дил азык

Жеңишбек Токтобеков:
"Байлык бакыт алып келбейт"
Атадан келаткан улуу төкмө акындык өнөрдүн учугун улап, устунун курап, акыйкат сөздө жат алып, автомат акын аталып, ырына ыйман сыр катып, намысты коргоп эл үчүн, айтышам деген казактын канчасын бирдей кыйратып, жаш болсо да таасын таланты менен баш болуп келаткан ак таңдайлар дүйнөсүнүн өзүнчө бир касиетке ээ арстан акыны Жеңишбек Токтобековду калк арасында кимдер гана тааныбайт. Ал айтышка чыккан кезде баарыбыз бир эсе элдин жүрөгүндөгүнү таап айтканы үчүн кубанып кудуңдасак, бир эсе куюлушкан ар бир термесинен ырахат алабыз. Кыргызстанда эң биринчилерден болуп акыйкатты, кудайды ачык ырдаган бул инсандын адамдык бейнесин да билгибиз келет. Ушундан улам төмөнкү макалабызда төкмө уулуңуздардын балалык чагын, окуучулук күндөрүн, студенттик курагын жана жеке жашоосун камтыган маалыматтарды берип олтурабыз.

"Балдар колониясына кесилесиңер" деп коркуткан
- 1977-жылы 9-майда Нарындын Эмгекчил деген айылында төрөлүп, бала чагым ошол айылда өттү. Биз Бруслинин убагында ага таасирленип чоңойдук. Беш километр айылдын ичин кыдыра чуркап, боз-ала чаң болуп эле жүрчүбүз. Эс тартып калганда эки жаат болуп мушташып, далай жолу ата-энебизден уруш жеген күндөр болгон. Эми мындай көрүнүштөр ар бир адамдын бала чагында кездешсе керек. Бирок тентек болгонум менен сабактарды жакшы окуп, мектепте өткөн иш-чараларга, маданий сынактарга калтырбай катышып, Фрунзеге чейин келчүмүн. Ошол кезде эле чыгармачылыктын алгачкы көрөңгөлөрү байкалып, эки сап, үч сап, төрт сап кылып жамактатып жазып калчумун. Кийин жогорку класстын балдарына кыздарга арналган сүйүү ырларын жазып берип жүрдүм. Сегизинчи классты аяктап, күбөлүк алаардын алдында бир кызык окуя болгон. Менин "Тайфун" деген аталыштагы беш баладан турган командам бар болчу. Бир күнү жыйырма балага каршы чыгып мушташып, Нурбек аттуу классташымды балдар ат менен тебелетип, желкесине таш менен уруп салышкан. Биздин бул ишибиз айылга дүң жайылып, милициялар териштиришип, "Мушташтын башчысы ким? Токтобеков" болуп командамды "балдар колониясына кесип жиберебиз" деп коркутушкан. Бирок ал иштин аягы жакшылык менен бүткөн.
Актёр катары башкы ролду ойной элекмин
- Өз атам мен кичинекей кезимде каза болуп, чоң атамдын колунда өстүм. Чоң атам жыгач уста болгондуктан менин келечегимди ойлоп "Балам Нарында устанын окуусу бар. Мени тарткан эч ким жок. Андан көрө ошол жакка тапшырып устачылыкты терең өздөштүрүп ал. Кийин үй салып, мал-жан багып жаныңды багышың керек" деген сыяктуу кеп-кеңештерин айтып, сегизинчи классты бүткөндө ал окуу жайга өткөрүп койду. Окууга кирерин кирип алып, эки ай бою мык какпай эле кечелерди, оюн-зоокторду уюштуруп, ал жерде да өзүнчө беделим көтөрүлүп калды. Менден мыкты уста чыкпасына көзүм жетип, эки айдан кийин Нарын драма театрына актёр, пародист болуп, он алты жашта болгондугума карабай, келишим менен кирип алдым. Антпесем актёр эмес жыгач уста болуп калмакмын. СССРдин Эл артисти Капар Медетбеков, Бакирдин Алиев, Сейитгазы Андабеков, Тамара Жумакаева өңдүү белгилүү артисттер менен гастролго чыгып, ал кишилердин мектебинен өттүм дегендей. Ошентип Нарын драма театрында 1997-жылга чейин иштеп, андан кийин Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайдын актёрлук факультетине тапшырдым. Аны бүтүрүп келип, "Учур" телетеатрын ачтык. Ал театрда бир аз иштегенден кийин уруксат сурап чыгып кеткем. Актёр катары дүң эткен белгилүү ролдорду жаратпасам да, бир нече ролду аткарып калдым. Кудай буюрса, актёрлук кесибиме да көңүл буруп, театрда болобу, кинодобу, мыкты образ жаратайын деген жакшы тилектерим бар.
Башка фамилия менен
сержанттык наам алгам
- Ал кезде төкмө дебей, жамак дечүбүз да. 1993-жылы театрда иштеп жүргөндө Кыргыз Армиясынын бир жылдыгына карата сынак жүрүп, мен ал сынакка башка фамилия менен Нарындагы "Танкалык бөлүмдүн" атынан катышып калдым. Биринчи жолу ошол жерде төкмөлүк өнөрүмдүн тушоосу кесилди. Элдин баары жакшы кабыл алып, дуу-дуу каткырык-сүрөөн менен кол чабышканы эсимде. Солдаттан биринчи жолу төкмө акын чыкты дешип, мага сержанттык наам беришкен. Ошентип ал өнөрүмдү элдер баалай башташты. Ошол жылы Аман Жапаров агайым "Ак таңдай" деген аталыштагы төкмө акындардын айтышы болот. Ал айтышка сен барып катышасың" -деп калды. Мен "катышпайм"- десем "Анда арызыңды жаз да театрдан кете бер" деди. Ошентип катышууга макул болуп, Табылды Актановго кошулуп, ак таңдайлар айтышына барып ырдадым. Оюмда эч нерсе жок болчу, кудайдын буйругу менен биринчи орунду жеңип алдым. Ошондон кийин эле мени биротоло төкмө акын катары таанып калышты.
Таштанды
тазалап иштегем
- Москвада окуп жүргөндө бир топ кыйынчылыкты башыбыздан өткөргөнбүз. Ал кезде кыргыздар саналуу гана болчу. Көчөдөн кыргыз көрсөк деп тилечүбүз. Орус тилин да жакшы билбей, сабактан сырткары ар кандай жумуштарда иштегем. Алгач барганда поездден келген товарларды түшүрүп, элүү рубльга иштедик. Көрсө алар бизди алдап күчүбүздү пайдаланчу экен. Эки жарым жылдай жатаканада жашап, кийин өзүмө көп кабаттуу үйлөрдөн эки бөлмөлүү үй алгам. Цирктин алдындагы аллеялардагы таштандыларды чыгарып, техник келгиче тазалап бүтүрчүмүн. Студенттик кездин жыргалын, азабын, кубаныч-кайгысын жакшы эле көрдүм.
Кудайга байлануу
менен кыйынчылыктарды жеңип келем
- Төрөлгөн бала дароо эле басып кетпегендей, мен деле түшүнүп-түшүнбөй, урунуп-беринип жүрүп толук мусулманчылыктын жолдорун үйрөнүп жүргөнүмө бир топ жыл болду. Башы Москвадан башталып, Кыргызстанга келгенде илимдүү, белгилүү агаларымдан, досторумдан өзүм, үй-бүлөм үчүн диплому жок илим алдым. Мурунку жашоомду азыркы жашоомо салыштырганга мүмкүн эмес. Досторума "Отуз жашка чейинки Жеңишбектин кандай экенин сурабай эле койгула"-деп тамашалап калам. Азыр эми жашоого болгон көз карашым таптакыр башкача. Кыйынчылык байкалып, көңүл чөгүп турган учурларда күчтүү, адамды жеңилдете турган дубалардан окуп кудайга кайрылам. Кудайга байлануу менен баардык кыйынчылыктарды жеңип келем.
Ыйман болсо үй-бүлө
туруктуу сакталат
- Мен 1994-жылы 17 жашымда эрте үйлөндүм. Үйлөнүп, балалуу болгондон кийин Москвага окууга бардым. Биринчи балабыз эки жашында чарчап калган. Улуу кызыбыз мен Москвада окуп жүргөндө төрөлдү. Азыр үч кызым, бир уулум бар. Улуусу Керемет, ортончусу Акбермет, кичүүсү Актилек жана былтыр Меккеден төрөлгөн уулубуздун аты Мухаммед. Эки кызым мектепке, бири бала бакчага барат. Келинчегимдин аты Нургүл, Жумгалдын сулуусу болот. Ыйман болсо үй-бүлө туруктуу сакталат деп ойлойм. Он беш жылдан бери бирге түтүн булатып, балдарга татыктуу тарбия берип жатабыз. Кыздарымдын улуусу мени тартып кичинеден ыр жазып жүрөт. Атайын мага көрсөтүп окуп бербесе да кээде ырларын окуп калам. Азырынча балдарым жаш болгондуктан кимиси кайсы кесипке жөндөмдүү экенин байкай элекмин.
Мусулман болуштун
өзү чоң бакыт
- Байлык деп байлыкка азгырылып, болгон дүйнөсүн жыйгандар толтура. Бирок, байлык бактылуулук алып келбейт деп ойлойм. Мусулман болуштун өзү чоң бакыт. Канча миллион акчасы бар, бирок жаназасы окулбай калып, бул дүйнөдөн өтүп, тиги дүйнөнүн бактысыздыгына кабылгандар да бар. Кудай андан сактасын, ыйманы бекем адам баардык бакыттын даамын тата алат деп ойлойм. Учурда "Жети Нур" деген аталыштагы чыгармачылык борбор ачтым. Борбордон баардык жанрлар киноактёр, жазуучу, акын, комузчу, манасчы, төкмө акын ж.б. өнөрлөрдү алып жүргөн чыныгы жылдыздарды өстүрүп чыгаралы деген максаттарым бар.




Корком
Өмүрдөн коркпойм,
Төгүндөн корком айтылчу.
Элимден коркпойм,
Жеримден корком сатылчу.
Байлыктан коркпойм,
Напсиден корком ачылчу.
Жарыштан коркпойм,
Намыстан корком басылчу.
Сүйлөөдөн коркпойм,
Тилдерден корком атылчу.

Сулуудан коркпойм,
Уусунан корком чачуучу.
Жоктуктан коркпойм,
Достуктан корком сатуучу.
Ырлардан коркпойм,
Ыймандан корком качуучу.
Акыры келип,
Аягым бүтсө басуучу,
Өлүмдөн коркпойм,
Көрүмдөн корком жатуучу.



Муфтийдин орун басары, Ибраев Мамбетасан:
"Жеңишбекте тайманбастык,
эр жүрөктүк сапат жогору"
- Мен Жеңишбек менен беш-алты жылдан бери таанышмын. Биздин бир кездердеги айтылуу Барпы, Токтогул Сатылганов ж.б. өңдүү улуу муунду улантып келаткан ак таңдай акындардын улантуучусу десем болот. Жеңишбектин төгүп жаткан ырларынан улам мурунку акындарды көргөндөй болобуз. Ал буга чейинки акындардын кандай болгонун туура, так, дааналап көрсөтүп, алардын мыкты сапаттарын бизге жеткирип келет. Жеңишбектин кыргыз элине, жерине, ата-эне, жаштарга болгон күйүтү баарынан жогору турат. Анын азыр он гүлүнүн бири гана ачылды. Кудай буюрса келечеги алдыда. Он гүлүнүн толук ачылган кезинде артта келе жаткан жаштарга чоң сабак боло тургандай туура жолду көрсөтөт деген ишеничтемин. Жеңишбекте тайманбастык, эр жүрөктүк сапат абдан жогору. Бир гана кудайга ишенип, эч нерседен коркпостон баардык кырдаалдан чыгып кете алат.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!