маалымат

 

Тамекини
жарнамалоого тыюу салынышы мүмкүн
Ага негиз берген жобону "Реклама жөнүндөгү" жана " Кыргыз жарандарынын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоо" жөнүндөгү мыйзамдарга киргизүүнү өкмөт сунуштап жатат. Мындай жобо Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамеки чегүү менен күрөшүү боюнча алкактык конвенциясы жана Кыргызстандын жарандарынын ден соолугун тамекинин зыянынан коргоо боюнча 2008-2015- жылдарга эсептелген мамлекеттик программасынын талаптарына ылайык киргизилет. Аталган мыйзамдардын талабына ылайык мамлекет өз жарандарынын саламаттыгын тамекиден сактоого милдеттүү.
"Учур" гезити менен "Малуба" ишканасы соттошууда
Ушул жумада "Учур" көз карандысыз гезити менен "Малуба" ишканасынын ортосундагы сот иши уланат. Гезиттин башкы редактору Аслан Сартбаев "Азаттыкка" "Жаннат" мейманканасынын кожоюну болгон "Мабула" жоопкерчилиги чектелген ишканасы сотко арыз берип, эркин басма сөздү кысымга алууну көздөп турат" деп билдирди. Анын айтымында, аталган ишкана жетекчилиги гезит ушул жылдын 19-февралында жарыялаган "Сулайманов "Жаннатка" жатып чыктыбы?" деген кабарда мейманкана шлакоблок кирпичтен салынган деген маалымат кардарларды коркутуп, материалдык чыгымга дуушар кылды деп Бишкек район аралык сотко берип, тарткан чыгымы үчүн эки миллион сом айып пул төлөп берүүсүн талап кылып жатат. Мейманкана маалыматтан эки миллион сомдук чыгым тартышы мүмкүн эмес деген башкы редактор мунун артында эркин гезитти материалдык жактан кысып, иштетпей коюуну максат кылып жатат деп белгиледи. Ал эми "Жаннат" мейманканасынын директору Инаят Мамазаирова арыздын артында эч кандай саясат жок, бир гана жалган маалымат берген журналисттерди жоопкерчиликке тартуу аракети турат деп билдирди.
Мүмкүнчүлүгү
чектелгендер үчүн такси кызматы иштөөдө
"Гарант" деп аталган социалдык такси кызматы айына бир жолу мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн даректүү жардам көрсөтүп турушмакчы. Маселен ооруканаларга бекер ташуу. Аталган долбоордун демилгечилеринин бири "Теңдик" коомдук уюмунун жетекчиси Гүлмира Казакунованын билдиргенине караганда аталган такси кызматы коммерциялык кызыкчылыктарды көздөбөйт. "Ишмердүүлүктөн түшкөн акча толугу менен штатты камсыздап, кеңейтүүгө жана майыптарга гуманитардык жардам көрсөтүүгө багытталат. Ал эми келечекте топтолгон каражаттар өз ишин ачам деген майыптарга каржылоо борбору болуп берет деген оюбуз бар. Авто унаалуу мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо биздин такси кызматында жеңилдетилген шарттарда иштесе болот", - деди Г. Казакунова. Кошумчалай кетсек, таксини күнү-түнү - 192 телефону аркылуу чакырса болот.
Акыйкатчы акыл айтуучулардан кеңеш алат
Жыйырманчы апрелден тартып Акыйкатчы институтунда акыл берүүчүлөр кеңеши ишке киришти. Акыйкатчынын аппаратында иштеген 24 адистен турган кеңеш Акыйкатчыга олуттуу чечимдерди кабыл алууда кеңеш берип туруу үчүн түзүлдү. Анын жети кызматкерден турган кичи кеңеши туруктуу иштейт.
200 миңден
ашык кыргыз орус жарандыгын алды
Мындай маалыматты Орусиянын маалымат каражаттары Миграция кызматынын жарандык алуу маселелери боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө таянып таратты. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда жарандык алуу тартибин жеңилдеткен макулдашуу 1998-жылы кабыл алынгандан бери орус жарандыгын алган кыргыз атуулдарынын саны эки жүз миңден ашкан. Ал эми кыргыз өкмөтү Орусиядан иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын жалпы саны 350-500 миңдин тегерегинде деп келет.
А.Сарлыкбеков атындагы сыйлык түзүлдү
Кыргызстандын Эл артисти, режиссёр Алмаз Сарлыкбековдун ысмын түбөлүккө калтыруу максатында анын атындагы сыйлык уюштурула тургандыгын Маданият жана маалымат министри Султан Раев билдирди. Анын айтымында, сыйлык театр жана искусство тармагындагы чыгаан жаш режиссёрлорго жылына бир жолу ыйгарылат. Жакында Алмаз Сарлыкбеков туулуп-өскөн Москва районундагы Төлөк айылындагы клубдун алдында анын эстелик бюсту ачылды.
Өлкөбүздө
улуттук китеп
марафону өтөт
Өлкөдөгү китепканалар фондун китеп менен толтурууга багытталган бул иш чара ушул жылдын 27-апрелинде республика боюнча өткөрүлөт. Аталган марафон Маданият жана маалымат министрлигинин демилгеси менен уюштурулууда. Министр Султан Раевдин айтымында, мындай иш-чараларды башка да мамлекеттер өткөрүп турушат. Эске сала кетсек, 2007-жылы өлкөбүздө өткөн китеп марафонунда жүз миңден ашуун китеп топтолгон.
Кыргыз салттуу
музыка жумалыгына келиңиз"
25-апрелде борборубуздун Ала-Тоо аянтында Маданият министрлиги менен Кыргыз салттуу музыка фонду тарабынан уюштурулган кыргыз салттуу музыка жумалыгы өтөт. Ата-бабабыздан калган улуттук руханий казынабызды сактоо максатында өткөрүлүп жаткан жумалыкка белгилүү ырчылар, дастанчылар, төкмөчүлөр, комузчулар жана республикабыздын жети дубанынан келген өнөрпоздор катышат.






Айылчы эми
дастан айтат
"Мык" деген сатирасы менен популярдуулукка жеткен "Орок-Балка" тобунан чыккан Айылчы Кудайбергенов эми кыргыздын үч кыл комузун колуна алып дастанчы болот. "Куудул болгонго чейин Манас айтып, дастандарды ырдачумун, эми кайрадан ошол өнөрлөрүмдү алып чыгып, Жакут айткандай ырларымды хит кылам, далайларды ит кылам"-дейт Айылчы куудул. Кошумчалай кетсек, буга чейин чөнтөк телефондорго жайылган "Бөлкө нан" сатирасынын негизинде Санжар Бердибеков менен Айылчы жакында концерт бермекчи.

Өзбек жигит Мээри Шакулинанын
колун сурады
"Айтпа, айтпа", "Кечигипмин" деген ырлары менен таанылып келаткан жаш ырчы Мээри Шакулинанын сыртынан көрүп жактырып жүргөн өзбек жигит колун сурады. Мындайды күтпөгөн ырчы курсташынын сунушун четке кагып, сүйлөшкөн жигити бар экенин билдирди. Кызыгы, "Эгер бизде ала качуу салты болсо, эч нерсеңе карабай уурдап кетмекмин"-дептир өткүр жигит.

ЭЛТР телеканалынын Бишкек студиясындагы "Кутман таң" программасына алып баруучуларды тандоо жарыяланат.
18ден 25 жашка чейинки жогорку билимдүү, өң-келбети келишимдүү, тилинен чаң чыккан улан-кыздарды чакырабыз!
Тандоо 24-апрелде саат 14 00 дө ЭЛТРде өтөт. Байланыш телефондору:
0312-90-61-52, 0777-56-95-38, 0550-55-88-14.

Сыйлыгыңыз кут болсун!
Ырчылыкты хобби эмес, кесип кылып отуз алты жылдан бери бул жаатта талбай эмгектенип келаткан КРнын эмгек сиңирген артисти Султан Каримов маданиятка кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Эмне дейбиз, "Эл эмгегин жер жебейт" дегендей, кыргыз музыкасы үчүн жан үрөп иштеп, кызмат кыла бериңиз.



Кыргыз ырчылары
Кытайда ырдайт
Кытайдын бир облусунун губернаторунун атайын чакыруусу боюнча Айчүрөк Иманалиева, Турусбек Жумалиев, Кутман Жолдошев, Анжеликалар 23-апрелде Кытайга концерттик сапар менен барышат. Аты аталган өнөр адамдары Кытайдын төрт шаарына концерт коюп, Кытайлык кыргыздардын жашоосу менен таанышып, өздөрү алып барган белектерин таратышат.

Жаш таланттын ийгилиги
Жакында Москва шаарында Европа жана Азия боюнча "Жаш таланттар бермети" аттуу эл аралык кароо-сынак болуп өттү. Аталган кароо-сынакка Кыргызстандын атынан Орусияда жашаган тогуз жаштагы Аида Суеркулова катышып, 23 өлкөнүн ичинен 3-орунду жеңип,Европа жана Азиянын "Үчүнчү жаш бермети"деген наамына татыды. Аида кароо-сынактын талабына ылайык кыргыз жери, кыргыздын улуттук буюмдары жөнүндө маалымат берип, кыргыз тилинде ырдап,бийлеп, спорттун гимнастика түрү боюнча өз өнөрүн көрсөттү. "Өнөрүң болсо өргө чап" дегендей, келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш канатка ийгилик каалап, жолуң шыдыр болсун демекчибиз.

Куудулдар
молдо болобу?
Максат Тасмаев, Санжар Бердибеков, Жакут Сыдыковдор мусулман жолуна түшүп, беш убак намаз окуп, Кара-Балтага даватка барып келишти. "Намаз окусаң жүзүңө нур төгүлөт экен" деген куудулдар мындан ары шоу-дүйнөсүн тандайбы же биротоло молдо болобу, күтө туралы.

Ж.КАЛДАРОВА










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!