сырмаек

Аида Маканбаева:
"Көчөдө көп баскан кыздар "Кыз-Буракка" мүчө боло албайт"
Ооба, азыр таш ыргытсаң ырчы менен таксинин башына тиет. Бирок, убагы келгенде кимдин ким экенин коом өзү таразалап, иргеп алат. Мына ушундай доорду басып, эл сыноосунан өтүп, 35 жылдан бери кыргыз калкы үчүн кызмат кылып келаткан "Кыз-Бурак" тобун кимдер гана тааныбайт. Аталган топто канчалаган кыздар тарбияланып, нечендеген ырлар эл жүрөгүнө сиңди. Бүгүн биз мына ушул топтун жаңы муундагы жаш солисткасы Аида Маканбаеваны кепке тарттык.

- Аида, маегибиздин башында айтылуу "Кыз - Бурак" тобуна мүчө болгондугуң жөнүндө кеп козгосоң...
- Тогузунчу классты бүтүп, Оштогу музыкалык окуу жайда окуп жатканымда "Кыз Бурак" тобунда кастинг өткөрүлүп, буйрук экен топ кыздардын арасынан тандалып калдым. Кастингге үмүт менен катышканым менен "Кыз-Бурак" тобуна кошулам деп ойлогон эмесмин. Азыр өзүмдү бактылуу сезем.
- Тарбия - адам тагдырын чечүүчү калыс тараза. Гүлшайыр эженин темирдей бекем, болоттой курч тарбиясына көнүш кыйын болсо керек?
- "Кызга кырк үйдөн тыюу" дегендей, Гүлшайыр эженин кыздарга койгон талабын туура деп эсептейм. Башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Бирок, "Кыз-Бурактын" эрежесине бат эле көнүп кеттим. Анткени, мени ата-энем да катуу кармап, бекем тарбиялаган.
- Акыркы кезде "Кыз-Бурак" тобуна жаңы келген кыздар бат-баттан алмашып жатат. Мунун себеби эмнеде?
- Көпчүлүк кыздар "булар популярдуу группа, мен да тез эле белгилүү болом"- деген ой менен келишет. Ал жерде канча эмгек, канча кыйынчылык жатканын билбейт. Анан да кеңири басып эркин жүргөндөр Гүлшайыр эженин тартибине чыдабайт. Көчөдө көп басып, чыгармачылыкка кайдыгер мамиле жасаган жалкоолор "Кыз-Бурак" тобуна кошула албайт. Сиз айткан алмашылган кыздардын баары топтон айдалгандар. "Кыз-Бурактын" 35 жылдан бери келаткан эрежелерин, салтын эч ким бурмалап, өзгөртө албайт.
- Чыгармачылыктагы алгачкы ийгилигиң?
- "Кыз-Бурак" тобунда солист болуш үчүн 3-4 жыл топтун даярдоо мектебинде окуп, анан кабыл алынасың. А мен болсо бир ай эле даярданып, "Кыз-Бурак" тобунун мүчөсү болууга жетиштим. Менин чыгармачылыктагы биринчи ийгилигим деп ушуну айтат элем. Кудай буюрса, келечек алдыда, элим үчүн кызмат кылып, ыр дүйнөсүнөн татыктуу орун табам деген тилегим бар.
- Бул дүйнөдө төгөрөгү төп келген идеалдуу адамды табыш кыйын. Сенин да кемчилигиң бардыр?
- Ыр дүйнөсүнө жаңы келгенимде болор-болбос нерсеге ыйлай берчүмүн. Кенже эже "Көзүңдүн жашы карегиңдин учунда экен, мындай болсоң көп нерседен артта каласың" деп урушуп жүрүп, азыр өзүмдү карманчу болдум. Абдан жумшакмын, бир нерсени бат көңүлүмө алып, бат сынып калам. Бул менин алсыздыгым. Анан да бирөө менен тез тил табышып кете албайм.
- Ыр дүйнөсү өтө татаал. Сени келечекте сүйүктүү жар, эне болуу бактысы күтүп турат. Дегеним, сахна болочоктогу турмушуңа тоскоол болот деп чоочулабайсыңбы?
- Чоочулайм. Кандай адамга турмушка чыгып, кандай жерге бүлө болоорумду билбейм да. Убакыт- сааты келгенде мага ишеним арткан адамдардын ишеничин актап, ак батасын алып турмушка чыксам дейм. Негизи эки жакты бирге алып кетем деген максатым бар.
- Жашоодо баарын күтүүгө болот. Үй-бүлөнү же чыгармачылыкты тандай турган учур болуп калсачы?
- Мен үчүн, дегеле "Кыз-Бурактын" кыздары үчүн үй-бүлө биринчи орунда турат. Сыймык Бейшекеев айткандай сахна -атабыздан калган түбөлүк мурас эмес. Аялзаты үчүн үй-бүлө баарынан бийик туруш керек.
- Шариятта шаан-шөкөт, шоу-бизнеске аралашуу күнөө деп айтылат. Сенде кудай алдында күнөө жасап жатам деген коркуу сезими болбойбу?
- Кээде ушундай ой болот. Бирок, бул деле Кудайдын буйругу да. Эмне үчүн баары ырчы болуп калбайт, бул да болсо Кудай таалам насип кылып өнөр берилди. Эгер таза жол менен ырдасаң кечиримдүү деп ойлойм.
- Сахнадагы эсте калган, кызыктуу көз ирмемиң?
- Жаңыдан ырдап жүргөн кезимде ырдасам бийим токтоп, бийлесем ырым токтоп нес болуп калчумун. Эсимде, биринчи жолу сахнага чыкканымда залда отурган атамды көрүп, көздөрүбүз чагылышып кеткенде, сүрдөгөнүмдөн көйнөгүмө чалынып жыгылып түшкөм. Ошондон кийин атам концертке келген сайын карабай койчу болду.
- Аялзатына тиешелүү кайсы жумуштун майын чыгара жасайсың?
- Өзүмдөн улуу эки эжем болгон үчүнбү, айтор, үйдө көп деле жумуш жасачу эмесмин. "Кыз-Буракка" келгенден бери нан жапканды үйрөнүп, бир топ нерселерди өздөштүрдүм. Бирок, бала чагымдан эле лагманды жакшы чоюп, боорсокту жакшы бышырам.
- Сайма сайып, төшөк каптаганды билесиңби?
- Жогорку деңгээлде билбесем да апама жардамдашчумун. Керек учурунда билбейм деп туруп калбай жасап кете алам.
- Жаш муундун өкүлү катары бүгүнкү жаштарга кандай мүнөздөмө бере аласың?
- Менимче, азыркы жаштар замандын талабына ылайык акча табуунун жолун үйрөнүштү. Эмгекчил, өз укугун коргой алган, өз позициясы бар жаштарыбыз арбын. Ошону менен бирге өзүмчүл, сабырсыз, жеңил ойлуу жаштарыбыз да жок эмес.
- Эркин сөз...
- Элибизде тынчтык, токчулук, молчулук болуп биримдикте жашайлы. Ар бир үй-бүлөгө бакыт-таалай, ынтымак-ырашкерчилик, ыйман каалайм. Бар бололу, бир бололу.

Аиданын репертуарындагы
белгилүү ыр
Гүлдөр гүлгө арзуу
айтып ачылат
Сөзү Анатай Өмүркановдуку
Обону Асанкалый Керимбаевдики
Бар тарабым бир гана сен жыттанып,
Бажырайган көздөрүңө суктанып.
Бакытымдай мүнөт сайын сени эстеп,
Баскан изиң башкалардан кызганып.

Бирин-бири көрөйүн деп батыраак,
Гүлдөр гүлгө арзуу айтып ачылат.
Сенин шаңдуу шаркыратмаң сыяктуу,
Шайыр күлкүң уксам жарпым жазылат.

Жылдыз болуп көзүң турса күлүңдөп,
Уктай албайм бүткөн боюм дүрүлдөп.
Булбул бакта түнү бою тил безеп,
Бул дүйнөнүн ырахаты сүйүү деп.










Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!