күнсүрөт

Тагдырдын жазмышына моюн сунуп,
Олтурам кор болсом да жашоо куруп...
(Башталышы 7-бетте)
Тилден калып, кайырчыга айланган милиция
Шаарыбыздагы базарлардын орчундуу очогуна айланган Ош базарында кимдин гана изи калбаган. Муну менен эмне айткыбыз келет?.. Көп жылдардан бери аталган базардын түндүк тарабында салабаттуу, толугунан келген, бир кол бир бутунан айрылып, бутуна протез кийген элүүнүн кырынан ашып, тилемчилик кылып олтурган адамды көпчүлүк эл тааныйт. Айланасына таш жыйнап, суук цементтин үстүнө кийимин салып, арманын ичине каткан бул кейипкерди көргөн адам аргасыз артына бир кылчаяр. Эмнегедир алгач бул адамдын алдына даап бара алган жокпуз. Адегенде анын маңдайында нан саткан кызга кайрылып, сурамжылаганыбызда бул майып кишинин сүйлөй албагандыгын айтты. Бирок, кулагы угуп, аң-сезими ордунда экенин билген соң ага журналист экенибизди айтып суроо узаттык. Ал кол жаңсап, нан саткан эжени чакырып, ушул билет дегендей белги берди. Эжеден уккан маалыматтарыбыздын чын-төгүнүн билиш үчүн кайрадан өзүнө угузуп айтып берип жаттык. Ал туурасына баш ийкеп, туура эмесине баш чайкап турду. Бермет эженин айтуусунда бул кишинин аты-жөнү Жамбыл Сариев. Ал мындай абалга туш болгонго чейин, өз ишин мыкты билген милиция болуп иштеген. Учурда Чүйдүн Байтик айыл өкмөтүндө жашайт. Беш баласы, неберелери бар. Үч уулун үйлөнткөн. Бүгүнкү күндө үч үй-бүлө болуп, эки бөлмөлүү үйдө бирге жашашат. Кичүү баласы эртең менен атасын алып келип, кечинде алып кетип турат. Кээде, баласы келбей калган күндөрү араба түрткөндөр маршруткага салып жиберишет экен. Жамбыл ага мындан он жыл мурда апасын, аялын мотоцикл менен тоого алып баратып, катуу кырсыкка учурап ушул тагдырга туш болгон. Каргашалуу ошол күнү апасынан айрылып, аялы экөө тең майып болушкан экен. Буту-колунан ажыраганы менен акыркы үч жылга чейин сүйлөп келген, эмне себептен тилден калганын так биле алган жокпуз. Биз баарлашкан эже сөзүнүн аягында Байтик айылынын айыл өкмөтү Салтанат айымдан "мусапырдын балдарына жер бөлүп берип койсо болмок" деген өтүнүчүн билдирди. Муну тыңшап, биздин ар бир сөзүбүзгө кулак салган Жамбыл ага жаш балача өксүп, үнүн бийик чыгарып, көз жашын төгүп жиберди. Эркек кишинин жашып турганын көрүп көңүл муздап, муундарыбыз бошоп кетти. Чыгармачыл адам эмеспизби, мындай тагдырларды көзүбүз менен көрүп, күбө болгонгобу, айтор, каректен жаш акканын билбей, жүрөгүбүз сыздап турса да "тирүүлүк баарын жеңет, жарыктыкта жашагандын өзү бакыт" деп жооткотуп өз жолубузга түштүк. Атаганат, "бирөөгө зар, бирөөгө кор дүйнө" демекчи, таң заардан кечке зарыгып тапкан акчасын дени-карды соо арактын артынан түшкөн селсаяктар жула качып аксакалдын жүрөк үшүн алып бүтүптүр. Нанга деп тапкан акчасын сактоонун аракетин көрүп, айланасына чогулткан таштар менен каршылык көрсөтөт экен...
Гезитибиздин кийинки сандарында Жамбыл Сариевдин оор тагдыры, үй-бүлөсү, жашоо-турмушу тууралуу кененирээк маалымат алуу менен бирге жер маселеси боюнча Байтик айыл өкмөтүнө кайрылабыз.

Жылдыз Бороева,
Рахбар Алымкулова




  Эски ырларды эңсейбиз

Жүрөктө жашап, эстен кетпей турган кандай гана керемет ырларыбыз бар. Алардын бири мындан жыйырма жети жыл мурун пайда болгон "Он сегиз жаш" аттуу ыр экенин билебиз. "Жүрөктөн чыккан ыр -жүрөккө жетет" дегендей, уккан сайын кайталап уккуң келип, көңүлдө кайталангыс кайрык болуп калганы-ырдын мыктылыгын айтып турат.
Биз бул ырдын жаралыш тарыхынан кыскача кабар алып, ырды аткарып жүргөн ырчыларыбызга кайрылып, алардын ойлорун билдик.

Он сегиз жаш
Аксуубай Атабаев, композитор:
- Ырдын сөзү Ыбрай Тумановдун небереси Кемел Бакашовдуку. Негизи бул ырдын мурда өзөгү бар экен, бирок обон жаратаарда эки-үч жолу оңдолуп-түзөлүп, чогуу иштеп, 1962-жылы жаралган. Эл алдына эң биринчи Зейнеп Шакеева ырдап чыккан.
- Жеке эле сиздин эмес, негизи эски ырларды жаштардын жаңыртып ырдашына кандай көз караштасыз?
- Чындыгында элге сиңип кеткен эски ырларга жаштар көп кайрылып жатышат. Обонду бузбай, үндөрү жетсе ырдай беришсин. А бирок өзүм билемдикке салып, ырдын ыргагын бузуп ырдаган болбойт. Мен билгенден "Он сегиз жашка" он бештей ырчы кайрылышты.
Венера Сатылганова, ырчы:
- Он сегиз жашты ырдап калганымдын биринчи себеби, мага аты аябай жаккан. Анан мааниси обону менен шайкеш келген ыр. Мен биринчи жолу ырдап чыкканда залдагы көрүүчүлөрдөн сүрдөп, толкунданып, сөздөрүн унутуп араң ырдагам. А бирок, эл кайра-кайра кол чаап коштоп олтурушуп, сөздөрүнөн адашканым байкалбай деле калган. Андан бери бир топ жылдар өттү.
- Тойлордо бул ырды көп суранышат экен.
- Ооба. Көп суранышат. Кайсы бир тойдо Зейнеп Шакеева эже экөөбүз тең ырдап калдык. Ачыгын айтканда менин ырдаганымды Зейнеп эже жактырбай "Он сегиз жаштын өтүп жатканына кайгыруу менен ырдоочу ырды сен шаңдуу ырдайсың" деген. А бирок, менин оюмча ырда балалык кез да камтылгандай, шаңдуу ырдап чыкканым ошондон.

Кутман Жолдошев, ырчы:
- "Он сегиз жашты" мурдатан эле жактырып жүрчүмүн. Жакында эле жаздырып, ырдап калдым. Аксуубай Атабаев менен сүйлөшүп, кеңешип, жакшы бир клип тарттырсамбы деген оюм бар.




Он сегиз жаш
Сөзү К.Бакашовдуку,
Обону А.Атабаевдики
Он сегиз жаш,
Тоодо тунук булак белең,
Болбосо андан учкан бубак белең.
Кайрылбай кайда кеттиң айтчы деги,
Адашып айлыңды мен сурап келем.

Он сегиз жаш,
Жайдын жарык таңы белең.
Болбосо боз туйгундун шаңы белең,
Бир жолу кайрылгыстай тамшандырган,
Жылт эткен жаштыгымдын шамы белең?

Он сегиз жаш,
Күндө беле сенин серең.
Болбосо жүрөгүмдүн теңи белең.
Кош эми өкүнсөм да унутпаймын,
Өткөргөн өмүрүмдү сени менен.




Жайнагүл Бакиева:
"Ырчыларды көргөндө
жолдошума көрүнбөй
ыйлачумун"
Мындан беш жыл мурун белгилүү обончу, аткаруучу Сыймык Бейшекеевдин тобунда ырдаган Жайнагүл Бакиева деген тааныш ысымды укканбыз. "Биздин каттар", "Бүтпөгөн дастан" аттуу ырлары менен эл оозуна алына баштаган ырчы сахнадан алыстап кеткени белгилүү. Ырчы айымдын кайрадан ыр дүйнөсүнө аралашып, чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатканына күбө болуп, ырчыны кепке тарттык.

- Жайнагүл, сизди Сыймык Бейшекеевдин тобунда солист катары тааныдык эле. Эмне себептен сахнадан оолактап кеттиңиз?
- Сахнадан алыстап кетишиме турмушка чыгып, эне болушум себеп болду. "Кыз кишинин бактысы үй-бүлө" деп бекер айтпаса керек. Мен да 2005-жылы кыздуу болуп, энелик мээримдин, аялзатынын бактысын сездим. Эми кызым Гүлжан төрт жашка чыгып, кайрадан ыр дүйнөсүнө, сахнага келишиме толук мүмкүнчүлүк түзүлдү.
- Алгач сахнага Сыймык Бейшекеев менен "Биздин каттар" аттуу дуэт ырды аткарып чыктыңыз эле. Ал топко кандайча келип калдыңыз эле?
- Мен Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эстрада бөлүмүн аяктап жаткан кезимде Сыймык Бейшекеевдин тобуна кыздарды кабыл алып жатканын угуп барып калдым. Жүзгө жакын кыздар бар экен. Буйрук экен, сыноодон өтүп кеттим.
- Сыймык Бейшекеевдин тобунда бир гана ырчы эмес анын келини болуп калам деп ойлодуңуз беле?
- Мен белгилүү ырчынын келини болуп калам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Топто иштеп жүрүп бир тууган иниси Нурбек менен жылдызыбыз келишип, бир жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп анан баш коштук. Жаңы келин болгондо көпкө чейин көнө албай жүрдүм. Баардык кыздар үчүн башка жерге бүлө болуу оңойго турбаса керек. Биздин сүйлөшүп жакшы мамиледе жүргөнүбүздү кайнагам билсе да, келин болуп үйүнө барганда баары бир башкача сезимдер болбой койбойт экен. Анын үстүнө бизде салтты катуу кармашат. Кайын - журтумдун баарын тергейм. Кайнагамды "ырчы аке" деп, атынан айтпайм.
- Токтогулдан чыккандардын баары ырга жакын болот эмеспи. Чыгармачыл адамдардын кызы да ырдаса керек?
- Кызыбыз Гүлжан төрт жашка чыгып калды. Чындыгында абдан жакшы бийлейт. Эч ким ага музыка коюп берип, бий кыймылдарын үйрөтпөсө дагы өзүнүн фантазиясына салып, бизге бийлеп берет. Үйгө келген меймандар, туугандар болобу, кызымды көргөндө эле бийлеп берчи дешип анын бийлегенин суранышат. Өзгөчө кайнагам келгенде ага эркелеп, сурантпай эле бийлеп берет.
- Жолдошуңуз чыгармачылыгыңызга кандай карайт?
- Өзүмдүн үй-бүлөмдө ырдаган, комуз черткен адамдар жок. Ошентсе да мен ыр дүйнөсүнө жакын болуп калганыма сүйүнөм. Беш жылдай кызым менен үйдө олтурганда телевизордон ырчыларды көргөндө же болбосо аларга жолуккан күнү кечинде жолдошума көрүнбөй ыйлачумун. Бала кезимден бери ырчы болууну каалап, искусство адамдары менен чыгармачылыкта бирге иштесем дечүмүн. "Ушинтип үйдө олтуруп каламбы" деген сыяктуу ойлор менен жашап калгам. Бирок, жолдошум Нурбек моралдык жактан колдоо көрсөтүп "ырчылардын көбү ырдабай калганда сен чыгасың" деп тамашалап калчу. Эң негизгиси үй-бүлө күтүп, эне болдум. Эми чыгармачылык менен иштесем болот. Учурда "Унутканмын", "Сагыныч" аттуу ырларым радиолордон жаңырып жатат. Ар бир нерсенин өз убакыт-сааты келет дегенге ишенем.
- Жолдошуңуз кызганчаакпы?
- (Күлүп) Жолдошум кызганган жактан биринчи орунда турат. Өзгөчө жаңы үйлөнгөн кезде кызганыч сезимдер ар бир адамда болот эмеспи. Балалуу болуп, үй-бүлө күткөндөн кийин адам өзүнөн-өзү токтолот экен. Дүйнөдө идеалдуу адам жок деп айтат элем. Үй-бүлөдө казан-аяк кагышып, өйдө-ылдый болот дегендей... Мен өзүм аябай боорукер, анан жашыкмын. Эгерде эки адамда тең ишеним болсо бири-бирин түшүнүп, үй-бүлө бекем сакталат деп ойлойм.









Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!