Эксперимент

Калдаңбай республикалык эркин газеталарга эротикалык темаларда макалаларды жазып жүрбөйбү. Бир азилкеч, тамашакөй, тааныш келин ага минтип айтып калбайбы:
- Жазгандарыңызды окуп жүрөм, Каке. Жөн эле укмуш, аягына чыкканча делебебиз козголуп, ырахатка батабыз, шилекейибиз чууруйт десеңиз. Бирок, турмушта... кандайсыз? Өзүңүз жазгандайбы же башкачабы? Мен сиздин эротикалык мүмкүнчүлүгүңүздү... практикада сынап көрсөмбү дедим эле...
- Макул, бирок, азыркы талап боюнча акча төлөөгө туура келет да.
- Менби?
- Ооба, сен заказ берип жатпайсыңбы.
- Катыгүн, ай мен бүткүл Кыргызстандын кыз-келиндеринин кызыкчылыгы үчүн өзүмдү курмандыкка чалып, экспериментке барып жатсам дагы төлөшүм керекпи?..
- Сөзсүз да, бекерге азыр "мышык атптоого чыкмак" беле?
Тамаша экөөнө тең жакты бейм, көчөнү жаңырта күлүштү.





Карыз
Калдаңбай:
- Акмат дос, срочно жүз сом карыз берип турчу. Өтө зарыл болуп жатат.
- Сага карыз бербейм!
- Эмне үчүн?
- Беш жыл мурда карызга алган 500 сомду алиге чейин кайтарып бере элексиң го! Анан кантип бермек элем?
- Ой, аны сен унута элексиңби?
- Блокнотто жазылуу да, эсимден чыкпай калсын.
- Макул анда, сен бербей эле кой. Айгүлдөн сурап көрөйүн,-деп Калдаңбай ары карай басыптыр.




Тапкыч бала
Калдаңбай досунун баласы менен тамашалашып калды.
- Атың ким?
- Асек.
- Кимдин баласысың?
- Атамдын да.
- Атаңа окшобойсуң го?
- Сиз деле атаңызга окшобойсуз.
- Эй, сен менин атамды кайдан көрдүң? Анын каза болгону качан?
- Сиз дагы менин атамды билбейсиз да. Туурабы?
- Неге? Тааныйм, мен атаңдын досу болом.
- Дос адам минтип айтпайт да.
Калдаңбай баланын тапкычтыгына таң калды. Өзүнүн олдоксон тамашасына өкүнө, ит тиштегендей жаагы жап болду.




Токторбек Бекбоев:
"Жаңылды эркек экен деп..."

- Бир айылга концерт менен гастролго барып калдык. Концерт башталганча өзүбүзчө даярданып, сахнанын артында Шорпо экөөбүз сүйлөшүп жатканбыз. Ары жактан үч мас бала жаныбызга келип, ар нерсени айтып башыбызды оорутуп кирди. Кой десек да болбойт, ары айтсак да, бери айтсак да болбой коюшту. "Мастарга теңелебизби, мастан жинди качып кутулуптур деген бар го" деп Шорпо экөөбүз аларды алдаганга өттүк. Ага дагы болушпай жаман жинибизге тийишти.
Бир убакта ары жактан "Салаңдоочтун" образындагы кийими менен Жаңыл чыгып калды. Эркектин топусун, шымын кийип, курсагын томпойтуп келаткан Жаңыл бизге болушуп:
- Эй балдар, сыйыңар менен кетип калгыла,-десе тиги мастардын бири "Оо, братишка кенедей болуп алып сүйлөгөнүң чоң го?" деп Жаңылдын жанына келди. Жаңыл "Сен эмне деп жатасың? Бул жерден кеткиле дейм" деди эле, берки мас "Кебетеңди карап сүйлө!" деп Жаңылды баштан ары бир чапса болобу.
Мындайды күтпөгөнгөбү, менден мурун Шорпонун жини келип масты жакалап, "Кыздар менен кантип сүйлөшүштү билбейсиңби? Ал сага братишка эмес карындаш, керек болсо эже болот уктуңбу?" дегенде, мас Жаңылды бир карап, Шорпону бир карап таңкалып туруп калды. Анан Жаңыл менен Шорподон кечирим сурап, "Эже дейин десем кебетеңиз эркек болуп турбайбы?" деп күлүп калды. Алар кеткенден кийин Шорпо "Жаңыл, мындай кийинип арачага түшпөй жүр, антпесе жок эле дегенде башка же көзгө бир жейсиң" деп Жаңылдын кебетесин көрүп боору эзилгенче каткырган.




Анвар менен Борончу такси кармаганда
Борончу менен Анвар Асанакунов Ошто концерт коюп жүрүшөт. Кечки концертке чейин жумуштарыбызды бүтүрүп алалы дешип, Борончуга окшогон жайнаган "Тико" таксилердин бирин кармашат. Баардык иштерин бүтүрүшүп, эки-үч сааттай таксини айдатышат. Айдоочу өзбекке карап:
-Канча сом берели? дешет.
- Енди ака, коңилиңиздан чыгарсез ола бераман - дейт.
Борончу унчукпастан машинадан түшүп кетет. Анвар каамырабай: -Көңүлдөн азыр эч нерсе чыкпай жатат. А чөнтөктөн пулду чыгарыш кыйын го үка,- дейт. Тапкычтыгы менен жооп берген Анвардын жообуна боору эзилген Борончу, айдоочуга отуз сом акча сунуп:
- Ушу босайам капа бомай олип койиңгиз, -дептир.




Идея
- Билесиңби, мен мурда гезит сатчумун. Өлө байып кеткем. Эми иштебей коюп өкүнүп жүрөм. Гезит чыгаргандар өлө бай болушат. Маселен, 10 000 нускада гезит чыгарып, ар бирин 4 сомдон сатсаң 40 000 болот. Во, көрдүңбү? Эки жолкусучу? Кокус айына үч жолу чыгарсаң 120.000! Мына акча! Бул бир айда эле. Ал эми үч айда, алты айда канча болоорун эсептеп көрө бер. Бир эле жылда капиталист болосуң. Давай, действуй Борка!
Ойлоп көрсөм сонун идея экен. Дароо гезит базарына жетип бардым. Гезит деген козу карындай эле жайнайт. Тётя Клава бекер айтпаган тура. Бекеринен ушунча гезит чыкмак беле? Акча деген ушул жакта жаткан экен да! Эми эмне деген гана гезит жок, чиркин! "Таз жору", "Күйкө", "Кодолек", "Музоо", "Көк терек", "Ийри тал", "Ашкабак", "Бадыраң", "Ачуу данек өрүк", "Мокок балта", "Аш бычак"ж.б.
Дароо тетя Клавага жетип бардым.
- Сиз туура айтыптырсыз, акчанын баары гезит чыгарып, гезит саткандарда экен. Эми мен да гезит чыгарам. Эмне деген гезит чыгарсам болот?
- Жүз сом берсең дагы бир жакшылык кыламын,-деди тётя Клава.
- Кеми жокпу? 99 сом берсемчи?
- Жок, болбойт.
Бердим. Тётя Клава:
- Гезитти тез сатыш үчүн эмне кылуу керек? деди сырдуу жылмайып.
- Билбейм.
- Кеп затында эмес... атында! Демек, звучно ат табуу керек! Давай, ойлон!
Ойлоно баштадым. Үч күн, үч түн ойлондум. Акыры тётя Клаванын туалетинде олтуруп, сонун ат таптым. Шымымды кийүүгө да үлгүрбөй тётя Клаванын жанына энтеңдеп жетип келдим. Ал мени көрөөрү менен уялып кетти да тетири карап:
- Шымыңды кий-деди.
- Эфрика! Таптым!
- Эмнени?
- Гезитке ат да.
- Кана, угалычы.
- Айгыр!
- Мм-м, менимче дурус...
- Анан эмесечи, кыргыз дегениң жылкыга жакын эл болот. Кыргыз атпайдын бири да калбай ушул гезитти ала башташат. Бирок, тётя Клава, гезитти кантип чыгарат?
- Билбейт экем.
- Мен да билбейм, тээ мындан жыйырма жыл илгери биздин райондук гезитке эки чакан маалыматым чыккан. "Алдыңкы ат багар" жана "Ар жүз тубардан 250 дөн козу" деген. Муну да бир бөтөлкө арак алып берип, бирөөгө жаздырган болчумун. Эртең гезит чыгаргандардын бири менен кеңешип көрөм го...
Кудай буюрса, гезит чыгарып, аны сатып тез эле байып кете турган болдум. Иши кылып айылга жапжаңы "Мерседес-600" минип барсам болду да. Ошондо мени көрө албагандардын күйбөгөн жери күл болоор дейм. Ичтери күйгөнүнөн өлүп калышпаса болду да иши кылып...











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!