн жыйынтыктап, бир чечимге келген соң ордунан туруп досторуна жөнөдү.
Айылдагы классташ, дос балдарына барып кептин жайын түшүндүрдү. Кечке чейин Салкынайды алып келмек болушуп, машина даярдашты. Бирок күндүз баргандан сестенген немелер кечтин киришин күтүп эки айылдын чок ортосуна барып токтошту.
(Уландысы кийинки санда)

4-бөлүм
(Башы өткөн сандарда)

Даркүл Кемелова













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!