Берген кол жардыланбайт
Доктор Жеңишбек Назаралиев кыргызстандыктарга китебин тартуулайт.
"Нашаасыз аң-сезим" Дүйнөлүк Лигасы коом тарабынан наркотиканы жок кылуу матрицасын түзүү идеологиясын жайылтуу боюнча кайрымдуулук акцияларын улантып, доктор Жеңишбек Назаралиевдин "Ажал сепкен апийим" ("Смертоносные красные маки") китебин кыргыз, орус, англис тилдериндеги варианттарын таратууну улантып жатат.
Ж. Назаралиевдин китеби (500 бет) - наркотикалык көз карандысыздыкты дүйнөлүк ыкма менен дарылоо, биздин планетабыздагы мыйзамсыз наркотикалык бизнес менен күрөшүү жөнүндө. Китепте окурман менен болгон ишенимдүү, жандуу формадагы аңгемелешүүдө профессор Ж. Б. Назаралиев өзү барып келген Россия, Кыргызстан, Тажикстан, Англия, Голландия, АКШ, Боливия, Колумбия, Бразилия, Нигерия, Кения, Гана, Индия, Кытай жана башка өлкөлөрдөгү наркотикалык кырдаал сүрөттөлөт.
Чыгармада нашакорлуктун курмандыгы менен жолугушуудан баштап анын дарыгери, полиция, бажы, коопсуздук кызматкерлери, ар кайсы диндин ыйык кызматчылары, Тасманиянын жашоочулары, Тибеттин акылмандары, Амазонканын уруулары менен болгон жолугушууларда биз байкабаган ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрү бар.
Китеп аркылуу автор наркоманиянын чоң толкунуна болгон тынчсызданууну, кылымдын глобалдык кара тумоосун кантип токтотуу боюнча ой-толгоону кызыл жипке тизип чубап чыккан. Дүйнөлүк тажрыйбадан адам, коомдун кызыкчылыгы үчүн бир нерсе алуу боюнча автордун өзүнүн көз карашы бар. Ал СССР убагында биринчи мамлекеттик эмес наркологиялык борбор түзүлгөнүн эстейт. Назаралиев китебинде оорукчандарды кароодогу учурларды келтирип, курч, дайыма талаш болуп келген заманбап наркологиялык маселелер, укук коргоо практикасы тууралуу жазган.
Китеп наркотикалык коркунучка дуушар болгондорго, үй-бүлөсүндөгү, достор арасындагы мындай коркунучту кездештиргендерге чоң жардам берет. Чыгарма нашакорлукта кандай практикалык ыкма менен биздин муун жүз жылдыкка кадам таштаганын билгиси келген окурмандардын кеңири аудиториясына арналган.
Аталган китептин 10 000 нускасы кайрымдуулук акциясы катарында дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө, президенттерине бекер таркатылган. Анын ичинде Россиянын Мамлекеттик Думасы, АКШнын Сенаты жана Мамлекеттик департаменти да бар. Мындан сырткары китеп ар башка өлкөлөрдөгү фонддорго, ЖОЖдорго, коомдук уюмдарга, Нобель сыйлыктарынын лауреаттарына, дүйнөлүк искусство жана спорт жылдыздарына, көрүнүктүү саясатчы, бизнесмендерге, жөнөкөй жарандарга таратылган.
Урматтуу уюм, китепкана, мектеп, ЖОЖ жетекчилери, Кыргызстандын жарандары, профессор Жеңишбек Назаралиевдин бул китебин бекер алгыңар келсе төмөнкү дарекке кайрылыңыздар:
Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү 257-4; телефону: 32-32-79.
Людмила САВЕЛЬЕВА




  Арман дүйнө

Энесинин өлүмүнө шектелген уул
Окуя 2008-жылдын 3-августунун 4-августуна караган түнү болгон. Калыскан күн бою "бүгүн уулумдун туулган күнү. Үйгө келем деген эле"-деп дасторкондун камылгасын көрүп базарлап барып, үйдө даярдык көрүп, кудуңдап сүйүнүп жетине албай жүргөн. Калысканды көргөн коңшулары да кубанычын тең бөлүшкөндөй жылмайып күлүп, сөз узатып жатышты. Себеби, Калыскан өзү жалгыз жашайт. Коңшулары "уулум келип кетти" дегенин эле угушпаса ушунча болуп айткан уулун деле көрүшчү эмес. Бирок, бул түнү коңшулардын бейпил маалын Калыскан жашаган үйдөн жардамга чакырган аялдын ачуу үнү бузду. Тилекке каршы, эч кимиси даап келе алган жок бул үйгө. Аңгыча, аялдын ачуу үнү басылып, Калыскандын сырткы эшиги аяр ачылган добуш чыкты.
Калыскандын иниси Азат:
- Ошол түнү бул жактагылар бизге телефон чалышты. Биз Таласта жашайбыз. Бир туугандар чогулуп келсек сөөгүн моргго алып кетишиптир. Бөлмөнүн дубалдары, буюм-тайымдары канга булганып, эжем жаткан жерге кан укмуш төгүлүптүр. Калыскан Таласка турмушка чыгып, эки балалуу болгондо ажырашып кеткен. Кийин күйөөгө тийген эмес. Кара-Балтада Квартальное көчөсүндө жашачу. Көп кабатта бир бөлмөлүү үйү бар. Эки баласын Таласта менин ата-энем багып, улуусун мектепке бараарда Калыскандын колуна берген. Анан Бишкекте жашаган күйөөсү улам уурдап кетип олтуруп, акыры Калысканды көндүрүп өзү багып алган. Эки жылдан кийин да кичүү баласын уурдап кеткен. Калыскан дагы биротоло эки баласын күйөөсүнө берип коюп, жыйырма жылдан бери жалгыз жашачу. Улуу баласы жыйырма бешке чыгып калды. Өзү айтпаса да, ал баласы тентек чыгып калганын биз башкалардан угуп жүрчүбүз. Тапкан айлыгын ошол баласы келип алып бербесе таап бер деп коркутчу экен. Ошол баласы Таалай ошол күнү келмек экен да.
Калысканга эшиктеш жашаган Уулкан баятан жардам сурап аянычтуу кыйкырып жаткан үн басылганда өз эшигин ачып чыгып, Калыскандын ачык калган эшиги менен төркү үйгө өттү. Кызыл-жаян болуп жаткан Калыскан кырылдап, жаны чыгып жаткан. Калтырак баскан Уулкан өз бөлмөсүнө жүгүрүп кирип балконго жетти. Көп кабаттуу үйлөрдүн терезесинен жанган бирин-серин жарыктын шоолалары айланага билинер-билинбес жарык берип турган.Уулкан подьездден шашып бир караан чыкканын көрүп "Таалайик" деп кыйкырып ийгенин өзү да байкабай калды. Үн чыккан балконго жалт караган караандын басыгы, келбети Калыскандын Таалайигине окшоп кетти.
Уулкан коңшусу: - Менимче ошол эле. Себеби, Калыскан "Кой күчүгүм, күчүгүм кой сураныч"-деп жалбарып кыйкырып жаткан. Балкондон "Таалайик" десем да дароо карады.
Калыскандын инисинин айтымында коңшусу Уулкан окуя болгон түндүн эртеси эле ушундай деп айтып, тергөөдө күбө болуп бермек. Бирок, жашоо үчүн күрөш коңшусу Уулканды биротоло качырып, жашырынып жүрүүгө муктаж кылды. Уулкан ошол күндөрдөн бери жанынан коркуп, эч кимге дайынын билдирбей жүрөт.
Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү:
- Калыскан Бегимкулова (фамилиясы өзгөртүлдү) 43 жашта. Бир нече айдан бери тергөө иши жүрүп жатат. Коңшулары кылмышкерди көргөн эмес. Шектүү адамды көргөн бир коңшусу качып жүрөт. Кылмышка шектүү, өлтүрүлгөн аялдын өз баласы Таалай. Ал 25 жашта. Бишкекте өз атасынын колунда чоңойгон. Атасынын көп кирешелүү тиш дарылоочу жеке бейтапканасы бар. Ошол жерде иштеген. Ал балага издөө салганбыз. Тааныштарынан сурасак кумар оюндарын ойноп белгисиз бир тааныштары менен көп чогуу жүрчү экен. Баңгичилик менен да алектенип жүрсө керек. Тергөө иши жүрүп жатат.
Тергөөчүнүн айтымында Таалай бир жыл мурун үйлөнгөн. Бир кыздын атасы. Учурда аялы дагы Таалайдын жүрүм-турумунан жалкып өз ата-энесинин үйүндө турат экен. Тергөөчүгө күйөөсүнүн үстүнөн арызданып келип жүрөт. Көрсө, аялынын ата-энесинен да 4 миң доллар алып кеткен экен.
Калыскандын иниси Азат:
- Жездебиз дагы Таластык. Бишкекте бизнестери бар, абдан бай турат деп угабыз. Эжемдин эки баласы, андан кийинки үйлөнгөн аялынан эки баласы болуп турушчу. Таалайдан кийинки Рахат (аты өзгөртүлдү) деген иниси бар. Ал жакшы бала болуптур. Бирок, Таалайды ушул өз атасы, анын туугандары эле жашырып жатышат. Алар Таалай кайда экенин билет. Мурда атасынын жыйырма бир миң долларын, кийин дагы он миңге жакын акча уурдаган экен. Айла жок жашырып жүрүшөт болуш керек.
Калыскандын курдашы Гуля:
- Калыскан экөөбүз Кара-Балтадагы ишканада жыйырма жылдан бери чогуу иштейбиз. Балдарына жолугуп турчу. Кээде гана балдары Кара-Балтага конокко келишчү. Кичүү уулу Рахаттын берген белектерин көрсөтүп мактанып калат эле. Улуу баласы жөнүндө көп айтчу эмес. Бир жолу бети-башы көгөрүп келди. Эмне болду десем көпкө чейин айтпай олтуруп, анан чыдабай айтты. Көрсө, улуу баласы жолугуп акча сурап, айткан суммасын бербесе урат экен. Ошол күнү Таалай апасын шифоньерге сүздүрүп уруп, бети-башы көгөрүп калыптыр. Калысканды өлтүрүп эле тим болбой колундагы мойнундагы, кулагындагы алтындарын алып кетиптир. Ошол баласы баңги болгон үчүн ушундай иш кылды да.
Тергөөчүлөрдүн айтымында Калыскан Бегимкулова 2008-жылдын август айында денесине жети жолу бычак тийип, муунтуп өлтүрүлгөн. Жеке баалуу буюмдары жоголгон. Кылмышка шектүү бир гана анын уулу Таалай. Учурда ага республика боюнча издөө салынып, тергөө иши жүрүп жатат. Ал эми набыт болгон аялдын жакындары окуя кандайча болгонун боолголоп турса да, кылмышка шектүү адамды кармоо, анан тергөө жыйынтыгын күтүп тургандан башка арга жок дешет.
Неси болсо да бири кем дүйнөдө шумдуктуу окуя болуп, арманы жаңырып эне кетти дүйнөдөн. Байкуш эне... тогуз ай көтөрүп, томугу сыздап, жарык дүйнөгө алып келген тун баласынын колунан көз жумаарын кайдан билсин...

С.Абдиева









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!