Күнүмдүк турмушубузда, деги эле дүйнөдө кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болуп жатканын биз телевизордон көрүп, таанышабыз. Мына ушундай мүмкүнчүлүктөрдү бизге тартуулаган сыналгынын кызматкерлери болуп саналат. Бүгүн жергебиздеги ЭЛТР теле каналынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн Маданият бөлүмүндөгү сиздер күнүгө экрандан көрүп жүргөн белгилүү, таланттуу тележурналисттер биздин төрдө мейманда.
Маданият бөлүмүнүн продюсери Айбек Асанбек уулу:

"Элдин ишеничин акташыбыз керек"

1972-жылы 9-январда Нарын шаарында төрөлгөн. Үйдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студиянын эстрада бөлүмүн бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, бир кыз, бир уулдун атасы.


- Айбек Мырза, ЭЛТРдин маданият бөлүмү бүгүнкү күндө канча көрсөтүүнү камтыйт?
- ЭЛТР телевидениесинин Бишкек студиясындагы маданият программалары абдан көп. Баардыгы жаштардан түзүлөт. Эртең менен эрте "Кутман таң" программасы бир жумада алты күн катары менен чыгат. Бул көрсөтүүдө ар тармактуу, маданий жаңылыктарды, учурда болуп жаткан жаңылыктарды берип турабыз. Бул көрсөтүүнү Кымбат Тиленбаева экөөбүз алып барабыз. Ал эми түштө "Маалымат музыкалык саат" деген көрсөтүү чыгат. Мында искусство адамдары, ар кандай коомчулуктун өкүлдөрү менен маектешүү болот. Бул долбоордун автору Аида Арстаналиева, алып баруучусу Тумар Асангазиева. Ошондой эле дүйшөмбү, шейшемби күндөрү "Биздин мейман" деген көрсөтүүгө көпчүлүгү улуу, залкар, белгилүү инсандар, акын, жазуучулар, актёрлор чыгат. Биздеги маданият көрсөтүүлөрүнүн убактысы алтымыш мүнөт. Бул көрсөтүүлөрдөн тышкары менин "Ырдайлы достор ырдайлы", Аиданын "Майрамдык чачыла" деген жеке автордук көрсөтүүлөрүбүз бар. Ошондой эле Кымбаттын "Эркин тема", Тумардын "Дасторкон ажары" деген көрсөтүүлөрү бар. Бир жактуу болуп бир эле көрсөтүүгө алып баруучу болуу менен чектелбестен өзүбүздүн долбоорлорубуз менен да иштейбиз. Жогорудагы көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү түз эфирде. Азыр биз жаңы логотип менен чыгып жатабыз. Биздин гендиректорубуз Нурлан Тургунбекович маданият бөлүмүнө көбүрөөк басым жасап жатат. Нурлан Тургунбекович жана Бейшенбек Асековичтин колдоосу менен жаңы музыкалык көрсөтүүлөрдүн көбү чыгып жатат. Маданият бөлүмүнө жаңы кадрларды алып баруучулукка, штаттан сырткаркы кабарчыларды, көрсөтүүлөрдү даярдаган кызматкерлерди алдык. Албетте, айлык маянабыз аз болсо дагы азыркы жаңы жетекчилик жакшы көрсөтүүлөргө атайын акчалай сыйлык коюп берип жатат. Жетекчиликтин бул сыйлыгы да ар бир кызматкердин изденип иштөөсүнө, мыкты көрсөтүү даярдоосуна дем болот экен. Маданият бөлүмү улам барган сайын алдыга жылып жатат десем жаңылышпайм. Биздин көрсөтүүлөр тууралуу элдин жакшы пикирлерин да угуп жатабыз. Жетекчиликтин талабы боюнча сапаттуу көрсөтүүлөрдүү даярдоо үчүн биз азыр көптөгөн иштерди жасап жатабыз.
- Сиз буга чейин концерттерде алып баруучу болуп, ырдап да жүрдүңүз эле. Бул тармакка кандайча келип калдыңыз?
- Менин телевидениеде иштейм деген оюм жок болчу. Өзүмдүн "Ырдайлы достор ырдайлы" деген музыкалык долбоорумду алып УТРКга баргам. Бирок алар менин долбоорумду колдобой коюшкан. Ал долбоор бир жыл үйдө жатты. Кийин ЭЛТРге алып келсем кабыл алышты. Былтыр 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата биринчи көрсөтүүмдү тарткам. Ошондон кийин эле бул жерде музыкалык көрсөтүүлөрдү даярдап иштеп калдым. Телевидениенин биз билбеген көп өзгөчөлүктөрү бар экен.
- Бейшенбек Асекович менен маектешкенимде "Бул жердеги балдар күн-түн дебей ушул жерде иштешет экен" деди эле. Негизи иштөө убактыңар кандай?
- Биздин иштөө убактыбыз мурда эртең мененки саат 8ден кечки саат 5ке чейин. Бирок биз иштөө убактысын өз убагында так аткарбайбыз. Себеби эртең менен эрте "Кутман таң" эфирге чыгат. "Кутман таңга" сөзсүз жаңы сюжеттерди беришибиз керек. Бир күндө жети жаңы сюжет чыгат. Мына ошону "Кутман таңдын" жалпы жамааты даярдайбыз. Кээде үйгө түнкү 12-1де барган учурларыбыз да болот. Ал эми эртең менен таңкы 5-6да ишке келебиз. Ошондуктан жаңы жетекчилерибиз "Кечинде келсек деле жүрөсүңөр, эртең менен эрте келсек деле жүрөсүңөр" деп бизге аябай таң калышкан. Бирок мындай көрүнүш убактылуу эле болсо керек. Себеби кандайдыр бир убакытта иштөө убактыбыз бир калыпка келет да. Көрүүчүлөр биздин көрсөтүүлөрдү кызыгуу менен көрүп, бизге ишенип жаткандан кийин биз дагы элдин ишеничин акташыбыз керек.
- Сиз эртеден кечке иш деп жүрө берсеңиз, үй-бүлөңүзгө көңүл бөлгөнгө убактыңыз жок болсо керек. Үй-бүлөңүз кантип атат?
- (күлүп) Чынымды айтсам азыр үй-бүлөмө баштагыдай көп көңүл бөлбөй калдым. Балдарымды көргөнгө, эркелеткенге да убакыт жок. Албетте үй-бүлө деген үй-бүлө. Анын да, иштин да өз орду бар. Келинчегим менин ишимди туура түшүнүп, колдогону үчүн үй-бүлөмдөн санаам тынч болуп, болгон күч-аракетимдин баарын ишиме жумшоодомун. Бирок акыркы мезгилде балдарымды сагынчу болдум. Үйгө кеч барып, эрте кеткенде сагынычым деле тарабай калат экен.




Жооптуу редактор,алып баруучу
Аида Арстаналиева:
"Ар бир мүнөтүм эсептелүү"
- 1982-жылы 7-мартта Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жер айылында төрөлгөн. Үйдө алты бир туугандын бешинчиси. Ош мамлекеттик университетинин компьютердик технологиялар бөлүмүн бүтүргөн.

- Аида, биз билгени сен ЭЛТРде көп убакыттан бери иштеп келе жатасың. Өзүңдүн автордук көрсөтүүлөрүң бар болсо керек?
- Өзүмдүн ондон ашык автордук көрсөтүүлөрүм бар. Эң алгачкы көрсөтүүм "Ыр белек" болчу. Азыр Ош студиясында даярдалып жатат. Бүгүнкү күндө ар жуманын 1-5-күндөрү түшкү саат 12.10-13.10го чейин "Маалымат музыкалык сааты" түз эфирде болот. "Теле мектеп" долбоорум эфир аркылуу сабак өтүү максатында ачылган. Ал эми "Майрамдык чачыла" долбоорум майрам күндөрү даярдалат. "Таржымал"-бир окуянын тарыхы тууралуу. Бул көрсөтүүнү башында өзүм даярдап келсем азыр Кундуз Бекарстанова деген кыз даярдап жатат. Учурда "Кутман таң" программасына "Өнөр ээси", "Жетекчи", "Тасма" рубрикаларымды даярдап жардам берип жатам.
- Кесибиң телеге тиешеси жок болсо да көптөгөн долбоорлорду алып чыгып, өз кесибин мыкты билген, такшалган журналисттейсиң. Бул чөйрөгө келип калышыңдын өзгөчө бир себеби болсо керек…
- Мектепти бүтүп келип искусство институтуна тапшырайын десем үйдөгүлөр артист болбой эле кой деп макул болбой коюшкан. Анан ОшМУнун компьютердик-технологиялар бөлүмүнө тапшыргам. Окуп жүргөндө эле маданий иш-чараларга катышып, "Физмат периси-2001", "ОшМУнун ажардуу сулуусу-2001" деген сыйлыктарды алгам. Андан кийин өзбектер тарткан "Жертва" деген орус тилиндеги фильмге кастингден өтүп, эки ай актёрдук чеберчилик боюнча сабак алып, башкы каармандын образын жараттым. Студент кезде "Ош-3000" мамлекеттик телеканалына алып баруучулукка сынак аркылуу өтүп, Мейманбек Касымовдун "Жаңы толкун" деген программасын даярдап жүргөм. Көкүрөгүмдө искусствого жакын болгондугум үчүн аралашып, азыр бул тармакта иштегенге көнүп калдым. Өкүнбөйм. Кесибим боюнча бир да жолу иштеген жокмун. Бирок пайдасы тийди. Себеби, азыр өзүмдүн программаларымдын баарын өзүм монтаж кылам.
- Бош убактың болобу?
- Өзүм үчүн бош убактым болбойт. Ар бир мүнөтүм эсептелүү. Бизде бир ай, жок эле дегенде эки жума мурун программалар планга киргизилет. Убакыт ушунчалык бат өткөнүнөн жетишпей каласың. Түз эфирден сырткары майрамдык көрсөтүүлөрдү алдын-ала даярдайбыз. Буга чейин техникалык жактан жетишпестиктер аябай көп болчу. Жаңы жетекчибиз Нурлан Тургунбекович болуп көрбөгөндөй жаңылык киргизип, бизди баардык тараптан колдоп жатат.
- ЭЛТР ачылгандан бери иштеп келе жатсаң бул телеканалдын ачылыш тарыхын да жакшы билсең керек…
- ЭЛТР буга чейин "ОШ-3000" мамлекеттик телерадиокомпаниясы болчу. Андан бери беш жыл өттү. ЭЛТР жаңы ачылат деп атканда "Ош-3000" телерадиокомпаниясында алты саат түз эфирде отургам. ЭЛТР эң биринчи жолу эфирге чыккан күнү эң биринчи эфирге мен чыккам. Мына ушундай тарыхта кала турган күндү, мындай бакыттын мага туш болгонуна ошол кездеги продюсерибиз Мыктыбек Арстанбек агай мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазымын. Мурда интервьюга барган жерге ЭЛТРден келдик десек эч ким таанып, эч ким билчү эмес. Интервью учурунда ЭЛТРди түшүндүрүү менен көп убактыбыз өтүп кетчү. Азыр менин сүйүнгөнүм кайсы жерге барбайлы бизден мурда эле "ЭЛТРден келдиңерби?" деп өздөрү таанышат. Ушул мезгилге чейин бул телеканалды түптөөдө көп эмгек талап кылынып, көп адамдардын эмгеги бар. Нурлан Тургунбековичтин иш билгилигинин негизинде "ЭЛТР" чыныгы элдик каналга айланып, көрүүчүлөр үчүн жакшы телекөрсөтүү даярдайбыз деп үмүттөнөбүз.
- "Кыз баланын бактысы барган жеринде" дейт эмеспи, сендей жакшынакай кызды бүлө кылам деп, ашык болгон жигиттер көп болсо керек. Же үй-бүлөлүүсүңбү?
- Телеге келгенден бери эле күндөп-түндөп, жоктон барды жаратууга аракет жасап иштеп келе жатам. Ал эми азырынча үй-бүлө кура элекмин. Кудай буюрган күнү маңдайыма жазылган бир инсандын жубайы болом да.




"Маалымат музыкалык саат", "Дасторкон ажары" көрсөтүүлөрүнүн алып баруучусу Тумар Асангазиева:
"Көзүм топтомолок болуп калган"
1987-жылы 6-июнда Бишкек шаарында туулган. Үйдө үч бир туугандын улуусу. Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университетинин 4-курсунун студенти.

- Тумар, ЭЛТРдин босогосун аттаган эң алгачкы күндү эстесең…
- Мен ЭЛТРге келгенге чейин Каракол шаарындагы Ысык-Көл областтык телевидениесинде иштечүмүн. Ошол кезде ЭЛТРдин Бишкек өкүлчүлүгүнө алып баруучулар керек деген маалымат угуп калдык. ЭЛТРдин мурдагы жетекчиси Султан Абдрахмановго байланышсак "өзүңөрдүн резюмеңерди, эфирге алып чыккан көрсөтүүңөрдү салып жибергиле" деди. Биз салып жибердик. Көп өтпөй эле "Көрсөтүүлөрүңөр жакты, бизге келип иштей берсеңер болот" деп калды. 2008-жылдын июнь айында келип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жүрөм. ЭЛТРге жаңы келгенде алгач жаңылыктар топтомунда алып баруучу болдум. Эң биринчи эфирге чыккан күнүм эсимден кетпейт. Азыр түз эфирге отурасың дешти. Экрандын алдына отураарым менен эле көзүм топтомолок болуп калган. Түз эфирге биринчи жолу чыгышым эле да. Ичимден кудайга жалынып атам. Башында анчалык деле корккон эмесмин. Ошол учурдагы продюсерибиз Болот Таабалдиев дагы жаныма келип алып "Тумар өзүңө өзүң тура аласыңбы, сөзүңдү бересиңби, жакшы чыгасыңбы?" деген сайын эле корко баштадым. Эфир башталганда эле маңдайымдагы телевизордон өзүм чыгып калдым. Ошол жерден эле көзүм токтоп калды. Сүйлөй албай, калтырап чыктым. Эфир болгону он беш, жыйырма мүнөт эле болсо керек. Кантип жаңылыктарды окуп бүткөнүм эсимде жок. Жаңылык бүтөөрү менен ордуман турдум, денемдин калтырагы дагы деле басыла элек экен. Же ичимдеги айта турган оюмду эч кимге айталбайм. Болгону "мен түз эфирге чыктым" деп ар кимге айта бердим. Ошол кездеги абалым жүрөгүмдө калып калыптыр. Андан кийин "Топ-Хит" көрсөтүүсүн алып барып жүрдүм. Бирок, кийинчерээк Аида Арстаналиеванын "Маалымат музыкалык сааты" ачылганда Аида эже чогуу иштейли деп калды. Азыркыга чейин бирге иштеп жүрөбүз. Учурдан пайдаланып Аида эжеге ыраазычылыгымды билгизип кетем.
- Чакырылган конокторго берген суроолоруңду даярдап аласыңбы же эфир учурунда эле бересиңби?
- Өзүм курактуу маектешим болсо эфир учурунда эле суроо берем. Ал эми улуу муундагы адамдар болсо алар тууралуу кенен маалымат алып, бере турган суроолорумду даярдап алышка туура келет.
- Эртеңки келечегиңди кандай элестетесиң?
- Элибизде "Эртеңки күн үчүн бүгүнкү күндө жашап келебиз" деген жакшы сөз бар эмеспи. Анын сыңарындай, мен дагы эртеңки келечегиме жакшы максаттарды, ой-тилектерди коюп жашап келем. Азырынча анын баардыгы сыр болуп турганы жакшы болот болуш керек. Себеби, кыял деген кыял да, айткан сөзүмдү орундата албай калгандан корком. Эң башкысы келечекте кыргыз элинин мыкты алып баруучуларынын катарын толуктасам деген тилегим бар.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!