Актообу же тактообу?..

Нурбек Дайырбек уулу:
"Роза калп айтканыңды токтот"
Редакцияга байланышкан жаш ырчы Нурбек Дайырбек уулу жакында эле "Обон" гезитине жарыяланган "Кумир менен баарлашуу" рубрикасында Роза Шакированын өзү жөнүндө айткан "Нурбек бой көтөргөн жигит" деген сөзүнө жооп берем деген оюн билдирди.

- Роза мени бой көтөргөн жигит деп газета аркылуу жамандаган экен. Мен ар кимге эле боюмду көтөрө бербейм, көтөрчү кишиге көтөрөм. Мага ким кандай мамиле кылса ошого жараша мамиле кылам. Розанын айткан сөзүнө кошулбайм, мен андай бала эмесмин. Мен эмес тескерисинче Роза өзү бой көтөргөн. Экөөбүз Розанын Оштогу концертинен кийин урушуп кеткенбиз. Ошол маалда Роза жылдыз оорусу менен ооруп баштаган. Өзүнчө эле мени урушуп, зиркилдеп, кагып-силкип калган. А мен мени башкарып, чоң сүйлөгөндөрдү аябай жаман көрөм. Роза мени буга чейин ар кимге жамандап жүргөнүн ырчылардан, жөнөкөй адамдардан уктум. Ал экөөбүздүн урушуп кеткенибиздин себебин "Нурбек Оштогу концертимде акча төлөп бересиң деп догурунуп, өзүнчө жылдыз болгон. Ошондон улам акча жөнүндө урушуп кеткенбиз" деп айтат экен. Бул жерде эч кандай акчанын тиешеси жок. Мен Розадан бир тыйын сураган да эмесмин, Роза мага берген да эмес.
- Урушканыңардын себеби эмнеде? Чындык каякта?
- Розанын Оштогу концерти бүткөндө тамак ичип алып Бишкекке чыкмай болдук. Жаныбызда улуу кишилер Марат байке менен Айнура эже да бар болчу. Тамак ичип отурсак эле Роза өзүнчө эле күйпөлөктөп, зиркилдеп, бизге тыңгылыктуу тамак ичирбей койду. Анан экөө бири-бири менен кыжылдаша беришти.
- Кимдер?
- Күйөөсү экөө. Ошондо мен жиним келип кетип "Эмне эле зиркилдеп атасың? Бизге тынчыраак тамак ичиресиңби? Аш кыласыңбы?"десем "Бир жериңди кысчы" деди. Анан ошол жерден "сен да кыс" деп экөөбүз урушуп кеттик. Ошондон кийин сүйлөшпөй калганбыз. Бирок убакыттын өтүшү менен урушканыбыз деле унутулуп, кезиккен жерден учурашып, жакшы эле сүйлөшүп калганбыз. Анан эле гезитке мен жөнүндө айтканын окуп алып жиним келди. Розага "Ушинтип жамандаганыңды, калп айтканыңды токтот" деп айтмакмын. Роза калпты аябай көп сүйлөйт.
- Экөөңөр жакшы ырларды дуэт ырдап жүрчү эмес белеңер. Урушуп кеткениңердин залакасы чыгармачылыгыңарга да тийген турбайбы…
- Ооба, болбосо Роза экөөбүз көп ырларды дуэт ырдамакпыз. Ага жакында эле байланышсам "Сен эмне экөөбүз чогуу ырдай турган ырды жалгыз ырдап алдың?" дейт. "Мен го бир ырды жаздырдым, сен үч ырды жаздырып албадың беле" десем "Дагы деле унута элексиңби?" дейт. Экөөбүз уруша электе эле "Үйлөнүү той", "Махабаттан сураарым", "Сагынып күтүп сени" деген үч ырдын бирөөнү Делбир Конокова деген кыз менен, экөөнү жалгыз ырдап алган. Ал кезде менде акча жок болчу, акчам бар дегенсип өзү жаздырып алган. Мен Розанын талантын сыйлайм. Адамкерчилиги деле жакшы болчу. Бирок кийинчерээк эле өзгөрө баштаган.
- Роза менен жакындан дос болуп, чогуу жашап жүргөндөн кийин анын мүнөзүн сенден жакшы билген адам болбосо керек. Эмнеге өзгөрүп кетти деп ойлойсуң?
- Күйөөгө тийгенден кийин эле таяна турган кишиси болуп өзгөрүп кеттиби деп ойлойм. Болбосо Роза ага чейин мени менен эле жүрчү да.
- Экөөңөрдүн ортоңордо кандай байланыш бар эле?
- Ортобузда эч кандай жашыра турган нерсе деле жок болчу. Ачыгын айтканда Роза экөөбүз аябай жакын достордон болчубуз.
- Акыркы мезгилдерде көрүнбөй кеттиң. Учурда эмне кылып жатасың?
- Концерттерге чакыруу болсо катышып, той-топурларга барып коюп жүрөм. Жаңы ырларымды жаздырып жатам.
- Жыйынтык сөз?
- Роза менен урушайын деген деле оюм жок болчу. Роза өзү баштап койду. Розанын буга чейин мени тааныган адамдарга ушактап келгенине унчукпай эле көз жумуп жүргөм. Ал эми гезитке чейин айтып жибергенине жиним келди. Элдер мени Розанын айтканындай кабыл алып, бой көтөргөн бала деп ойлоп калышат да. Сөз деген жаман да. Жыйынтыгында Розага калп айтканың менен ушактаганыңды токтот" деп айтмакмын.
Ушундай окурман… Биз деле сиздер сыяктуу бул эки адамдын ырларын сүйүп угуп, талантын сыйлайбыз. Өмүр деген кыска, адамдар бүгүн бар, эртең жок болобуз. Ошондуктан бул бир келген өмүрдө бири-бирибизди капа кылып, көңүл оорутпай жашасак деген жакшы тилек менен Роза менен Нурбектин бири-бирине кечиримдүү болуп, тил табышып, элди сыйлап, элге жакшы гана ырларды тартууласа деген оюбузду билдиребиз. А сиз кандай дейсиз?..





Токтобүбү Черикчиева:
"Менин ордум бирөөгө керек болуп жаткандыр..."
Гезитибиздин өткөн №60-санында "Филармонияда жаңырган ырлар жана чырлар" деген макала жарыяланган эле. Ал макалада гезиттин эч кандай көз карашы чагылдырылган эмес. Болгону эл оозуна алынып калган айрым ырчылардын атына айтылган кээ бир маалыматтын негизинде тактоо иретинде жарыяланган болчу. Редакцияга ошол ырчылардын бири Токтобүбү Черикчиева чалып, "Филармониянын көркөм жетекчиси Келдибек Тургунбаевдин мени сахнага мас болуп чыкты дегени жалган маалымат"деп билдирди. Анда, сөз Токтобүбү айымда.

- Мен филармонияга акча таап келген аялмын. Ал концертте мен бир дагы ырдан жаңылган жокмун. Эгерде Келдибек Тургунбаев кыйын режиссёр болсо концертке бир күн калганда келбей жок дегенде үч күн иштебейби. Ал концерттик программаны да билбейт. Анын музыкалык билими жок, музыканы түшүнбөйт. Музыканы түшүнбөгөндөн кийин филармонияда иштебеши керек. Ал жерде музыканы терең түшүнгөн, музыкалык билими бар адам гана иштеши керек. Ал актёр, мен филармонияга жаңы келгенде актёрдук мастерстводон берген агай болчу. Кыргыздрамга барып иштесин, филармонияда мунун эмне кереги бар экен. "Сарынжы Бөкөйдү" ойноп атсам "Ибаратка" бура дейт. Мен радио эмесмин да. Репетиция учурунда ошондон улам урушуп кеткенбиз. Концертти мен баштап, мен бүтүрдүм. Режиссёр деген сахнанын артында артисттердин жанында турушу керек да. Өзү балконго катын-баласы, туугандары менен отуруп алып анан бизге буйрук берет. Концерт абдан жакшы өттү. Эл абдан жакшы кабыл алып, Маликти, мени сахнадан кетирбей коюшту.
Анын айтуусу боюнча эмнеге мен, Амантай, Малик үчөөбүз эле мас болуп чыгып калабыз? Жумуштан кеткенимдин бирден бир себеби мен тажадым. 3000-4000 сом айлыкка чыдай албай кеттим. "Медина" деген студия ачып, ошого көбүрөөк көңүл буруп иштетейин дедим. Эмнеге калп эле кысат? Балким, менин ордум бирөөгө керек болуп атса керек. "Балык башынан сасыйт" деген ушу болот. Ал эмне мага коньяк куюп бериптирби? Ал өмүр бою ушинткен жылмакай киши, аны ким сүйүп атыптыр. Ачыгын айтсам, мен Келдибектен тажап кетип эле чыгып кеттим. Мен филармонияга кенедейимде он төрт жашымда келип, жыйырма беш жыл иштедим. Мындай жалган жалаа, ушак сөздөрдү угуп алып жүрөгүм ооруп атат. Жакында эле "Эл шайырлары" тобунун концертине барып ыйлап кеттим.
Тажап кеттим, эртең менен жумушка келесиң, кечиктиң урушат, кечинде концертке жиберет. Мен эмне, мас болуп чыгып алып сахнадан кулап кетиптирминби, же ырдай албай калыптырмынбы?!. Мен сахнадан кетип калбайм, өзүмдүн концертимди кыла берем. Өзү ушундай чоң киши болуп туруп биздин эмес, өзүнүн авторитетин кетирип жатканы менен иши жок.
Март айынын аягында болуп өткөн "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертинин жүрүшүн баштан-аяк эл менен кошо көрүп, алтургай жаздырып алышкан филармонияда иштеген үн жазуучу балдардан бул чырлуу жагдайдын жайын сураштырдык.
Медер, үн режиссёр:
- Ал күнү концерт учурунда мен жардамчым Марат деген бала менен элдин артында отурганбыз. Концертти жакшынакай эле иштеп бүтүп кеткенбиз. Ал күнү мен сахнадан эч кандай өзгөрүүнү деле байкаган жокмун. Эртеси эле ушундай ызы-чуулар чыгып кетти. Ачыгын айтсам мен Токтобүбү эженин сахнадан эч кандай туура эмес көрүнүштөрүн көргөн эмесмин. Концерт абдан жакшы өткөн. Эгерде мас болсо сахнадагы баскан-турганынан билинет эле да. Менде бул концерттин баштан-аяк жазылган видео тасмасы бар. Анда эч ким мас болбой эле баары жакшынакай болуп турат. Билбейм, бул жерде өчөшкөндүкпү же өз ара келишпегендик болуп жатабы...
А.ДҮЙШӨНАЛИЕВА








Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!