Улуулар унутулбайт

КРнын Эмгек сиңирген артисти Мукан Рыскулбеков
Обондору обологон обончу
"Азыркы ырчылардын ырлары эмнегедир отуруштарда көп ырдалбайт. Канча жыл мурун жаралса деле, кайсы той-топур болбосун улуу-кичүү муун эски ырларды ырдашат. Эмнеге?"-деп калды кесиптешим. Ойлоно түштүм. Чын эле... Улуу муундагы ырчы, обончулардын күйүп-бышып аткандары деле ушундан улам болсо керек. Ырдаган ырларынын маани-мазмунуна, обонуна карабай, элдин купулуна толуп, сынынан өтөбү, өчпөй эл ичинде ырдалып калабы дешпей эле ыр деп ырдай салып атышпайбы көпчүлүк жаштар. Муну менен эмне айтайын дедим? Кантсе да кыргыз эли ыр жандуу, чыгармачылыкка жакын калк келебиз. Балким, бара-бара баардыгы өз ордуна келер деп илгери үмүт кылып туралы.
Мындан туура кырк жыл мурун атпай кыргыз журтуна Мукан Рыскулбеков деп дүңгүрөгөн обончу агабыздын жылдызы жанган жылдар экен. Тактап айтсак, 1969-жылдар. "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" деген кыргыз киносу тартылып, андагы Гүлсүн Мамашованын аткаруусундагы "Издеп жүрөм" деген ыр мына күнү бүгүн жаралгандай ырдалып келатпайбы. А чындыгында кырк жыл мурун жазылып, ал ыр менен канча муун өсүп, чоңойду.
Кырк жыл мурун Токтосун Тыныбековдун "Эжелерим -агайым" аттуу ырына Мукан агай обон жараткан.
Элден бүткөн эзелтеден таалайым,
Эне-атадай эжелерим-агайым.
Садага деп жаш кезимден өстүргөн,
Сага кандай бир теңдешти табайын.
Ээй, агайлар,
Керек болсо жүрөгүмдү чабайын,-деп акыркы коңгуроо күндөрү канчалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү обон созушат.
Өмүр барактары өлчөлүү, өтүп жатат. А бирок, чыныгы таланттардын чыгармалары жашап жатпайбы минтип. Эки жүздөн ашык обон жараткан обончу-композитор, аткаруучу жана кино актёр Мукан Рыскулбековдун кыргыз музыкасы, кыргыз кино өнөрүнүн тарыхында калгыдай жасап кеткен эмгектери эбегейсиз эле экен. Эң алгачкы обону - "Ынагым". Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окуп жүрүп, армияга кетип,чогуу кызмат өтөгөн жолдошу Мукан Аманатовдун "Сапарлашыма", "Чолпонбай", "Көл кечи" деген ырларына обондорун жаратат. Сүйүү, өмүр, туулган жер, согуш темасын камтыган ырлары радиолордон үзбөй жаңырып, республикалык кароо-сынактарда алдыңкы гана орундарды алып келген.
КРнын эмгек сиңирген артисти Майрам Дүйшекеева :
"Мукан менен 1984-жылдары таанышып, көзү өткөнчө чыгармачылык байланышта болуп жүрдүк. Жети жолу кароо-сынактарга катышып, анын ичинен эки жолу баш байгени, беш жолу биринчи орунду алдык эле", -деп эскерет.
Ал эми акын Кыялбек Урманбетов: "Кезинде Жумамүдүн, Рыспай, Мукан Рыскулбеков, Асанкалый Керимбаев не деген ажайып обондорду жаратышкан. Алардын чыгармалары күн өткөн сайын күчүнө кирип, эзели касиетин жоготпой, эл ичинде бүгүн да, эртең да ырдала берчүдөй. Мукан байке менен чыгармачылык байланышта болуп, иришип-чиришип калдым. Жашы улуу, жаны курбум эле. Ал байлыкка да байланбай, мансапка да малынбай, керек болсо, "чоңдугуңа чокоюм" деп кер сүйлөп, жалаң гана чыгармачылыкка жанын таштап, өлөөрүнө ишенбей, өнөрүнө ишенип өттү. Биринен-бири өткөн укмуш обондорду жаратканы ушундан болсо керек" деген эле.
Акын сөзүн, обончу обонун мыкты жазган менен андан ары жаңы төрөлгөн баладай бапестеп, бөпөлөп багып, бутуна тургузуп кетиш - аткаруучунун мойнунда. Андыктан "Мукан агай кандай адам эле?" деп чогуу иштешип калган кесиптеш, ырчы, тели-теңтуштарына суроо узатканымда баардыгы бир ооздон "ырларын ырдатуу үчүн ырчыны аябай тандачу" деп жатышканы бекеринен эместир. Керемет обондорду жаратып, азыркы күнгө чейин санай келгенде кырктай ырчынын репертуарында ырдалат экен.
Ал эми башында сөз кылгандай кыргыз киносу үчүн атайын чыгарган обондору Геннадий Базаровдун "Көчө" фильминдеги "Аппагым" менен Болот Шамшиев тарткан "Ак кеме" киносундагы "Сейдакматтын ыры" деп Мукан Рыскулбековдун өзүнүн аткаруусундагы ыры, жараткан образы ар бир кино сүйүүчүсүнүн эсинде калганы шексиз. Анткени, эч бир кайгы капасы жоктой, шайыр-шайдоот жүрүп "Ачуу айран ичебиз"-деп заңкылдай ырдап, чоң чеберчилик менен ойногон Сейдакматтын ролун унутуп коюу мүмкүн эмес. Обон жаратуу башка, ал эми обондору менен кыргыз киносунун өсүш жолунда кошкон салымы - бул башка кеп.
Кырк жыл мурун демекчи, Ленин заводунун өздүк көркөм чыгармачылык ийриминен таанышып калган казак кызы Орункүл Жайымбаевага 1969-жылы баш кошот. Көрүп билгендердин айтуусу боюнча жубайы Орункүл Мукан аганын чыгармачылык өмүр жолунда чоң тирөөч болгон экен. Экөө отуз жылдай бирге өмүр сүрүшүп, үч баланы татыктуу тарбиялап өстүрүшөт...
"Бүтүндөй музыка жандуу кыргыздын жүрөгүн элжиреткен обончуну биз кыргыздын залкар адамдарынан деп эсептечүбүз. Биз жүрөгүбүздө аздектеген адамыбыз, кудайдын буйругу экен, кудабыз болуп калбадыбы. Ушул жерден эскерте кетчү нерсе, биз Улугбекке кыз издеп бирөөнү таңуулаган эмеспиз. Жүрөгү менен сүйгөн кызды алды. Албетте, укканда абдан сүйүндүк. Себеби, биздин кудабыз сейрек кездешчү талант, чоң тамгалуу адам эле. Таланттуу кудабыздын мүнөзү ачык, шайыр, жүрөгү таза болчу. "Кейибе бака, саз биздики болот" деген саптарын көп кайталачу. Көрсө, жакшылыктан үмүт үзбөй, ар дайым жакшылыктын сөзүн сүйлөп, ырын ырдап, айтор, а киши турмушта аябай оптимист адам эле. Биз кийин неберелүү болуп, неберебиздин кыркын чыгарганда көргөнү келип, атпайбы. "Атын Муса койдук" десек сүйүнбөдүбү: "Атыбыз окшош турбайбы, болгону бир нече тамгасы бөлөк экен. Залкар Мусаны тартып, мени тартып чыгармачыл адам болуп чоңойсун!"- деп батасын берген. Көп өтпөй эле жаркылдаган кудабыз күтүүсүздөн каза болуп калып, чоң жоготууга учурадык. Тирүү жүрсө канчалаган тойлордо канчалаган адамдардын жан сезимин козгоп, ажайып ойлорго жетелемек деп ойлоп коёбуз кээде" -деп эскеришиптир куда-кудагыйы Салымбеков Аскар Мааткабылович менен Мамбеталиева Гүлмира Сулаймановна.
Балким, оорунун айынан Орункүл эже 1999-жылы о дүйнөгө кете бербей, жок дегенде дагы бир он жыл эриш-аркак жашашып, жанында болсо, дагы не бир сонун обондор жаралмак, Мукан аганын да өмүрү узун болмок деген ой келет экен. Көзү өтүп кеткен адамды эскерип, чыгармачылык бейнесин жазуу татаал экенин түшүнүп турсам да болбой эле Мукан Рыскулбековду "Обондун" окурмандарына окутам деп колума калемимди алып, из калтырган инсанды эскерүүнү эп көрдүм. Чоң талантты гезиттин бир бети менен ченеп сөз кылып, толук ачып берүү мүмкүн эмес, ошентсе да... Кийинки муун Мукан Рыскулбековдун ким экенинен кабардар болуп, унутулбай жүрсө деген эле ой-тилек... Сөзүбүздүн соңунда айта кетээрим Мукан Рыскулбеков жөнүндө "Мукандын мукам ырлары" аттуу китеп жарык көргөн. Сиз эңсеп издеген эски ырларын ушул китептен тапсаңыз болот.
Гүлсүн Мамашева, КРнын Эл артисти:
"Таза келип, таза кетти"
- "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" фильми тартылаарда, атайын кино үчүн ырга конкурс жарыяланган экен. Көп ырчы, обончулар катышкан ал конкурстан Мукандын ыры жактырылып, тандалып, мен ырдагам. Кино тартылып бүткөнчө ал жердегилердин баары ырдашып, "Издеп жүрөм" гимндей эле болуп калган. Менин ырларымдын ичинде Мукандын жазылып калган ушул эле ыры бар. А бирок сахнада "Жаштыгым" деген ырын ырдап жүрдүм. Ал экөөбүз абдан сый мамиледе болдук. Өзү абдан бала кыял, жайдары мүнөздөгү адам эле. Менин оюмча, Муканды көп киши түшүнө берчү эмес. Анткени, ал көңүлүнө жакпай калган нерсени ачык эле, бетке айтып салчу. Өзү көрпенделик пастыктан жогору турган, атак-даңктын, акчанын артынан кубалабаган кишилерден болчу. Бул жашоодо өзүнө тиешелүү баасын албай кеткени өкүндүрөт. Таза келип, таза кетти. А бирок, канча жыл мурун жаралган ырларын улам кийинки муун жаңыртып ырдап келатканы кубандырат.
Улукмырза Полотов, КРнын Эл артисти:
"Ырлары кайталангыс"
- Мукан менен Карамолдо Орозов атындагы оркестрде солист болуп жүргөнүндө жакындан таанышып, менин үнүмдү жактырып "Келген жокту" сендей эч ким ырдап бере албайт"-деп калды. Обондорунда согуш темасына көп кайрылган да. "Көчө" фильминдеги Ашым Жакыпбековдун "Аппагым" деген ырына чыгарган обону да фильмди көргөн адамга башкача бир маанай тартуулай турган ыр. Атайын кино үчүн жазылган ырдын оркестровкасы (азыр аранжировкасы деп айтылат) Эсенгул Жумабаевдики. Мен жактырып музыкасы үчүн ырдап жүрдүм. Бул ырды сүйгөн кызын эстеп жазган болуш керек. Мамилебиз абдан жакшы эле. Бир жолу телефон чалып калды. Алсам: "Ай, бака, саз биздики" деп эле сүйлөп кирди. Анча-мынча кызымтал экен, анан да бирөөгө чалса, мага түшүп калыптыр. "Эй бака, качан токтотосуң?" десем, "Омеей, жыттанып атабы?" деди. "Ооба, телефондон эле жыттанып атат" десем каткырып күлүп "Менин үнүмдү кантип таанып койдуң?" деп атпайбы. "Сенин үнүңдү эч ким менен алмаштырууга болбойт" дедим. Кийин жолукканда эстеп алып көпкө күлүп жүрдүк.
"Умай энем -бешигим" деген ыры бар. Ошол ырды билгенден мен эле ырдадым окшойт. Мукандын бир кечесинде "Умай энем-бешигимди" менден башка эч ким аткара албасына көзүң жетип мен үчүн чыгарсаң керек" дегем. Ырлары кайталангыс ырлар да. Элдик ыргакта, же эстрадалык болобу, баары татыктуу ырлар.
Гүлнара Кахарова, ырчы:
"Менин жүрөгүмдө өчпөй турган адамдар"
- Менин чыгармачылыгымдын башаты, тушоомду кескен Мукан ага менен үй-бүлөсү болгон. "Жетиген" ансамблинде ырдап жүргөнүмдө Мукан аганын ырлары менен эл алдына чыккам. Мен үчүн чыгармачылыктагы атамдай эле болуп калды. Менин аткаруумдагы Кадырбай Мамбетакуновдун сөзүнө жазылган "Өчпөгөн жылдыз", Кыялбек Урманбетовдун "Сооротуу" аттуу ырлары радионун алтын казынасына сакталган. Ал эми Жалил Садыковдун "Жаңыл Мырза" балладасына Мукан ага обон чыгарып, 1991-жылы өткөн республикалык кароо сынакта Гран-Прини жеңип алганбыз. Мукан ага ырларын ырдатууда ырчыларды аябай тандачу. Чыныгы үнү бар ырчыларды баалап, алар менен гана иштешкенге аракет кылчу. Аны башкалар да айтса, билсе керек. Менин сыймыктанганым - менин ырдаганымды жактырып, жакшы көрчү. Үйүнө да көп барып, аралашып жүрдүм. Орункүл жеңе асыл адам эле. Уул-кыздарын да жакшы тарбиялашкан. Суйкайган кыздары бар. Ичинде кымындай кири жок, ачык, шайыр, жаш баладай баёо мүнөз адам эле. Өмүрүнүн акыркы жылдары Көлдө иштеп калгандыктан көп байланыша албай калдык. Кандай гана сонун ырларды жаратып кете берди. Жасап кеткен эмгеги зор болду. Мукан аганын арбагын ыраазы кылып, жаңы ырларына кайра кайрылып ырдасам деген ой тилектерим бар. Менин жүрөгүмдө өчпөй турган адамдар.

Афина Абдылдаева, "Өмүр толкунунда", "Кыргызстандын чыгаан уулдары" китептеринин автору, политехникалык колледждин директорунун орун басары:
"Кыйын композитор эле"
- Мукан Рыскулбековду кимдер билбейт?! Биз куракташ, замандаш болуп, ар бир жаңырган жаңы ырын кубаныч менен тосуп алып, үйрөнүп ырдап жүрчүбүз. 1980-1990-жылдардын аралыгында мен Талас областындагы Манас районунда райкомдун катчысы болуп иштеп жүргөн учурум эле. Бир күнү эле мага "Мукан Рыскулбеков жубайы менен келиптир. Концерт беришет экен" деп калышты. Кабинетиме бойлуу, бири-бирине жарашкан, жанашкан эки түгөй кирип келишти. Учурашканда эле Мукан өмүр бою тааныш-билиш болуп жүргөн адамдардай бажактап, тамаша айтып күлүп, күлдүрүп, кабинетимдин ичи шаңга толуп эле калды. Аялы да андан беш бетер жаркылдаган, ачык айрым жайдары адам экен. Ошентип райондун чарбаларына концертин уюштуруп бердик. Сүйлөшө келсек эле Мукандын "Суусамыр жайлоосу" деген ыры менин жездем Токтогул Мүлкүбатовдун сөзүнө жазылган экен. Анан да ошого чейин билбептирмин, экөөбүз бир жерден-Москва районунан болот экенбиз. Мен уяла түшүп эле: "Мага ага болот экенсиз" десем, "Эми сиздин кызматыңыз чоң экен, мен эже деп жүрөйүн" деп тамашалай, эжекелеп калган. Үйгө чакырып шашпай сүйлөшүп чай ичиштик. Ошондо байкадым, жубайы экөө эгиз козудай ээрчишип, көргөн көздү кубанткан үй-бүлөлөрдөн экен. Кээде Мукан курчураак тамашалап койсо кээ бир аялдарча түйтөңдөбөй, жадырап, жыргап кошо күлүп тамашалашып калат эле. Ал таанышуудан кийин үй-бүлөлүк катышта болуп жүрдүк. 50 жылдыгы болот деп жүргөндө "Чымыныңыз бар экен, ырларыңыздан берсеңиз обон жазып көрөйүн" деп калды. Менин "Кайталангыс асылыма" деген ырыма обон жазып, "эми жездем да таарынып калбасын" деп жолдошумдун мага арнап чыгарган "Асыл жарыма" деген ырына обон жазайын деди. Таластыктар мактанганды жакшы көрүшөт деп коюшат эмеспи, жолдошум да Таластан болгондуктан: "Эгер ырыма жакшы обон жазсаң-менден бир тай" деди. Эки - үч айдан кийин "Эже, жезде келгиле, баягы ырыңар бышты" деп чакырып калды. Жакшынакай обон чыгарыптыр да, ырдын башына тийишип: "Жезде, ажырадың тайыңдан" деп жазып коюптур. Кийин элүү жылдык юбилейинде менин жаратылышынан татынакай үнү бар Күляш Тусупбекова деген курбум ырдап берген. Жалпысынан менин 5-6 ырыма обон жазган, анын ичинен Алтын фонддо "Бишкек- ордолуу шаарым" деген кароо сынакта биринчи орунду ээлеген ырым сакталган. Бир туугандай да, чыгармачылык да байланышта болуп жүрдүк. Мүнөзү да башкача эле. Оюнда эмне болсо ошону балп эттире айтып салып эле олтуруп калчу. Муканды түшүнгөн адам анын тамашаларына таарынчу эмес. Анткени ал эч бир кытмыр ою жок айтчу. Бой көтөргөндү такыр билчү эмес. Ал эми ырчылар менен иштешкенде, ийине чейин жеткизип ырдап бере турган гана ырчыларга ырын ишенип берчү. Майрам Дүйшекеева менен ошол учурда жаңы чыгып келаткан таланттуу Гүлнара Кахарова деген ырчыларды баалачу эле. Мукан жөнүндө айтып олтурсак көп эле жакшы күндөр өттү. Кыргыз искусствосунун өсүшүндө зор эмгек жасап, калтырып кетти. Классикага айланган ырлары эл ичинде ырдалып келет. Анткени Мукандын ырларынын ыргактары бай, көркөм.
Рыскулбек кызы Анаркан, Мукан Рыскулбековдун карындашы:
Эсимден кетпес
элестер
- Мукан аскерге кетип баратып атама айтты: "Ата, мен келгенче өлбө! Сенин атыңды бүт кыргызга таанытам. Москвага да алып барам, уктуңбу?!" Мен жакшы көргөн агамдын бизден узап баратканына, экинчиден, "Мен келгенче өлбө!" деген сөзүнө эреркеп, жуурканды чүмкөнүп алып аябай ыйладым. Атам байкуш уулун узатып жатканына кейип-кепчип жүрөт. Анан: "Өзүң жакшы жүр, айланайын, мен мүмкүн сен келгенче өлүп калаармын" деп койду. Ким билет атама аян бергенби, ал кайтып келгенче каза болду. Топурак сала албай калды. Келип алып өкүрүп-өксөп жоктогонун, эшик алдындагы чөпкө ооналактап ыйлаганын айтып бе албайм. Бир кезде тура сала мага кыйкырганы али кулагымда: "Анар, көрөсүң го атам өлбөйт, анын Рыскулбек аты эл оозунда жашайт!" Байкуш агама ошондо тагдырдын эки кыйын сыноосу бир келиптир. Отпускасы бүтө электе өзү ашык болуп жүргөн Бактыгүл (Валя) деген кызын бирөө ала качып кетет. "Аппагым" деген ыры дал ошол сүйгөн кызына арналган эле.
"Нике кайып" дечү беле, кыргыздын кыздары түгөнүп калгансып, Орункүл деген казак кызына үйлөндү. Ал дагы өнөргө шыктуу, жайдары жан эле. Жеңебиз ак көңүл, колу ачык, жакшы болуп чыкты. Байкеме күйүмдүү, эң башкысы - түшүнүктүү, кечиримдүү. Мукан менен Орункүл жеңемдин арты жаман болгон жок. Ыманы ысык, татынакай эки кызы - Айгүл, Назгүл турмуштан өз ордун табышты. Бала-чакалуу. Ата-энелеринин учугун улап, элден кем болбой жашап жаткандарына ичимен сыймыктанып, жаратканга шүгүрчүлүк айтам. Уулу Улан болсо Мукан атасынча чоң атасы Рыскулбектин атын ааламга жаңыртып, дүйнөнүн таэквондо боюнча чемпиону наамын жеңип алды. Бул да бизди шердентчү окуя.


Издеп жүрөм
Сөзү Ашым Жакыпбековдуку
Обону Мукан Рыскулбековдуку

Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктамагым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасам да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
1969-ж.

Чын эле мен сени таптымбы
Сөзү Жакшылык Алымовдуку
Обону Мукан Рыскуловбековдуку

Кыялда кылымдап издеген,
Түйшүктүү түбү жок из менен.
Капыстан жолуктук,
Жолуктук капыстан сырдаштык,
Жолубуз кайчы эмес түз белең.
Чын эле мен сени таптымбы?

Сүйлөсөң сүйүнө караймын,
Салаалап чачыңды тараймын.
Күлмүңдөп көздөрүң,
Көздөрүң күлмүлдөп от жакса,
Кайра эле күлкүңдү самаймын.
Чын эле мен сени таптымбы?

Сен дагы мени издеп шаштыңбы?
Түбү жок санаага баттыңбы?
Шам болуп жагылчы жыргалым,
Жылдыздай жайнатып бактымды,
Чын эле мен сени таптымбы?
1976-жыл


М.Молдобекова

Издеп жүрөм
Сөзү Ашым Жакыпбековдуку
Обону Мукан Рыскулбековдуку

Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктамагым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасам да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
1969-ж.

(Уландысы 6-бетте)









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!