саясат айдыңында

Президенттер жана миллиондор

Кыргызстандагы президенттик шайлоодо ким өлкөнү кедейчиликтен, артта калуучулуктан - стабилдүүлүккө, өнүгүүгө алып чыга алса, экономикабызга революция жасай алса ал сөзсүз утат.

Кандай курска теңелүүбүз
керек?
Бүгүнкү күндө, саатта официалдуу түрдө Борбордук шайлоо комитетинде президенттикке талапкерликке катталгандар - экс-Коргоо министри Исмаил Исаков жана белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев гана.
Калган беш-алты президенттик тактыга ат салышууга түр көрсөтүшкөндөрдүн бири БШКдан арызын алса, дагы бирин документтеринин туура эместигинен алып салышты. Акыры Бириккен элдик кыймылы(БЭК) президентикке талапкер катары экс-премьер-министр Алмазбек Атамбаевди алып чыгышты. Май айында болсо БШКга өлкө башчысы Курманбек Бакиев арызын жолдоору күтүлүүдө.
Аталган эки адам коомчулукка экономикалык кризистен чыгуу үчүн эмне сунуштай алышат?
Экс-коргоо министрине келсек, анда буга чейин эч кандай экономикалык программа болгон эмес. Ал коомчулукка өлкөнү өнүктүрүүнүн кандайдыр бир стратегиялык планын да сунуштай албайт. Болгону генерал "аскердик деми" менен К. Бакиевге каршы чыгууга жана ага бийлик кылмыш иштерин "жамагандыгы"үчүн талапкерлигин койду. Себеби, талапкерлик ага убактылуу болсо да ийинден чыгууга жардам берет.
А өлкө башчысынын Кыргызстанды өнүктүрүүнүн экономикалык планы "президенттик курсунда" баяндалган. Ал курстун "Жакынкы жаркын келечек үчүн кризиске каршы план" деген атайын экономикага багытталган бөлүмү бар. Бул жерде негизги тапшырмалардан өзгөчөлөнгөн "макроэкономикалык кырдаалдагы, банк системасындагы туруктуулукту сактоо", "энергетикалык, азык-түлүктүк коопсуздук" сыяктуу тапшырмалары бар.
"Курс" деп түз айтуу бир топ куру сөздөрдүн, декларациялардын топтомун түшүндүрөт. Мындан кыргызстандыктар "Чөгүп бараткандарды сактоо - чөгүп бараткандардын өздөрүнүн гана колунан келет" деген ылакапты гана түшүнүшсө болот. Өлкө мурун кандай кедей, начар өлкө болсо дал ошондой калат. Кыргызстан чет өлкөлөрдө иштеп, соода кылгандардын сырткы дотациянын эсебинен жашап келсе, келечекте да эч кандай жаңылануу, өсүү болбойт.
Билгендердин айтымында, кыргыз лидерине бул "курска" учурда Украина президенти Виктор Ющенконун "сары окчонтоюнан" атайын чакыртылган теоретик-технолог "Африканыч" кол коёт имиш. Кызыгы, географиялык жактан алыс турган континенттин буга кандай тиешеси бар? Андыктан "курстун" кыргыз элине таптакыр өгөй экени сокурга деле көрүнүп турат.
Жашоо практикасы мындай. Кыргыз өкмөтүнүн төрт жылдык экономикалык ишмердигинин (2005-жылдагы жоогазын революциясынан кийин) "көзүрү" болуп 300 млн. россиялык кредит, энергетика тармагына инвестиция тартуу убадасы болду. Белгилүү болгондой, бул жардамды да кыргыз жетекчилиги жөн албай "Манас" аэропортунан америкалык базаны чыгарууга алмашты.
Бирок, бул элдин жакырлануусун, жумушсуздукту, жана башка көйгөйлөрдү жоюп жибере алабы?
Оппозиция
жана кландык менталитет
Кыргыз оппозициясы экономикалык өнүгүү жаатында элге бир нерсе сунуштай алабы?
Тилекке каршы, эки жыл мурун чуулдаган жаштардын тобу куловдук Бириккен фронт "крышасынын" алдында Акүй жанында жер тепкилеп турганда, төрт жыл мурун акаевдик өкмөт имараты чабуул менен алынганда оппозициянын көкүрөгүндө эч кандай Кыргызстанды өнүктүрүү планы болгон эмес. Кыргыз оппозициясынын бир гана "Бийликти колго алалы, андан кийин ар жагын көрө жатарбыз" стратегиясы бар болчу.
Бүгүн БЭКтен жалгыз лидер катары Алмазбек Атамбаев баратат. Президенттикке талапкер катары анын кандай проблемасы бар? Анын саясий жүзү, репутациясы бийликке ооп кетүү саясаты менен булганган. Ал башкалардын изи менен Бакиевдин убагында техникалык премьердин ролун аткарды. Эми ал элдин колдооруна ишенбей койсо да болот.
Кеп кезегин учурдагы "экономикалык фишкага" буралы. Кыргыз оппозициясынын акыркы мөөнөттөргө чейин президенттик шайлоого каражаты жок болгон. Бириккен оппозициячылдар бир лидерди тандоону көпкө созушту. Муну алар "эң татыктуусун" тандап жатышканы катары түшүндүрүштү. Бирок, алар ал мезгилде тандашкан жок. Акча жок, "ким акча тапса - ошол талапкер болот болуп" жатты. Мына сага учурдун ачуу чындыгы. Себеби, кыргыз оппозициясына бирөө-жарым ишенип, акча кошкусу келбейт. "Ата-Мекен партиясынын жакында АКШга болгон сапары ийгиликсиз болду. Казакстандан, Россиядан каражат табууга болгон аракетинен да майнап чыкпады.
Алмазбек Атамбаев шайлоого акча издеп Түркияга барып келди. Акыры ал акча тапты окшойт. Сөз 10 млн. доллар тууралуу болуп жатат. (көрсө президенттик "такты" ушунча турат экен). Баардык сумманы ал алып келдиби жокпу, ал жардам түрктөрдүкүбү же америкалыктардыкыбы азырынча белгисиз. А премьер-министрлик орун болсо 2 млн. "жашыл" турат экен. Имиштерге таянсак, бул сумманы оппозиционерлерден Темир Сариев шайлоо үчүн чыгарышы керек болгон. Бул үчүн өнөктөштөрү ага келечектеги премьерликти ыйгарышкан.
Ошентип, өлкөдөгү күчтөрдүн ички саясий жагдайы жана кыймылдардын мотивациясы мындай - бийлик менен оппозиция ички түзүлүшү боюнча бири-биринен эч айырмаланбайт. Себеби, менталитетти эч кандай өзгөртө албайсың. Муну бийликте болуп кайткан оппозициячылдар ачык далилдеп беришпедиби. Мамлекеттик жемакырга жетишери менен оппозициячылдар деле "жогору жакка" туугандарын тартып, буга чейин бөлүнүп келген менчикти дагы бөлүштүрүп киришет.
Өлкөнүн эң негизги көйгөйү-өлкөнүн чыныгы кожоюну, коомду муунтуп жаткан уруучулдуктан, бөлүнүүчүлүктөн өйдө турган, өлкөнүн баалуулугун түшүнгөн улут лидеринин жоктугу.
Алдыда
эмнелер күтөт?
Кыргызстандын тарыхый-социалдык келечегинде кандайдыр бир мүмкүнчүлүк барбы?
Бирөө гана - кырдаалды өзгөртүү. Коомчулуктун күткөнү да ушул, аң-сезими да ушунда. Бул мүмкүнчүлүк жүз пайыз ийгиликтүү эмес, бирок ал бар.
Кыргызстанга эч кандай кландык бөлүнүүлөргө, партияларга байланышы жок пассионардык лидер керек. Учурда мындай адам өлкөдө бирөө гана. Ал доктор Жеңишбек Назаралиев. (баса, БЭК докторду оппозициянын атынан А.Атамбаев менен президенттикке үзөңгүлөш ат салышууну сунуштаган. Бирок, ал баш тарткан).
Бул инсандын харизматыкалык сапаты, ар тараптуулугу экономикага болгон көз карашынан ачык билинип турат. Экономикалык секирик жасоо үчүн нарколог Кыргызстанда апийим талааларын көбөйтүүнү сунуштайт. Анын пикиринче, бул күчтүү фармацевтикалык, косметологиялык индустриянын негизи болмокчу. Жана бул индустрия Кыргызстанга 20дан 30 млрд. долларга чейин киреше берет.
Дүйнөлүк ММКлар бул сенсациялуу билдирүүнү ар кандай мааниде талдап, айрымдары "Доктор өлкөнү экинчи Колумбияга айлантууну көздөйт!", "Өлкө экинчи афганистан болот!" деп да жиберишти.
Бирок Ж. Назаралиевдин идеясында эч кандай деле "балакет" жок. Ал профессионал нарколог катары беш континентте нашакорлук, нашаа бизнеси менен күрөшүүнүн позитивдүү тажрыйбаларын үйрөнгөн. Муну менен бирге эле ал Индиядагы апийим өстүрүү тажрыйбасы менен кеңири танышкан. Ал жакта дыйкандар жылына 13 миң гектардан ашык жерге апийим айдашып, мамлекетке 750 миң тонна түшүм жыйнап беришет. "Джонсон жана Джонсон" фирмасы 60-жылдардан тартып БУУнун лицензиясынын негизинде Австралиянын Тасмания аралдарына 3 миң гектардан ашуун жерге апийим айдап келе жатат. Фирма тасманиялык фермерлерге ар бир гектарды иштетип бергендиги үчүн үч-төрт миң доллардан төлөп берип турат. Арал легалдуу наркотикадагы дүйнөлүк муктаждыктын 40%ын камсыз кылып турат. "Джонсон жана Джонсон" компаниясынын учурда 190дон ашык өлкөдө өз өкүлчүлүктөрү бар.
Советтик мезгилде өлкөбүз апийим өстүрүүдө бай тажрыйбага ээ болгону белгилүү. Ата-Мекендик согуш жылдарында кыргыз апийиминен жасалган дарылар миллиондогон адамдарды сактап калган. Ысык-Көлдүн жээктеринде 1974-жылдарга чейин апийим айдалып келген. Кийин Сөветтик Өкмөт төрагасы Алексей Косыгин СССРде нашакорлук болбош керек ниетинде апийим айдоону токтоттурган.
Бул доктор Назаралиевдин программасынын бир гана бөлүгү. Программада Евразиялык инвестициялык банкын түзүү, Ысык-Көл облусуна оффшордук зона статусун берүү, 5-6 ири ГЭС, 30-40 чакан ГЭСтерди куруу, Кыргызстан-Тажикстан-Пакистан эл аралык суу түтүк тармагын куруп, аны Индия-Кытай-Иран-Сауд Аравиясы-Бириккен Араб Эмираттарына чейин жеткирүү.
Бул долбоорлор Кыргызстанга жана инвесторлорго жакынкы 10 жыл ичинде 200дөн 300 млрд. долларга чейин киреше алып келет.
Бул эмне? Ишке ашпай турган фантазия, куру кыялдагы долбоорбу?!
Буга Доктор Назаралиевдин көп жылдык иш тажрыйбасы "Айтылдыбы - ал сөзсүз аткарылат!" - деп жооп кылат.

Ибрагим Рустамбек









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!