Күндөлүк

Медведьевди
Путин кылган
Байыш Момунов
"Күндөлүк" рубрикасынын бүгүнкү коногу ырчы Байыш Момунов. Бул жолу башкалардан өзгөчөлөнүп, ырчынын эсте калган кызыктуу окуяларын апасы Ибадаткан Момунова айтып берди.

1976-жылы 22-мартта Кара-Суу районунун Кең-Сай айылында туулган.
Балам эки айлык болуп калганда эле абдан акылдуу болчу. Кичине торолуп калды, эми быламык берейин деп "Малыш" деген кашаны бере баштаганда эле эмчек эмбей койгон.
Мен мугалим болгондуктан Байышты апам карады. Кызыгы 2-класска чейин упчу эмип, башкаларды таң калтырган. Мектепке барганда упчусун чөнтөгүнө салып алчу. Тиши чыккан бала упчуну тешип сала берип канча жолу упчу сатып бердик.
Төрт жашка чыгып чоңоюп калганда үйдөгү жарыкты өчүртпөй, бетине гезитти жаап уктаганды адат кылып алган. Мына анан, үйдө гезит жок болсо баламдын ыйлаганын көрүп ал. Ал кезде окуучулар китептердин сырттарын гезит менен сырттачу. Байыш ыйлай баштаганда эле китептердин сыртын сыйрып кирчүбүз.
Жети жашында Кычан Жакыпов атындагы орто мектепке алып бардым. Ал мектепте окуп жүргөндө Бишкектеги Мукаш Абдыраев атындагы музыкалык интернатка балдарды тандап, Байыштын үнүн жактырып алып кетишти. Ошентип Байыш 4-классты интернаттан улантты. Иниси Жаныш байкесин сагынып калбасын деп 1-классында аны да интернатка чогуу окутуп койдум.
Тогуз жашында Абдумалик Шерматовдор менен таанышып таланты менен аларга жаккан.
5-классында гастролго чыгып, акча таап, мага ошол кезде мода болуп жаткан "Шахмат" деген кызыл жоолук белек кылган.
Байыш томпойгон бала болчу. Дардаңдап ичиндеги болгон сырын айтып, арамзаланганды билчү эмес. Баламды азыркыга чейин эжелери "Дордой" деп эркелетишет.
Байыш менен Жаныш бала кездеринен музыкага аралашып калышпадыбы. Мектеп аралык кароо-сынактарга катышышчу. Ошондой кечелердин биринде белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматов экөөнүн талантын баалап, башынан сылап, чекелеринен өөп, батасын берген.
Жайкы каникул убагында 7-класс болуп калса да Жаныш менин жаныма жатып алса, аны Байыш "чоң эле бала апасынын жанына кантип жатсын" деп шылдыңдачу.
1994-жылы интернатты аяктады. Мен баламдын мектептеги кызыктуу окуяларын билбей калдым.
Байыш Момунов:
4-класста Ибрагим Жунусовдун "Алтын апа" деген ырын телевидениеден ырдап чыккам. Аны көргөн апам, туугандарым, абдан сүйүнүшүп көздөрүнө жаш алган.
6-классымда чоң класстардын дискотекасын аңдып барып, залдын ичи караңгы болуп турганына таң калгам.
7-классыбызда беш бала бир кызга сүйүү катын жазганбыз. Аны да өз каалоом менен жазбай классташым азгырган. Эжейибиз билип калып окуучулардын алдына линейкага чыгарып, кат жазганыма аябай өкүнгөм. Азыр ал кызга жолугуп калганда "Мага эле тийип алсаң болмок" деп тийишип калам.
8-классты бүтүрүү кечесинде биринчи жолу бир стакан пиво ичип, өзүмдү аябай мас кишидей сезгем. Мектепте тартип катуу болгондуктан аныбыз да билинип калып эртеси директордун кабинетине киргенбиз.
1998-жылы "Анын мерседеси бар" аттуу дуэт ырыбыз хит болгон.
1999-жылы биринчи жолу Ош шаарында бир тууган байкемдин үйлөнүү тоюн алып барып тамада болгом. Бир туугандардын тоюнда тамаданын милдетин аткарыш бир топ эле оор болот экен. Өзүмдүн апам Ибадатканды куттуктоо сөзүн айтуу үчүн микрофонго чакыраарда "Ибадаткан эжени чакырам" десем залдагы туугандар "дуу" күлүп жиберишкен. Өзүңдүн апаңды эже десең бир кызыктай болот экенсиң.
Ошентип мектепти бүткөндөн кийин ошол эле жылы консерваторияга тапшырып, флейта боюнча адис болуп чыктым.
25 жашымда 2001-жылы бойдокчулук менен коштошуп, Динара менен баш коштум. Бир жылдан кийин кыздуу болуп, атын досум Арстанбек Абдыманов Аксаамай деп койгон.
Кызым мага куюп койгондой окшош. "Домпосум" "а-ананайын" деп эркелетем.
2005-жылы "Жаныш-Байыш" эстрадалык тобу уюшулган.
5-сентябрь 2008-жылы "Замана" студиясына келгем. Түз эфирде Жанара менен алып барып жатып, Россия мамлекетинин президенти Медведьев деп айтам деп Путин деп айтып алгам. Бирок ошол замат кечирим сурасам дагы өзүмдү ыңгайсыз сезгем.





- Эгер бул жашоого кайрадан жаралсаңыз, дагы деле комузчу болот белеңиз?
Самара Токтакунова:
- Эми аны мен билбейм да. Кызык суроо экен. Адам бир эле жолу жаралат да. Жашым алтымыштан ашып калды. Эгер мен азыр жыйырма беш жашта болсом, чыгармачылыгыма башкача катуу кириш жасамакмын. Азыр деле мастерлик чеберчилигибиз күчтүү болгону менен жаш кездегидей алыбыз жок. "Темир да жешилет" эмеспи, канчалык аракет кылсак дагы жашыбыздын улгайып баратканы өкүндүрбөй койбойт. А биз жаш кезде эч нерсени ойлобой гастролдоп жүрө берген экенбиз. (Күлүп) Балким, кайра жаралсам бир аз арык, кичирээк Самара болмокмун.

- Бойдокчулуктун жакшы-жаман жактарын айтып берсеңиз?
Азамат Таалай:
- Мм... жакшы жагын кандай десем... Жеңишбек байке "Сен дагы мендей бир кезде шордуунун бир торусуң" дегендей, тамашалап айтсам шордуулуктан алыс болосуң. "Үйлөндүңбү?" деп сурашса, достор арасында "Кудай сактасын" деп жооп беребиз. Чыгармачылык гастролдордо ээн-эркинсиң. "Ким менен тааныштың? Ким менен жүрөсүң?" деген сыяктуу суроолор болбойт. Ал эми жаман жактары болсо, жаш курагыма байланыштуу жыйырма бештен ашып калгандан кийин дос, туугандар арасында карым-катнаш, катыштар бар эмеспи. Андай учурда үйлөнгөнгө үйлөнгөндөй, бойдокко бойдоктой мамиле жасалып, өйдө-ылдый тепкичтер болуп калат экен.

- Ачууңуз келгенде аялыңызга кол көтөргөн учурларыңыз болду беле?
Ырыспай Исаков:
- (Күлүп) Ооба, болгон. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышпай койбойт. Негизи менин ачуум оңой менен келбейт. Оңой менен жинденбейм. А урушуп кеткенибизде кимден күнөө кетсе ошол биринчи сөз баштайт.

- Нурзат, учурда "Бравону" кесиптешиң Назира алып барып жатат. Сенин ичиң ачышкан жокпу?
Нурзат
Токтосунова:
- Ичим ачышып ичи таарлык кылбайм. Ар кимдин өз ырыскысы бар дейт го. Мага ысык-суугу деле жок. Мен азыр таптакыр үйдө олтуруп калган жокмун. Дагы эле чыгармачылыктын үстүндө иштей беребиз. "Бравону" көрүп жатам, баардыгы жакшы.

  Жаңы ысым

Жылдыз Байтикова:
"Эл сүйгөн, эл ырчысы болгум келет"

"Кыргыз эли өнөргө бай эл" деп бекеринен айтылбаса керек. Кийинки учурда жаш болсо да кыргыз эстрадасынын босогосун аттап келе жаткан жаш таланттардан уучубуз кур эмес. Бул да болсо кыргыз эстрадасынын келечегинен кабар берет. Ошондой жаш ырчылардын бири Жылдыз Байтикова "Жаңы
ысым" рубрикасында.

- Жылдыз, алгач өзүңдү кененирээк тааныштырып өтсөң?
- Мен өзүм Көлдөн болом. 1990-жылы 20-январда Ысык-Көл районунун Комсомол айылында төрөлгөм. Беш бир туугандын улуусумун, Кундуз деген эгизим бар. Андан кийин Чынгыз, Нуркыз, Эрбол аттуу бөбөктөрүм мектепте окушат. Атам Кубат милициянын майору, апам Кенже жыйырма жылдан бери жеке ишкер болуп эмгектенет. Учурда Финансылык академиянын 3-курсунда окуйм.
- Ыр дүйнөсүнө кандайча аралашып калдың?
- Ата-энемдин кесиби башка болсо да, табиятынан таланттуу адамдар. Экөө тең жакшы ырдашат. Үй-бүлөбүз менен чыгармачылыкка жакын болуп, мен комузда кол ойнотуп көптөгөн кароо-сынактарга баргам. Андан сырткары, гитара, пианино чертип, бош убактымда бийлегенди жакшы көрөм. Кудай буюрса, чоң сахнага чыгып ырчылык өнөрүмдү гана тартуулабастан, ошол эле учурда бийлеп, ырдап, комуз, гитара чертем. Менин эгизим Кундуз экөөбүз келечекте бирге ырдап чыгабыз деген ойлорубуздун ишке ашышына аракет кылуудабыз.
- Ырчылар өздөрүнүн мүнөзүнө жараша ыр тандайт. А сенин мүнөзүң кандай ырларга жакын?
- Менин мүнөзүм шайыр, ачык болгону менен көңүлдүү ырлар жага бербейт. Тескерисинче, армандуу, жай темптеги ырларга жакынмын. Азыр "Кыз-Бурак" тобунун "Кыз сыры" аттуу ырын жаңылап ырдап чыгып жатам. Арстанбек Шопукановдун "Арман" деген жаңы ырынын аранжировкасын жаздырып бүттүм. Азырынча репертуарымдагы ырларым сүйүү темасында. Белгилүү акындар менен иштешип, ата-журтка, эл-жерге арналган патриот ырларды жаздырайын деген жакшы ойлорум бар.
- Шоу-бизнеске жаңыдан аралашып баштаганда кыйынчылыктар болбой койбойт. Кайсы ырчылардан жардам сурап жатасың?
- Чындыгында ар бир жаңы иштин башын баштоо баардыгыбыз үчүн кыйын болсо керек. Башында кыйынчылыктар болбой койгон жок. Алар сыр бойдон эле калсын. Чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп, колдон-буттан алып жаткан азыркы тил менен айтканда продюсерим - апам Кенже жардамын аябай келүүдө. Бирок, шоу бизнестин казанында кайнап, ысык-суугуна күйгөн жана ал чөйрөнүн сырын билген чыгармачыл адамдардан продюсерлик кылууну каалайм. Ал жагын да караштырып жатабыз, буюрса мыкты продюсерге туш болом деп ойлойм. Ал эми ырчылардан Динара Акулова, Жаныш Момуновдон чыгармачылык боюнча кеп-кеңеш, акыл насаат угуп, мени колдоп жаткандарына сиздердин гезит аркылуу терең ыраазычылык билдиргим келет.
- Сахнага жаңы чыкканыңда толкундануу, сүрдөө болбой койбосо керек?
- Мен эң алгач мектепте окуп жүргөндө эл алдына комуз чертип чыккам. Өзүм жаш болсом да сүрдөө эмне экенин сезип, абдан толкундангам. Ал эми жакында эле Спорт ордосунда өткөн бир концертке чыкканымда залда олтурган элдерден сүрдөбөй, тескерисинче көптөн бери тилеп жүргөн сахнада ырдап жатканыма сүйүнүп жаттым. "Көздүү мончок жерде калбайт" дегендей, жаңы ырдап чыксам да залда олтурган элдин жакшы колдогону мен үчүн чоң стимул болду. Буюрса, келечекте эл сүйгөн, эл ырчысы болгум келет. Мендей болуп сахнанын босогосун жаңы аттаган жаш таланттарга чыгармачылык ийгилик каалайм.

А.ОКОШЕВА











Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!