шоу дүйнө

Чоң экен го мурдуңуз,
көп болду бекен пулуңуз?
Деги жашообуз кызык. Кызык дегеним, Жараткан адам баласын жаратып жатканда ар биринин тагдырын бешенесине кол тамгадай жазып берет тура. Андан буйтап эч кайда кача албасыбыз анык. Ошентсе да илимий изилдөөлөргө таянсак, адам баласынын сырткы келбетинен, жүрүм-турумунан, мүнөзүнөн ал кандай адам экенин билип алууга болот. Бүгүн биз ар бирибиздин жүзүбүздүн көркүн ачкан, аба менен дем алдырып жардамын аябаган мурунга анализ жүргүзүп көрдүк. Жалпылап алганда чоң мурундуу адамдар негизинен акчаны көп табат. Бирок, аны барасаты жок урунуп, акчасын кайда керектегенин билбей калышат экен. Мына ушул нерсенин чын-төгүнүн билүү үчүн айрым көрүнүктүү мурундары бар белгилүү инсандарыбыздын өздөрүнөн кандай мүнөзгө ээ экенин, акчаны кантип пайдаланаарын сурамжылап чыктык.

Бүркүт тумшук мурундуу адамдардын жиндери тез келгендиктен өздөрүнө ээ боло албай калышат. Анткен менен кек сактаганды биле беришпейт. Бирок, кимдир бирөөдөн катуу сөз угуп сынып калса, өч алганга аракеттенип турушат.

Нуриса Абасова:
- Өзүмдүн мүнөзүмө мүнөздөмө берсем шайырмын, коркокмун. Анан ишенчээктигимди баса белгилеп айтып кетейинчи. Бирөөгө берилип ишенип алып, аягында өзүмчө кыжаалаттанып калган жагым бар. Жөнөкөймүн. Ал эми акча жагына кайрылсам чындыгында Кудайга шүгүр эле табам. Тобоо дейинчи. Бирок, ошол акчаны сарамжалдап кармаганды билбейм. Кандай акча колума тийди ошондой жок болот.

Тынчтыкбек
Кожобеков:
- Дайыма өзүмдү токтоо алып жүргөнгө аракет кылам. Бирок, жиним абдан чукул, ушул нерсем баарын жууп кетет. Кандай гана оорчулуктар башта турса да, чыдамкайлыгым менен баарын жеңип кетем. Ал эми акча жагын айтсам көп табам деп айталбайм. Ошол көп акчаларды мен көрө албай жүрөт окшойм. Оюмдагы акчалардын баары, менимче башка бирөөлөрдүн чөнтөгүндө жүрөт. Сапырып кармагыдай менде анчалык сөлкөбай жок. Акчаны өз орду менен пайдаланам.

Ылдый карай салаңдаган кууш мурундуулар абдан энергиялуу. Бирок, бир жаман жери ошол энергияны негедир сактап кала алышпайт. Анан өздөрүн өзгөлөрдөн өйдө көтөргөндү жакшы көрүшөт. Ошондой эле оор басырыктуу, ак көңүл адамдар.
Бактыбек
Мамытов:
- Биринчиден токтоомун. Баардык ишти шашпастан орду менен бүтүргөнгө далалат кылып турам. Шашып калган мезгилдер го болот дечи... Анан да оңой менен ачуум келбейт. Эгер ачуум менен кимдир бирөөнө катуу сөз айтып алсам өкүнүп калам. Ак көңүлмүн. Акчаны болсо көп таппайм. Бул маселе мага коошпой калат го. Анчалык ашып кеткен байлыгым жок да. А бирок, чындыгында акчаны кантип сарамжалдап пайдаланышты билбейм. Андыктан тапкан акчамды толугу менен келинчегимдин колуна өткөрүп берем.

Айнура
Тургунбаева:
- Менимче, шаңдуурак жүрөт окшойм. Бирок, анын баары маанайыма жараша болуп калат. Ачуум келгенде сиркем суу көтөрбөй кабагым карышып эле түшүп калат. Анан да ишенчээктигимдин айынан көп алданам. Негизинен көкбет адамдардын катарын толуктайм. Кудайга шүгүр, акчаны ак эмгегим менен жакшы эле табам. Оозумду куу чөп менен аарчыбай эле коёюнчу. Андай деле обу жок коротпойм. Ыгы менен керектүү нерселериме жумшайм. Бир гана жаман жери дос-туугандарга акча берип коюп, алалбай кала берем.

Мурундун учу тегерек келип, таноолору чоңураак болгон адамдар урушчаак келишет экен. Чагылгандай тез чарт-чурт этип кыял күткөн менен бат жазылышат. Кимдир бирөө менен акылдашып иш алып барганды каалашпайт. Булар өзүнүкүн гана туура деп эсептегендер. Эгер алар бир ишти баштап алган соң аягына чыкканча жандары жай албайт.

Айжан Газиева:
- Чарт-чурт этип жиним тез келген менен тез тарайт. Эч кимге жемимди жедирип калгым келбейт. Бирөөгө көз каранды болгонду каалабайм. Кандай иш баштасам акыр аягына чыкканча жанымды коёрго жер таппайм. Кыскасы, чачым тик туруп калганча жүгүрөм. Акча жагын айтсам, "тү-тү" чыгармачылыгымдын аркасы менен оюмдагыдай табам. Бирок, ошол акчамды орду менен пайдалана албайм. Чын эле эмне болуп короп кетет түшүнбөйм. Негизинен тапкан акчамдын теңинен көбүн үй-бүлөмө жумшайм. Баса, кафе, ресторан сыяктуу көңүл ачуучу жайларга барып, акча сарптабаганымды айта кетейинчи.

Эмил
Балтагулов:
- Биринчиден ишенчээкмин, бирөөнүн сөзүнө бат кирем. Анан ушунчалык жалкоомун. Ал эми жакшы жагын айта турган болсом дин жагынан билим албасам да, ыйман жолуна түшкөн, ал тууралуу көп нерсени билүүгө умтулган мусулманмын. Акчаны өтө көп эмес, өтө аз дагы эмес орточо табам. Ар бир тапкан акчамды маанилүү гана жактарга жумшайм. Пайдасыз нерселерге короткондон алысмын.

ЭСИМДЕ...
Ар бир адамдын өткөн өмүрүндө, жүрөгүндө сакталып калган эстен кеткис окуялары болот. Ал күндөрдү эстегенде эрксиз күлүп же аргасыздан үшкүрүнүп алышаары анык.. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Себеби, мээге сиңип калган мындай нерсени андан алып сала албайт турбайбызбы…

Айгүл Чалова:
"Оозун бир
карыш чоюп"…
- Балалык кез кимдин гана эсинде калбасын. Ал мезгилди жылмайып эстегенде кадимкидей ошол курагыма кетип калгым келет. Бирок, андай болбойт да. Эсимде, мектепте окуп жүргөн кезимде биздин класстын кыздарына бизден жогору окуган бир кыз келип алып: "Эгерде кимиңер оозуңарды чоюп кулагыңарга жеткизсеңер конфет берем" дечү. Башкаларды билбейм, мен болсо эки колум менен болушунча оозумду калп айтпайын, бир карышча керип алчумун. Аз жерден курган оозум айрылып кете жаздачу. Бошоткондон кийин кадимкидей жаактарым шалбырап, жадакалса сүйлөй албай калаар элем. Ага деле кайыл болуп "Менин оозум кулагыма аз эле жетпей калды" деп үйдөгүлөргө мактанып келчүмүн. Аны уккан апам бизди эрмектеген кыздарды урушуп эле жатып калчу.

Ынак Осмоналиев:
"СИЗОдо
олтуруп жазгам"
- 2002-жылы СИЗОдо олтурганымда ал жердин актай бетине "Бул күндөр да өтөт-кетет" деп помада мененби, иши кылып кызыл түстөгү бир нерсе менен чоң тамгалар менен бадырайта жазып, жанымдагы балдарга көрсөткөн элем. Көрсө, мен туура эле жазган экенмин. Мына ал күндөр көзгө илешпей өттү, кетти… "Сен элең го", "Алыстаба" деген ырларым да ошол жерден жаралган. Артка кылчайып өткөн күндөрдү эске салганымда ушул окуя биринчи эсиме түшөт. Кыскасы, ушундай. Эми мындан башка сөз айтуунун кажети жоктур.

Венера Сатылганова:
"Химия
сабагынан качкам"
- Мектепте окуп жүргөн кезимде чындыгында аябай тентек болчумун. Бир орунда жөн тура алчу эмесмин. Ошонун айынан көпчүлүгү досканын бурчунда гана тикемен-тике турчумун. Ага да болбой кыздар-балдарды ошол жерден күлдүрүп тентектигимди уланта бергенимде, акыры тажаган мугалимдерим мени эшикке чыгарып жиберишчү. Бир жолу химия сабагынан курбу кызым экөөбүз качып, класс жетекчибизге кармалып калганбыз. Бирок, ага жеткизбей көчөнүн ылай болгонуна карабай талтактап чуркап кеткен элек. Март айлары болчу. Болгону качып барып, курбу кызымдын таенесинин үйүнөн чай ичкенбиз. Ушул окуяны эстеп алып азыркыга чейин күлкүм келе берет.

Рахбар АЛЫМКУЛОВА










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!