Кумир менен баарлашуу

Сакиш менен Бопушта
эмне арман бар?

"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку мейманы Сакиш-Бопуш деген ысым менен кеңири таанылган Б.Кыдыкеева атындагы Жаштар театрынын артисттери Марат Жанталиев менен Айнура Турганбаевалар болду.
Марат Жанталиев 1961-жылы 3-мартта Нарын районунун Кара-Кужур айылында туулган. Үй-бүлөдө үч бир туугандын экинчиси. Москва шаарындагы Кинематографиялык институтту бүтүргөн. КРнын Ардак Грамотасынын ээси.
Айнура Турганбаева 1968-жылы Аламүдүн районунун Стрельникова айылында туулган. Он бир бир туугандын алтынчысы. Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Драма театрынын эки жылдык студиясын аяктаган.

Абдилвасид Гапаров:
- Айнура эже, бүгүнкү жаштардын саясий активдүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Азыр "баа" деп жарык дүйнөгө келгенде эле саясатчы болуп төрөлүп жатат. Мамлекет болгондон кийин саясат сөзсүз болот. Коомдо жашап туруп коомдун агымынан алыс кете албайсың. "Өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы" дегендей, жаштарыбыздын саясатка эрте аралашканы, өз көз карашын, өз үнүн кошуп жатканын колдойм. Ал эми биз аткарган интермедия, сатираларыбызга саясатты дегеле аралаштыргыбыз келбейт. Чөгүп турган элге жөн гана күлкү тартууласак дейбиз.
- Эмнеге сүйүнүп, эмнеге күйүнөсүздөр?
Марат:
- Эл арасында жүрүп жакшыны да, жаманды да көрүп, көп нерсеге күбө болобуз. Москвадагы кинематография институтунда өткөн жылы эки негр бала менен жашап калдым. Кыргызстан десең эле көпчүлүгү Казакстан деп түшүнүшчү. Ошол эки негр балага "Киргизия" десем эле "Чокморов окей, Айтматов окей" деп ушул эки инсан аркылуу Кыргызстанды таанышчу. Кыргыз элин тааныткан ушундай улуу инсандардын бардыгына сүйүнөм.
Айнура:
- Маке досум сүйүнүчүн бөлүштү. Эми мен күйүнүчүмдү айтайын. Илгери Бишкекти "Жашыл шаар" дешчү. Биз борборго келиш үчүн жети күн дагарага түшүп, үч сом элүү тыйынга кепка, жети сом элүү тыйынга жаңы көйнөк алып, улам-улам күзгүгө көрүнүп, бир чет өлкөгө бараткандай сезим менен келчүбүз. Ушундай кооз, таза шаар эле. Азыр Бишкекти араласаң чоң совхоздо жүргөндөй болосуң. Кытайдын чарала сумкаларын көтөрүп, чарала көйнөктөрдү кийип алып ар ким каалаганын жасап жүрөт. Качан эле биздин жаштарыбыз элдин көзүнчө сөгүнүп сагынчу эле? Билбейм, айланайын үйдөн жакшынакай эле чыгып үйүңө келгенче балдардын "энең..., атаң..." деген сөгүшүн угуп, жеп атып боюбузга бүтүрүп келебиз. Сотка деген бир жарыктык бар. Аны колго кармаганда Кудай берет. Эч кимди көзгө илбей оозунан ак ит кирип, көк ит чыкканча сөгүнөт. Карап туруп "тобоо" деп жакаңды кармайсың. Ушундай ордун билбеген маданиятсыз жаштардын көбөйгөндүгү мени түйшөлтөт. Анан да алакандай элибиздин түндүк-түштүк, аркалык-сарт болуп бөлүнгөнүнө күйөм. Жүрөгүбүз тазарып, пейилибиз оңолсо жакшы болот эле.
Жамила Арзыбаева:
- Сиздерди жакын дос, сахналаш катары билсем да эмнегедир боюңар менен боюңар, оюңар менен оюңар дал келген жубайлардай сезиле бересиздер. Ошон үчүн үй-бүлөңүздөр жөнүндө айтып берсеңиздер?
Марат:
- "Сакиш менен Бопуш урушуп-талашкан эрди-катындын символу" деп да айтып жүрүштү. Алтургай экөөбүзгө чогуу төшөк салып койгондор да болду. "Каякка жатам эже" десең "Байбичеңдин жанына төшөк салып койдум" дешет. Айнура экөөбүз эрди-катын эмеспиз. Үй-бүлөм жөнүндө айтсам келинчегим Асел, кесиби боюнча мугалим. Учурда бала менен үйдө. Адилет, Алтынбүбү, Адел деген балдарым бар.
Айнура:
- Эми мен эмне дейм айланайын? Үй-бүлөм жок. Азырынча бойдокмун. Кудайым буюрса болот деген үмүтүм бар. Убагы келгенде бул нерсе жарыкка чыгат.
- Сиздин турмушка чыгаарыңызга Марат байке бут тоскон жокпу?
- Чындыгында башында Маратты менин күйөөм дешип көп жигиттер кол жуушкан экен. Реалдуу караганда ушул эле менин жолумду тосту.
Жазгүл Нуркалилова:
- Кантип Сакиш-Бопуш атка конуп калдыңыздар?
Айнура:
- 1991-жылы Көлдөгү театрдан борборубуздагы жаштар театрына которулуп келип Марат менен чогуу иштешип калдым. Адегенде эле Каныбек Ажымудиновдун "Кимдин баласы" деген интермедиясындагы Сакиш-Бопуш деген каармандардын образын жаратып, ошол бойдон Сакиш-Бопуш болуп кеттик. Кантип Сакиш-Бопуш болгонубузду деле байкабай калдык.
- Он сегиз жылдан бери чогуу жүрөт экенсиздер. Бири-бириңиздерди көпкө көрбөй калганда сагынасыздарбы?
Марат:
- Чынында Айнура экөөбүз бир тууган эле болуп калдык. Негизи бизде көп деле айрылышуу болбойт. Той-топурдабы, концерттеби чогуу жүрөбүз. Отпуска алганда деле гастролдоп бирге кетебиз. Бирок, гастролдон келип 10-15 күн эс алып калганда сагынышып калабыз.
Нургазы Каримов:
- Марат байке, азыркы чыгып келаткан жаш таланттардын сахнага, маданиятка болгон мамилеси, жоопкерчилиги сизди канааттандырабы?
- Азыркы жаштардын өз күчү, өз каражаты менен аракеттенип чыгып жатканы көңүл жубатат. Бирок, ошолордун арасында сахнада басканды билбегендер бар. Айтаарым ыйык сахнанын эрежелерин сактап, сахнага кандай чыгып, кантип сүйлөштү үйрөнсө. Анан да "орустар деле мындай кылып жатпайбы, биздин деле колубуздан келет" деп атка теңелип эшектин буту сыныптыр болбой, өзүбүздүн менталитетибизди эске алсак дейт элем.
- Биз сиздердин сахнага, эл алдына "жарк" деп чыккан жылмаюңуздарды гана көрөбүз. Дегеним, көшөгө артындагы жашооңуздар кандай?
Айнура:
- "Артисттин бир көргөнүн хан да көрбөйт, ит да көрбөйт"-деп коёт. Илгери ар кайсы айылдарга барганда "Нинза" болуп мушташчубуз. Курсагыбыз ачып, автобуста түнөп, ал аз келгенсип хулигандар таш менен урганда жерге жата калган күндөр болгон. Ары карап ыйлап, бери карап күлүп коюп жүрсөк эле артисттердин жашоосу жыргал деп ойлошот. Кыштын суук чилдесинде калчылдап үшүгөнүңдө ушундан көрө ашпозчу болуп алсам эмне деп өкүнчүмүн.
Алтынай Таалайбек кызы:
- Айнура эже, ушул жашка келип бакшыга барып багыңызды ачтырып көрдүңүз беле?
- Барган эмесмин дей албайм. Пендебиз да. Ала-Тоодо бир аял бар экен, эми укмуш туура айтат экен десе кызыгып барасың да. Аябай көп көз ачыкка барган экен деп ойлобоңуздар. Саналуу гана, аябай жакшы дегенге барсам оорубаган жеримди айтканда эле өлгөн экен дегем. Кайсы бүбү-бакшыга барба "окутуп коюптур, бутунда кара жип байланып турат, ат кылыбы эмненин кылы экени көрүнбөй жатат, жандырыш керек" деген коёндой окшош сөздөрдү угасың. Мурда чынында күчтүүлөр бар эле. Акыркы кезде алдап, акча табуунун бир жолу болуп калды.
Насипа Айбалиева:
- Жүзөгө ашпай калган арманыңыз барбы?
Айнура:
- Мен кичинекей кезимде спортсмен, ырчы, археолог болгум келчү. Ушул убакка чейин археолог болууну самайм. Менин бир арманым археолог болбой калганым. Анан да жакында эле бир таанышыма байланышып бир нерсе сурасам сөз бүтө электе эле жок деп трубканы коюп койду. Ошого эмнеге чалдым, эмнеге сурадым деп азыркыга чейин арман кылам.
Марат:
- Мен болсо сегиз жыл мурун жакын санаалашымды бир сөз айтып таарынтып алгам. Бирок, азыр катташып, жакын мамиледебиз. Ошентсе да ал адамды көргөн сайын ошол сөздү эмнеге айттым экен деп өкүнүп, арман кыла берем.
Зарина Керимбаева:
- Айнура эже, адамдын адамдыгы качан билинет деп ойлойсуз?
- Адамды сынаш үчүн кресло, же байлык, же атак-даңк берип көрүш керек. Ошондо анын ким экени билинет.
- Көңүлүңүздөр чөккөндө кандай абалда каласыздар?
Айнура:
- Кээ бирөөлөр көңүлү чөккөндө ичишет экен. Мен мындай учурда көк беттигим кармап унчукпай калам.
Марат:
- А мен болсо күчүмдүн баарын тамекиден чыгарам.
Нурзат Мусаланова:
- Айнура эже, сиз сүйлөгөн сөзүңүз, каткырып күлгөнүңүздөн тартып эркек мүнөздөйсүз. Эрке өсүп калганыңыздан улам ушундайсызбы же...
- Бала чагымда эркек балдар менен кошулуп ойноп, айылдын атаманы болчумун. Балким, ошондон улам бетке айтып, тарс сүйлөгөн мүнөзгө ээ болгондурмун. Бирок, назик болчу жерде назданып, назик деле болуп коём.
Айгүл Макелеева:
- Айнура эже, аялзатында түбөлүктүү достук барбы?
- Менимче, аялдар көпкө чейин дос боло алышпайт. Болсо эки аял дос болот, үчүнчүсү кошулганда ушак куумай башталат да уруш чыгат. Негизи аялдардан күтсө бир эле дос күтүш керек. Анткени аялзаты ашыкча сыр жашыра албайбыз.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!