саресеп

Белгилүүлөрдүн "мафиясы"
Кыргыздар сураша келсе эле тууган, куда-сөөк, таяке-жээн болуп чыгат эмеспизби. Белгилүү инсандардын арасындагы тууганчылык жайлары кимди гана кызыктырбайт? Мына ушул туурасында белгилүүлөрдүн тууганчылык жайларын сураштырып, кимдин кимге кандай жакындыгы, туугандыгы бар экенин тактап чыктык. Анда алардын кимдер экенин билгиңиз келсе көз жүгүртүңүз.

Улуу инсандын
келини, кикбоксёрдун кайненеси
Кыргыздын мыкты жазуучусу Жоомарт Бөкөнбаевдин келини ким экенин билесиздерби? Ал айтылуу улуу жазуучунун келини коомдук ишмер Ишенгүл Болжурова. Тактап айтканда, Ишенгүл айым улуу жазуучунун уулу экс-министр Кулубек Бөкөнбаевдин жубайы. Ал эми кыргыздын намысын коргоп, кыргыздын желегин дүйнө жүзүнө желбиреткен белгилүү кикбоксёр Канатбек Сыдыгалиев Ишенгүл айымдын күйөө баласы болот.

Таяке-
жээн
Улуу комузчу, белгилүү күүчү, КРнын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдрахманов жаш ырчы кыз Гүланданын таякеси болот.

Күйөө бала
кайнеже
КРнын Эл артисти, таланттуу ырчы Гүлнур Сатылганова актёр, режиссёр Мурат Мамбетовдун бир тууган кайнежеси болот. Мурат Мамбетов Гүлнур айымдын бир тууган сиңдиси ырчы, актриса Венера Сатылганованын жолдошу.

Куда-сөөктөр
КРнын эмгек сиңирген артисти, атактуу обончу Мукан Рыскулбеков менен коомдук ишмер Аскар Салымбеков кан кудалардан болот. Мукан аганын кызы Аскар мырзанын уулуна турмушка чыккан.

Спикердин
депутат келини
Депутат Мария Исанова белгилүү коомдук ишмер, экс-спикер Медеткан Шеримкуловдун келини болот.

Кайната менен күйөө бала
Коомдук ишмер Тайырбек Сарпашев Президенттин администрациясынын экс-башчысы, экс-губернатор, Акаевдин доорунда касиеттүү Ысык-Көлгө жол салып "Жолчубек" аталган Тойчубек Касымовдун күйөө баласы.

Драматургдун ырчы күйөө баласы
Ырчы Адил Чекилов драматург Жаныш Кулманбетовдун эң улуу күйөө баласы. Жаныш мырзанын кызы, Адилдин жубайы таланттуу актриса Кыял Кулманбетова.

Өкүл ата, өкүл уул болгон "бажалар"
Бек Борбиевдин ырларына таасирленип чоңойгон Санжар Бердибеков сахнага чыгып элге аты тааныла баштаган кезде Бек Борбиевди өзүнө өкүл ата кылып шайлап алган. Ал гана эмес бул эки мырза бажа да болуп калышат. Себеби, экөөнүн тең жубайлары Нарындын кыздары болот.

Бир тууган бөлөлөр
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева жаш ырчы Макс Бегалиевдин кайненеси. Айтмакчы, Макс мырза таланттуу ырчы Актан Исабаевдин бир тууган бөлөсү.

Атактуу ырчынын
эрке күйөө баласы
"Кыргызстан обондору" радиосунун поограммалык редактору Медер Осмоналиев белгилүү ырчы, КРнын Эмгек сиңирген артисти Токон Эшпаевдин Акмаанай аттуу кенже кызын бир көрүп сүйүп, атактуу ырчынын эң кенже, эрке күйөө баласы болуп алган.


P.S Мындай тааныштыруулар мындан ары да улана берет.

Даркүл Кемелова



"Кыз-Бурак" тобун
кимдер сатып кетти?
Саламатсыздарбы, "Обон" гезитинин жалпы жамааты? Менин сиздерге кат жазганымдын себеби бар. Мен алыскы Оруссияда иштеп жүргөнүмө беш жыл болуп калды. Ал эми азыр Бишкектемин. Былтыр Самара шаарына "Кыз-Бурак" тобу концерт коюп келет деп көчөлөргө афишалар илинип, билеттер базарларда сатылып, алдын-ала рекламалар аябай жакшы кеткен болчу. Акыры белгиленген күнү концерт өтүүчү жайга эл-жерин сагынган ал жердеги Кыргызстандыктар чогулуп келсек, кызыгы "Кыз-Бурактын" кыздары негедир келбептир. Ортодо нааразычылыктар болду. Буга кандай түшүнсөк болот? Дегеле бизди ал жерден ким алдап кетти? Бул туурасында сиздердин маалыматыңыздар бар беле?
Гүлмидина, Бишкек шаары.
"Кыз Бурак" тобунун аткаруучу
директору Кенже Дүйшеева:
- Былтыр бизге Самарага эмес Санкт-Петербургга атайын чакыруулар болгон. Бирок, ал мезгилде биздин белгилүү себептерибиз бар эле. Анткени, ал учурда толугу менен Пекинде өткөн чоң фестивалга кызуу даярдык көрүп жатканбыз. Ошондуктан баардык гастролдорду токтотуп, болгон күчүбүздү фестивалга гана арнаган элек. Антип эч убакта элди алдап көргөн эмеспиз. Негизинен биз ар дайым план менен иш жүргүзөбүз. Самарага уюшулган бул концерт туурасында бүгүн биринчи жолу угуп жатам. Чынында арабызда ортодон акча табыштын амалын издегендер өтө көп. Бул нерсени танып кете албайм. Эки жыл мурун да Россияга "Кыз-Бурактын" кыздары деп башка эле бирөөлөр концерт коюшуптур болчу. Анда мен бейкапар Көлдө эс алып жүрсөм ал жактагы туугандарым чалышып "Силер бул жакта турбайсыңарбы. Бизге жолугуп кетесиңерби?" деп чалып жатышпайбы. Мындай учурлар кээде кездешип калат. Эгерде Самарадагы далилдер чын болсо, анда аны сот аркылуу чечишкенге даярбыз.


Алтын Мырза сүйүүсүн таптыбы?
"Хит парад" теле көрсөтүүсүнүн учурдагы алып баруучусу Алтын Мырза тууралуу ар кандай ушак сөздөрдү көп угам. Бирок негедир ал сөздөргө ишенгим келбейт. Себеби, ал менин жакшы көргөн кумирим. Кыскасын айтканда анын аялы бар, бирок жашырып жүрөт деген кептердин канчалык деңгээлде чындыгы бар? Эгер чындап үйлөнсө эмнеге жашырат? Өткөндө Балыкчы шаарына Ильяз Андаштын концертинде алып баруучу болуп келген. Ошондо да бир сулуу кызды жандап келгенин өз көзүм менен көрдүм. Жанымдагы курбуларым да Алтын Мырза ал кыз менен дайыма бирге жүргөнүн, келинчеги экенин айтып калышты. Чын эле ошондойбу?
Балыкчы шаары, Жаркын.
Алтын Мырза:
-(Каткырып) Жок ай, үйлөнбөй эле жүрөм. Азырынча бойдокмун. Ал эми Балыкчыга ээрчитип барган кыз менен мени эжеси тааныштырган. Эжеси менин жакын дос кыздарымдын бири. Ошондон бери мамилебиз жакын. Азырынча атын атабай турайын. Кандайдыр бир мамиле болгон үчүн аны Балыкчыга алып баргандырмын. Анын үстүнө ал көлдү көргүсү келгенин айтканынан ээрчитип баргам.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!