Дасторкон ажары

"НАПОЛЕОН" ТОРТУ
Керектелүүчү азыктар:
3стакан ун
1стакан суу
300гр сары май
2 жумуртка
1кашык шекер уну (пудра)

Жасалышы:
Жогорудагы азыктардын баарын аралаштырып камыр жууруйсуз. Жуурулган камырды 1,5 миллиметр калыңдыкта жайып, анан аны кичине нымдалган металл идишке салып, кээ бир жерлерин колуңуз менен сайгылап коюңуз. Себеби, камыр көөп чыгышы мүмкүн. Камырды 240-260 градус ысыкта бышырыңыз. Бышкандан кийин аны туурасынан экиге бөлүп, четтерин тегиздеп кесип алыңыз. Кесиндиден калган бөлүктөрү күкүм катары кетет. Ал эми бөлүнгөн беттерине кремден шыбап, торттун үстүнө шекер уну аралаштырылган күкүмдөрдү сээп коюңуз.
Мына сиз күткөн торт дагы даяр болду.
Тамагыңыз таттуу болсун!




Бир күнүңүз кандай өтөт?
"Эртең менен уйкудан кандай ойгонсоңуз ошол күн ошондой өтөт" деген сөз бар эмеспи. Чындап эле эртең менен ойгонор замат эмне ойлосоңуз ошого жараша күн кандай өтөөрүн да аныктоого болот. Анда көңүл буруңуз!
Уйкудан көзүңүздү ачканда эле оюңузга биринчи иш, кызмат келсе-күтүлбөгөн жаңылык угасыз.
Алдыдагы жолугушууну ойлосоңуз -сизди бирөө алдайт.
Уйкудан кийин кебетеңиз кандай болуп калганы тууралуу ойлосоңуз-кубанычтуу окуя күтүлөт.
Кимдир-бирөө жөнүндө ойлосоңуз-жагымсыз кабар келет.
Жаныңыздагы адамды ойготуп албоону ойлосоңуз-бул күнү баштаган ишиңизди бүтүрөсүз.
Дарыны ичүүнү унутуп калбоо жөнүндө ойлосоңуз-күн тынч өтөт.
Бүгүнкү күндү ойлоп тынчыңыз кетсе-чын эле түйшүктүү күн болот.
Ойгонуп жатып чүчкүрүп же жөтөлсөңүз -бул күнү ичи тар, көрө албас адамдын терс энергиясына кабыласыз.




Элдик медицинадан
Бөйрөктөгү ташты түшүрүү
Кургатылган жана майдаланган шиповниктин тамырынан эки чоң кашыгын бир стакан сууга салып 15 мүнөт кайнатат. Аны жарым саат демдеп, андан кийин чыпкалап алуу керек. Күнүнө үч маал ачкарын стакандын1/3 бөлүгүндөй көлөмдө ичүү керек. Бир-эки жумадай дарыланса жетиштүү болот.
х х х
Бадыраңдын ширесин күнүнө эртең менен, кечинде жатаарда ачкарын бир стакандан ичүү керек. Ал эми күндүз болсо бир килограмм бадыраң жеш керек. Дарылануу мөөнөтү бир жума жетиштүү болот.
х х х
Кадимки эле тарууну жылуу сууга жууп, идиштин жарымынан кылып салыңыз. Үстүнө кайнак сууну куюп, капкагын жаап, жылуу ороп туруп бир сутка коюп коюу керек. Эртеси таруунун үстүндө бозомук болгон чел кабык пайда болот. Бул чел кабыкты анык дары десе болот. Идиштеги тарууну аралаштырып туруп, күнүгө каалашыңызча иче беришиңиз керек. Таруунун суусу түгөнүп баратса үстүнө кайра кайнак суу куюп, бир сутка демдеп коюп иче берсеңиз болот.
х х х
Ажырыкты (пырей) майдалап туруп анын 20 граммын бир стакан кайнак сууга салып, бир сыйра кайнатып алыңыз. Беш-алты саат демдеп, чыпкадан өткөрүп алуу керек. Андан кийин аны үчкө бөлүп тамактан кийин ичиш керек.




Билип ал!
Бир жакка жөнөөрдө эшигиңдин алдында бир аз олтуруп анан чык. Барган жериң жакшы тосуп алат.
Өзүңдөн улуу адамдын алдынан өтпө, назарына каласың, тилегиңе жетпейсиң.
Шыпырынды менен күлдү кошо чыгарба. Өлүм менен той бир күндө келип калат.
Түн ичинде пол жууба, үйсүз же үй-бүлөсүз каласың.
Тепкичке чыгаарда же түшөөрдө ар дайым оң бутуң биринчи болсун.
Жолуңдан эркек киши биринчи жолукса ал күнү жолдуу болосуң.
Жолдон акча тапсаң акчалуу болосуң.
Кыбыланы карап отурба, кырсык тооруйт.




Төрөлгөн убактыңыз тагдырыңызга байланыштуубу?
Сиз бул жарык дүйнөгө кайсы убакта, саат канчада келгениңиз тагдырыңыздын кандай болоору жөнүндө аныктама берээрин билесизби? Эгерде төрөлгөн убактыңыз, тагдырыңыз жөнүндө билгиңиз келсе төмөндөгү маалыматка көңүл буруңуз.

Түнкү саат 12-2 ге чейин төрөлгөндөрдү Меркурий планетасы башкарып турат. Бул саатта төрөлгөндөр ар нерсеге кызыкдар болуп өсүшөт. Окууда же карьера жасоодо жакшы ийгиликтерге жетишкени менен алардын жеке турмуштары жупуну болот. Бирок өзү курактуулардан өтө эле жаш көрүнүшөт.
Саат 2-4 кө чейин төрөлгөн балдарды Венера планетасы башкарат. Булар чоңойгондо аябай эмгекчил болушат. Катуу мактап койсоң тоону томкоруп жибергенге да даяр. Көпчүлүгү өз оюн бербеген кежир болуп өсүшөт.
Саат 4-6 га чейин төрөлгөндөрдү Марс планетасы башкарат. Бул адамдар уюштургуч жана жетекчилик касиеттерге ээ. Эч качан калп айтышпайт. Бирөөгө оңой менен ишенишпейт. Бирок талапты катуу коё билген адамдар болушат.
Саат 6-8 ге чейин төрөлгөндөрдү Нептун планетасы башкарат. Булар оңой менен ачылып сүйлөбөгөн түнт адамдар. Бирок жан дүйнөсү назик, кыялкеч болушат. Аларда интуиция аябай күчтүү өнүккөндүктөн көзү ачык (экстрасенс) болууга жөндөмдүү келишет. Өзүнө жаккан иши үчүн курмандыкка барууга даяр адамдар.
Саат 8-10 го чейин төрөлгөндөрдү Уран планетасы башкарат. Булар жагымдуу, өз сырларын жашырбаган, жөнөкөй, ачык-айрым болушат. Коомдо мындай адамдар аз кездешет.
Саат 10-12 ге чейин төрөлгөндөрдү Сатурн планетасы башкарат. Бул адамдардын кыялы өтө оор, айтканынан кайтпайт. Булардан саясатчылар көп чыгышы мүмкүн.
Саат 14-16 га чейин төрөлгөндөрдү Плутон планетасы башкарат. Булар кайраттуу, өткүр болушат.
Саат 16-18 ге чейин төрөлгөндөрдү Венера планетасы башкарат. Буларда бекем нике, түбөлүктүү сүйүү касиеттери бар.
Саат 18-20 га чейин төрөлгөндөрдү Меркурий планетасы башкарат. Кыйынчылыктардын баардыгына чыдаган, качан болбосун көңүлдөрү жайдары болуп жүрүшөт. Караңгыда жол тапкандардан болушат.
Саат 20-22 ге чейин төрөлгөндөрдү Күн планетасы башкарат. Бирөө менен бат, оңой тил табыша алышат. Өздөрүнө берилген ишти так аткарышат. Жан-жаныбарларга жакын болушат.
Саат 22-24 кө чейин төрөлгөндөрдү Ай планетасы башкарат. Эгерде буларга бирөө жарым тийишпесе өздөрү менен өздөрү болуп жүрө беришет. Бирок өзүн бактылуу сезишпейт. Кырк жаштан ашкандан кийин жакшы ийгиликтерге жетишет. Жеке турмушунда никеси бекем, туруктуу болушат.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!