саламат плюс

Сыздооктун пайда болушу жана арылуунун жолдору
Сыздоок - түк (чач) капчаларынын жана ага байланыштуу май бездери менен тегерегиндеги клетчаткаларынын ириңдетүүчү, стафилокок микробун пайда кылуучу катуу кармаган ириңдүү, некроздук сезгениши. Сыздооктун чыгышына теринин такай булганышы, кийимдин өйкөшү, химиялык заттар менен дүүлүгүшү, теринин үстүңкү катмарынын сыйрылышы, тытылышы, тер жана май бездеринен тер менен майдын көп бөлүнүшү, витаминдин жетишсиздиги жана зат алмашуунун бузулушунан улам сырткы бетинде, бел тушта пайда болот. Алгач ачык кызыл түстөгү катуу ооруган кызыл так пайда болот. Үч-төрт күндөн кийин анын ортосу жумшарып ириңдей баштайт. Андан соң жарылып, азыраак ириң чыгат. Ириңдин түбүндө көгүш тарткан некроздуу ткань өзөгү көрүнөт. Эки-үч күндөн кийин ириңдүү кан менен кошо өзөгү бөлүнүп чыгат. Дененин айрым жерлеринде, моюн, бел, жамбашка бир нече сыздоок чыгышы мүмкүн. Мындай учур санитардык гигиенанын эрежелерин сактабагандан, жалгыз чыккан сыздоокту туура эмес дарылагандан улам болот.
Көпчүлүк учурда жетишсиз тамактанууда витамин жетишсиздигинен, жалпы инфекциялуу катуу оору менен ооруганда, зат алмашуусу бузулганда (диабет, колит, неврит, гастрит, анемия) ысык же суук өткөндө, нерв системасынын функциясы бузулганда дененин көп жерине сыздоок пайда болот.

Өнөкөт сыздоок
Сыздооктун катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Катуу кармаган сыздоок бир эле убакта же кыска мөөнөттө пайда болот. Ал учурда адамдын денеси ысып, башы ооруп алы кетет. Ал эми өнөкөт сыздоок организмдин туруктуулугунун төмөндөп кеткенинен улам пайда болуп, көп убакытка чейин созулат.

Сыздоокту кантип дарылоо керек?
Сыздоокту дарылоодо чыккан жерине, жайылышына жараша врачтын көзөмөлү керек. Өз билгендик кылып сыгуу, чукулоо, тырмоо, ысык баскан жарабайт. Сыздоок чыккан учурда мончого, ваннага, душка түшүүгө болбойт. Врачтын көрсөтмөсү боюнча маргонцовка кошулган жылуу ванна кабыл алуу керек. Сыздооктун тегерегиндеги соо терини калифорка же салицил спирти менен сүртүү керек.
Углеводдуу (таттуу, ундан жасалган), ачуу тамак ичпей, витаминге бай диета кармоо керек. Сыздоокко түрткү берүүчү ооруну убагында дарылоо менен пиво ачыткысын колдонсо болот.
Сыздоокту алдын алууда өздүк гигиена эрежелерин туура, так сактоо, терини таза күтүү, теринин ириңдүү жарасын пайда кылуучу факторлорду четтетүү, микротравмаларды өз убагында тазалап, дарылоо керек. Ириңдетүүчү инфекцияларга организмдин туруктуулугун жогорулатуучу чараларды (организмди чыңдоо, сууга түшүү, күнгө күйүү) көрүү, витаминдүү тамактануунун мааниси чоң.




Уюлдук телефон көтөргөндөргө кеңеш
Уюлдук чөнтөк телефону менен көп сүйлөшкөндөр кадимки (стационардык) телефонду колдонгондорго караганда бир нерсеге ой-жүгүртүүсү жайлап, начарлай баштайт. Тактап айтканда мээсине "доо" кетирип алат экен.
Уюлдук телефонду көтөргөндөргө коопсуздук чараларын камсыз кылып, ден соолугун жөн жерден өксүтүп албашы үчүн бул кеңешти сунуш кылабыз.
1. Машинада жүргөндө бышык, кубаттуу антеннаны пайдаланууга аракет кылыңыз. Себеби, машинанын корпусу сигналдарды чагылдыруучунун ролун аткарат. Мындай учурда сизге таасир этүүчү микротолкундардын өлчөм-деңгээлин көбөйтүп кетет.
2. Уктаганда уюлдук телефонду башка жакын койбоо керек. Бирок, көп адамдар аны коңгуроолуу саат катары пайдаланышып, жаткан жерине жакын же жаздыктын алдына коюп алышат. Мындай учурда адам уктап жаткан кезде нурлануу жүрүп, мээсине гамма-ыргагынын (бул ыргакта мээ уйку мезгилинде иштеп турат) толкунуна таасир тийгизбей койбойт.
3. Эпилепсия (талма) менен ооруган же ага тукум жагынан жакындыгы барларга уюлдук телефонду колдонууга болбойт. Себеби, нурлануу толкуну андай кишинин талмасын карматат.
4. Окумуштуулар нерв ооруларынан азап чеккендерге, акыл жана күч жагынан кубаты төмөн, эс тутуму жана уйкусу жайында эместерге уюлдук телефонду колдонбоону эскертет.
5. Уюлдук телефон кош бойлуу аялдар менен 16 га чыга элек балдарга сунуш кылынбайт. Бала канчалык жаш болсо анын организми микротолкундун нурун ошончолук кабылдагыч келет. Ал эми уюлдук телефон көтөргөн кош бойлуу аялдын ичиндеги түйүлдүктүн нурлануусу биологиялык жактан жагымсыз натыйжаларга алып келип, келечегине зыян тийгизет.
6. Эгерде сиз кайсы бир өнөкөт оору менен ооруп жүрсөңүз, анда уюлдук телефондун нурлануусу ал ооруга "акыркы тамчы" болуп калышы мүмкүн.





  Билип алыңыз

Көнүмүш адаттын зыяны
Баш тырмоо. Кээ бир адамдар башын тырмаганды, башын жууганда ушалаганды жакшы көрүшөт. Бирок, мындай учурда баштын терисинде жара пайда болуп, чачтын нормалдуу өсүшүнө терс таасир тийгизет.
Кабак чытуу. Көзүн кысып, оозун бүрүштүргөндү адат кылгандардын бетинде ар түрдүү формадагы (сүйрү, түз) бырыштарды пайда кылат.
Көмкөрөдөн жатып уктоо. Бетин жаздыкка тийгизип, көмкөрөсүнөн жатып уктагандардын бети шишип, өңү серттенет.
Бир нерселерди тиштегилөө. Карандаш, тырмак же астыңкы ээрдин тиштеген адаттар. тиштин тез жана көркөм өсүшүнө терс таасирин тийгизет.
Бүрүшүп уктоо. Кээ бир адамдар кечки тамакты жээри менен эле жатып алышат. Мындай адат убакыт өткөн сайын курсактын чоңоюшуна алып келет.
Бутту алмаштырып отуруу. Мындай адат узакка созулса омурткалардын толгонуп калышына толук мүмкүн.



Каттарга жооп
Гемоглобинди кантип көтөрсө болот?
Урматтуу редакция! Сиздердин "Саламат плюс" рубрикаңыздарды дайыма окуйм. "Ден соолугу чың адам көп жашайт" дегендей, мен өзүмдүн ден соолугума ар дайым көңүл бөлүп келем. Сиздерге кат аркылуу кайрылганымдын себеби, гемоглобинди кантип көтөрсө болот? Ушул жөнүндө кыскача болсо да бир маалымат бере аласыздарбы?
Нурайым, Токтогул шаары
- Нурайым, азыр гемоглобинди көтөрүү үчүн атайын дары-дармектердин түрү чыгууда. Бул жагынан сиз врачтардан кеңеш алсаңыз болот. Ал эми элдик медицинада гемоглобинди көтөрүүнүн бир ыкмасы бар. 60гр кургак каз таңдайды (тысячелистник) 0,5 л кайнак сууга бир саат тындыргандан кийин чыпкалайсыз. Анан жылымык кезинде күн сайын үч маал тамакка 20 мүнөт калганда ичип турасыз.

Грипп менен ооруган пайдалуубу?
- Жакында эле бир гезиттен грипп менен анда-санда ооруган пайдалуу деп окудум. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?
Токтобек, Нарын шаары
- Токтобек, сиз окуган маалыматтын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Мисалга алсак, немец окумуштуулары грипп менен анда-санда ооруган адамдар теринин рак оорусуна аз чалдыга тургандыгын тажрыйба жүзүндө аныктап чыгышкан. Мунун өзү адам организминин иммунитет иштеп чыгуучу өзгөчөлүгү менен байланышкан. Анда бир инфекциялык ооруга "алдырып" жиберген организм анын эсесин башка бир олуттуу ооруну алыс качыруу менен толуктап коёт экен.

Даркүл КЕМЕЛОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!