Кумир менен баарлашуу

Бегимайга күчүк белек кылган ким?
Репертуарындагы салмактуу ырлары менен жаш-кары дебей баардык муундун жан дүйнөсүнө жагымдуу маанай тартуулаган жаш ырчы Бегимай Эсенгулова күйөрмандары менен жолугушуп, кенен-кесир баарлашты. Эске сала кетсек, ырчы кыздын дарегине келген смс ээлеринин көпчүлүгү региондордо, коңшу өлкөлөрдө болгондуктан жолугушууга келе алышкан жок. Ошентсе да телефон чалып, кумирине болгон каалоо-тилектерин билдирип жатышты.

Назгүл
- Бегимай, биринчиден сизге чыгармачылык бийиктик, ден соолук каалайм. Ар бир адамдын жакшы жана жаман сапаттары болот да. Өзүңүзгө мүнөздөмө берип көрсөңүз?
- Рахмат. Туура, сиз айткандай бул дүйнөдөн идеалдуу адамды табыш кыйын. Менин жаман жагым уйкучумун, ишенчээкмин. Бул мүнөздөрүмдүн зыянын көп тартам. Жакшы жагым кечиримдүүмүн, бирөөдөн эч нерсе аябайм, колум ачык.
- Сиз үчүн аялзаты ким?
- Аялзаты дегенде эле сулуу, назик элес көз алдыңа тартылат. Андыктан, аялзаты мээрман эне, сулуу, назик жан.
- Өзүңүздү сулуу айымдардын катарына кошо аласызбы?
- Сулуулукту ар ким ар кандай түшүнөт. Мен үчүн сулуулук келбетте эмес, жүрөктө. Өзүмдү сулуумун деп эч кимден өйдө көтөрбөйм. Кудайга шүгүр, Алла таалам берген келбетке ыраазымын.
- Күйөрмандарыңыздан алган эң баалуу белегиңиз?
- Мындан бир жыл мурун белгисиз бирөө кичинекей апапак күчүктү каробкага салып, үйдүн алдына таштап кеткен. Ким алып келгенин билбесем да мен үчүн бул эсте калаарлык белек болду.
- Күчүккө ат коюп багып алдыңызбы анан?
- Көп кабаттуу үйдө жашагандыгыма байланыштуу айылга берип жибергем. Атын да айылдагылар койду.

Канжар
- Чектен ашкан, тажаткан күйөрмандарыңыз болсо керек?
- Андайлар жок эмес. Мисал катары айтсам, бир жолу сабактан чыгып маршруткада келатсам бир бала мени таанып калып, көзүн албай карай берди. Ошол күнү кайда барсам да кечке артымдан ээрчип жүрдү. Тажаганымда "эмне жүрөсүң?" десем, "Сени менен тааныша албай жүрөм" дегенинен тааныштым. Кийин көпкө чейин байланышып жүрдүк. Номерим өзгөргөндөн бери сүйлөшө элекпиз.
- Ырчылар эмнеге номериңерди бат-баттан алмаштыра бересиңер?
- Баардык адамдар бирдей эмес да. Кээде түнкү саат 3-4тө чалгандар болот. Айрымдары байланышып алып ар кандай сөздөрдү айта беришет. Ушундай ызы-чуудан кутулуп, тынчтык керек болгон учурда номер алмаштырууга туура келет.
- Сиздин байлыгыңыз эмне?
- "Байлык-колдун кири, жууса кетет, бийлик-коломтодогу от, суу сепсе өчөт"-дегендей, мен үчүн машина, үй, акча, атак-даңк байлык эмес. Менин байлыгым - апам жана ден соолугум.
- Адам маймылдан жаралган дегенге кошуласызбы?
- Мектептен биология сабагынан ошентип окуганбыз. Билбейм, мен кудай жаратканына гана ишенем.
- Чыныгы сүйүүгө кабылгансызбы?
- Ачыгын айтсам, балалык сезимдер болгон. Бирок чыныгы, таза сүйүү башымдан өтө элек.
- Өзүң сүйгөнгө эмес, өзүңдү сүйгөн адамга тий" дегенге көз карашыңыз кандай?
- Бир чети аялзаты үчүн бул деле туура. Бирок, жакшы көргөн адамың менен өмүр сүргөнгө не жетсин. Сүйүүнү баалап, түшүнгөн адам болсо кадырыңа жетет. Эгер сүйүүнү кадырлабаган адам болсочу? Анда сүйүүнүн деле баркы кетип, сен ал үчүн эч ким болбой калышың мүмкүн. Ошондуктан, мындай жагдайды башыңдан өткөрбөгөн соң тиги же бул деп бир чечимге келиш кыйын.

Айдана
- Бала чагыңызды эстегенде кайсы элес көз алдыңызга биринчи тартылат?
- Кичинекей кезимде абдан шок, тентек кыз элем. Алты жашымда чуркап баратып 4-кабаттын тепкичинен кулап, мурдум канаганы эсимде.
- Сизди тапкан ата-энеңиз жөнүндө да билгим келет?
- Үй-бүлөдө жалгыз кызмын. Азыр апам экөөбүз турабыз. Тилекке каршы, атам каза болуп калган. Апам музыкалык билими бар, чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн адам. Менин ырдап чыгышыма да апам түрткү болду.
- Динара Эсенгулова атаңыз тараптан тууганбы же апаңыз тараптанбы?
- Экөөбүз бир фамилияда болгон үчүн атасы тараптан деп ойлошот экен. Динара эже таежем болот, тактап айтканда апамдын бир тууган сиңдиси. Кандайдыр бир себептер менен апамдын фамилиясына өткөнгө туура келип Эсенгулова болуп калгам.
- Ырчылардан жакын курбуңуз барбы?
- Менин жакын курбуларымдын баары жөнөкөй адамдар. Ырчылар менен сый эле мамиледемин. Алардан курбу күткөн жокмун.
- Күйөрмандарыңыздын арасынан тапкан досторуңуз барбы?
- Бир жыл мурун Ош шаарына гастролго барып Бегимай деген күйөрманым менен таанышып, достошуп кеттик. Жолубуз узак болсо да азыркыга чейин байланышып, сүйлөшүп турабыз.

Айдана
- Ырдагандан сырткары дагы кандай өнөрдүн ээсисиз?
- Ырчылыктан башка спортко кызыгам. Теннис, волейбол ойнойм. Сүрөт тартам.
- Эмне жөнүндө кыялданасыз?
- Кыз бала үчүн эң негизги нерсе туруктуу үй-бүлө күтүү да. Мен да келечекте жакшы күйөөнүн жары болсом дейм.
- Канча баланын энеси болгуңуз келет?
- Азыр эле аябай баласаакмын. Кудай канча наристе берсе ошончо баланын энеси болгум келет. Ошентсе да эки кыз, бир уулдуу болсом деп кыялдана берем.
- Эгер ырчы болбосоңуз ким болмоксуз?
- Хирург болмокмун. Анткени, бала чагымда пластикалык операцияларды жасасам дечүмүн.
- Кантсе да белгилүүү адамсыз. Группалаштарыңыздын, студенттердин сизге кылган мамилеси кандай?
- Жаңы окууга барганда аудиторияда отурсам улам эле биринин артынан бири келип, мени карап таң кала беришчү. Азыр эми көнүп калышты. Тааныбасам да маданияттын адамы катары баардык студенттер менен салам берип, алик алышып коём.
- Сахнага чыкканда ырым-жырым колдоносузбу?
- Ар дайым келме келтирип, бата кылып чыгам. Анткени, сахна - биз үчүн ыйык жер.
- Эң биринчи жолу эл алдына чыкканыңыз эсиңиздеби?
- Ал күн кантип эстен чыксын. Эки жарым жыл мурун Темир Назаровдун концертинде "Жазгы сүйүүм" аттуу ырым менен сахна босогосун аттагам.
- Кайсы мамлекетте эс алгыңыз келет?
- Мүмкүнчүлүк болсо Парижге баргым келет.
- Кайсы гезиттерди окуйсуз?
- Дайыма алып окубасам да кез-кезде "Обон", "Вечерний Бишкек", "Агым" гезиттерин алып окуп турам.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!