күнсүрөт

Абалың кандай тигүүчү?..
"Адамдын көркү чүпөрөк" дегендей чындыгында кийим адамды жашартып да, чырайына чыгарып да коёт эмеспи. Биз бүгүн миң түркүн кийимдерди тигүүчү цехтин кээ биринде болуп, кызуу жүрүп жаткан иштери менен таанышып чыктык. Биз сөз кылган тигүүчү жайларда ар дайым жумуш ойдогудай боло бербестен, кыш айларында "мертвый сезон" аталып, тигүүчүлөр эки-үч айлап жумушу жок калышат экен. Күн жылып, жаздын келиши алардын ишин алдыга жылдырып, ар кандай буюртмалардын үстүндө иштей башташат. "Тигүү цехинде иштеген айымдар акчаны жакшы табышат" дегендери менен кыйынчылыктар болбой койбойт. Шаарыбызда жайгашкан тигүү цехтеринин кээ биринде болуп, алардын иштери менен таанышып чыктык.

Тигүү цехинин жетекчиси Жылдык Канапиева:
"Цехте көбүнчө айылдык кыздар иштешет"
- Жылдыз эже, цехти иштетип жатканыңызга канча болду?
- Мен бул цехти иштетип жатканыма беш жыл болду. Алгач төрт машина менен баштагам. Азыр 15 машинага жетти. Кол алдымда отузга жакын кыздар иштейт. Өзүм №17 тикмечилердин окуу жайын бүтүргөм. Андан кийин билимимди жогорулатып, тикме жагына басым койдум. Бир цехте жети жыл бычмачы болуп иштедим. Баш аягы болуп 15 жылга жакын тажрыйба топтогондон соң, өзүм жеке цех ачтым.
- Тиккенди билбеген кыздарды да жумушка аласызбы?
- Көбүнчө тиккенди билген кыздарга караганда билбеген кыздар көп келет. Аларга өзүм үйрөтүп, жол көрсөтүп берем. Ким кандай тиксе ошого жараша он -он беш күндө бир акча алышат. Бизде аялдардын юбкасы көп тигилет. Кыздарым өздөрүнүн шыгына жараша тикмечи, үтүкчү, оберлокто отургандар болуп бөлүнүшөт. Жаңы келген кыздар 10-15 күндө толук цехтин сырлары менен тааныша алышат. Бир юбканын баасы 45-50 сом болсо, ошонун жарымын тикмечилерге бөлүп берем. Беш жылдан бери бир-эки эле заказчиктер менен иштешип келем. Биздин жамаатта эки бычмачы балам бар. Тигүүчүлөр жыйырма, үтүкчүлөр төрт, оберлокчулар төрт, баш-аягы отуздун тегерегиндеги адамдар менен иш алып барам.
- Тигүү цехинде кандай кызыктуу окуялар болот?
- Кызыктуу учурлар көп эле кездешет. Бир жолу бир кызым кофта тигип жатып, ийинге коюлучу плечиктердин баарын колтукка тигип салыптыр. Аны көрүп кыздардын баары күлүшүп боорубуз эзилип калган. Жаңы келген кыздардын көбү мындай каталарды кетиришип, бизге күлкү тартуулашат.
Фатима Кожобергенова, тигүү цехинин жетекчиси:
"Жаштарга
караганда улуулар
жоопкерчиликтүү"
- Башында мен дагы жөнөкөй тикмечи болуп иштегем. Азыр сегиз адамдан турган чакан цехти үч жарым жылдан бери иштетип келем. Башкаларга салыштырмалуу менин цехимде улуу муундагы эжелер иштейт. Себеби, жаш кыздарга караганда улуулар жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу болушат. Биз азыр кичинекей балдардын "капри" шымдарын тигип жатабыз. Бир ирет эркектердин шымын тигип жатканда бир кызыбыз чөнтөктөрүн ылдый каратып он шымды туура эмес тигип салыптыр. Аны заказчик көрүп калып, бизди урушкан. Акырында 48 размердеги шымды 42 размер кылып кичирейтип, оңдогонбуз. Негизи заказчиктердин көбү тежик болушат. Бизден чыккан товарлар базарда жакшы өтпөй калса эле "силер начар тиккенсиңер" деген сыяктуу күнөө коё беришет. Ал эми жакшы өтүп кетсе, кайра-кайра жаңы заказдарды берип турушат.
Салтанат, оберлокчу:
"Моюнубуз ооруп,
астеохондрозду
пайда кылат"
- Иштеп жатканыма төрт жылдай болуп калды. Алган айлыгыбыз жакшы болгону менен ошончолук ден соолугубузга зыяны көп эле. Эртеден кечке олтурганда моюнубуз ооруп, хандроз пайда болот. Буттарыбызга сыз өтөт. Бирок, башка жумушка барганда деле телегейи тегиз болбойт да. Ар бир кесиптин өзүнчө түйшүгү жана жыргалы болот эмеспи. Алган айлыгыбыз иштегенибизге жараша болот. Тиккениң ылдамдыгың күчтүү болсо он беш күндө 6-7 миң сом аласың. Болбой калды дегенде 2-3 миң сом колубузга тиет.
Назик, тигүүчү:
"Казак кыздардын көкүрөгү артында
бекен?.."
- Мен тигүүчү цехтерде иштеп жатканыма алты жыл болду. Өзүм бала кезимден бери эле тикмечиликке кызыгып жүрчүмүн. Үйдөгүлөр да тикмечи болгонума сүйүнүшүп, мага көп жардам беришет. Көбүнчөсү эртеден кечке машинада олтурганга чыдабай кетип калышат. Ошондуктан эң биринчиден тикмечилерге чыдамкайлык керек. Жумушта ар кандай өйдө-ылдыйлар болот. Кээде тигип жатып бузуп алсаң, баарын кайра сөгүп, оңдоп чыкканга туура келет. Бир жолу бизге Казакстандан кофта заказ кылышып, тигип жатканбыз. Кофталар тигилип бүткөндөн кийин алды жагына сүрөт жабыштырайын деп бир топ кофтанын аркасына сүрөт жабыштырып салыптырмын. Ал кофталарды шеф көрүп "Эмне казак кыздардын көкүрөгү артында бекен" деп мени катуу урушкан.
Эмил, үтүкчү:
"Жумушум оор деле эмес"
- Мен үтүкчү болуп иштеп жатканыма эки ай гана болду. Базарда араба түртүп, грузчик болуп иштегенге караганда, цехте үтүкчү болуп иштеген жеңилирээк деп ойлойм. Мен бул жакта убактылуу иштеп жатам. Балким, мүмкүнчүлүккө жараша башка иштерди караштырам. Азырынча бул жактагы жумушум оор деле эмес. Бул жумушту өзүмө жаккан үчүн тандап алгам.
Ырыскүл, тигүүчү:
"Кыйналганыбыз
менен
акчаны
убагында алабыз"
- Тигүүчү цехке келген кыздар-балдардын баары эле укмуш тигип келишпейт. Алгач, упаковка жасап, үтүкчү, оберлокчу, тигүүчү болушат. Мен дагы бул баскычтардын баарын басып өткөм. Даяр кийимди кийип алган оңой болгону менен аны тигип чыгуу жеңилге турбайт. Кечке бир жерде олтуруп белиң ооруйт, көзүңдүн майы кетет. Бирок ошого жараша айлыгыбызды убагында алабыз. Эч кимге көз каранды болбой контрагымды өзүм төлөйм. Он беш күндө 5-6 миң сом алам. Маянабыз туруктуу болбогону менен иштегениме жараша жакшы акча алам.
Нурлан, бычмачы:
"Тикмечилик бир
гана кыздарга
тиешелүү эмес"
- Башка жумушка караганда бычмачылык өнөрдү жактырам. Көпчүлүгү тикмечи десе эле кыздарга тиешелүү деп ойлошот. Өзүңдүн фантазияңа, шыгыңа жараша колуңдан келген иштин майын чыгарып жасасаң эмнеге болбосун. Бычып жатканда кээде үлгүсүнө туура келбей же кездеме жетпей калган учурлар болот. Ал учурда бирин-экинчисине окшоштуруп, билдирбей кеткенге аракет жасайбыз.
Руслан, бычмачы:
"Жүз юбканы
бузуп алгам"
- Азыр бардык жерде жумуш жок. Чоң кызматтарга иштейин десең тааныш-билиш керек. Өзүмдүн кесибим архитектор болгону менен тигүү цехинде бычмачы болуп иштеп жатам. Жумушта ар кандай нерселер болуп кетет. Бир жолу юбкалардын оң жагындагы тилигин сол жагынан бычып салып, жүз юбканы бузуп алгам. Аны оңдогонго кеч болуп калгандыктан заказ бергендерге түшүндүрүп жатып, араң өткөргөнбүз.

Бишкек шаарында жүздөн ашык түгүү цехтеринин көпчүлүгү ыңгайлуу шарттары менен жумушчуларды өзүнө тартып турса, кээ бирлеринин талапка жооп бербеген шарттары зээниңди кейитпей койбойт. Ошондой болсо да, тигүү цехтеринде эмгектенип жаткан жаштарыбыз жоктон көрө жогуру дегендей, бош жүргөнчө жумуш менен камсыздалып жаткандыгы жакшы эмеспи. Кыргызстандын тигүү цехтеринен чыккан товарлар сапаттуулугу жана арзандыгы менен башкалардан айырмаланып, Россия, Казакстан өлкөлөрүнө жөнөтүлүп тураарын билдик.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!