саякат

Туулган күнгө келген
эң ыйык белек
Кыргызда "Досуң бергендин тишин ачпа" деген жакшы накыл сөз бар. Ким, кайсыл учурда кандай белек бербесин эң негизгиси ал белеги аркылуу адамды сыйлаарын, көңүл бураарын билдиргиси келет. "Артисттердин архивине саякат" рубрикасынын бул жолку каарманы ырчы жигит Алихан.
Алихан күйөрмандарынан алган белектерин Токтогулдагы үйүнө чогулткан. Ал жакка белектерин жыл сайын жеткирип турат. Азыр болсо Бишкекте жашап жаткан үйүндөгү белектерине күбө болдук. Эми жакында Токтогулга барса бул белектерин да жеткирээрин билдирди.

Эң алгачкы
алган белек
Сүрөттөгү корабль Алиханга колуна күйөрманы берген эң алгачкы белек болуп саналат. Ошондогу сезимдерин, сүйүнгөнүн ырчы азыркыга чейин унута элек. Негизи эле күйөрмандарымдан, досторумдан алган ар бир белектин өзүнчө орду, баркы бар,-дейт ырчы. Ал эми Алихан сахнанын босогосун аттап, шоу-дүйнөсүнө аралашканда "Стар- Денс" тобунун кыздары жалаң Алихандын түркүн-түстөгү сүрөттөрү чапталган дептерди белек кылышкан.
Малайзиядан алып келинген бүркүт
Бул бүркүттү Алихандын продюсери, жөлөк-таягы, байкеси Канат Култаев Малайзиядан алып келип берген. Чыгармачылыктан тышкары, күнүмдүк тиричиликте да көп колдоо көрсөткөн Канат Култаев Алихандын аквариуму бар экенин эске алып, ага толтура ракушкаларды да ала келген. Учурдан пайдаланып, Алихан Канат байкеси менен Мирлан Ниязовго ыраазычылык билдиргенге үлгүрдү. Мирлан байкеси ыр жаздырууга көп жардам берип, жакшы кеңештерин айтып келсе, Канат Култаев Алихандын көп түйшүктөрүн өз мойнуна алып келет. "Ушундай байкелерим бар экенине миң мертебе ыраазымын, аларга эки дүйнөдө тең карызмын"-дейт ырчы.
Эң кымбат белек
Алихан жакшы көргөн кымбат белектеринин катарын сноубордо толуктайт. Кышында Төө- Ашууда сноуборд тепкенден кадимкидей ырахат алат. -Кышы менен ушул белегим менен алышып чыктым, сноубордумду аябай жакшы көрөм, бул белек мен үчүн кымбат,-дейт Алихан.
Ал эми бул гитараны дос кыздары белекке беришкен. Өзү жакшы черте албаса дагы азыр үйрөнүүнүн үстүндө.
Жүрөккө жакын белектер
Уй жылында Алихан жумшак оюнчуктарды көп алууда. Күчүгү менен музоосу дайым анын бөлмөсүндө турат. Ал эми кичинекей сувенирлерди, машинага тага турган оюнчуктарды машинасынын үстүнө же болбосо күзгүсүнө кыпчытып кетишет. Албетте, белектин жанында жазылган сүйүү катын, телефон номери жазылган конвертти табууга болот. Мындай сүйүү катына Алихан олуттуу мамиле жасап, жылуу-жумшак сөздөр менен айтып түшүндүрүп, ал кыз менен достук мамиледе болгонго аракет кылат.
Эң ыйык белек
Алихандын жакында туулган күнү экени көпчүлүккө маалым болсо керек. Ушул күндүн урматына Алихандын апасы Россиядан келди. Кубанычы койнуна батпаган ырчы жигит туулган күнүн апасы менен тосууну пландап жатат. Апамдын атайын туулган күнүмө алыстан ат арытып келгени мен үчүн күтүлбөгөн белек болду. Азыр кубанычым койнума батпай, телегейим тегиз, маанайым жакшы, -деп Алихан кубанычын биз менен тең бөлүштү.
Ошентип, Алихандын архивине баш бакканыбызда анын белектеринин четин көрүп эле күйөрмандары, достору аны канчалык баалап жакшы көрүшөөрүн билдик.

А. Сабырова





  Жаш канат

Темирбек Сайдинов:
"Мукаш Абдраевдей композитор болгум келет"
Кыргызда "Өнөрүң болсо өргө чап" деген жакшы сөз бар. Туура айтылган. Мына ушул сөзгө далил болгон кичинекей Темирбекти баса белгилеп айткым келет. Мектеп босогосун аттагандан тартып ыйык сахнага кадам таштап, учурда көпчүлүктүн алкышына татып турган кези. Анда кичинекей ырчы мырза менен жакындан тааныштырабыз.

2000-жылы 28-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык орто мектебинин скрипка-фортопиано бөлүмүндө 2-класста окуйт. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын кичүүсү.

- Темирбек, учурда сен теңдүү балдардын көпчүлүгү компьютерге, англис тилдерине кызыгышат го. А сен эмне себептен скрипка-фортопиано бөлүмүндө окуп жатасың?
- Анткени, мен эл алдына ырдап чыкканды аябай жакшы көрөм. Ошондуктан музыка мектебинде окуп жатам. Мен деле компьютерге, футболго, сүрөт тартканга кызыгам. Бирок, тилегеним мыкты ырчы болуу. Чоңойгондо Мукаш Абдраев, Рыспай Абдыкадыров аталарыбыздай улуу композитор болгум келет. Атам-апамдар да ошентип айтышат. Алар менин ырдаганымды абдан жакшы көрүшөт. "Дасмия" ресторанына барып ырдаганымда элдин баары кол чаап, мага жакшы баталарын беришкен. "Сенден чоң ырчы чыгат. Уулуңардын талантын колдогула" деп ата-энеме айтышкан болчу. Көрсө, мен жакшы ырдасам керек. Себеби, чоң кишилер айтып жатышат да.
- Кайсы ырчылардын ырларын ырдайсың?
- Мектепке биринчи жолу экзамен тапшырганда Сыймык Бейшекеевдин "Арзуу" деген ырын ырдап өтүп кеткем. Вокалдан сабак берген устатым Бакыт Мамаев, Роза Шакирова, Гүлнур Сатылгановалардын ырларын ырдайм. Алардын обондору абдан уккулуктуу.
- Үйдөгүлөрдүн кимиси жакшы ырдайт?
- Атамдын үнү эң сонун. Мени "атасы Сыргакты тарткан турбайбы" деп калышат. Курманбек Абакиров деген абам да ар кандай кароо-сынактарга катышып, дайыма эл алдында ырдап жүрөт. Атам "Мен жетпей калган ийгиликтерге сен жет. Сен менин талантымды ула" деп кеп-кеңешин берип, алар мени дайыма колдоп турушат.
- Клип тарттырдыңбы? Канча ырың бар?
- Кудай буюрса, Жороева Ырыс деген таежем "Аталарга таазим" деген ырыма демөөрчү болуп, клип тарттырып бергени жатат. Үч ырым бар. Учурда "Белес" радиосунан "Аталарга таазим", "Тоолор", "Мугалимдерге" деген ырларым кете баштады. Ырларымдын сөзү, обону обончу, ырчы агайым Бакыт Мамаевге таандык.
- Өзүңдүн ырларыңды радиолордон укканда кандай абалда болдуң?
- Аябай сүйүнөт экенсиң. Биринчисинде өзүмө-өзүм ишене албай койгом. Байке-эжелерим менин ырдаганыма кызыга беришет. Алардын да ырчы болгулары келет. Бирок, апамдар аларды ырдатышпайт. Анткени, алар мендей ырдай алышпайт да.
- Сахнада кандай кийингенди жактырасың?
- Классикалык стилде кийингенди жактырам. Анан кызыл түстүү кийимдер мага жакшы жарашат.
- Мектептен кыздарга тийишесиңби?
- Ооба, чачтарынан тарткылап тийише берем. Бир кызды аябай жакшы көрөм. Бирок, атын айтпайм. Тийишип койсом эле каадаланып уруша берет. Мени эле эмес, ал балдардын баарын жаман көрөт. Анткени, ага көп балдар тийишет да. Анан, ал аябай сулуу.

Рахбар
АЛЫМКУЛОВА









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!