билгениң оң

Дасторкон ажары
Бадыраң, эт менен рулет
Керектелүүчү азыктар:
500 гр кой же уйдун эти
2-3 туздалган бадыраң
100-130 грамм катуу сыр
0,5 мл лимон ширеси
Туз, мурч
Даярдоо ыкмасы:
Этти муздак сууга бир сыйра жууп алып, 7-8 мм калыңдыкта тилип алабыз. Эки бетине целлофан коюп алып, жакшылап жанчыйбыз. Эттин бетине текши лимондун ширесин андан кийин кара мурчтан себебиз. Этке жакшы сиңиш үчүн этти бири-бирине беттеп мискейге салып, муздаткычка 20-30 мүнөт коё турабыз.
2. Туздалган орточо көлөмдөгү бадыраңды төрткө бөлөбүз. Сырды болсо ичке тилип алабыз. Этти муздаткычтан чыгарып дагы бир ирет мурчтан сээп коёбуз.
3. Этти жайып алып бир кесим бадыраң, 1-2 кесилген сырды салып тыгыз кылып оройбуз. Рулет жазылып кетпеш үчүн жип менен байлап, тиш чукугучтун жардамы менен тигип чыксаңыз болот.
4. Көмөч казанга өсүмдүк майынан куюп даярдалган этти бышырабыз. Майга бышкандан соң духовкага 10-12 мүнөт коюу керек. Ошентип, саналуу убакта эт менен даярдалган рулет даяр болот.
Тамагыңыз таттуу болсун!




Пайдалуу кеңештер
Кийимдеги такты кетирүүнүн жолдору
1. Чөп, жалбырактын тагын 1 литр сууга 1 литр нашатырь, спиртин аралаштырып, такты аралашмага чылап, суу менен жууп салабыз.
2. Спиртке кийимдин так болгон жерин салып, он-он беш мүнөттөн соң айна чыланган жылымык сууга жууп салса так бат кетет.
3. Сыранын тагын аракка жылуу суу чабыштырып, чүпүрөк менен такты сүртсө, сыранын тагы оңой кетет. Глицеринге нашатырь спиртин жакшылап аралаштырып сыранын тагын сүртүп, муздак сууга 20 мүнөт чылап турса сыранын тагы да, жыты да тез кетет.
4. Какао менен шоколаддын тагына майда тузду сээп, үстүнө жылуу суудан куюп, 15 мүнөтчө коё туруп, андан соң көбүргөн ысык сууга жууп таштайсыз.
5. 1,5% нашатырь спиртин жылуу сууга аралаштырып, так болгон жерди жакшылап жууса да жакшы жыйынтык берет.
6. Гүлдүү кийимдердеги такты глицеринди жылытып, кебезге малып алып сүртүп, 20 мүнөт коё туруу зарыл. Андан кийин спирттин кошулмасын сууга чабыштырып, бир саатка жакын чылап коюп, жууса түстүү кийимдин өңү да, сүрөтү да өчпөй жакшы кетет.
7. Өтө кирдеген гүлдүү кийимдердеги тактарды кетирүүнүн дагы бир жолу так калган жерге үтүктү бир аз жылытып басасыз. Андан кийин лимондун ширесине нашатырь спиртин аралаштырып жууса кийимдин сүрөтү да, өңү да кетпейт.





Бут кийимдеги жагымсыз
жытты кантип кетирсе болот?
Күнүгө кийип жүргөн бут кийимдеги жагымсыз жыттан арылуу үчүн перекис водородун кебезге малып алып, бут кийимдин ичин сүртүп чыгуу керек. Маргонцовканы колдонсо да жакшы жыйынтык берет. Андан сырткары формалин менен да сүртүп туруп, баштыкка салып, таң атканча коюп койсо жагымсыз жыт кадимкидей жоголот.
Ал эми замыш бут кийимдеги жытты сууну буулантып, ага бир аз тозсо болот. Кокус замыш бут кийим өтө кирдеп кетсе, самынды нашатырь спиртине көбүртүп сүртсө тазарат.
Эгерде жаңы алган бут кийим тар болуп, бутуңузду кысса, бир аш кашык одеколон же уксус, спирт куюп койсо бут кийим кадимкидей кеңейет.
Эгерде бут кийим жалтырабаса лимонду кесип алып сүртсө болот.
Бут кийим суу болбош үчүн төмөндөгүдөй ыкма колдонсо болот. 40 грамм балыктын майына 10 грамм нашатырь спиртин аралаштырып күнүгө сүртүп турса, бут кийим сууну оңой менен сиңдирбейт.
Кургап калган өтүк майды калыбына келтирип, суюлтуш үчүн бир нече тамчы глицерин кошуп жылытып койсо мурдагы калыбына тез келет.
Бут кийим сүрткөн щётканы сууга нашатырь спиртин аралаштырып жууса сапаты көпкө чейин сакталат.




Кефирдин организмге пайдасы
Кефир диета кармаганга жакшы жардам берет. Жаңы кефир адамдын алын анча-мынча алсыратса, эскиси тескерисинче чыйралтат. Ар бир адамдын организми сүткө караганда кефирди бат кабыл алат. Кефирде ар түрдүү пайдалуу макро-микро элементтер көп. Кефир организмге керектүү көп азыктарды бергендиктен, көбүнчө операция болгон адамдарга сунушталат. Кефирден эч ким семиртбейт, тескерсинче чың, келбеттүү дене-түзүлүшкө гана ээ боло алат.


Акыл тамчылары
Адам эмнени ойлоп, ошого умтулса сөзсүз жетет.
Адамдын бул тиричиликте кетирген эң чоң күнөөсү -башкаларды кечиргенди билбегендиги.
Эркек менен аялдын алган тарбиясы экөө урушуп жатканда көрүнөт.
Ар бир адам эки түрлүү тарбия алат. Биринчиси ата-эненин берген таалими. Экинчиси- өзүнүн жашоодон үйрөнгөнү.
Акылсыз адамдын туура эмес кылып жаткан ишин далилдөөнүн жалгыз жолу - аны эркине коюу.
Кечиримдүүлүк, айкөлдүк акылдуу адамдарга тиешелүү сапат. Кекчилдик - жеңил ойлуу, акылы тайкы адамдарга мүнөздүү сапат.
Ката кетирүү, аны кайра оңдоо өзүнчө эле илим.
Адамдын жүзү анын басып өткөн жолун, кетирген каталарын, кемчиликтерин өзүнө көрсөтө алган жалгыз күзгү.
Эгерде досуңуз болсо андан коркпой деле койсоңуз болот. Баары бир ал сизди эртели-кеч сатып кетет. Эгерде душманыңыз бар болсо, андан да чочулабаңыз. Көп болсо өчүн алат же өлтүрүп тынат. Баарынан да сизди унчукпай тиктеген кайдыгер адамдардын көз карашынан коркуңуз.
Адамдын башынан чыккан ойду башка мээге салып, ой жүгүрткөндө гана эң сонун жетилип, бышат.
Адам акылы менен туура ой-жүгүртсө, жүрүм-туруму менен баарын тескери кылат.
Баарынан да пайдасыз, кыжырды кайнаткан сапат-чечкинсиздик.


Кожойкенин эсине
o Картошканы аарчыгандан кийин дароо самындап жууп салсаңыз, колуңузда такыр так калбайт.
o Эт туурагычты жууганга оңой болуш үчүн артынан чийки картошканы өткөрүп салуу керек. Эт туурагычты жылуу жерге кургатса бычагы бат мокойт.
o Жемиштин кайсыл түрүнөн кыям жасабаңыз, аны банкага сөзсүз муздатып куйган оң. Анткени, ысык же жылуу кезинде банкага куюлган кыямдын коюусу менен суюгу өзүнчө бөлүнүп, даамы начарлайт.
o Сууга бышкан жумуртканы сындырбай кесиш үчүн бычакты улам-улам муздак сууга малып туруу керек.
o Камыр ачыткыны үй-шартында да төмөнкүдөй жол менен даярдаса болот.Бир стакан унду жылуу сууга салып, алты саат коё турасыз. Андан кийин ага 1 стакан сыра куюп, жылуу жерге коюп коёсуз.
o Камыр ачыткынын ордуна бир кашык коньяк же ром кошсо болот. Ошондой эле убакта ачыйт, бирок камыр алда канча даамдуу болот.
o Чийки жумуртканын жаңы же эски экенин бир банка туздалган сууга салып билсе болот. Жаңы жумуртка түбүнө чөгөт, эскиси үстүнө калкып чыгат.
o Сууга бышырылган жумуртканы колдоноордо бир нече күн мурда 15-20 мүнөт ысык сууга салып койсо болот.
o Жай отко бышырылган жумуртка бат кайнатылган сууга бышырганга караганда бир топ эсе даамдуу болот.
o Идиштин түбүнө бир аз туз сээп, лимонду салып койсо көпкө сакталып, даамын жоготпойт.
o Сүт идиштин түбүнө күйбөй тез бышыш үчүн бир чегим кант салып койсо болот.
o Жаңгакты бир аз духовкага коё туруп аарчыса кабыгынан оңой ажырайт.
o Этти жумшартыш үчүн жылуу сүткө салып койгон жетиштүү.
o Картошканы тоголок бойдон сууга бышырганда жарылбаш үчүн чийки кезинде вилка менен эки-үч жеринен сайып коюу керек.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!